Өзөк

Кыргыз-казак чегарасы саясый оюндардын курмандыгы
болуудан калабы?
Бир жарым айдан кийин, 20-майда ачылган казак-кыргыз чегарасы кайрадан иштей баштады. 7-апрелдеги кандуу окуялардан кийин Кыргыз мамлекетин курчап турган 4 өлкөнүн үчөөнүн чегарасы дароо жабылган. Тажикстандын чегара пункттары азыркыга дейре тынбай иштеп турат. Эгер чегараны жаап коюу чындап эле өлкөнүн коопсуздугуна байланышса, анда биринчи ирет тажиктер жаба тургандай эле. Кантсе да, азыркыга чейин аларга коңшу Афганистанда согуш оту өчө элек. Ошондуктан, чегараны жаап-ачып коюу иш-аракеттеринин артында саясый жана экономикалык кызыкчылыктар бар деген пикирдин чындыгы бардай. Эгер чындап эле мындай кызыкчылыктар болсо, анда бул маселе кайталанышы жана ошону менен мамлекеттик коопсуздукка таасирин тийгизиши мүмкүнбү? Биз ушул жана буга байланыштуу суроолорго калктын ар түрдүү катмарындагы адамдардан жооп издедик. Алардын жообу сиздердин назарыңыздарда:

Казак бийлигинин аракети түшүнүксүз
Куттубек Асылбеков,
Дыйкандар партиясынын лидери:
- Кытай тарап чегараны ачканына көп эле болду. Бирок, нарындыктардын айтуусунда, алар чегараны бери жылдырып, мурда Акаев тарабынан Кытайга берилген жердеги чектен да ичкери кирип, темир-бетон тосмолорду салып коюшкан. Элин араң кармап турган Өзбекстан тараптын өз коопсуздугун ойлоп чегараны жапканын түшүнсө болот. Булардын ичинен жазгы талаа иштери учурунда чегарасын жаап алып, транзиттик соода менен кармалып турган кыргыз экономикасын кан буугандай токтоткон казак бийлигинин иш-аракеттери көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Адамдарды эле эмес, Казакстанга жана ал аркылуу башка өлкөлөргө өтүп жаткан айыл-чарба жана өндүрүш товарларын чегарада токтотуп, Токмокко чейинки жерге "биздин чегарабыз" деп темир-зым тартып киргендери түшүнүксүз. Казак бийлиги апрелдин соңунда эле Кытайдын Синцзянь аймагындагы Бакту КППсы аркылуу "жашыл коридорго" уруксат берип, ал жер аркылуу сезондук жашылча, жер-жемиштерди үзгүлтүксүз өткөрө башташкан. Мындай айыл-чарба түшүмдөрүн, сезондук товарларды үзгүлтүксүз өткөрө турган "жашыл коридор" дүйнөлүк практикада кеңири колдонулат. Биз ошого уруксат алалы деп тилибиз тешилди. Мурда өзүнүн өндүргөн түшүмүн сата албай эмгеги талаага кетип, алган карызынан кутула албай жүргөн дыйкандарды кантип унутабыз, алардын убалы кимге?
Жазгы талаа иштери болсо күйүүчү майдын тартыштыгынан улам үзгүлтүккө учурады. Мен айтаар элем, чегаралар - бул кандайдыр бир максаттарды көздөп жаба салган падышалардын менчиги эмес. Кыргыздарды тынчытып койдук деп кантип ОБСЕден авторитет алышат? Эгер күзүндө да эл тынчыбаса, анда ошондо булар чегарасын жаба салса, мына ошондо чыныгы гуманитардык катастрофа болот. Элдин көбүн жан бактырган - дыйканчылык. Алардын эмгеги текке кетсе эмне болот? Алар кандай кылып күн көрөт? Баягы Акаевдин доорундагыдай жанын кыйышы керекпи?

Назарбаев чындап тууган болсо…
Калыс Жолалиев,
ЖОЖдун окутуучусу:
- Чегаранын мынча убакыт бою жабылып, элдин ансыз да оор турмушун ого бетер оорлотуп турушу, менин оюмча түйшөлтө турган маселе. Мындай учур дагы кайталансачы? Кайталанбас үчүн чыныгы себептерин билүүбүз керек. Менин оюмча, казак бийлигинин жана анын айланасындагы Машкевичтей олигархтардын биздеги экономикалык кызыкчылыгы биринчи орунда. Мисалы, баарыбызга белгилүү, Канттагы цемент-шифер комбинаты кимге тиешелүү экени. Бул Орто Азиядагы эң ири курулуш материалдарын чыгаруучу комбинат Акаевдин күйөө баласы, Казакстандын жараны Адил Тойгонбаев тарабынан менчиктештирилген. Азыр болсо арты кумга сиңгендей түрдүү адамдарга катталган. Билишибизче, ушул комбинаттан чыккан курулуш материалдары жыйырма жылдан бери тынбай ташылып, ага Алматы менен Астананын дээрлик көп имараттары салынган. А бул жерде кыргыздар эптеп алган бир ууч жерине үй сала албай айлап-жылдап кыйналып жүрөт. Азыр чегара жабылгандан бери цементтин баасы түштү. Эми ал да кайра кымбаттаар. Дагы бир мисал, угушубузча Таластагы алтын кендери да Назарбаевдин бир күйөө баласына тиешелүү. Эми бул бир чети эле да. Биз билбеген канчалаган дүнүйө тигилердин колуна өткөн, жанагы пансионаттарды, Каркырабызды кошпогондо эле. Менин жеке пикиримде, чегаранын жабылышы, мына ушул Кыргыз жеринде прихватташтырган байлыкты сактоо үчүн азыркы биздин бийлик менен соодалашуу максатында жасалган иш. Айтылган иштерди чечүүдө азыркы Убактылуу Өкмөттүн алдында чоң жоопкерчилик турат.
Азыр да эсибизде, баягы А.Атамбаев премьер болгондон кийин Н.Назарбаев дароо Бишкекке келип: "Биз Грузияга миллиарддаган доллар инвестиция киргиздик, Кыргызстанга андан да көп алып келебиз. Бирок, силер пансионаттардын, алтын кендердин маселесин чечкиле, Каркыраны бергиле" дегендей кылган. Ошондо, мени таң калтырганы: теледен Назарбаевдин Ала-Тау деп казакча айтпай, "Мен мынабу Ала-Тоонун ары жагында эле өскөн казакмын" дегени болду. Андай чындап тууган болсо, эмне үчүн балдары эркиндик деп окко учуп, кара кийип отурган элдин дилин эсепке албай, Европа телеканалдарына чыгып кыргыз элинин апрелдеги толкунуна көө жабууга аракет кылып, чегарасын жаап алат?
Кудай байлыкты да, жоктукту да сынап берет. Мен биздин элибиз менен чындап сыймыктанам, себеби ал мына ушундай сыноолордон ар-намыс менен өтүп, өз тагдырын өзү түптөп келечекке карай кадам шилтөөдө. Мына ошон үчүн Кудайга миң жолу тобо келтирем.

Алардын көз карашы - адилетсиз
Назарбек Нышанов, "Кыргызстан" патриоттук партиясынын башчысы:
- Нурсултан Назарбаевдин мындай аракеттери, менин оюмча, ал өзүн казак элинин гана эмес, кыргыз элинин да атасы катары сезгени. Албетте, адилеттиги жок көз караш. Кыргыз эли кылымдарды карытып келген улуу эл. Назарбаевдин "кыргыз толкуну элдин жакырдыгынан келип чыккан" дегени такыр туура эмес. Ушуга байланыштуу мен казактардын алдыңкы саясатчыларынын бири Е.Досмухамедовдун айтканына кошулаар элем. Ал мындай дейт: "Эгер Казакстандагы эсепсиз байлыкты бийлик адилеттик менен пайдаланганда, мамлекеттин жарандык кирешеси 8 миң доллар эмес, андан да көп болор эле. Ошондуктан, кыргыз элине ачуу аралаш шылдың айтуу жарабаган иш. Себеби, биздин президент бул элдин моралдык тарыхый жеңишин таануудан коркуп турат. Эл аралык мамилелерде башчылардын өзүмбилемдик кылгандарына кыргыз революциясы чек коюуга тийиш".
Боордош казак элинин арасында мына ушундай калыс адамдар бар экендиги мени кубандырат.
Эмил КАНИМЕТОВ,
философия илимдеринин кандидаты




  Кыргызга кыр көрсөтпөгүлө


Кыргызга кыйын күн тууду. Жаманды коногу бийлейт деген накыл сөздүн маанисин түшүнгөн менен өлкөбүздөгү башка улуттун өкүлдөрү кез-кез өзүлөрүнүн кыялын көрсөтө коймою, казак элинин ичиндеги кээ бир өзүлөрүн жогору койгондор каражат менен баарын тейлеп бөлөбүз болуп, ал эми тууганбыз деген өзбектердин эле өткөн күндөрү аттуу-баштуу адамдары тең бийлик биздики катары опурулганы, "биз бар үчүн кыргыз жок болбой турат" деген келжирек сөздөрү акыры келип Жалал-Абад, Сузактагы окуялардын чыгышына түрткү болду.
Эмне дейли, кылым карыткан кыргыз элинин барга көппөй, жокко чөкпөй өмүр кечкенин, кең пейил, ак көңүл болуп, күлө сүйлөп баарын ичине батырган мүнөзүн башка туугандар коркоктук катары кабылдап турушат. Саны аз элди ар кандай кылып, чакмак таштай ойнотобуз деп күнү бүгүн жаңылышып жүрүшөт.
Кыргыз элин каалагандай бийлейбиз деген Акаевде да, Бакиевде да болгон. Алар кандай күндү көрүштү? Кыргыздар бийлик талашуу, байлык талашуу оюнуна кирди деп элди эле эмес, жерди да бөлүп кетсек дегенде эки көзүңөр төрт болуп, жамбашыңар жер жыттабай, оозуңар орок оруп, бул жагын казак боордоштор алса, тиги жагына өзбек туугандар барса, ортосун оңурайтып орустар жер-көлдү ээлеп алса деп ак урган үндөр көбүрөөк угула баштады. "Кыргыздар бийлик жүргүзө албай атат, андан көрө бөлө-жара тынчтандырып коебуз" деген дымактары түнү уктатпай, күндүзү эс алдырбай душмандык ой-пикирлер көбөйүү үстүндө. Баатырдык менен эрдик кыргыз канында жашаганын кылымдар далилдеп келе жатат. Улуу Ата Мекендик согушта фашисттердин баскынчылык жүрүшүнүн демин сууткан Панфиловдук дивизия ушул кыргыз жергесинен куралганы белгилүү. Казактарды бир боорубуздай көрүп, улуу ачарчылыкта кулачыбызды кенен жайып, нан бөлүшүп, эл-жерибизге батырганбыз. Сартстан Республикасы деген аттан ала качып, "Өзбекстан болгула" деп колтуктан сүйөп, өзбектерди ушу күндө туугандай көрүп төргө чыгарганбыз. Орус элин эле эмес, тилин да экинчи эне тилибиздей барктап, баалап, сүйлөп келатабыз.
Туугандардын, боордоштордун, достордун кыргыздын кең пейил, жоомарт, меймандос мүнөзүнөн улам "эмне кылсак унчукпай дегенибизге көнөт" деп от менен ойношу туура эмес. Жооштон жоон чыгат, жоону менен мөөн чыгат" деген тегин сөз эмес. Кыргыз элин Кудай өзү жаратып, тоолуу, суулуу, токойлуу бейиштин төрүндөй керемет жерди энчилеп берген. Кудайдын жаңы сырдуу илимдеринде Кыргыз жок болсо, жерде жашоо токтойт деген да кабарлар бар. Кыргыздын "эсиң барда этегиңди жый", "конок койдон жоош" деген сөздөрүнүн мисалында жашоо курсак.
Кенжебек Алдаяр, күүчү