Көз караш

Жумагул Сааданбеков, коомдук ишмер, "Ала-Тоо ынтымагы" коомунун мүчөсү:
"Каргыш тийгирлерге эрегишпейли"

Учурда конституциялык долбоорду саясатчылар, коомдук ишмерлер гана талкуулабастан, чыгармачыл адамдар, ишкерлер, карапайым окурмандар, студенттер да кайдыгер карабай, өз ой-мүдөөлөрүн билдиришүүдө. Бул тууралуу пикирлерди гезитибиздин 10-11-беттеринен окуңуздар. Ал эми коомдук ишмер, бир кездеги "легендарлуу парламенттин" депутаты Ж.Сааданбековго Убактылуу Өкмөттүн Конституциясынын долбоору боюнча суроо узатып, анын оң-терс таасирлери боюнча маектештик.

- Жумагул Сааданбекович, өкмөттүк Конституциянын жаңы долбоору тууралуу сиздин биринчи баамыңыз жана көз карашыңыз?
- Жаңы долбоордо 20 жыл бою мамлекетибизде өкүм сүргөн супер президенттик башкаруунун трагедиялык тажырыйбасы иликтенген, эске алынган. Бирок, ошондой болсо да, тону менен бирге баланы да ыргытып жиберүүгө акыбыз жок. Мен бул конституциянын долбоорун карап көрүп мындайча ой-пикирге келдим. Супер президентибиз бар эле, анын колунда бардык бийлик болгон, ал эми азыр болсо так ошондой бийлик парламентке берилип калыптыр. Бул демократия эмес. Бийликти теңдеп бөлүү принциптери - бул либералдардын ойлоп тапкан "оюндары" эмес. Алардын логикасы күчтүү, функциялары калыс таразаланган. Бийликке жалаң гана периштелер келсе кана, атаганат. Бирок жандуу турмушта такыр андай эмес да. Ошондуктан ар кайсы бийлик бутактары бири-биринин амбицияларын жана кызыкчылыктарын чектеп, ооздуктап туруулары зарыл.
Тилекке каршы, каралып жаткан долбоордо жогоруда айтылган принциптен ашыкча чыгып кеткен жерлер көбүрөөк. Алып айтсак, бийликтин басымдуу көпчүлүгү парламентке ыйгарылып калган. Менин көз карашымда жалаң гана биздин Кыргызстанда эмес, бизден башка көптөгөн посттоталитардык, транзиттик мамлекеттерде жакынкы аралыкта таза парламенттик бийликке өтүү мүмкүн эмес.
- Эмне үчүн?
- Биринчиден, эл ичиндеги теңчилик - демократиянын фундаменталдуу принциби. Бирок, Кыргызстандын тажрыйбасы көргөзүп тургандай, юридикалык, укуктук деңгээлде бардык жарандар тең болгону менен, чындыгында кедейлер менен байлардын ортосундагы теңсиздик, региондор, шаарлар арасында ж.б. теңсиздиктер оркоюп эле көрүнүп турбайбы.
Капитализм доорунда акча гана реалдуу бийликти берип, бийлик көп акчалуулардын гана колунда топтолоору ачык көрүндү го. Мурдагы бийликтеги кыргыз парламентинин топтомун караңыздарчы, алардын арасында чыныгы юристтер жана саясатчылар бир аз гана болчу, ал эми илим жана маданият кызматкерлеринин, мугалимдер, врачтардын саны жокко эсе болуп, куржуну, капчыгы акчага толгондор жык-жыйма болгон.
Экинчиден, парламенттик республика - бул партиянын бийлиги. Партиялар, кландар арасындагы бийлик үчүн күрөш басылбай турган мамлекет. Айтмакчы, азыркы учурда Убактылуу Өкмөттө бийликте турган партиялар буга толук далилдеме болуп жатат. Азыркы күндө биз партиялар арасындагы ресурстук кызматтар үчүн, губернатор жана акимдердин орундары үчүн ачык-айкын кармашууларды көрүп жатабыз. Демек, партиялар дайыма өз кызыкчылыктарын улуттук кызыкчылыктан жогору коюшат. Андыктан мамлекеттин тагдырын, бүтүндөй кыргыз элинин тагдырын парламентти башкарган партияга берүү кечирилгис саясый ката болот. Парламенттик республика, мисалы үчүн Италия сыяктуу, өлкөнүн 80% оокаты жетиштүү орто тап үстөмдүк кылган, жарандары болсо бир улуттун жана диндин өкүлдөрү болгон мамлекеттерде гана мүмкүн. Ал жакта өкмөт бир жылда бир же бир нече жолу өзгөргөн менен, саясый система өзгөрүүсүз калат.
Үчүнчүдөн, кыргыз коомунун фундаменталдуу өзгөчөлүгү - бул көпчүлүк эл өзүн көбүн эсе уруусуна, аймагына таандык деп түшүнүп, баарынан мурда улуттук мамлекеттин атуулу экендигине тийиштүү маани бербейт. Кыргыз эли атуулдук, саясый улут болуп толук калыптана элек. Бир кандуу, бир жандуу, бир тилдүү жана бир диндеги элди аймактык, уруучулук, жердештик бөлүп-жарып турат. Анын үстүнө географиялык жактан да элибиз бийик тоолор менен бөлүнүп, уруу-уруктук өзгөчөлүктөрдү күчөтөт. Мындайча айтканда, биздин облустарыбыздын калкы бир мамлекетте жашаганы менен социалдык жактан бири-биринен алыс жана начар байланышкан. Ар бир сегментке тиешелүү болгон калк жеке өзүнүн субкультурасына, уруулук баалуулуктарына, өзүнүн жашоо шарттарына ыңгайлашкан. Парламенттик система бул өзгөчөлүктөрдү мындан да катуу күчөтүп, партиялык курулуш регионалдаштыруу жолуна түшөт. Биз бири-бири менен тең тайлаша турган, коомду түп тамырынан бери бириктире турган жалпы элдик партияга эч качан ээ болбойбуз. Караңыздарчы, глобалдаштыруу заманында жашап жатсак да, уруу-урууга бөлүнгөн партиялар, кыймылдар пайда болду.
Анын үстүнө кыргыз элинин улуттук аң-сезиминде башка Чыгыш элдери сыяктуу эле бийликтин авторитети жеке инсандын авторитетине гана таянаарын унутпашыбыз керек. Улут лидерлеринин авторитетине таянбаган партияны, парламентти жана башка саясый институттарды көпчүлүк Чыгыш мамлекеттеринде көз алдыга элестетүү кыйын. Кыргыз эли өтө амбициялуу, таланттуу эл. Ал эртеби-кечпи өзүнүн Ататүркүнө, же Кеннедисине сөзсүз ээ болот. Улуттук лидердин эң жогорку үлгүсү катары эл өзүнүн Манасына сыйынып келе жатканы бекеринен эмес да. Ушунун баарын эске алсак, Акаев жана Бакиев өңдүү каргыш тийгирлерге эрегишип президенттик бийлик институт канатын кыркып салуу туура болобу? "Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба" дейт элибиз.
- Конституцияга өзүңүздүн конкреттүү сунушуңуз жана өзгөртүүлөрүңүз кандай?
- Өздүк диктатурадан парламенттик тирания коркунучтуурак. Андыктан, биринчиден, парламенттин функцияларын чектөө керек. Көптөгөн мамлекеттерде мындай чектөөчү институт катары эки палаталуу парламент эсептелет. Жогорку палата - жарандардын жана аймактардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Менимче, баардык аймактардан калкынын санына карабастан бирдей эле сандагы депутаттар шайланышы керек.
Менин эсебимде, Жогорку палатада (сенатта) облустардан жана Бишкектен 7ден адам, бардыгы 49 депутат, ал эми Төмөнкү палатада 56 депутат, бардыгы болуп 105 болушу керек. Мына ушундай жол менен биз көкөйгө көк талкандай тийген проблемалардын көбүнөн кутулаар элек:
Биринчиден - кээ бир аймактарга караганда калктын саны көбүрөөк болгон региондордун гегемониясынан кутулабыз. "Легендарлуу парламенттин" иштөө убагында ушул фактор мамлекеттин өнүгүшүнө керектүү болгон көптөгөн зарыл мыйзамдарды кабыл алууда тоскоолдуктарды түзгөн.
Экинчиден - парламентти экиге бөлүү - бул Төмөнкү палатанын ойлонуштурулбаган, коркунучтуу чечимдерин кабыл алууга бөгөт түзөт. Ал эми Жогорку палатада тең сандагы өкүлчүлүктүн болушу, ар бир аймакка өзүнө жакпаган мыйзамга бөгөт коюу укугун берет. Кээ бирөөлөр мындай структура федеративдүү мамлекеттерге гана тийиштүү деп айтышы мүмкүн. Жок, бул таптакыр андай эмес. Мисалга алсак - Англия, Австрия, Франция, Германияны же коңшулаш Казакстанды жана башкаларды эле карап көрсөк, булар унитардык мамлекет болгону менен эки палаталуу парламенттик системасы бар.
Үчүнчүдөн - эки палаталуулук коомдогу кызуу кандуу талаш-тартыштарга депутаттар аралашып кеткенине жол бербейт, стабилдүүлүктүн гарантиясы болот, ар бир аймактын, өзгөчө экономикалык жактан артта калган аймактардын кызыкчылыктарын коргогон тең салмактуу чечимдердин чыгышына шарт түзөт.
- Ыйгарым укуктар боюнча эмне айтасыз?
- Эки палатанын президент менен байланышы жана ыйгарымдуу укуктарынын тең каралышы, бөлүнүшү - бул орчундуу маселе. Кыргызстандын шартында ар бир мыйзамдык акт эки палатанын тең колдоосуна ээ болгондо гана ишке ашат. Төмөнкү палата министрлер кабинетин бүт бойдон түзүү укугуна ээ болсо, эмине үчүн, мисалы Жогорку палата губернаторлорду кызматка койууну көзөмөлгө албайт. Долбоор боюнча республикабыз таза парламенттик эмес, парламенттик-президенттик системага окшошот, себеби президенттин аз да болсо ыйгарым укуктары калган экен. Демек бизде, Украина жана Польшага окшош республика болуп калат. Бирок бардыгыбызга маалым болгондой, акыркы 5 жылдын ичинде аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийликтин ортосундагы саясый карама-каршылыктардан улам Украина азыр катастрофанын чегинде турат. Бул саясый хаосто парламент ресурстарды бөлүштүрүү менен алек болду. Укугу жок президенттин жана бардыгына күчү жеткен премьер-министрдин басылбаган кармашы Украинанын экономикасын кыйратты. Ушундай кырдаал Украинанын жаңы президенти В. Януковичтен тез жана абдан катуу чечимдерди кабыл алуусун талап кылууда. Бирок алардын азыркы парламенттик-президенттик абалы анын колу-бутун тушап жатат. 5 жылга созулган кыйроодон кийин Украинанын элитасы 2004-жылдагы бийлик борборун Жогорку Радага көбүрөөк берген конституциялык өзгөрүүлөр стратегиялык чоң катачылык болгонун мойнуна алууда. Ал эми Польшадагы кырдаал деле мындан жакшы эмес. Бир эле премьер-министр маркум президент Л. Качинскийдин Парижге баруусу үчүн атайын учак бербей коюп, президенттин чартердик рейс менен эптеп-септеп учканы кимди да болсо ойлондурбай койбойт.
Азыркы долбоордо биздин парламент Америкалык конгресстен да күчтүүрөөк көрүнөт. Андай болсо президент дагы АКШдагыдай бир эле учурда премьер-министр катары аткаруу бийлигинин иштери үчүн бүткүл жоопкерчиликти өзүнө алсын. Анын күчтүүлүгү бул учурда күчтүү эки палаталуу парламент менен компенсацияланат, парламентти президент өз ыктыяры менен таркатып жибере албайт.
Цивилизациялуу мамлекетте жашайм деген ар бир адам үчүн мамлекеттик бийликти башкарбаган президент - англиянын королевасы сыяктуу көрүнөт. Ал башкарбайт, бирок бийликте деген аты бар. Ал эми Бакиев жана Акаев падыша болушту, бүт бийликти да өз билгениндей жүргүзүштү. Бирок ошол эле учурда алар эч нерсе үчүн жооп берчү эмес, жоопкерчилик өкмөткө гана жүктөлгөн эле. Ошолордун чириген режиминен кетип жатканыбыз эң туура. Бирок мамлекетибиздин келечек тагдырында мамлекет башчынын укуксуз, кемсинген абалда болушу өтө опурталдуу роль ойношу мүмкүн. Долбоордо депутаттар үчүн кол тийбестик иммунитети каралып, ал эми президент үчүн каралбаптыр. Ушул да калыстыкпы? Башмыйзамдын долбоорун элдик талкуудан өткөргөндөн кийин президент үчүн дагы оптималдуу, эффективдүү орун табылат деп ишенгим келет.
Айганыш ЖАНЫБЕКОВА