Байыркынын жаңы жүрүшү
Кадимки кыргыздын мекени, турак-жайы болгон Алтай жергеси дүйнөлүк тарых маданиятта "Алтай маданияты" деген тоодой улуу жүктү көтөрүп, болуп көрбөгөндөй ири өнүгүүлөрдүн чордонунда туруп сакталып калган. Ошол Алтай тамырынан бутак жайып жер-жерлерге тараган бир тил башаттагы, бир дил башаттагы байыркы көчмөн доордун ээлери бүгүн дагы жаңы дүйнөлүк өнүгүү жүрүшүнө жол ачсын деп, Корея Республикасынан ат арытып Кыргыз жергесине Корея элинин көрүнүктүү ойчул, жазуучу, ишмерлеринин атынан "Алтай маданияты биримдиги" эл аралык Форумунун директорлор кеңешинин мүчөсү Чон Досанг жана Орто Азия маданияты институтунун директору Фил Ким Бишкек шаарында болушуп, Ф.Кулов башында турган, Э.Алиевдин уюштуруусундагы жолугушууга Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын мүчөлөрү Н.Өмүралиев жана А.Аблабеков, тарыхчы Ч.Өмүралиев, акын В.Бөлөкбаева, ойчул С.Дыйканов, комузчу К.Алдаяр менен ой бөлүштү.
Тарыхчы Ч.Өмүралиев "Алтай тилектештиги" түпкүлүктүү жана маанилүү экендигине токтолуп, ушуга чейин япон, корей жазмасынын башатында турат деген кытай жазмасынын өзүндө, башында кыргыз дүйнөсү, кыргыз сөзү турарын өзүнүн көлөмдүү эмгегинен мисал келтире, кытай чиймесинин 400дөн ашык сырларын чечмелеп, аныктаган далилдерин көрсөттү. Корей элинин белгилүү ойчул, жазуучусу Чон Досанг "Алтай тилектештиги" комитети Казакстан, Монголия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстанда түзүлүшү керек экендигин жана бул мамлекеттик эмес уюмдун мүчөлөрү негизинен маданият тармагынын кызматкерлеринен болушу максатка ылайык деди.




Дөөлөттүн "Сейтеги"
Эки күн мурда УТРКнын чоң залында белгилүү жаш манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өздүк вариантындагы "Сейтек" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Манас трилогиясынын бул үчүнчү бөлүмүнө белгилүү окумуштуу академик Р.З.Кыдырбаева кириш сөзүн жазган. Китепти иллюстрациялаган М.Асаналиевдин сүрөттөрү эпостун жалпы маанисине, духуна дал келди. Д.Сыдыковдун "Сейтеги" жалпы чыгармачылык жамаат тарабынан кубаныч жана кубаттоо менен кабыл алынды.
Бул кечеде Ысык-Көл облусунан келген 4 жашар манасчы Үмөт Дөөлөтовдун чыгармачылык тушоо кесүүсү өзгөчө кубантарлык болду. Кыргыз элинин манасчылык касиети түгөнбөс руханий кенч экендиги дагы бир ирет кадиксиз далилденди. Эл эртеңи берекелүү болуп, бүдөмүк заманды Манастын нуру менен жарып өтөрүбүз анык. Манасчылар - элдин руханий башатында туруп, ата-бабалардын мурасын жеткирип турган кызматкерлер.




Кыргыз Эл биримдиги
Уруулар ынтымагы аркылуу улуттук биримдикти көздөгөн Кыргыз Эл Биримдиги 19-майда Т.Сатылганов атындагы филармонияда Сол канатынын курултайын өткөрсө, 9-июнда Ичкилик канатынын курултайын, 11-июнда Кыргыз Эл Биримдигине кирген Оң канатынын курултайын өткөрмөкчү. Ал эми 12-июнда Кыргыз Эл Биримдиги үч канаттын Улуттук Улуу Курултайын өткөрүүгө камынууда.
Кыргыз Эли Биримдигин түзгөн жалпы жамаат азыркы оомал-төкмөл заманда мамлекеттүүлүктү сактап калуу, улуттук биримдик, ынтымакты бекемдөө, өлкөнү Түндүк-Түштүккө бөлүүгө жол бербөө, диний жана улуттар аралык араздашууга каршы туруу - учурдун өктөм талабына айланганын баса белгилөөдө.

Бешик ырынын конкурсу
КРнын эмгек сиңирген мугалими Салима Жороева Бешик ырларынын конкурсун өткөрдү. Үстүбүздөгү жылдын 13-мартында башталган бул конкурс кыргыз элинде орду төмөндөп кеткен Бешик ырларын калыбына келтирүүнү, алардын маани-маңызын жайылтууну максаттаган. Сынакка жөнөкөй адамдар да, дасыккан акындар да катышканы белгилүү болду. Жыйынтыгы бүгүн, 25-майда маалым болот.





"Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинен
Кайрылуу
Америка Кошмо Штаттарынын президенти
Барак ОБАМАга
Россия Федерациясынын президенти
Дмитрий МЕДВЕДЕВге
Казакстан Республикасынын президенти
Нурсултан НАЗАРБАЕВге

Урматтуу Барак Обама, Дмитрий Анатольевич,
Нурсултан Абишевич!
Дүйнөлүк коомчулукка белгилүү болгондой, Кыргызстандагы кандуу апрель окуясынын башкы күнөөкөрү Курманбек Бакиев сиздердин түздөн-түз жардамыңыздар менен өлкөдөн качып кетти. Учурда ал Белорус президенти А.Г.Лукашенконун канатына жашынып, деструктивдүү күчтөрдү каражат менен камсыздап, өлкөдөгү кырдаалды курчутууга аракеттерди көрүп жатат.
Урматтуу президент мырзалар! Мындан тышкары, канкор Бакиев дагы бир ирет өзүнүн эки жүздүүлүгүн көрсөтүп, сиздерди уятка калтырды. Ал Казакстанда президенттиктен кетүүгө өз колу менен жазган арызынан баш тартып, Минск шаарында журналисттердин алдында "президенттиктен баш тартууга аны өлүм гана токтото аларын" жарыялады.
Урматтуу өлкө башчылары! Сиздердин тиешеңиздер менен Бакиев Кыргызстандан эч тоскоолдуксуз чыгып кетти. Албетте, ошол кезде сиздер Кыргыз жергесиндеги абалдан чочулаганыңыздарды, жарандык кагылышуу жана өлкөнүн бөлүнүүсүнүн алдын алганыңыздарды абдан жакшы түшүнөбүз. Бирок, ошого карабастан, Бакиев сиздердин ишеничти актаган жок. Кыргызстанда тынч жашоо орномок тургай, тескерисинче башаламандык өкүм сүрүүдө. Бакиевдин бир туугандары, балдары, таламдаштары абалды курчутуп, жер-жерлердеги бийликти күч менен алууга аракеттенип жатышат.
Эл аралык укуктук актыларга жана адам укугу боюнча нормаларга ылайык, өз башкаруусу учурунда өлкө жарандарын массалык түрдө кыргынга учураткан башкаруучу - элинин алдында, жалпы адамзат алдында үч эселеп кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындан улам, Бакиевди №1 кылмышкер деп, жоопко тартууга толук негиз бар.
Курманбек Бакиевдин кайсы мамлекетте болсо да эркиндикте жүрүшү Кыргызстандын тынчтыгы, бейпилдиги үчүн кооптуу. Андыктан, урматтуу алдыңкы өлкөлөрдүн лидерлери, биз Минск менен Кишиневдо кабыл алынган Эл аралык конвенцияга таянуу менен Бакиевди экстрадациялооңуздарды суранабыз. Мындай кадам өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн, эң негизгиси Кыргызстандын эркин келечеги үчүн окко учкан баатырларыбыздын ата-энесинин моралдык канааттануусу үчүн абдан зарыл!
Биз, курман болгондордун жана жарадар болгондордун ата-энелери, ага-туугандары жана "Мекен шейиттери" коомдук бирикмеси сиздерди биздин үнүбүздү угуп, тез аранын ичинде кескин чараларды көрөт деп үмүт артабыз.