Бермет сап
Май түнү
???
О, май түнү, кереметтүү май түнү,
Сүйүү кушун жаштыгына багынткан.
Сейилдетип жаш курактын айлына,
Көшөгөлүү махабатты сагынткан.

Май күндөрү, май түндөрү, май таңы,
Түгөнбөгөн мүрөк болчу сүйүүмө.
Тили катпас сайра булбул куш болуп,
Түнөк салып жүрөгүмдүн гүлүнө.
Гүлсина Өмүрбек кызы


Икая
Кеңеш
Бир күнү шакирт өзүнүн суфий-устатынан минтип сурайт:
- Устат, менин жыгылып кеткенимди уксаңыз эмне дээр элеңиз?
- "Тур" демекмин, - деп жооп берет устат.
- Дагы жыгылсамчы?
- Дагы эле "тур" демекмин.
- "Тур" дегенди качанкыга чейин тажабай айтар элеңиз?
- Тирүүсүңбү - жыгылгандан кийин турушуң керек. Жыгылып ордунан тура албай калгандар - өлүк жандар, - дейт устат.

Табитиңиз ачылсын!
Тил салаты
300 г тил, 3 жумуртка, 1 пияз, 30 г жаңгак, 100 г сыр, ашкөк, петрушка, туз.
Тилди бышырып төрт бурч же тилке формасында туурайсыз. Пиязды майда туурап, кууруп аласыз. Жумуртканы чегип, бир чымчым туз кошуп, жакшылап чалып, түбү майланган табага жука кылып кууруйсуз да, аны ичке кесмедей кылып тилкесинен туурайсыз. Сырды туурагычтан (теркадан) өткөрүп, жаңгакты майдалап аласыз. Бардык азыктарды бир идишке салып, туз, ашкөк, петрушка кошуп, майонез менен аралаштырып коесуз.


Жылдыздар төлгөсү
Июнь айы
Кой: Күтүүсүз, ошону менен бирге жагымдуу маанайдагы окуяларга бай учур. Көпчүлүктүн көңүл чордонунда болосуз. Букачар: Буга чейин пландаштырып келген сапарларыңызды айдын биринчи жарымында ишке ашырганыңыз оң. Эгиздер: Өз күчүңүзгө ишенбей атып, көп нерседен кур жалак калышыңыз мүмкүн. Азыр сиздин тоону да томкорууга алыңыз жетет. Бөйөн: Жети ойлонуп, бир кесиңиз. Шашылыш кабыл алынган чечимдер жакын арада эле кедергисин тийгизиши ыктымал. Арстан: Канчалык көп акча тапсаңыз, ошончолук көп чыгымга учурайсыз. Кейибеңиз, андан көрө жан дүйнө байлыгына басым жасаганыңыз оң. Бийкеч: Тобокелчилик - азыр сиздин душманыңыз. Кадамдарыңызды шашылбай шилтегениңиз туура. Тараза: Жеке турмушуңузда көңүл жылытарлык өзгөрүүлөр күтүлөт. Мындан тышкары, карьера тепкичинен көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Чаян: Ишердүүлүгүңүз үчүн ийгиликтүү мезгил. Азыркы тапта баштаган жумуштарыңыз эмки айда өз жемишин бере баштайт. Жаачы: Романтикага жык толгон ай. Сүйүү каттары, жалындуу көз караштар, жолугушуулар - кадыресе көрүнүш катары кабылдана баштайт. Текечер: Майда-барат кемчиликтерге көңүл бөлбөңүз. Үйбүлө ичинде жакшы окуялардын болушу күтүлөт. Суу пери: Коопсуздугуңузга сак болуңуз. Айланаңызга топтолгон адамдарга өтө эле ишене берүүгө болбойт. Балык: Финансылык маселелерди чечүүдө ийгилик коштойт. Ал эми айдын биринчи жарымы романтикалуу маанайда өтөт.


Саламаттык
Ооруба, жаным, ооруба!
Компьютер менен телевизордун алдында көпкө отуруу - көздөргө зыян. Ал эми ишке байланыштуу отурууга мажбур болсоңуз, ар бир 30-40 мүнөттө көздөрүңүз үчүн атайы көнүгүүлөрдү жасап турууну эсиңизден чыгарбаңыз.
Башыңызды бурбай, көзүңүздүн кареги менен оңду, солду караңыз. Андан соң каректи тегерете айлантып көнүгүү жасаңыз. Ар бир көнүгүү 2-3 мүнөткө созулат.
Мындан тышкары, көздөрүңүздүн оорубай, сулуу болушу үчүн А, В, С, D витаминдүү азыктарды пайдалануу керек. Алар сүт азыктарында, балыкта, картошка, сабиз, капуста сыяктуу жашылчаларда, төө бурчакта арбын.

Афоризмдер
Мыйзам
Майзам - аны түшүндүрүп жатышкандай өтө деле коркунучтуу эмес.
Данил Рудый
Кеңешчи
Өкүмдардын акылмандыгы тегерегине чогулткан адамдар менен өлчөнөт.
Николло Макиавелли
Өкмөт
Бардык өкмөт - убактылуу.
Леонид Крайно-Рытов


Улуу сөздөр
Эр жүрөктүүлүк - согушта гана эмес, жөнөкөй жай турмушта да керектүү сапат.
Бенджамин Франклин
Бир нерсе менен алек болбогон адам эч убакта жашоонун чыныгын даамын татпайт. Анын жүзүнөн дайым нааразылыкты байкоого болот.
Генрих Гейне
Сөздү таап сүйлөй албаган адам эч убакта кызмат тепкичинен көтөрүлө албайт.
Наполеон Бонапарт
Алсыз адам ийгиликке жана жагдай-шартка ишенет. Күчтүү адам - себептер менен жыйынтыкка ишенет.
Ральф Эверсон
Эркиндик - бул жоопкерчилик. Ошондуктан, андан абдан коркушат.
Бернард Шоу


Айымдарга айа-ай кеңеш
Арыктай тургандарга
Чыдамкай болуңуз. Жей турган тамагыңыздын көлөмүн дароо аныктап, меймандос кожоюндардын кошумча тамагынан сылык, бирок чечкиндүү түрдө баш тартыңыз.
Эркиңизди тарбиялаңыз. Депрессия, тынчсыздануу, зеригүү, каардануу сыяктуулар семирүүнүн психологиялык себептери экенин унутпаңыз.
Эч убакта ачка болбоңуз. Андан көрө күнүгө аз-аздан, бирок 4-5 жолу тамактанганыңыз оң. Өсүмдүк майына чек коюп, көбүнесе майы аз сүт азыктарын пайдаланыңыз.
Көбүрөөк жашылча-жемиш жеңиз.
Тамакты жай ичип-жеп, андан ырахат алууну үйрөнүңүз.
Үйдөн эч качан ачка чыкпаңыз.
Өзөгүңүз үзө тартып баратса, ашказаныңызды алма, бадыраң, татуу калемпир жеп алдай турсаңыз болот.
Кечке эле тамакты ойлой бербей, өзүңүздү алаксытыңыз. Кыскасы, тамакты ойлоого убактыңыз калбай калгыдай болушу керек.