Өзөк

Жылаң аяк, жылаң баш катындын максаты не?
Талантаалы БАКЧИЕВ, манасчы, филология илимдеринин кандидаты

Ордо калаабыздын чок ордосу болгон Ала-Тоо аянтындагы В.И.Лениндин эстелигинин ордуна 2003-жылы орнотулган "Эркиндик" монументи тууралуу сөздөр учурда кызуу талкууга алынууда.

Оболу "КР Эл сүрөтчүсү", белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун 2003-жылы "Адабий гезит" бетине берген интервьюсун ("Адабий гезит" №42 (116), октябрь, 2003-жыл, "Эркиндик" монументинин коюлушун саясатка айлантып жиберишти". 5-бет) мисалга тартайын:
Эми монументтин негизги идеяларын чечмелеп көрсөк. Автордун айтуусу боюнча монументте үч идея камтылган: 1. "Учуп бараткан аял" - эркиндиктин символу; 2. "Аялдын балтыр алдындагы Жер шары" - тынчтыктын символу; 3. "Аялдын колундагы түндүк" - мамлекеттин символу.
Негизинен, символдордун аталыштары абдан орундуу да, олуттуу да. Бирок, алардын чагылдырылышы күмөн туудургансыйт. Андыктан, бул үч символдун ар биринде кыргыз элинин улуттук идеясынын чагылдырылышы канчалык ишке ашырылгандыгын кенен талдоого алып көрөлү:
1-символу, "кош канатчан учуп бараткан аял" - биринчиден, аял искусстводо, мифологияда, динде байыркы символдордун бири, бирок, Борбордук Азиядагы тектеш элдердин биринде да кош канатчан учуп бараткан аял кездешпейт. Алар аны жасай албагандыктан эмес, кош канатчан учуп бараткан аял алардын дүйнөтаанымына жат экендигинде. Ошондой болсо да, бул жагынан алганда Т.Садыковдун биринчи символу мейли оригиналдуу дейли. Асыресе Европа, Түндүк Америка өлкөлөрүнүн дээрлик баарында тең мындай классикалык түрдөгү символ өтө кеңири таралганын баарыбыз эле билебиз, мисалы: Санкт-Петербургдагы "Александриялык мамы" ("Александрийский столп"), Нью-Йорк шаарындагы колунда факел кармаган "Эркиндик" статуясы ("Статуя Свободы"), мындан сырткары католицизмди дин туткан Европа өлкөлөрүндө "Мария кыздын" ("Дева Мария") статуялары өтө жыш орнотулган. Ал эми бул жагынан алганда, символ универсалдуу болуп калган, демек ал көчүрмө-копия. Минтип айтып жатып, бир нерсени эстен чыгарбасак, христианчылыкта кош канатчан аял ар дайым эле ыйыктыкты же сулуулукту түшүндүрө берген эмес, анын экинчи мааниси да кеңири тараган, ал сатанизм, дьяволизмдин, калып баратса вампирликтин символу болуп келген. Муну, монументтин автору эске алышы зарыл эле. Эми кыргыз элинин дүйнөтаанымына кайрылсак, турмушта аял кишиге же аял образындагы мифтик, диний каарманга кыргыздар эч бир заманда, доордо сыйынып, тайынган эмес. Бирок сыйлаган, урматтаган, сулуулугуна суктанган, эркектикинен кем эмес укук да берилген. Ооба, кыргыз мифологиясында Умай Эненин образы бар жана Умай Эне үй коломтосунун, эненин, ымыркайдын колдоочусу катарында гана чектелип түшүндүрүлүп келгенин билебиз. Мүмкүн скульптор аны периште катарында түшүндүргүсү келсе керек, бирок ислам дининдеги периштелер (Азрейил, Жебрейил, Мекейил, Исрапил ж.б.) эркек образында берилет эмеспи. Арийне, скульптор өзү айткандай: "Аял деген бул ыйыктык, бул кут. Биз эмес орто кылымдарда да аял дегенде ыйыктыкты, сулуулукту түшүнүшкөн" дейт. Кыргыз тарыхында, жадыга сактап келген элдик жомок, дастандарында, жалпы эле руханий маданиятында аял каармандары белгилүү из калтырган. Маселен: Каныкей энебиз, Айчүрөк энебиз ж.б. Бирок Каныкей энебиздин биз билген касиети, ыйыктыгы Манас атабыз аркылуу белгилүү болуп жатат. Ошондой эле, Айчүрөк энебиз Семетей атабыз аркылуу Айчүрөк болуп, элдин эсинде сакталып калган. Жогорудагы кеп кылынган кыргыз дүйнөтаанымына, тарыхына таандык мисалдардын биринде да скульптордун чагылдырган аял образы, биздин оюбузча, таптакыр дал келбейт. Себеби, ал кош канатчан, канаты да учуп бараткан аялды эмес, жаңыдан күүлөнүп, теминип, "мына, эми учам" деген аялды көрсөтүп турат. Батыш менталитетине таандык "кыска причёска" - чачы кесилген, жеңи ийинине чейин түрүлгөн, оң балтыры, чурайы ачык, жылаң аяк, жылаң баш. Ал эми кош канатчан мифтик аял кыргыздын дүйнөтаанымына түгүл, түшүнө да кирген эмес. Азыркы тапта табыйгаттын мыйзамченемдерине каршы - "гендер" деген Батыштан жалаңгычтай болуп каптап келген саясатты кубаттагандар бул "кош канатчан учуп бараткан аялдын" турушун кубаттаар. Анткени алардын негизги максаты, аял менен эркектин ортосундагы теңдикти орнотуу болуп эсептелинет. Андай болсо, аялдар эркектерди бала туудуртуп көрүшпөйбү? Мына ошондо даана теңдик, "гендердик" саясат орнойт. Кыргыздарда - "ар ким өз ордун билиши керек" дейт. Эр өз ордун - аял өз ордун, кайнене өз ордун - келин өз ордун билиши керек. Жок, андай болбойбу, анда эле кыргыз эли улут катары курут болот.
Эми скульптор айткан жана колу менен жасаган 2-символу, "аялдын балтыр алдындагы Жер шарына" назар бурсак. Биринчиден, тоголок-шар - Евразия элдеринде туруксуздуктун символу деп эбак эле кабылданган. Байкаганга, монументтеги Жер шарынын диспропорциясы да бузулган. Экинчиден, кыргыз элинин дүйнөтаанымында аял башат, эр башат деген түшүнүк бар. Эр башат бул - Теңир (Көк-Асман, Теңир-Ата, Жараткан), Аял башат бул - Жер (Жер-Эне). Ушундан улам, Теңир жогорудан төмөндөгү - Жерди карайт. Жер төмөндөн жогорудагы - Теңирди карайт. Ортодо баласы - Киши жаралат, делет. Жерди Теңир багат, Жер Кишини багат. Теңир-Ата, Киши баласына руханий азык берсе, Жер-Эне Киши баласына материалдуу азык берет. Бул байыртадан бери келе жаткан көчмөн кыргыздын дүйнөтаанымына сиңген турмушу, философиясы. Анан скульптордун, жогорудан багып турган кош канатчан аял аркылуу төмөндөгү Жерди мингиздирип, жумуртка баскансып, чурай астына салып койгондугу кандай философия, кандай символ, кайсы элдин философиясы, кайсы элдин символу?!
3-соңку символуна да кайрылып көрөлү - "аялдын колундагы түндүк". Көчмөн кыргыздын алдындагы күлүк аты сымал, ою да күлүк болгон, ошондон: "ой күлүк - кууса жеткис" деп айтып келгени да ырас. Кыргыздын бир улуулугун ушундан бил, өзүнүн жашоо шартына ылайык бир чай кайнатымда тигүүгө да, чечүүгө да үлгүрө алган боз үйдү тапкан. Түндүк - Күндүн символу. Уук - Күн нурунун символу. Түндүк тууралуу кыргыз дүйнөтаанымында бир нече принциптер, тыйымдар бар. Алар азыр да кыргыздын эсинен чыгып кете элек, чыкмак түгүл турмушунда орду менен колдонуп келе жатат. Ошолордун бири катары, түндүктү эр жигит көтөрүп келет, эч болбоду дегенде, кичинекей эркек балага көтөртөт. Анын да себеби бар, көтөрүлүп жаткан түндүк бекем адамдын колунда болушу керек, кокусунан орто жолдон ал түшүп же тайып кетсе, аны жамандыкка жорушкан. Ошондуктан, түндүктү билеги күчтүү эр азамат көтөрчү. Мунун да себеби жок эмес, түндүк жалпы үйдүн уңгусун түшүндүргөн. Ал эми эр жигит - үйдүн ээсин түшүндүргөн. Буга карата кыргыз элинде бир катар кеп-сөздөр айтылып келет: "түндүгүң түшпөсүн", "түндүгүң айланбасын", "түндүгүңөн түтүн буласын", "бир түндүктөн күн көр". Ал эми биз кеп кылып жаткан Т.Садыковдун монументиндеги үчүнчү символ - "түндүктүн" ургаачы-аял киши тарабынан көтөрүлүп тургандыгы, кыргыз элинин дүйнөтаанымына туура келбеген, улуттук салтка, маданиятка, философияга каршы иш жасагандай туюлат.
Дагы бир айта кетчү сөз, бул монументтин астындагы таш постаменттин төмөн жагындагы эр оюму жөнүндө болмокчу. Кыргызда ал оюм, эр жигиттин символу катары - ЭР ОЮМ деп аталган. Мына ошол эр оюмдун башы, шарт боюнча жогору жакты же сыртты карап турушу керек эле. Ал эми бул постаменттеги эр оюмдун башы төмөн жакты карап тургандыгын көпчүлүк байкабагандыр. Ал постаментте мурда В.И.Ленин кыргыздын жигиттерин төбөсүнөн басып, буту менен тебелеп келген болсо, азыр жигиттерибизди кайдагы бир кыргыз эмес катын табарсыгы менен басып жатат.
Мунун баарын күйүп-бышып эмнеге айтып жатат деп ойлоорсуздар, мунун да жайын түшүндүрөйүн. Адамдын колу менен жаралган айрым сүрөт жана скульптураларга жан кирип, материалдаштырылып, турмушка ашырылып, тирүү адамдын психикасына, демек жашоосуна таасир эте тургандыгы баарыңарга белгилүү чыгаар. Мунун бирден бир мисалы, кечээ жакында Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтына орнотулуп кийин алынып салынган (эл нааразы болгондуктан) Коңурбай, Жолой, Шыпшайдарлардын эстеликтери. "Манас" дастанындагы Шыпшайдар ким экендигин жана кандай кейипкер экендиги маалым, ал: Манастын Аккуласын, Манастын он эки чоросун атып өлтүргөн кытайдын Эсенканынын көзгө атары. Ал эми али да каны кургай элек, жаны Ала-Тоо аянтын айланып учуп жүргөн сексенден ашуун окко учуп, шейит кеткен эр азаматтарыбызды аткан К.Бакиевдин көзгө атар Шыпшайдарлары эмеспи? Скульптураларга жан кирет дегеним ушул. Себеби, Коңурбай, Жолой, Шыпшайдарлардын эстеликтери ошол күндөрү да (6-7-апрель күндөрү) эч козголбой "Сүйүү багында" турган эле.
Айтаарым, келечекте, мындан ары мамлекеттик маанидеги скульптуралар атайын адистердин, жалпы элдин сынынан өтүп туруп, кыргыздын тарыхын, философиясын, дүйнөтаанымын чагылдыра турган чыгармалар орнотулса.
Башкасын айтпаганда да, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символу болуп эсептелинген кызыл-кан түстүү Желегибиз да өз кызматын аткарып, элибизди канга сугарып келе жатат.