Ачык кат

Бишкек тагдырын ким ойлойт?
Бишкек шаарынын депутаттарына!
Мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу Иса Өмүркуловго!

Акыркы айларда шаардын жалпы турпаты (жолдору, аярдамалары ж.б.) көзгө көрүнөөрлүк оңоло баштаганы жалпы жарандардын маанайын көтөрүп, алардын шаар башчыларына болгон урматы арбып калганы байкалган.

Бирок, мында белгилей кетчү бир чоң маселе бар: шаардын "өпкөсүнүн" калбыр болуп жатканы. Борбордо социалдык оору кургак учук менен жабыркагандардын саны азайбай эле көбөйүп баратат. Бул жалпы жашоо деңгээлинин төмөндүгүнөн улам келип чыгууда. Ал эми шаардын түштүк тарабында миңдеген гектар жерди ээлеген токойдун жок болуп баратканы эң негизги себептерден. Тоолордон агып түшүп, Бишкекти аралап өтүүчү Аламүдүн, Ала-Арча, Сокулук сууларына карабастан, ал токойлор сугарылбай жана багылбагандыктан куурап жок болууда. Жеке үйлөргө арзан отун табылды. Ататүрк атындагы "Достук" гүлбагынын түштүк жана батыш тарабындагы арча, карагай, ак кайыңдан турган сонун токой-парктын куурап турганын жүрөгүңдү оорутпай карай албайсың. Токойдун куурай баштаганы - бардык инженердик-геологиялык эрежелер орой бузулуп, азаттыктын биринчи он жылдыгында закыйган курулуштар башталып, суу өтүүчү арыктардын бузулушунан болгон. Арыктар бузулгандыктан кышкысын да, жазгысын да, күзгүсүн да алардан суу өтпөй турат. Салтка айланып калган ишембилик-жекшембиликтер өткөрүлбөй калганына көп жыл болду. 10-кичи райондун түштүк тарабында борбордук аппараттын айрым кызматкерлери "ишембилик" өткөрүмүш болуп, анча-мынча дарак тигилчү. Бирок алардан кийин тазаланган талаа, тигилген дарактар эмес, спирттик ичимдиктердин шагыраган бөтөлкөлөрү жайнап калаар эле. Шаардын түштүк жагындагы калың токойдун көркү кетип, куурап, арасы таштандылардын "музейине" айланган. Миллионго жакын калкы бар Бишкек шаарына кислород берип, жашоочулардын дем алуусуна жардамдашпай эле, ал токой азыр өзү дарылоого муктаж болуп турган чагы. Бир учурда "Жашыл шаар" деп дүңгүрөгөн борбор жылдан жылга жаңы көчөттөр тигилбей, эскилери "карып", жашылдыгы азайып, аркайган дөңгөчтөргө толууда. Ошентип, бара-бара шаардын жашыл токою да азайып, таза аба булганууда.
Урматтуу шаар жетекчилери жана депутаттары!
1) Жаз айларында өткөрүлүп жүрүүчү көпчүлүктүн катышуусундагы салтка айланган ишембилик-жекшембиликтерди калыбына келтирип өткөрүүнү баштайлы. Бул жаратмандык ишке кызматкерлер, жумушчулар, студенттер, жогорку класстын окуучулары да салт боюнча жигердүү катыша алат деген үмүт-тилек менде чоң.
2) Ыгы келип калганда айта турган дагы эки пикир бар:
а) Кайсы мамлекетке барбагын, мейли Европа, мейли Азия же Африка болобу, бардык жерде бир эле шаар экиге - эски жана жаңы болуп бөлүнөт. Мисалы, Шанхай шаарында суунун чыгыш жагы эски шаар - анда байыркы убакта камыштан, жыгачтан салынган 2-3 кабаттуу үйлөр, ал эми суунун батыш жагы жаңы шаар - андагы 70-75 кабаттуу үйлөр заманбап курулуш материалдарынан салынган. 2008-жылы өткөн дүйнөлүк Олимпиада ошол жаңы шаарда өткөн да, эски шаар музейдин милдетин аткарып, туристтердин сүймөнчүктүү жайына айланган. Ошондой абал Канаданын Ванкувер, Монреаль шаарларында ж.б. мамлекеттерде кездешет.
Эмне үчүн биз, кыргызстандыктар, Бишкек (Фрунзе) шаарынын ата-бабалар курган ХХ кылымдын 30-40-50-жылдардагы үлгүсүн тарых үчүн, туристтер үчүн сактап калбай, аларды "талкалап", жаңысын курабыз деп убара болуп жатабыз? Бишкек шаары мурунку колониялык доордо аскердик чептин тегерегинде түптөлүп, климаттык-метеорологиялык жактан ыңгайсыз курулуп калган. Классикалык Бишкек шаарынын тарыхый орду - Байтиктин боз бөлтөгүнүн тегереги! Эртедир-кечтир кийинки муун ушуга келет. Сиздер ойлонуп прогрессивдүү, келечектүү, шаардын жалпы стратегиялык ордун байкайсыздарбы?
б) "Өсөөр өткөнүн сыйлайт" дейт. Эмне үчүн биз чоң аталарыбыз куруп, жогорку башкаруучулар 25-30 жыл отурган жайды америкалыктарга тебелетип, биздин жарандардын акчаларын Ата Мекенине жөнөткөнгө шарт түзүп бердик? Эмне үчүн алар өз университетин биздин тарыхый имаратка ачып, өздөрү бир тооккана салганга жарашпайт? XXI кылымдын университети заманбап студенттик кампуста болушу мыйзамдуу да. Бул нерсе сиздердин намысыңыздарга тиеби?
Кыргызстан жаш, тажрыйбасы аз мамлекет, аскери да жаңы. Ал эми өткөн доордон калган 4 кабаттуу офицерлер үйүн, клубун Славян университетине берип койгонубузду кандай ойлойсуз? Эмне үчүн биздин студенттерден чогулган акчага алар окуу корпустарын, жатаканаларын салышпайт? Качанкыга чейин момун боло беребиз? Мамлекеттин, улуттун келечектүү кызыкчылыктарын жана баалуулуктарын талап жаткандарга күбө болуп жүрө беребизби?
Сиздерди шаардын тагдыры үчүн кайдыгер эмес деп ишенгендиктен пикир бөлүштүм.
Сиздерди урматтап мударис
Кусеин ИСАЕВ




  Жүрөк-толгоо

Мүдөөбүз эми аткарылса болду…

7- апрель 90го жакын энеге бүтпөс кайгы алып келип жүрөгүн тилип кетсе дагы, кыргыз эли кулчулукка, басынтууга чыдабай тургандыгын көрсөттү. "Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз" дегенди өз көзүбүз менен көрдүк. Жанындагы бала окко учуп жатса болбой, калганы окко көкүрөгүн тосуп жатып намысын колго алышты!..

Бийликке аялдар да жардам берсин
Ушунча балдардын канына забын болгон мурунку бийликке наалат, каргыш айткандан башка энелерде күч жок. Бирок, ошол биздин каргыш аларды жөн уктатпайт, түбүндө ушул балдардын кайгысын ошолор тартарына күмөндүк жок! Биз, энелер, Бакиевдин бийлигинин тушунда эле өз оюбузду айтып, тарифтерди туура эмес көтөрүп, өлкөдө туура эмес үйбүлөлүк саясат жүргүзүп, Акаев чапкан жолду кеңейтип, элдин кыжырын келтирип жатканын айтып келгенбиз (бул боюнча көптөгөн макалалар чыккан). 7-апрелдеги окуя эл жетпей калган 2005-жылкы революциянын уландысы болду. Элдин мүдөөсү эми аткарылса болду…
Март айынын башында Бишкектин Октябрь районунун акими Жогорку Кеңештин депутаттарынын коштоосунда элди тынчтандырабыз деп келип район тургундары менен жолугушканда айткан элек: "Эмки жетекчи аялдан болсун" деп. Анткени, аял киши жерин сатпайт, сууну сатпайт, өз үйбүлөсүндөгү балдарга жасаган мамиледей элдин менчигине, байлыгына аяр мамиле кылат. Ошол айтканыбыз туура келгендей, эми убактылуу өкмөттүн башына кыргыздын акылдуу, илим-билимдүү кызы келди. Биз, аялдар, колдон келишинче ушул бийликке жардам берип, жыйынтыгы эл үчүн жакшы болот деген тилекте туралы. Калкыбыздын жарымынан көбүн түзгөн аялдар колдоого алып, өлкөдө тартип, стабилдүүлүктүн орношуна өз салымыбызды кошушубуз керек. Учурдагы бийлик стабилдүүлүктү, экономиканы оң жолго салып коюп, анан бийликти ичи таза, духу анык кыргыз деген жаш инсанга өткөрүп берсе деген тилектебиз.
Жер басуу бизнеске айланды
7-апрелде кырчындар төшүн окко тосуп бийликти кулатпаганда, ал бийликтин саясаты Кыргызстанды туңгуюкка алып бармак. Россия, Казакстан чек араларынан биздин жүктү өткөрбөй, канчасы туруп калган эле. Ошонун кесепетинен "Дордой" менен "Кара-Суу" базарлары иштебей калса, Кыргызстандын экономикасы өлмөк. Эми "Эл үчүн", "Элдик" деген бийлик иштей баштаганда деле провокаторлор жөн жатпай, элге тынчтык бербей жатышат. Шаардын тегерегиндеги жерлерди басып алуучулар канчалаган тоскоолдуктарды жаратышууда? Ошол баскынчылардын көбүнүн жер үлүштөрү бар. Болбой эле зордукка сала берүүнүн эмне кереги бар?! Шаардын жашоочулары менен аларга барып жакшылыкча түшүндүрүүгө аракет жасап көрдүк, уга турган түрлөрү жок. "Жип" машинелери менен жүргөн жер басып алуучулар жер басып алууну бизнестин бир түрүнө айлантканы жашыруун эмес. 2005-жылы жер менен шугулданып байыгандар кайра эле өз "кесибине" келишти. Ушундай кыйын күндөрдө күндүз форма кийип иштемиш болуп, түндөсү тигилерди уюштуруп жүргөндөр да бар деген кептер айтылууда. Шаардын тургундары, өзгөчө жаштар дружиналарга уюшуп, андай баскынчыларга жол беришпейт, аларга бийлик жакшы шарт түзүп берүүсү гана керек.
Убактылуу өкмөт элге кызмат кылат деп ишенебиз. Бирок анын курамына тээ мурунку бийликтин камчысын чапкан адамдарды жолотпош керек. Булардын баарын эл көрүп-билип турат. Дагы бир өтүнүч: мамлекеттик кызматка моралдык жактан таза, түз жүргөн адамдар коюлушу абзел. Буга чейинкинин баары мындан ары бизге сабак болсо экен!
Көп партиялуулук жок болсун
Эми, мындан ары кандай саясый түзүлүш болот деген суроо турат. Биздин оюбузча, көп майда партиялардан майнап чыкпайт. Кыргыздар 3 чоң партияга эле биригишсе (Оң, Сол, Ичкилик сыяктуу). Калган улуттун өкүлдөрү каалаганына кошулушат. Эгерде эң көп добуш алган партиянын лидери - президент болсо, экинчи партияныкы - премьер-министр, үчүнчүсү - спикер болсо, бүт эл аларга көзөмөл жүргүзүп, алар өз ара бири-бирине көз салып (здоровая конкуренция), ишибиз оңолот беле деген ойдобуз.
Аялдарды "Эл" деген бийликти колдоого чакыруу менен бирге, аларды кыргыз элине мүнөздүү эмес касиеттерден алыс болууга үндөөр элек. Кыргыздын Бакайы болгон Дооронбек акебиз ушул күндөрдү көрбөй кеткенине кейийбиз. Ал киши койгон ОБОН деген ат кийинки кездерде Жалал-Абадда, жер басып алган жерлерде көрүнүп жатат. Кыргызда кыйын кезең келгенде аялдар акылы менен, туруктуулугу менен жоопкерчиликти моюнга алып келген эмеспи. Ошондой күндөр бүгүнкү күнгө туш келип олтурбайбы. Ошондуктан, кыргыз айымдарына мүнөздүү эмес терс сапаттардан алыс болуп, балдарыбызга, жаштарыбызга туура жол көрсөтөлү!
Алтын Сулайманова,
"Акыйкат апалар" бейөкмөт уюмунун жетекчиси, Кочкор району; Уруйпа Сулайманова, "Телегей" коомдук фондунун жетекчиси, Бишкек шаары