Эр атагын
эл сактайт!
Айкөл Манастын урпактары, Ата Мекенин кара жанынан артык сүйгөн карапайым азаматтар, айрыкча жүрөгүндө оту бар жалындуу жаштар бийликтин өз элине ок атуусунан капилет шейит кетишти. Орду толгус күтүүсүз жоготуу болду, эрдиги кылымдарга калды. Бирок, аттиң, кырчын өмүрлөрү кыйылды. Көз жаш көлдөй төгүлдү. Коркунучтуусу - өлкө жаранына өкмөт өзү ок атты.
Манас атабыздын тубаса берендиги, баатырлык касиети, эркин болууга умтулган эл-жерибиздин рух көрөңгөсү "түтөгөн сайын түгөнбөс" кыргыздын кылымдарды карыткан көк жал касиети менен жеңишке жеткирди.
Мекендештер! Өмүрдөн баалуу эч нерсе жок. Шейит кеткен мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына ак дилибизден көңүл айтабыз! Мамлекетибиздин өсүп-өнүшүнө жан кыйган баатырлардын эрдиги эч качан эсибизден чыкпайт, кыйын күндө бирге бололу!

"Манас Эл" кыймылы
жана "Көк асаба" гезити