Адам ЖЕКСОН

Сүйүүнүн он сыры
(Башы өткөн санда)
Жолугушуу
- Сиз бул жерде жалгызсызбы?
Жигит арт жагын карап, жанында турган кары кытайды көрдү. Ал жапалдаш бойлуу, чачын ак аралаган, чоң кой көздөрү жылмайганда жүзүнө жылуулук тартуулаган карыя экен. Бөлмөдөгү көпчүлүк эркектер сыяктуу ал да кара көпөлөктүү ак көйнөк, кара кемсел кийген.
- Ооба, мен жалгызмын, - деп жооп берди жигит карыяга жылмая.
- Мен дагы, - деди карыя. - Сиздин жаныңызга олтурсам болобу?
- Албетте. Менин мейманым болуңуз, - деп жооп берди жигит.
- Үйлөнүү тою эң сонун өтүп жатат, чынбы?
- Эми, эгер сизге мындай нерселер жакса… - деди жигит.
- Эмнеге, сизге үйлөнүү тою жакпайбы? - деп сурады карыя.
- Азыркы учурда мунун баары жөн эле күлкүлүү да, туурабы? - деди жигит артка чалкалап.
- Эмнени айтып жатасыз? - деп сурады кытай.
- Үйлөнүү, нике.
- Никелешүү күлкүлүү, эгерде экөө бири-бирин сүйбөсө, - деди карыя.
- Сүйүү! - деди жигит. - Сүйүү деген эмне? Адамдар дайыма сүйүп калышып, кайра көңүлдөрү сууй беришет. Бирде алар бири-бирине ушунчалык берилишет, бирде бири-бирин көрө турган көздөрү жок болуп калат. Менин оюмду билгиңиз келсе, - деди жигит, - сүйүүнү жөнү жок даңазалай беришет, ашкере бийик баалашат, ал азап тарттырат жана жүрөктү оорутат.
- Кынтык табуу, сын айтуу оңой, - деди карыя. - Бирок, ишенип коюңуз, сүйүүгө сын көз менен кароодон өткөн жаңылыштык жок.
Жигит карыяга бурулду:
- Эмне үчүн?
- Мага ишенип коюңуз, - деди карыя. - Сиз өмүрүңүздүн аягына чыкканда сиз үчүн кандайдыр бир мааниге ээ болгон жалгыз нерсе - бул сиздин бирөөгө берген же бирөөдөн алган сүйүүңүз гана болот. Алдыдагы дүйнөгө сапар тартаарда өзүңүз менен кошо ала кете турган жалгыз нерсе - бул сүйүү. Башка эч нерсе жок. Мен жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарды оңой жеңип, бактылуу болгон адамдарды билем, бирок жашоону сүйүүсүз өткөрө алган бир да адамды жолуктура элекмин. Мына ошондуктан сүйүү - бул жашоодогу эң чоң белек. Ал жашоону маңыздуу кылат. Дал ошон үчүн жашаш керек, - деп түшүндүрдү карыя.
- Мен андай деп ойлобойм, - деп күбүрөндү жигит, тескери бурулуп.
- Эмне үчүн? - деди карыя суроолуу. Жигит жооп береден мурда бир азга унчукпай калды.
- Билесизби, мен ойлойм… менимче, сүйүп калуу - бул куру кыялга берилүү, романтикалык жомок, миф. Биздин баарыбызды "бир күнү бирөөнү жолуктурасың да, сүйүп каласың" деп ишендиришет. Бирок бул өтө сейрек болот. Болсо да аз эле убакытка созулат.
- А… түшүнөм, - деди карыя. - Албетте, сиз туптуура айтып жатасыз. Сүйүп калуу, ашык болуу - романтикалык миф!
Жигит абышкага бурулду:
- Кое турсаңыз, - деди ал. - Мен ойлогом…
- Сүйүү бизге өзү келбейт, - күлүмсүрөп сөзүн улантты карыя, - биз аны өзүбүз жаратабыз жана ар бирибиз аны түзүү жөндөмдүүлүгүнө ээбиз. "Сүйүп калдым" деп ойлоп адамдар жаңылышат, алар бир күнү көчөдө кетип баратып бирөөнү көрүп калам да - "Бум!" деп элестетишет. Бирок бул сүйүү эмес.
- Анда ал эмне?
- Дене бойдун тартылуусу, берилүү. Бирок сүйүү эмес! Албетте, бири-бирине эриш-аркак тартылуудан сүйүү жаралышы мүмкүн, бирок чыныгы сүйүү жөн гана денелик болбойт.
(Уландысы кийинки санда)
Англис тилинен түз которгон
Жыпариса ЖӨКҮШЕВА




Апилмажун ТЕМИРАЛИЕВ
Кантип ийгиликке жетсе болот?
Дайым ийгилик жарата алган адам гана коомго, үйбүлөгө, досторго, жек-жааттарга, кызматташтарга, элге керектүү.
(Батыш ишкерлеринин накылы)

(Башы өткөн санда)
Мисалы, ар бир адамдын өмүрү тууралуу сөз кылсак, ал төрөлдү, аң-сезим пайда болду, кас-кас турду, басты, сүйлөдү, окуду, жетилип калды, анан турмуш башына түштү. Макул, билим алды. Анан эмне кылсам деп, баарын ойлоно баштайт. Кантип жакшы жашасам дейт. Ошентип, ал күн сайын кыйынчылыктарга туш келе баштайт. Ата-энеси карыды-арыды. Өзүнчө оокат кылуу кыйын. Акылдашайын десе ата-энеси, мугалимдери да кеңеш бере албайт. Себеби, алар социализмдин даяр турмушуна көнүп калган. Социализм убагында ойлонуп да кереги жок эле, чай, кант, бир кап унуң дайыма бар болчу, кийимиң бүтүн жүрө берчүсүң, иш да бар эле. Азырчы, азыр ойлонуш керек. Себеби, медициналык кызмат бекер эмес, окуу да бекер болбой калды. Союз учурунда студенттерге 40 рублден стипендия төлөнчү, ал 40 долларга барабар эле.
Маркс менен Лениндин жаңылыштыгы ушунда: элдин баарын тегиз, тең жашатабыз деген. Андай эч качан болбойт экен. Ар ким акылына, ишине, жөндөмдүүлүгүнө карата жашашы керек экен.
Кудай ар бир адамды жаратканда эле өз насиби менен жараткан. Бирок, ошол өз насибин чогултуп алып жебегендер да болуп жатпайбы. Эгем бир койду жаратканда бир тал шыбакты кошо жараткан деп кыргыздар айтат эмеспи. Эң акылман накыл сөз. Жан-жаныбарлар эч качан кырылып калбайт (колго баккан жаныбардан башкасы)? аракет кылып жашай берет. Ошон үчүн жашоо - күрөш.
Эми негизги суроону коелу: ар бир адам кантип бакыбат жашашы керек? Бакыбат жашоо үчүн бай болуу керек. Бай болуш үчүн эмне кылуу керек?
Ырас эле, эмне кылуу керек?
Мына ушундай суроо алгачкы жамааттык түзүлүштөн бери эле адамдардын дээринде жашап келатат. Кул ээлөөчүлүктө да ушул суроо, феодалдык түзүлүштө да, капитализмде да. Ал эми социализмде бул суроону алып ташташкан. Себеби, биз үчүн бирөө чеччү, бирөө жасачу, биз кол көтөрүп берип, "роботко" айланганбыз.
Байлык 2 түрдүү болот:
Материалдык байлык: акча, алтын, дүнүйө, там-таш, мал машина ж.б.
Рухий, ички дүйнө байлыгы - билим, илим, музыка, чыгармачылык ж.б.
Ушул эки байлык бири-бирине дал келгенде гана адам бактылуу боло алат. Материалдык байлыгы болуп туруп, руху кедейден да жакыр жашагандар бар. Ал эми рухий байлыгы толуп туруп, материалдык жактан томаяк жашаса, ал дагы кечиримсиз. Ал үчүн материалдык байлыкты таап, аны пайдалана билүү керек. Ага кантип жетишсе болот? Бул эң орчундуу маселе. Ал үчүн бактылуулар жашаган аралга барган жакшы. Ал арал бар бекен? Эгерде ал болбосо, акылга салып, аны иштеп табуу керек.
(Уландысы бар)