Warning: include(0326.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/10/0426_1.htm on line 69

Warning: include(0326.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/10/0426_1.htm on line 69

Warning: include(): Failed opening '0326.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/10/0426_1.htm on line 69


п»ї


"Ата-Бейитте" агылган көз жаш
10-апрель күнү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 7-апрелде курман болгондорду узатуу аза саатына эл агылып барды.
Ала-Тоо аянтында кан төгүлүп жаш балдардын өлүмү бүт кыргыздын жүрөгүн титиретсе, "Ата-Бейиттеги" апалардын аянычтуу үндөрү жерди титиреткендей болду.
Энелер ок аткандарга наалат айтып, "Ээ кокуй! Ушундай да болобу! Кырдырып коюп кетип калышты! Кагылайын Кудай, чолпондой балабыздан айрылдык, ушундай кантип болсун!" деп боздоп, күйүттүн күчүн көтөрө албагандары эсин жоготуп, көпчүлүктүн ичинен уюштуруучулар доктур издеп, шаардан тез жардам чакыртышты…




Энелердин каргышы
Боорум Кыргыз!
Окту беттеп батындың,
Манас атаң руху менен ачылдың.
Жоогазындай көктөп турар кезиңде,
Канкорлордон жайрап минтип атылдың.

Көрсө элибиз канкор ажо шайлаптыр -
Түпкү атасы кыргыздарга айгактыр.
Каны бөлөк деген сөздөр чын окшойт -
Кыргызымдын кыраандарын жайлаптыр.

Аткыла! деп буйрук берсе ким эгер,
Аны орундап аткан болсо ким эгер,
Эр азамат уулдарын жайраткан,
Эл душманы, көркоолор деп биле бер!

Элге батпайт андай шүмшүк көркоолор,
Көргө батпайт андай шүмшүк көркоолор!
Өз баштарын атып өлсүн өздөрү,
Кабыл албай түртүп турсун жер-тоолор!

Каргыш айтам энелердин атынан,
Канды сүйгөн көркоолорго сасыган.
Андайларды кусуру урсун кыргыздын,
Азап, арман кетпей өтсүн башынан!

Тойбой улам элден жеген жемине,
Бийлик үчүн ок жаадырган элине,
Жаны сыздап сөөгүнө өтсүн каргыштар,
Бакиевдер, урпактары, тегине!

Бакиевди жактагандар кор болсун,
Жаткан жери жалаң темир тор болсун.
Элден безип, өлгөндөрдүн каны кууп,
Өмүр бою тартканы азап, шор болсун!

Кара кийип сыздап калсын жарлары,
Өксүп өтсүн өмүр бою балдары.
Аткандар да эч жакшылык көрбөсүн,
Каракчынын кейпин кийип жандары!

Кайгыргандан кетип улам дарманы,
Бүт энелер дал ушинтип каргады!
Гүлжамила ШАКИРОВА














??.??