Тарых

Мударис ИБРАЛИЕВ, Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы
"Манас Ордонун" балбал таштары

Элибиздин кылымдарды басып өткөн кары тарыхы маданий мурастарга өтө бай. Ал тарыхый мурастарыбызда өзүбүздүн тарыхыбыз жашайт. Демек, бул ата-бабалардын мурас эстеликтерин урматтоо ар бир элдин, ар бир улуттун асыл касиети болууга тийиш жана ал эстеликтер сүймөнчүлүк менен мамиле кылууга татыктуу деген ыйык жобону бизге милдеттендирет. Өткөн доорлордун ушундай баалуу маданий мурастарынын бири - балбал таштар.

Балбал таштар орто кылымдарда жашап өткөн түрк тилдүү калктардын кебете-кешпири, кийген кийими, согуштук куралдары, кооздуктары жана ташты чегип эстелик куруу искусствосу тууралуу баалуу булак болуп саналат.
Тилекке каршы, учурда төмөндөгүдөй өкүнүчтүү окуялар көп кездешет: Айыл-кыштактардын ичинен табылган адам келбети түшүрүлгөн таштар курулуш материалдары катары фундаменттерге же көпүрөлөрдүн астына куюлуп кеткен фактылар да бар. Балбал таштардын кыргыз элинин, ошондой боордош түрк элдеринин байыркы өткөн тарыхын, турмушун изилдөөдө чоң мааниси бар. Негизинен балбал таштарды көчмөн түрк уруулары мүрзө үстүнө коюшкан. Алардын көпчүлүгүндө адамдын түспөлү, кийим-кечеси, канжары, кылычы менен берилген. Адамдын бет түзүлүшүнүн сүрөтү гана түшүрүлүп, одоно сомдолуп жасалгандары да бар. Мындай таш эстеликтер Монголиядан Борбордук Тянь-Шанга чейинки жерлерде кеңири таралган. Алардын көбү VI-VIII кылымдарга, кээ бирлери IX-XIII кылымдарга таандык.
Кыргыздардын эң биринчи таш эстелиги V кылымдарда башталган. Балбал таштар - кыргыздардын эң алгачкы скульптурасы. Эстеликтер эзелки бабалардын акыл-эсинен, чыгармачылыгынан кабар берет. Көчмөн доордогу өздөрүнүн жашоо тиричилигин, салтын, жоопкерчилигин жана кошуна элдердин турмушун баяндайт. Буркан таштарда аялзатынын да кебетеси чегилген.
Балбал таштар учурунда улуу инсандарга коюлган эстелик гана болбостон, ошол элдин жер аймагынын чеги да, географиялык картасы да, жолу да болуп калган. Азыркы учурда "Манас Ордо" комплексинде 70ке жакын таш эстеликтери, анын ичинен 19 балбал таш эстеликтер бар.
Эстеликтер ар түркүн, айрым балбал таштарда мурутчан адамдын сол колуна курал, оң колуна идиш алгандары бар (№1 сүрөт). Кээсинин чачы тегизделген, кулагында сөйкө, мойнунда мончок, бел куруна канжар, кылыч, оттук байлангандары бар (№2 сүрөт). Башы жок балбал таштарды да көрүүгө болот (№3 сүрөт). Эмне үчүн деген суроо туулат. Божомолго караганда, биздин аймакта Теңирчилик менен бакшылык диндерди жек көргөн башка диндеги адамдардын колунан келип, өч алганы болушу да мүмкүн. Мындай болжолду тарыхчылар да айтып жүрүшөт.
Балбалдардын арасынан өзгөчө түрдөгү аял жүздүү, үч мүйүз сымал таажылуу балбал таш бар. Илимпоздордун айрымдары аларды балдардын колдоочусу Умай менен байланыштырышат.
Негизинен балбал таштар VI-VIII кылымдарда көбүрөөк чегилген, болжолдо ушул мезгилдерде жоо майканы көп болгондой. Бул кылымдарда кыргыздардын таш айкелдери башкалардыкына караганда арбын.
Кыргыздардын айкелдери өтө чебер уста, Теңирге сыйынган, башка эл-жерди кыдырып, маданиятын көрүп келген адамдар болушкан. Бедизчилер таштардын түрлөрүн: борпоңун, катуусун, кайсынысы кандай жарылаарын, канча жылга чыдаарын ажыратып, чебер иштете билишкен. Алар таштарды букар таш, моло таш, сын таш, соку таш, шумкар таш деп бөлүшкөн.
Эстеликке коюлган ар түрдүү балбалга ылайыктуу таштар алыстан ташылып, айрымдары өтө эле алыстан алынгандыгы изилдөөлөрдө билинген.
Музейдин кызматкерлеринин алдында ачык асман астында музей түзүү 2010-жылга пландаштырылган. Ал үчүн облусубуздун, республикабыздын аймагындагы тарыхый баалуу таш эстеликтерин чогултуу зарыл. Бул иш жалаң гана музей кызматкерлеринин колунан келбеси түшүнүктүү. Облусубуздун ар бир районунун, айыл өкмөтүнүн жетекчилери, ар бир инсан өз аймагындагы баалуу таштар жөнүндө "Манас Ордонун" жетекчилигине билдиришсе жакшы болор эле. Мындай баалуу тарыхый эстеликтерди аздектеп сактап, келечек муундарыбызга жеткирүү - ар бирибиздин милдетибиз.
Байланыш телефондору:
0 (3422) 6-00-21




Окуучуларга ой таштайбыз…
"Сильва" билим борборунун негиздөөчүсү Кубатбек уулу Апилмажун айыл чарбасын башкаруу боюнча Израилде окуган. Кесиби - окумуштуу агроном. Америка Кошмо Штаттарында үч жарым жыл жашап, окуп, иштеп келген. Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин администрацияны реформалоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы болуп эмгектенген.

Тил үйрөн, көркөм сүйлө, көрөңгөңдү ач!
"Сильва" билим борбору 2003-жылы билим берүү максатында мамлекеттик эмес мекеме катары ачылган. Негизги максаты - Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептердин окуучуларын көркөм сөз чеберчилигине окутуу жана үйрөтүү.
Ошондой эле англис тили өтүлбөгөн мектептерге англис тилинин башталгыч (базалык) курсун окутуу жана окуу колдонмолору менен камсыз кылуу. "Сильва" борборунун өнөктөштөрү - алыскы райондордогу мектептер жана мамлекеттик эмес уюмдар. "Сильва" борбору мамлекеттик эмес уюмдардан "Кыргыз жер", "Жалпы иш" коомдук бирикмелери менен, жана ошондой эле К.И.Скрябин атындагы кыргыз агрардык университети, кыргыз басылмаларынан "Көк асаба" гезити менен кызматташат.
Бүгүнкү күндө "Сильва" борбору 386 мектеп менен тыгыз байланышта. Базалык мектептерге Кочкор районундагы А.Мааткеримов атындагы, Дөң-Алыш айылындагы К.Мамбеталиев атындагы, Ак-Жар айылындагы Исакеев атындагы, Жалал-Абад районундагы А.Мамыров атындагы, Тогуз-Торо районунан Барыктабас атындагы мектептер кирет. Мындан тышкары Кара-Буура районунан Айтмамбетов атындагы орто мектеп, Лейлек районунан "Кыргызстандын 60 жылдыгы" атындагы мектеп, Кара-Кулжа районунан Сейдилканов автордук мектеби, Токтогул районунан Мамыров атындагы, Кара-Күнгөй, Терек-Суу айылдарындагы мектептер, Нарын районунан Эмгекчил жана Куланак, Ак-Талаа районунан Карабүргөн жана Куртка айылдарындагы мектептер, Ак-Суу районунан 30 мектеп, Жети-Өгүз районунан Тосор, Актерек, Жеңиш, Барскоон айылдарындагы мектептер, Түп районунан Талды-Суу айылындагы мектеп, Тоң районунан Бөкөнбаев, Кызыл-Туу, Кара-Коо айылдарындагы мектептер, Ысык-Көл районунан Тору-Айгыр айылындагы мектеп, Панфилов районунан Раимкулов атындагы мектеп менен иш жүргүзөт.
Ошондой эле "Сильва" борбору Кыргызстан боюнча 200гө жакын мектептин кыргыз тили мугалимдери менен кат алышып, эне тилибизди өнүктүрүү боюнча иш жүргүзөт. Борбор бул кызматташууну бардык мектептер менен улантат.
Кызматташуу алдында алгач мектептерге кат жиберилет, "Сильва" борбору тууралуу маалымат берилет, кызыккан окуучулар анкета толтуруп жөнөтүшөт. Андан кийин жолугушуулар өткөрүлүп, борбор курстарды ачып берет.
"Сильва" борборун 186 угуучу бүтүрүп, мамлекеттик эмес сертификаттарга ээ болушту.
"Сильва" билим берүү борбору төрт багытта иш алып барат:
1. Англис тилине алгачкы кадам. Кыргыз тилинен англис тилин төтө
жол менен үйрөтүү.
2. Республиканын мектептери үчүн кыргыз тилинде адабияттарды чыгарууну уюштуруу. Кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын алыскы райондорго
почта аркылуу жеткирүү.
3. Ийгиликтин стратегиясы курсун окутуу (Дейл Карнеги, Наполеон Хилл, Брайан Трейси, Джон Кехо, Роберт Кивосаки, Адам Жексондун эмгектерин кыргыз тилинде окутуу, практикалык сабактарды өтүү).
4. Риторика, оратордук чеберчилик. (Чечендик өнөр)
Урматуу окуучулар! Ата-энелер! Окурмандар!
"Сильва" билим борбору мындан ары "Көк Асаба" гезити менен кызматташат. Тил үйрөтүү боюнча, ийгиликтин илими тууралуу жана жарыяланган конкурстардын жоболорун, жыйынтыктарын "Көк Асаба" гезитине сандан санга жарыялап турат. Биз менен түз байланышкан мектептер, мекемелер, уюмдар, жеке адамдар "Сильва" борборунун маалымат бөлүмүндө газетага жазылсаңыздар болот. "Сильва" билим борборуна ынтызарланган окуучулар, студенттер, ишкерлер, кызматчылар төмөнкү дарек аркылуу байланышсаңыздар болот:
Бишкек шаары, Чүй проспекти 96, башкы Почтампт, Боз үй
Тел.: 0312 66-21-54; 0772 93-05-85