Друиддер төлгөсү

Багыңды ачсын балкитеп!
Друиддер токойго, дарактарга өтө зор маани берип, изги мамиле кылып изилдеп чыгышып, адамдар менен дарактардын ортосунда табигый окшоштуктар бар экенин, арбир адам дарак сыяктуу эле мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болуп, денесине жакшыны да, жаманды да сыйдырып, жашоонун өзүнчө бир шартына муктаж болуп турарын жазып чыгышкан. Андан бери эки миң жылдан ашык убакыт өтсө да, жаныбарларга тиешелүү балкитеп менен кошо дарактар балкитеби да адам тагдырына байланышкан божомолдорду тескөөдө өз салымын кошуп келет.

Друиддердин балкитебинин өзөгүндө Күндөн Жерге чейинки аралык жатат. Адамдын тагдыры, келечеги, мүнөзү жана жөндөмү ал төрөлгөн кездеги Күндүн Жерден канчалык алыс турганына байланышат экен. Төмөндөгү ар бир белгинин экиден мезгили болушу ошондон келип чыккан.
Алма: 22-декабрь - 1-январь; 25-июнь - 4-июль.
Көккарагай (Пихта): 2-январь - 11-январь; 5-июль - 14-июль.
Каражыгач (Вяз): 12-январь - 24-январь; 15-июль - 25-июль.
Кипарис (арча тобундагылар): 25-январь - 3-февраль ; 28-июль - 4-август.
Терек: 4-февраль -8-февраль; 5-август - 13-август.
Картас: 9-февраль - 18-февраль; 14-август - 23-август.
Кызылкарагай: 19-февраль - 28-29-февраль; 24-август - 2-сентябрь.
Мажүрүмтал: 1-март - 10-март; 3-сентябрь - 12-сентябрь.
Липа: 11-март - 20-март; 13-сентябрь - 23-сентябрь.
Жержаңгак: 22-март - 31-март; 24-сентябрь - 3-октябрь.
Четин: 1-апрель - 10-апрель; 4-октябрь - 13-октябрь.
Зараң (клён): 11-апрель - 20-апрель; 14-октябрь - 23-октябрь.
Жаңгак: 21-апрель - 30-апрель; 24-октябрь - 2-ноябрь.
Жасмин: 1-май - 14-май; 3-ноябрь - 11-ноябрь.
Каштан: 15-май - 24-май; 12-ноябрь - 21-ноябрь.
Акчечек (ясень): 25-май - 3-июнь; 22-ноябрь - 1-декабрь.
Граб: 4-июнь - 13-июнь; 2-декабрь - 11-декабрь.
Инжир: 14-июнь - 23-июнь; 12-декабрь - 21-декабрь.
Эмен: 21-март - Күн менен Түндүн жазгы теңелүүсү, Нооруз күнү
Кайың: 24-июнь - Жердин Күнгө жайкы тушташуусу.
Маслина (акчечектер уруусу): 23-сентябрь - Күн -Түндүн күзгү теңелүүсү.
Бук (эмендер уруусу): 21-22-февраль -Жердин Күнгө кышкы тушташуусу.
Терек
(4-февраль -8-февраль;
5-август - 13-август)
Кенедейинен көрктүү, сымбаттуу, сулуу. Карыганда өзүнө өзү кедерги болот. Убакыт закымынан коркот, эрте эле карылыктан корко баштагандыктан, ошонун айынан эрте карыйт. Тегерегиндегилердин жагымдуу таасири гана жардам бералат, ошондуктан баарлашар кишилерди кылдат тандоо керек. Орун которгондо да сак болуу дурус, анткени бардык эле жер теректин өсүшүнө ыңгайлуу эмес. Терек кысылып жашаганды жаман көрөт, бирок бөлүнүп да жашай албайт. Жолдошчулукка бек, бирок өзү тандабаган кишилердин ичинде жабыр тартаберет. Басмырлаганды көтөрө албай, ындыны өчө түшөт. Анысын көрсөтпөөгө аракет кылганы менен, эч кимди көпкө адаштыра бербейт.
Ал кенедей эле жамандыкты көтөрө албайт, майда-баратка деле итатайы тутула берет. Кээде өзүнчө эле элжиреп, анысын көргөзбөөгө аракеттенет, ошо унчукпаганынан өзүнчө ырахат алат. Эр жүрөктүүлүгү жана текебердиги менен оор милдеттерди да өтөйт, анын жүзүнөн кыжаалат болгонун байкоо кыйын. Аны анча билбегендер шайыр жана токтоо экен деп ойлошу мүмкүн.
Терек өз камын эмес, өңгөнүкүн ойлойт. Камбыл, келечегин унутпайт. Үйбүлөдө бакыт куралбайт - анткени өтө сезимтал, эч качан көз каранды болгусу келбейт. Эрди-катындын чатагына кайдыгер карап, мыйыгынан күлүп, шылдыңдап тура берет. Эгер анте албаса, анда өнөгүнө далысын салмайы бар.
Жердигинен акылга дыйкан, анысынан карыганда да жазбайт. Баамчылдыгы жана сынаакы акылы аны төрөпейил да кылып жиберет. Терек дарыгерлердин ичинен көп кезигет. Терек белгисинде төрөлгөндөр эркин болууга умтулушат, мажес, кыялкеч, баамчыл.
Терек белгисинде төрөлгөндөр: Менделеев, Жюль Верн, А.Хичкок, Сальвадор Дали, Сардарбек Жумалиев, Асанкалый Керимбаев, Гүлнара Кахарова.
Картас
(9-февраль - 18-февраль;
14-август - 23-август)
Сымбаттуу болбосо да, барпайган кубаттуу түрү менен калбаат, кооз дарактай көрүнөт. Кандай шарт болбосун, шып ыңгайлаша түшөт. Ырас, ыңгайлуу шарт болсо экен дейт, бирок зарыл жерде сыртка деле түнөй берет. Ден соолугу мыкты. Кай жерде болбосун үйүндөгүдөй көрүп, таймануу дегенди билбейт. Тыпырап тынчы жок, чечкиндүү, аны менен эсептешпей коюуга болбойт, тамашаны көтөрө албайт, түшүнө да бербейт.
Күтүүсүздөн үстүнөн чыгып, таңгалдырганды, элдин көзүнө түшүп турганды жакшы көрөт, ага жетиш үчүн бардыгына кайыл. Өзү чечим кабыл алып, акыркы сөздү ал айтышы керек деп эсептейт. Эң татаал маселелердин майын чыгарат. Алды-артын карабайт, кырсыктын кайдан келерин боолгобойт, күтүүсүз окуяларга аралашып кетет. Багына жараша, андан оңой-олтоң кутула алат. Намыскөй, өзүн өлгүдөй сүйөт, айтканын бербейт, ошонун айынан ишинде да, жеке турмушунда да абайлабай калган учурлар көп болот.
Чээнден чыгып кетмейи бар. Өз алдынча сыяктанганы менен, бирөөнүн тилине кирип кетет. Такыба киши башкарса, тартибине көнөт. Картастардын арасында баатырлар да, жапа чеккендер да көп. Бөтөндүн ыгына көнгөнү менен, өңгөгө да таасир эталат. Тегерегиндегилерди козутканга маш. Айтканынан кайтпагандыктан, көбүнчө аныкы туура болуп чыгат.
Сезимтал, тез кабылдагыч, өтө боорукер - бир жактырса акырына чыкмайын койбойт, ал сүйгөнүнөн танбайт. Калганын эптеп эле күн өткөрүүчү жагымдуу нерсе катары кабыл алат. Сыпаа, маселенин чоо-жайын чогуу караганга маш. Алеки саатта бир чечимге келе калат. Артисттик жайы бар, бөтөнчө музыкага ыктуу. Кур дегенде ыргакка ышкылуу. Тыпырап жөн туралбагандыктан, адатта, иши да жандуу жана ар түркүн болот. Картас белгисинде төрөлгөндөр үзүл-кесил, шатыран-шатман, сыпаа, дүңүнөн ойлойт.
Картас белгисинде төрөлгөндөр: Галилей, Брехт, Дарвин, Костюшко, Гёте, Глеурен, Асылбек Рысалиев, Жусуп Толтоев.
Бөкөнбай БОРКЕЕВ,
КР эмгек сиңирген ишмери