Турмуш чаңын күбүп салып өзүңдөн,
Жаша жаштык, жаңы гана бүрдөгөн!
Эркинбек ШЕЙШЕНБАЕВ, акын
Намыс нуру
Кыргызды басынды деп, көп айтышат,
Кыргызды багынды деп, көп айтышат,
Жүрөктө өчпөс жалын өрт барында,
Оо алар жаңылышат, жаңылышат.

Рухумду тебеленди, өлдү дешет,
Денемди жерге-көргө көмдү дешет.
Деги мен доорлорду көзөп өтүп,
Дем болуп келгенимди эмне дешет.

Азыр да элди кордоп, жеңдик дешет,
Мекенди мерт кылууга келдик дешет.
Асмандын касиети козголууда,
Атпай журт ар-намыска келди кезек.

Албан иш алп сымбатын анык кылат.
Ак жүрөк аруулантат, айыктырат.
Кыргыздын керемети суудай таза,
Жер жүзүн нурга бөлөп чайып турат.
Теңир жазы
Өмүрдүн өткүнүнө кабылгандар,
Жашоого жарк деп келген чагылгандар,
Силерге сүйүү болуп учуп келдим,
Гүлдөгөн Теңир жазын сагынгандар.

Кудайдын сырын күтүп зарылгандар,
Дүйнөгө дайра суудай агылгандар,
Силерди деңиз болуп тосуп алам,
Кудурет чексиздигин сагынгандар.

Баарыңа жүрөгүм кең асыл жандар,
Түпкүргө бермет болуп катылгандар,
Ташталган кадамдарга кубат берген,
Мен - Жолмун, мээрим нурун сагынгандар.

Өзүнүн ким экенин эстегендер,
Жан рухтун Эркиндигин эңсегендер,
Силердин жүрөктөгү отуңармын!
Жан менен бирге бүткөн досуңармын!
Кездешүү
Күткөнүм бар ай-жылдарга карабай,
Көкүрөктө кусалыгым тарабай.
Чалкып жаткан учу-кыйры көрүнбөй,
Сендик ойлор улуу көлгө барабар.

Мастыгыма түшүнбөйт го көп адам,
Максатыма жалгыз-жарым баратам.
Сен деп гана өтүп барат жаштыгым,
Өмүрүмө абай салып карасам.

Баркың билем, сен билбейсиң баркыңды,
Ким бааласын колунда бар алтынды.
Карегиңдин тереңинен жаралган,
Менин жаным көз жаш болуп тамсынбы.
Өткөн күндүн билем кайтып келбесин,
Билгеним жок не болоорун эртеңим.
Бийиктиктен көз ирмемдик өмүргө,
Көздөрүңдү көрүш үчүн келгенмин.
Андан бери…
Бир көчөдө бирдемелер сүйлөшүп,
Бирге бастык азганактай убакыт.
Коштошоордо "мейли анда" деп, бөлүндүк
Көңүлүмдү көргө түртүп кулатып.

Да бир жолу жолукканда болгону,
"Саатың канча болду экен?" деп сурагам.
Жообуң угуп, жол улагам ойлонуп,
Ошондо да көзүмдөн жаш кулаган…

Азыр дагы жанды койбойт ойлорум,
Эртең деле болот окшойт ушундай.
Адаттанды сен жөнүндө ойлонуу,
Дайым менде өзгөрүлбөй бузулбай.

Сары оору алган окшойт кынуусун,
Жутуп алат маанайымдын жылуусун.
Жаш дүйнөмдү толук бойдон тебелеп,
Баш көтөртпөй басып алды тымызын.

Да бир жолу кезиккенде экөөбүз,
Баш ийкешип учурашып өткөнсүң.
А мен болсо алик алып жай гана,
Кете бергем, кебелбестей өктөмсүп.

Андан бери көп издедим, таппадым.
Өз боюмду карабадым, таштадым.
Ээн калган жалгыз үйдөй мен эми,
Акырындап талкалана баштадым.
Түн досума
Амансыңбы, улуу жана сүрдүү түн.
Өмүр мына сага жетти сүрдүгүп.
Сен экөөбүз ойго батып олтурсак,
Кыш мезгил да оор үшкүрөт күрсүнүп.

Өттү мына аруу күнүм дагы бир.
Жеке тагдыр, жалпы тагдыр баары бир.
Өзүң дайым күбө болуп келесиң,
Оо, улуу түн, табияттын жаны бир.

Биз өтөбүз кубанып да кайгырып,
Бакыт күтүп же бакыттан айрылып,
А сен дайым улуу бойдон каласың,
Асман Жердин көңүл көөнүн жай кылып.

Түн өзүңчө кереметтүү дүйнөсүң,
Сени кантип жүрөк дилим сүйбөсүн.
Өмүр бою көз жаш төгүп өтсөм да,
Сыр төгүшкөн түпсүз досум бир өзүң.
Ак булуттар
Эмнегедир капаланып жашыган,
Мен сыладым ак булутту чачынан.
Меникиндей көз карашы анын да,
Экөөбүздүн оюбуз бир башынан.

Ал төгүлсө, ак пейилден төгүлөт.
Ал көрүнсө, бийиктиктен көрүнөт.
Бириккенде каптайт бүтүн асманды,
Бөлүнгөндө дал-далынан бөлүнөт.

Ал буулукса, чагылгандар тирилет,
Жамгырына жарык дүйнө киринет.
Түбөлүккө бүтпөйт анын жортуулу,
Жеңиштерге жетсе дагы миң ирет.

Ак булуттар абалтадан көчмөндөр,
Байыр алып чокуларга конушат.
Калдайышып кайдадыр бир көчкөндө,
Каада сактап салтанаттуу болушат.
Алкоо ыры
Өмүр укмуш өтүп кетсе көз ирмем,
Өлөөрүңдө бир жылт этээр эсиңден,
Ак шоокумдар теребелге толгуча,
Алкоо ырын алып калгын Теңирден.

Турмуш шумдук тегеренген тегирмен,
Кээ бир жандар азгырыкка берилген,
Аңдабастан айлампада чайналып,
Алкоо ырын укпай калат Теңирден.

Адамдар бар адал иштен эринген,
Арам оокат жыйып алып эсирген,
Пара алып, пара берип иш кылып,
Укпай калат алкоо ырын Теңирден.

Абийир деген адам үчүн берилген,
Абай салсаң көкүрөктө сезилген.
Жең ичинен соода жүрүп кеткенде,
Жетпей калат алкоо ыры Теңирден.

Өлөөрүңдө бир жылт этсин эсиңден,
Алып калгын алкоо ырын Теңирден.
Өзүм дебей калайыкка кызмат кыл,
Өмүр укмуш өтүп кетсе көз ирмем.
Эл-Мекен
Биздин Мекен жарык маанай жакшы жер,
Мен ушунда туулуп өскөм, эр жеткем.
Аталардын каны-жаны жуурулган,
Топурагы алтын, жакут, берметтен.

Биздин көлдөр энелердин көз жашы,
Кайрат күчкө миң чыйралып өрүлгөн.
Биздин суулар тирүүлүктүн көч башы,
Түбөлүктүн түпкүрүнөн төгүлгөн.

Биздин жашоо бир жарк эткен чагылган,
Урпактарга тартуу кылган таалайын.
Биздин дымак эркин дайра агылган,
Келечекке берген жаштык маанайын.
Нур деми
Адам келет, адам кетет дүйнөдөн.
Күндөр болот куураган да, гүлдөгөн,
Турмуш чаңын күбүп салып өзүңдөн,
Жаша жаштык, жаңы гана бүрдөгөн!

Мен кызганам тирүүлүктү тагдырдан,
Өмүр жолун өкүнүчкө азгырган.
Сага гана берем сөздүн кезегин,
Таза үмүт ар күн сайын жакшырган.

Ар бир жанга өз бактысын бергим бар!
Менин деле кайра кайтпас эрким бар!
Бакыт болуп жер бетине төгүлүп,
Тирүүлүккө түмөн жолу келгим бар!

Ишенгиле көктөн келген өкүмгө!
Кубангыла издеп тапкан өмүргө!
Биз баары бир асман кезип кетебиз,
Тагдыр кебин эч бир албай көңүлгө.

Тереңдикти, кенендикти тапкыла!
Бийиктикти, жаңылыкты ачкыла!
Койнуңарда толуп турса нур кубат,
Күндөй болуп бүт дүйнөгө чачкыла!