Комуз күүлөрү нотада


Эски жыл соңу кыргыз күү сүйүүчүлөрү үчүн жылуу кабар, жакшы окуя менен аяктаган эле. Кыргыз элине кеңири белгилүү залкар күүчү, комузчу, ырчы Нурак Абдрахмановдун күү-ыр чыгармалары атайын күү, комуз үйрөнчүктөрү үчүн ноталык сабатка түшүрүлүп, ошол эле жыйырмадан ашык чыгармалардын кызыктуу баяндары чечмеленип жазылган "Нурактын күүлөрү" аттуу нота китебинин жарыкка чыгышы болду.

Бул китеп комузчу, кыргыз күүсү боюнча көптөгөн маалыматтарды топтоп жүргөн Мастура Бердибекованын эмгегине таандык. Китептин чыгышына каражатты ал "Швейцариялык кызматташуу фондусунун" өнөр маданият программасы боюнча Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн бөлдүрүп алган. Бул фонддон тышкары, кыргыз күүлөрүнө кореялык ишкер айымдар да колдоо көрсөтүп, Кумаркан Эргешованын түзүп жазган "Комуз күүлөрү" китебине жардам беришкен.
Кыргыз күүлөрү жөнүндө жазылган, же кыргыз күүлөрү жазылган канчалаган эмгектер чаң басып, күү сүйүүчүлөрүнүн колуна жетпей жатканы жаткан. Мисалы, кыргыз комузунун өзгөчө күйөрманы болгон, кыргыз комузунун күүлөрүнүн чертүү ыкмаларын тынбай тереңдеп изилдеген Таштанбек Чыналиевдин "Комузда ойноо" китеби ушу күнгө чейин 40-50 жылдан бери түрдүү себептер менен чыкпай келе жатат. Бул китеп үйрөнчүк комузчудан такшалган комузчуга чейин чоң сабак ала турган эмгек. Ал эми комуз деген сөзгө жашынып, мугалим-окутуучу, күү изилдөөчү болуп иштеген, өмүр бою өзүнүн жеке арбайын соккон, наамдарды, акчаларды алып, бирок комуз жөнүндө көңүл жылытарлык эмгек жасай албай, бир шакирт чыгарбай кыргыз жеринде "комузчу, мугалим, күү изилдөөчү" аталып жүргөндөр бар. Аларга караганда, К.Эргешова менен М.Бердибекованын эмгектери кыргыз күүсүн ондогон жылдарга алдыга сүйрөп кетишине чоң ишенич бар.





"Манасты" комуз менен айткан Элчидос
Мен эми кеп салайын салгылаштан,
Тарыхта чоң казат деп аты калган.
Кыямат күнгө чейин унутпайт деп
Кытайдын даңзасында каты калган…
деп Нургазы уулу Элчидос комуз менен манас айта баштаганда кичинекей манжалары комуз кылдарында кадимки "Чоң казатты" элестетип, кылычтын шыңгыраган, найзанын карсылдаган, аттардын кишенеген үндөрү, кара таандай жоого кыргыз баатырларынын селдей каптаганы өзүнөн-өзү элестелет. Элчидос комуз кылдары менен, балалык назик үнү менен кыргыздын улуу ырын обого созуп турганы, комуз күүлөрүн эргип аткарганы, салабаттуу ой ойлоп сөз айтканы - кыргыз комузунун сыры, сыны келечек муундарда жайылып жатканынан кабар берип, көңүл көтөрөт.




"Улутум - кыргыз, урааным - Манас"
Манас айтат Айкөлдүн урпактары,
Оозунан куюлуп нур саптары
Боюнда бар келиндер бүт келгиле,
Манас уксун балаңар курсактагы.

Күчү артылсын бошогон карууңардын,
Чыгып кетсин денеден тагы уулардын.
Добулбасы кагылсын аң-сезимдин,
Манас угуп калайык, аруулангын!

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинде Манасты күпүлдөтө айттырып, демилгелүү жаштар ар жуманын ишемби күнүндө "Улутум - кыргыз, урааным - Манас" деген ураандын астында эл жыйып, Манас уктуруу күнүн уюштуруп жатышат.
Келаткан ишемби, 6-март күнү Манас угуу аземи акылман айкөл энебиз Каныкейге арналат.
Улуу баянды уктурууну улап жакшы адатка айландырып алыш элдин колунда. Элдин эл болмогу касиетин тутунгандыгында эмеспи. Бардык кыргыз атуулдарын бул демилгени колдоп, бир ураандын алдында биригүүгө чакырабыз.
Ар бир ишемби күнү,
саат 14.00дө Манас угуучулар үчүн эшик ачык.




Бишкек мугалимдеринин конкурсу
27-февраль, ишемби күнү Бишкекте шаардык мектеп мугалимдеринин арасында "Ар улутту бириктирген Ала-Тоо" аттуу конкурс болуп өттү. Андагы шарт боюнча мектеп мугалимдери 13 улуттун маданиятын, каада-салтын чагылдырып, күч сынашышты. Конкурска Бишкек шаарынын бардык мектептери катышып, баш байгени кыргыз улутун даңазалаган Татьяна Өмүрзакованын жетекчилиги алдындагы №93 орто мектеби жеңип алды. Ал эми биринчи орунга казак боордоштордун тилин, өнөрүн, үрп-адатын чагылдырып мыкты даярдык менен келген №31 мектеп-гимназиясы татыды. Бул жетишкендикке окуу бөлүмүнүн башчысы Камила Акмурзинанын эмгеги чоң. Конкурс Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.




Эл келечеги эмнеге жараша?
ЖОЛУ КАТУУ КЫРГЫЗ
же бук чыгаруу жыйыны кимге керек?
Кенжаалы Сарымсаков,
карыя журналист
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун демилгеси менен филармониянын жыйындар залында эки күн элибиздин өнөр дүйнөсү даңазаланды. Бул өнөр аземге ураан кылып "Элибиздин келечеги - касиетинде" деген сөз алыныптыр. Дал ушундай ураандын турмушубузда биринчи жолу оозго алынып аткандыгы, менимче, бекеринен эмес. Бул - "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" дегендей сөз эмес. Бул - Гүлнур кызыбызга ааламдан туюм-сезим аркылуу берилген уюткулуу, ар бир кыргыз адамынын көкүрөгүнөн түнөк тапчу касиеттүү сөз. Кыргыздын касиети сөзүндө, баары сөздө уюган. Гүлнурдун кесиби - жогорку билимдүү экономист. Мектептен баштап, ошол кездеги заман шартына жараша орусча окуса да, Гүлнурдагы сөз - кудуретте. Элибиздин эне тилиндеги сөз - таамайлык таасын. Бул - сырдуу касиет. Байыркы бабаларыбыздагы улуулуктар азыркы XXI кылым кыргыздарынын көкүрөгүн тунуктап, көңүлүн түздөй турган замандын илеби келе баштагандай сезилет.
Публицист, акын, окумуштуу-педагог, профессор Советбек Байгазиев "Ата мекендик жана дүйнөлүк этика" аттуу китебинде Талып Молдонун ошол замандагы кыргыздардын адамгерчилик касиетин мүнөздөп айткандарын мисал кылып келтирген экен. Ошону бир аз кыскачалап, сөз учугун улайын: "Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыямат кылуу, убадасын бузуу, бузукулук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Ошондой жаман иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөр эле. Эл куулукту билчү эмес… Айла-алдоо не экенин билбеген. А эгер бир кишиден жогорку айтылгандагыдай сапаттардан бир кемчилик көрсө, жаман иши билинсе, бардык журт өмүрүнчө, ал ант ичсе да ишенбеген…"
Талып Молдо бабабыз баяндаган тарыхый кыргыздар менен азыркы кыргыздардын адеп-ахлактык айырмасын салыштыра келсек, өзөккө тап кетип, өзүбүздү өзүбүз өгөйлөп, кылымдар бою кыргызды кыргыз бойдон сактап келген касиеттердин улам биринен ажырап, жандүйнөбүздүн жабыркап аткандыгы, ким элек, ким болдук деген маселе бычактын мизи болуп кадалып атпайбы, ар бир кыргызга.
(Уландысы 4-бетте)