Карынын сөзүн капка сал…

"12 жашымда "Кудайга жалынып "ыйлачумун"

Гезиттин "Карынын сөзүн капка сал" рубрикасынын алдында кыргыз карыларынын кеменгер кептери, баалуу насаатттары жазылып, алардын баскан жолу, көргөн турмушу баяндалып турат. Андыктан, бул рубрикага баш багам деген ардактуу адамдарыбызга эшигибиз ачык.
Бүгүнкү мейманыбыз, карыя Бактыбек Кушубак уулу 85 жашта. Байбичеси, 70 жаштагы Макен Кушубакова менен 46 жылдан бери бирге өмүр сүрүп келатышат. Ортодо он баласы бар. Таластын Кара-буура районунда турушат. Өмүр бою чабан болушту, талаада иштешти. "Жаш кезде мээнет кылдык эле, эми анын убайын көрүп жатабыз. Мээнеттен качпаган адам карыганда анын жакшылыгын гана көрөт" дешет алар.


- Бактыбек ата, Америкага барып алты ай жүрүп келиптирсиз. Бөлөк жер, бөтөн элде көпкө жүрүп калып кыйналган жоксузбу?
- Америкадагы кызыма мейманчылап барып, күздүн октябрь айында келгем. Илгери аталарыбыз килем менен жердин тигил жагына учуп барып, кайра килем менен бул жагына учуп келип түшүрүп коет экен деп жомок айтчу эле, анын сыңары жердин аркы өйүзүнө самолет менен учуп барып көрүп келдим. Кудай мени ушундай жаратыптыр, жерди да, сууну да эч ылгабайм. Ошон үчүн ал жакта күүлүү-күчтүү, жакшы жүрдүм. Бу кемпирим болсо кетерге бир ай калганда ооруп калды, бул жактагы балдарын, ар кайсыны ойлой берип. Менде болсо андай ой жок. Себеби, мен эң биринчи Кудайдан тилейм, Кудайга ишенем, бала-чакама, агайын-тууганыма, жээк-жаат уругума ден соолук бер, бүтүн кыргыз журтума тынччылык бер, кагылайын Кудай дейм. Көрө элегимди көргөз дагы, көргөзгөндөрүңө миң мертебе ыраазымын дейм. Дайыма отурсам, турсам, бассам тилегим, оюм ушул.
- Намаз окуйсузбу?
- Намаз окубайм. Мен чабан болуп жүргөн кезде такыба адам бар эле. Ал киши намаз окучу эмес. "Намаз оку, минт-тигинт" деп айтчу эмес. Бирок: "Түз жүр, бирөөнүн акысын жебе, бирөөгө кыянаттык кылба, уурулук кылба, колуңда бир сындырым нан турса жарымын жеп, жарымын бечарага бер. Мына ушуларды аткарсаң Кудай сага берет, көрсөтөт" дечү. Жашооңордо түз жүрүп эмгектенсеңер Кудай берет экен. Мен муну өзүмдөн билем, айланайындар. Төрт жолу катуу кырсыкка кокустан оро-пара болдум, Кудайым өзү гана сактады. Төрт жолу тең ажал алып кете турган жерден сактап калды.
- Бала кезиңиз согуш учуруна туш келиптир. Ошол убактан эскерип кетесизби?
- Ысык-Көлдөгү Каракол балдар үйүндө жүрүп төрт жыл орусча окудум. 1942-жылдын март айында, 4-класста окуп жатканда агам Шабданбек "согушка кетип калсам көрүшпөй калабыз" деп кайра-кайра кат жазып Таласка чакыртты. Ошондо татар мугалим эжем кое бергиси келбей, "бешке" окуган окуучум кетип калабы, эми билимиң эмне болот деп кейип, араң кое берген. Айылга барганда кыргызчаны зорго сүйлөп, бара-бара үйрөндүм.
Анан айылда жүрүп, кара курсактын айынан койчу болдум. Согуш жылдарында, 12-13 жашымда кой кайтарып жүрүп Кудайга жалынып, "пешенеме жазып койгон бир нерсе барбы же кой кайтарып жүрүп өтөмбү" деп талаадан ыйлачумун. Эми болсо Кудайга ыраазылыгымды айтып, балдарымдын жакшылыгын көрүп олтурам.
- Өмүр бою чабан болуптурсуз. Ал турмушуңуздун бир көрүнүшүнөн кеп салсаңыз?
- Таласта Эргеш Алиев деген облустук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Ошол адам Киров районунун (азыркы Кара-Буура) райкому Тряпкин менен чабандарды кыдырып, ар бир чабандан эмнең бар, эмнең жок деп кем-карчын сурап чыгышат. Бизге да эки машине менен келип калышты. Анан райком Тряпкин сурап калды кыргызчалап: "Суу барбы, суу?" деп. Кемпирим суу алып чыга калса ичпейм дейт. Анан "Сүт барбы?" деди. "Бар" деп кемпириме караганча болбой, "айран барбы?" деп калды. "Айран барбы-жокпу билбейм, ичип отуруп түгөнүп калдыбы…" деп кайра кемпириме кайрылсам, ал "бар, бар" деп жүгүрүп кетти. Анан: "Үйгө киргиле" дедим аларга. Күн батайын деп калган маал болчу. Свет өчүп калган эле. Киришти. Төргө өткүлө десем болбой мындайраак отурушту. Биз айран берели деп дасторкон жайып калганда "арак барбы?" дешти кокустан. Кемпирим "бар" деп эле алып чыга калса тигилер күлүп калышты. Ошентип аракты үч стаканга куйдук. Колубузда болгон тамак-ашыбыз менен сыйладык. Алар бизге батасын беришти да, кийинки чабандарга кетишти.
Башкаларды кыдырганда айрымдары суу жок, бул жок, а керек, бу керек деп кыйла чүнчүтүшкөн го, конторго барып чогулуш кылганда Алиев айтыптыр: "Байзылда деген чабаныңар бар экен, байлыгы менен бактылуу экен. Бактыбек деген чабаныңар бар экен, аялы менен бактылуу экен" деп. Кудайга шүгүр дейм, бактылуумун. Бала-бакырам менен 85 жашымды жакында эле белгиледим.Жыл сүрүү боюнча быйыл менин жылым, Жолборс жылында туулгам.
Даярдаган
Айбек БАЙЫМБЕТОВ




  Эл ичи - касиет кенчи…

Манас сүйүүсүн чачкан Марат

Марат Суеркуловго бала кезинен эле мурунку кыргыздардын бейкапар турмушуна каракчылардын кол салганы, үйлөрдүн чатырап күйгөнү, балдардын чаңырып ыйлаганы, кылычтардын шаңкылдаганы көзүнө элестеп, кулагына угулчу. Ал азыр 38 жашта. Москва районунун Аң-Арык айылында туулган. Анын Манас дүйнөсүнө кириши, кыргыз эли, Бакай ата, Манас ата тууралуу ыр жазып, сүрөт тартып калышынын себеби жөн жерден чыккан жок. Өзүнүн айтуусуна караганда, баары сүйүүдөн башталган…


- Бала кезде мага элестелген көрүнүштөргө маани берчү эмесмин, илгери кыргыздарга кыйын эле болуптур деп ойлоп койчумун. Бирок, Кудайга абдан ишенчүмүн. Алдыда боло турган күндөргө аян түштөр кирип турчу. Кээ бир түштөрүмдө кандайдыр бир күчтөр ажайып бир нурланган жерлерди көрсөтүп келээр эле. Ошондо ойгонгондо болуп көрбөгөндөй көңүлүм көтөрүлгөнүн, ушундай бир күчкө толгонумду сезчүмүн.
Ата-энем малчы эле. Бир күнү айылдан алыс кой сарайда кой жайып жүргөнүмдө жүрөгүм айланып, денем чымырап, жайдын күнүндө чыйрыгып үшүп чыктым. Башым сыгылат. Анан атам атка мингизип, аттын жайдак мойнундагы жибин тумшугуна чалып жүгөн кылып, "коңшу айылга чейин барасың да, андан ары кечки автобуска түш, атты болсо артка кайрып кубалап жибер" деп апама жөнөттү. Мен жеткенче караңгы кирип, акыркы автобус эбак кетип калыптыр. Атты атам айткандай жөнөттүм да, бир айылдан экинчи айылга жөө жөнөдүм. Аралыгы үч километр эле. Так ортодо, жол жээгинде бейит боло турган. Ал жерге жете бергенде "булар деле адамдар болчу да, биз деле өлөбүз да" деп ойлоп койдум. Анан кыбылага карап токтоп, быссымылда деп туруп, "жаныңар жанаттан болсун" деп бата тарттым. Бейиттен бир аз узагандан кийин ооруганым кадимкидей жоголуп, өзүмдү жеңил сезип калдым. Үйгө жеткенде апам "эртең доктурга алпарайын" деди. Мен макул болбой, "доктурга эмес, табыпка барам" дедим…
Турмушумдагы чоң өзгөрүү менин башыма сүйүү келгенден кийин болду. 1990-жылы, мектепти бүтөр мезгилде классташ кызымды катуу сүйүп калганымды билдим. "Экөөбүз баш кошсок бактылуу болобуз" деп ал бир нече жолу айткан эле. Мен болсо бул сөзгө көп маани бербей, аны көрүп жүргөнүмө эле куштар болуп жүрө берипмин. Ошол жылдын күзүндө аскерге, Россиянын Хабаровск крайына жөнөп кеттим. Баргандан кийин алты ай бою сүйгөн кызым түшүмдөн кетпеди. Бир күнү эле анын турмушка чыгып кеткени боюнча кабар келди. Кеч кирип калган маал эле. Мен сыртта тургам. Уккан жаңылыктан өзүмдү жоготуп, маңдайымдагы айды гана катып карап калыптырмын. Бир маалда ошол ай мага мен жетпей калган кыз болуп көрүндү, жана да өмүр бою жеталбай калышымды эсиме салдырып тургандай болду. Ансайын жүрөгүм дүкүлдөп, катуу сүйүп да, күн болуп күйүп да бараткандай сездим өзүмдү. Ошондо сүйүүнүн күчү күч экенин билип, махабатка багындым. Түн кечте айды сүйүп турган күндүн нуру элес болуп көрүндү. Күн айды сүйсө, ай күндү сүйсө, экөө бири-бирине бул дүйнөдө жетпейт турбайбы деген ойлор келе баштады. Анан эле өзүмө күтүүсүз жерден:
Эр жүрөктү багынтып ээлеп алып,
Эңсетип элесиң күлүп, жанып,
Ааламдагы ай болдуң жеталбаган
Алоолонуп жүрөгүмө чокту салып, - деп ырдап жибердим. Бул ырымды кийин толуктап төрт куплет кылып жазып, "Өчпөс сүйүү" деп атагам. Чогуу кызмат өтөгөн жанымдагы таластык жигит ошондо ырымды окуп алып, "Сен айга жетпей калдым деп атасың. Бирок айга да, күнгө да жетесиң, сага Кудай берет. Күнгө жеткениңде нуруңду текши чач" деп калган эле. Сөз маанисине түшүнгөн эмесмин. Биз адамдар күнүмдүк болгонубуз менен, сүйүүбүз, жакшылыктарыбыз ким үчүн арналса да түбөлүктүү жана чын ниеттен болууга тийиш экен.
Кийин Салтанат аттуу кызга үйлөндүм. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы, көңүлүбүз келишкени менен, балалуу боло албадык. 2000-жылы жетпей калган сүйүүмө кайрадан ырларды жазып, жаным алоолонду. Ошол учурда Бакай ата түшүмө кирип, күмүштөй жарык чачып көзүмдү уялтты. "Манастын күчүн көтөрө аласыңбы, балам" деди ал. Экинчи жолу түш көргөнүмдө кабылан шерди минип келиптир. Бакай ата ошондо мээримдүү жылмая мени караганда бүт денесинен нур жанды. Үчүнчүсүндө ак калпакчан, ак чепкенчен, ак сакалдуу Бакай ата элибизди биримдикке чакырып, Манас тумарын берип, алакандарын өйдө көтөрүп ак батасын тиледи. Анын батасынан кийин мен Манас тумарын сата баштадым. Ал тумарды биринчи жолу маршрутка айдаган шопурдун маңдайында илинип турганда кокустан көрдүм. Мага берилген аян ушул турбайбы, "Манастын күчүн көтөрө аласыңбы" дегени ушул турбайбы дедим. Орто жолдон тумарды сатканымды токтотуп, башка ишке өтүп акча таба баштадым. Бирок, тапкан акчамдын берекеси болбой, кыйнала бердим, тумардан кичине акча тапсам да берекеси болуп турар эле. Азыр кайрадан Манас тумарын сатып, элди биримдикке, бирин-бирин сүйүүгө чакырып, бата тилеп узатып жүрөм. Ал эми жубайым менен ажырашканыма беш ай болду. Тагдыр экен. Балабыз жоктугунан колун кармабадым. Ортобузда Күн Манас, Манас Күн гана калды. Жашоо берген, сүйүү берген Теңирим баарыбызды дили менен сүйөт. Мен Күн Манастын күчүн, сүйүүсүн жалпы элиме тумар аркылуу чачып келем.
Жазып алган Гулира МАНСАП кызы