"Элибиздин келечеги - касиетинде"

Жылдыз МУСЛИМОВА:
"Руханий дүйнөдө көч башталды"
"Көк асаба" гезити ар бир мейманынын көөдөнүндө жаткан ой-толгоосуна, көкүрөктө багып жүргөн үмүт-тилектерине - башкача айтканда, руханий дүйнөсүнө баш багууга кызыкдар. Бүгүн биз "Бакдөөлөт" коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жаткан "Элибиздин келечеги - касиетинде" долбоорунун продюсери жана менеджери, коомдук ишмер Жылдыз Муслимова менен маектешип, бир кездеги митингдерде саясатташып жүргөн күндөрүнөн эмес, анын нукура кыргыз дүйнөсүнө болгон көз карашынан кеп курдук.

- Саясатчы айымдын руханий дүйнөгө баш багуусуна эмне себеп болду экен?
- Саясатта, же анын айланасында алектенгендердин руханий дүйнөсү жарды келет деген ойдон алысмын. Балким, көпчүлүк убактысын, иш-тажрыйбасын саясат ээлеп, башкага колу бошобой жүргөнү толтурадыр.
Руханий дүйнөсү жакырлар саясатта деле эч нерсени жыргатпашы мүмкүн. Анткени, саясат жылаңач эле өзү менен өзү жашабайт. Саясатчың деле, мамлекеттик ишмериң деле элдин тарыхы менен руханий дөөлөттөрүнөн алыстабаганы менен бааланат. Тагыраак айтсам, ушундай болуш керек. Таптакыр эле ал дүйнө менен жуурулушуп кетпесе да көкүрөгүндө багып, ага кызмат кылганы чоң олжо.
Ушул тапта кыргыздын руханий дөөлөттөрү жаатында иш-чара жүргүзүп жатканыма таң кала турган эч нерсе жок. Бала кезден бул дүйнөгө жакын элем. Менин чоң ата, чоң энем дайыма жайлоого чыгышчу. Жайкы каникул башталганда эле сиңдилерим менен алардын жанында болчубуз. Чоң атам Үсөнбай беш маал намаз окуган, сөзгө чебер, акылы тунук адам болгон. Жайлоонун кучагында термелип, чоң атамдын капталына жөлөнүп, колтугунан чыкпай жомок, табышмак, санжыра, кызыктуу окуяларды жадабай угар элем. Кечки тамакта чырактын жарыгындагы мандаш токунуп отурган чоң атам Манас, Алмамбет, Сыргак, Чубак жөнүндө, Жусуп, Жакып, Мусса, Ыбырайым, Ыйса, Мухаммед пайгамбарлар , Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Жеңижок, Барпы сыяктуу дөө-шаалар, ойчулдар, сөз чеберлери туурасында тынбай айтып берчү. Сиңдилерим менен нанга каймакты калың сүйкөп жеп, чоң атамдын таптакыр түгөнбөгөн баалуу кебин угуп чоңойдук. Салый чоң апамды айылдагы келин-кесек "Жумшак күн эне" деп тергешчү. Экөөнүн оозунан жаман сөз чыкканын уккан жокмун. Аябай жаны кашайганда "жолу болгур!", же "жумшак күн" деп калаар эле.
Эсимде, тоодон чегедек жыйнайбыз. Жакканда отун катары өтө ыңгайлуу, өчсө самоорго чок болот. Балтасы да, араасы да бар атам үчүн эки-үч карагай жыгып алганы анча деле кыйын эмес. Бирок, дайыма куурап калганын издеп убара болгону аз келгенсип, бизди да жерде калганын тердиртчү. Жадаганыбызды сезгенде "табият өзү четке какканын алалы, өсүп турганын араалап балталаганга болбойт" деп сыпаа гана кыраатка келген үнү менен түшүндүрүп коер эле. Тамактан кийин кичинеден чайнагыла деп чоң апам карагайдан сагыз алып берчү. Сайдан апкөчкө суу көтөргөндө бака жалбыракты сууга жууп, мелт-калт эткен чаканын үстүн жаап коер эле. Эмнеге деп сураганымда суу чайпалып төгүлбөсүн, эмгек текке кетет, бутуңар суу болот деп түшүндүрчү. Көрсө, булардын эркелеткени, эскерткени да өзгөчө касиетке ээ тура.
Алар өмүр бою табият менен жуурулушуп, айлана-чөйрөсүндөгүлөр менен сөз кагышпай, серпилишпей, тынчтык сүйгөн адамдар болгон. Мен ата-тегим менен сыймыктана алам. Мектептеги, университеттеги мугалимдерим өзгөчө кепке арзыйт, ал эми телевидениедеги устаттардын, коллегалардын менин калыптанышымда, тапталышымда ээлеген өзүнчө орду бар.
- Жогоруда чоң атаңыздын кебин жадабай укчумун дедиңиз. Бала кезде уккандарыңыз эсиңизде барбы?
- Албетте. Мисалы:
Бириндей - билинбей жеген бит жаман,
Экиндей - элебей келген жоо жаман,
Үчүндөй - үрбөй калган ит жаман,
Төртүнчү - төрөсү өлгөн журт жаман,
Бешинчи - бели сынык ат жаман,
Алтынчы - аттан-аттан дегенде,
аттана албай жөө калган жаман.
Жетиндей - желеде жетим калган тай жаман,
Сегизинчи - сенек болгон кул жаман,
Тогузунчу - торго түшкөн куш жаман,
Онунда - оюнда осурак кыз жаман.
Же табышмагы:
Бар экен бул жаханда бир бай терек,
Миң түрлүү жапырагы бөлөк-бөлөк.
Тамыры мухит деңиз түбүндө экен,
Аныктап барып келген бир кара көк.
Мунун жандырмагы илим-билим экен. Мына ушундай.
- Таенеңиздин да тарбиясын көрүптүрсүз?
- Ооба. Азыр таенем 86да. Өмүр бою
"Жылдызым менин жылдызым,
Маңдайда жанган нур кызым,
Эркелеп жүрүп өсө көр,
Эмгектен сүйсүн кыргызым" деп ырдап чоңойтту. Таенем тууралуу кеп баштасам, даректүү темадан четтеп кетишибиз мүмкүн. Анткени, менин таенем жөнөкөй жашоосу менен кыргыз аялдарынын арасында сейрек кездешкен инсан. Ага сулуулуктун, чыдамкайлыктын, эмгекчилдиктин, жакшы менен жаманга болгон астейдил мамиле эталонунун мөөрү басылган. Тубаса ак сөөктүктүн дүйнөсү 86 жашында да көрүнөт. Уз киши. Ушул адам менин таенем болуп калганы үчүн ыраазымын.
- Өз ата-энеңиз тууралуу да айтып кетсеңиз?
- Чоң атамдын бир тууганы Осмон атабыз бала көргөн эмес. Анын байбичеси Кашымкан чоң энемдин эркеси элем. Бул адамдар мага гана эмес, менин атама да тарбия беришкен. Алардын өтүнүчү менен Муслимова Жылдыз Осмоновнамын. Кичинемден жалаң аксакалдардын колунда өскөндүктөн, ата-энемди "байке", "жеңе" дейм.
Атам Муслим айтканынан кайтпаган, колундагысын жакындарынан, жетим-жесирден аябаган, калыссыздыкты желмогузундай көргөн, шыр жүргөн, адамды бир көрүп билген, айтканы келген, кесибин мыкты өздөштүргөн, өмүрү кызматка кечикпеген, сулуулукту, жакшыны аздектеген, мээнеткеч кайраттуу киши. Апам Курманбүбүнүн кесиби мугалим. Ар бирибиздин көз карашыбызды урматтаган, экини беш кылган, чоң маселени кичирейтип, кичинекей жаңылыкты майрамга айландырган аял. Атам курган империяны уратпай кармаган мыкты "кардинал". Үйдө улуусумун. Кундуз, Чолпон, Жаңыл, Бегимай деген бир тууган сиңдилерим бар.
- Саясаттагыдай эле кыргыз дүйнөсүндө да өз ара талаш-тартыштар, бөлүнүүчүлүк жок эмес. Ушуга макулсузбу?
- Ар кимдин өз чындыгы бар. Кыргыз дүйнөсү азырынча акыр-аягына чейин изилденип бүтө элек. Бүтүшү да мүмкүн эмес. Дегеле, ар бир үйбүлөнүн, ата-тегинин жашап өткөнү, азыркысы кайталангыс. Терең ойлонуп көрсөк, маани-маңызын, философиясын сезебиз.
Руханий дөөлөттөрүбүздүн айланасындагы кайчы пикирлер, ой-сунуштардын өз орду бар. Эң негизгиси - эртеңкибизге кайдыгер эмес, жөнөкөй кыргыздардын катмары козголду. Бул багытта кары-жашыбыз, уул-кыздарыбыз алектенип жатат. "Баарын коюп Манасты айт" дегендей, сөз кадырлаган, сөз сиңирген, сөз кудуретине баш ийген элбиз го. Айтылганды кынтыксыз далилдеп "Манасты" жараттык.
- Кыргыз өнөрчүлөрүн колдоп иш баштап олтурасыздар. Үмүт-тилектер орундалат деген ишеним күчпү?
- Ылайым манасчы, төкмө, комузчу өнөрпоздорубуздун катары коюлансын. Биз казак туугандар сыяктуу үстөккө-босток фестиваль өткөрүп, машине, үй тартуулап, айгайлап сүрөй албайбыз. Биринчиден, бул өнөр Жараткандан тартууланат. Казак туугандар сыяктуу жазып, жаттап шаңгыраганга жол берилбейт. Экинчиден, талантты көрө билип, таптап, сакташ үчүн азыр саяпкерлер жокко эсе. Атайын өнөрканалар түптөлгөнү оң. Кыргыз дүйнөсүнө ширелген, келечектеги цивилизациялар баарлашуусунда четте калбай кыяда чуркаган тулпарлар, күлүктөр, жорголор багылса деген кыял терметкен учур. Мамлекеттин түздөн-түз ар тараптуу колдоосу зарыл. Ал мезгил деле алыс эмес. Кыргыздар дүйнө коомчулугун табият менен гармонияда жашаган өмүрү, кайталангыс өнөрүн аздектеген дарамети менен гана таңгалдырат, ага теңтайлашат.
Кыргыз таануу окуусу тереңделип, жаштарга заманбап билим тартуулангысы бардыр. "Манасты" эч ким тартып алалбайт. Тарыхчы катары айтаарым, эгерде азыркыдай кырдаал жаралбаса, кебелбеген элбиз го, кебелбей түптүү нерсени эртеңкиге калтырып, алышып-күрөшүп болбогон нерсеге будаланып жүрө бермекпиз. Качан биз 41 күн Манас айттырабыз дедик эле? Алыс кетпейин, үч жыл мурда мындай идеяга бышкырык атмакпыз. Азыр болсо Тарых музейинде ишемби сайын өткөрүлүп жаткан "Манас" айтууну уккандардын саны көбөйүүдө.
Саясатта да, экономикада да маңдай жылытпаган күндөрдү өткөрүп жаткан менен, руханий дүйнөдө опол-тоодой иштерге көч башталды. Рух, акыл-эс, өнөр байлаган дөөлөттөрдүн солк эткис абалы келечекте саясатыңдын да, экономикаңдын да акесин таанытып, ордуна коет. Тарыхта кыргыз үчүн АКЫЛ-ЭС, ОЙ калчаган мезгил бир карасаң жөнөкөй, бир карасаң өтө татаал милдеттерди жүктөгөн…
Канышай БЕШБАЕВА