Сүрөттөр жашоосун улантат…

Элеси өчпөс залкарлар

Карамолдо ОРОЗОВ,
күүчү
"Насыйкаты", "Сынган бугу", "Ибарат",
Не бир мукам кайрыктардан куралат.
Канат болуп күүлөнгөндө кайрыктар,
Кандай адам толкунданбай угалат?!
Молдокенин тарыхка мол күүлөрү,
Дагы далай кылымдарга уланат.

Алиман ЖАНГОРОЗОВА,
Кыргыз эл артисти
Жанып улам жашоодогу жылдызы,
Жангороздун артист болду бул кызы.
Ал сахнада аз гана роль жаратып,
Жаштайынан кино болду курбусу.
Көзгө тартты абалкы Умай энени,
"Ак илбирстин тукумунда" турмушу.

Төлөмүш ОКЕЕВ, СССР эл артисти,
Кыргыз кино даңазасын жараткан,
"Кызыл алма", "Уркуя", "Улан", "Жылкылар",
Учуп чыкты бүт дүйнөгө канатчан.
Маңдайына талант шамы жаркырап,
Маалы келсе Манас тартам деп аткан,
Ал Океев болчу кино жаратман.

Күнболот ДОСУМБАЕВ,
Кыргыз эл артисти
"Козголоңчу келиндерге" кайнене,
Акчаларын санап алып тим болот.
Артист үчүн майда ролдор миң болот,
Ойлонушту бирок Манас ким болот?
Маңызына чыгарат деп ишенип,
Манас болду Досумбаев Күнболот.

Бүбүсара БЕЙШЕНАЛИЕВА,
СССР эл артисти
Бүт өмүрү коштоп муза, бий менен,
Сахнада ак куу чимирилип бийлеген.
Бир керемет жан эле деп айтышат,
Болбостукка бошоп кабак түйбөгөн.
Жульетта же Айдай болуп турганда,
Бүбүсараны кимдер гана сүйбөгөн!

Гүлшара ДУУЛАТОВА,
Кыргыз Эл артисти
Сахна, сахна… Жарык түшүп оң, солго,
Сапар кошот, майда ролдон чоңдорго.
"Бетме-бетте" Сейде болуп ойносо,
Толгонайы эл көөнүнө толгондо,
Гүлшара эже күчтүү элес калтырды,
"Ай тутулуп" Тангабике болгондо.

Ашыралы АЙТАЛИЕВ,
Кыргыз эл артисти
"Саанчы, малчы биздин айылда" деп
Ашыке эмгекчи элди ырдады көп.
Нарындан салам катын жазып коюп,
Бир жерге таканчыктап турбады тек.
Өмүрдүн соңку жылын жаштарга арнап,
Өткөндөн кызык болду курганы кеп.

Советбек ЖУМАДЫЛОВ,
Кыргыз эл артисти
Кинонун да, сахнанын да жүрөгү,
Көркү болчу бажырайган бул өңү.
Жаңы ролго даярдыктар жүргөндө,
Өнүп турчу Советбектин үрөнү.
Калып кетти канча образ ойнолбой,
Кантсе дагы биз унутпай жүрөлү.

Сүрөттөргө ырларды жазган
Гүлжамила ШАКИРОВА, акын-журналист