Табият жана кыргыздар

Жаратылыштан алганды билсең, бергенди да бил
Дариха МАМБЕТОВА

Кыргыздар байыртадан эле табиятты барктап, сүйүп, сыйлап, аны менен тагдырлаш, өзөктөш гана болбостон, ага сыйынып да келишкенин ким тана алат. Жерден чыккан жылуу сууларга, жалгыз өскөн тал-теректерге мазар деп сыйынып келишкени азыркы күнгө чейин жетип олтурат.

Аккан сууда арам жок
Жайкысын салкындап тоого, кышкысын шамал, борошодон ыктоолоп ылдыйлап (жакалап) көчүп конгон эл, дайыма агын сууну жээктеп конуш тандаган. Суу өмүрдүн булагы жана тазалыктын чордону деп, сууну сыйлаган эл "агын сууда арам жок" деп бекер айтпагандыр, анткени суунун башындагы эл эч качан сууну булгаган эмес, "агын сууга кир чайкабайт" дешкен, жазып-тайып жүдөөрөк келиндер жаш баланын жалаягын арыкка чайкаганын көрүп калышса, "балдарың токтобой калат, агын суудай агып кетет" дешип, улуулар бир чети сестентип, бир жагынан суунун тазалыгын сакташкан болсо керек. Агын суу тургай бака чардаган чалчыкка да жаш балдарды "сууга сийген баланын энесинин эмчегине жара чыгат" деп тарбиялашкан. Ошондуктан суунун этегиндеги эл ошол эле агын суудан ичип келишкен.
Ал эми элибиз Ысык-Көлгө сыйынып, чоң ата, чоң энелерибиз көлгө жакындаганда таазим кылышып, "жатасыңбы, жаныбарым" деп келмесин келтирип, адегенде бети-колун жууп, анан барып кечишкен. Ооруп калган адамдын жүзүн көлдүн суусунан алып келип жуушкан д.у.с. Азыр ошол көлдүн абалы кандай? Өзүбүз да, өзгөлөр да каалагандай булгашууда.
Жердин куну баа жеткис
Ата-бабабыз буту басып турган жерди сыйлаган, жер эне деп байыртадан эле жерди барктап, ал тургай боз үйү турган жер тапталып баратканда, улам башка жерге көчүрүп тигип, ошол жердин чөбү такыр болбосун, кайра чөбү баш көтөрүп жер жашылданып турсун дешкен. Жердин куну баа жеткис экенин эне менен салыштырып, аны карегиндей сактаган. Конушун которгон сайын "баягынын журту" деген жаман сөз ээрчигенден коркуп, бир чети тазалыкты сактап, акыр-чикирин тазалап, өлүүсүн өрттөп, күлүн жерге көөмп кеткен. Бул элдин оозунда сакталчу тазалыктын кунсуз адаты болгон.
Жан-жаныбарга жакындык
Кыргыз журтун эле эмес, тоосун да, токоюн да, андагы жан-жаныбарларын да кайберен деп кадырлаган. Укумдан тукумга жомоктоп, табиятка ашыкча зыян кылса ал өчүн алат деп, балдардын кулагына куюп келишкен уламыштын бири - Кожожаш. Кыргыздын ар бири эле мерген болгон эмес, мергенчилик кылгандан корккон, кайберенге дайыны жок кол салууга дааган эмес. Бир айыл элди бакса дагы Кожожаштын тагдырынын аянычтуулугу кыргыздын табиятка моюн сунуп, ыкташып жашаганынан кабар берет. Кожожаш Сур эчкинин тукумун курут кылып, мал болсо да энени сыздатып, анын назарына калгандыгы үчүн өз жазасын алган.
Табиятты коргоого, кайберенди сактоого чакырган дагы бир уламыш - "Карагул ботом". Мергенчи чал айбан болсо дагы канчалаган эне-баланы ажыратканы, элик, кийиктин терисин сыйрып баласына тон кылганы, караан туткан жалгызын кийик экен деп атып алганы азыркы экологияны коргоо, баалуу терилерине кызыгып жаныбарларды өлтүрбөө деген идеяны айтат эмеспи.
Буларды жомок экен дейин десең, элибиздин ушундай уламыштар аркылуу укумдан-тукумга калтырган осуят-насаатынын тереңдигине, кенендигине, даанышмандыгына таазим кыласың. Эл табиятты коргоо, ага ыкташып жашоо саясатын ушунчалык көсөмдүк менен урпактарына үйрөткөн.
Тоо токол болбосун, токой талаа болбосун
Элдин каада-салтын кармап, бирине-бири жакшылык саноо, эмгектенүү, терин төгүп тапкан нандын даамын татуу болорун, улууну сыйлоо, кичүүнү ызааттоо, айлана-тегеректи таза тутуу, ой-максаттарды, тилектерди адалдыкка багыштап, адал иш кылуу деген элдик кулк-мүнөздүн жоголуп, зордук-зомбулук, кара ниеттиктин күн санап өөрчүп баратышы баарыбызды ойлонтушу зарыл. Кийинки мезгилде табигаттын кырсыктары тез-тез кайталанып, тоо токол болуп, токой талаа болуп, тоо көчүп, сел каптап, жер титиреп жатканына эмне себеп?
Чыгаан агайыбыз Ч. Айтматовдун Бугу эне тууралуу чыгармасында өздөрүн бугунун тукумубуз деп келген эл бугуларды сактап, ага сыйынышкан, жанаша коюн-колтук алышып жашап келишкен. Момун карыя небересине табияттын кучагында үн алышып жашоо зарылдыгын үйрөтөт эмеспи. Же Акбара менен Ташчайнардын тагдырын алалы. Бөрү эненин тили жок болсо да, жүрөгү бар экенине кимибиз шек бере алабыз? Табияттан керегинче алып, кайра берип жашоо - кыргыздын ата салты. Алганды билген кол, бергенди билүүсү ылаазым. Табиятка канча берсең, мээрман жер, табият ошончолук сени сыйлайт. Адам жакшылыкты түшүнгөндөй эле, жаратылыш дагы сен кылган жакшылыкты түшүнөт.
Касиеттүү жерибиздин баркына жетсек, ал бизге да, келечек муундарыбызга да түшүмүн берет.




Түш жоруу

Келечек тагдырыңдын күзгүсү - түш

Ибраим кызы Зулфия, Мамырасул Тажиев - "Теңир Ата" китебинин авторлору. Ааламдан кайып байланышын жазуу үстүндө 1998-жылдан бери иштеп келишет.


Түш, төлгө, белги, аян, сыр - бул кызырлуу кыргыз элинде оо дүйнө менен, Арбайлар менен, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен байланыштырып турган негизги иш-багыттар. Учурдагы түш - ар пенденин басар жолу, өз ахыбалынын милдетин, ордун көрсөтүп турат. Түш - келечек тагдырдын күзгүсү. Түш - пенделер үчүн периштелердин тарбия сабагы.


Суу, көл, дайра - тунук болсо, илим, жаңы эреже, жол-жобо, суу. Ылай болсо - туура эмес жол, эскертүү.
Жер көчүү, тоо көчүү, зоонун урашы - ылгоо, кыйроо, чоң эскертүү, адамзат өз жолун тапсын.
Тоого чыгуу, жайлоодо болуу, бийиктикке чыгуу, этаж үйгө чыгуу, зоого чыгуу - бийик илимге жетишүү, бийик жол-жобону үйрөнүү, бийик жан дүйнөгө, бийик түшүнүккө жетишүү.
Чач кыркуу, тиш түшүү - эскертүү, жолуңду тап, касиетиңди тутун.
Чач узарса, тиш өссө - бийик түшүнүккө жетишүү, касиет жайгашуу, жолдун ачылышы, иштин оңолушу.
Ырдоо, бийлөө - элге кызмат кылуу, кеңеш берүү, ийгилик, жетишкендик.
Ак кар, жамгыр - Кудайдын мээрими, жандүйнө жашылданышы.
Уй, кой, жылкы - жөлөмө күчтөр.
Саан уй - Чоң ааламдын бир көрүнүшү.
Ак кой - Алтын Доор заман, жаңы заман.

Атка минүү, эшекке минүү - ооматка жетишүү, туура багыт, жаңы иштин башталышы, жетишкендик.
Уй, кой, эшек, ат жыгылса, арыктаса, өлүп калса - жетишпестик, эскертүү, кырсыгуу.
Атка, эшекке жайдак минүү - аракет кыл, катуу кириш, өтөсүнө чык, түшүнүгүңдү кеңейт.
Жыртык кийим - ийгилик.
Бут кийим - касиет тутун, өз жолуң тап.
Саат - убакытты туура пайдалан, чарпылба, кечикпей жолуңду тап.
Карышкыр, жапайы жырткыч жаныбарлар - жөлөмө күчтөр, сыйкыр колдоочу күчтөр.
Туалет, жара, курт, заң-заара, ит, бит - оомат, дөлөт, ийгилик, жетишкендик, жолдун ачылышы.
Жашылча-жемиш, дарбыз, алма, жүзүм, өрүк, картошка - илим, ырыскы, туура жол.
Кусуу, кан агуу, ириң агуу, жаш агуу - тазалануу, калыптануу, кайра жаралуу.
(Уландысы
кийинки санда)