Жашоо жүрөгү - жан дүйнө

Ибрагим кызы Зулфия,
Мамырасул Тажиев
Адамзаттын өмүрү да - жан дүйнө.
Акыреттин жалгыз жолу - жан дүйнө.
Жаратылыш керемети - жан дүйнө.
Адамзатты ооруткан да - жан дүйнө.
Бул жашоону карыткан да - жан дүйнө.
Жаратылыш түзүлүшү - жан дүйнө.
Ак-караны ылгаган да - жан дүйнө.
Кыздын бактысын байлаган - жан дүйнө.
Ата-энени сыйлаган да - жан дүйнө.
Ак-караны ылгаган да - жан дүйнө.
Боз баланы бурмалаган да - жан дүйнө.
Аялзатты кыйнаган да - жан дүйнө.
Турмушуңду талкалаган да - жан дүйнө.
Өмүрүңдү калкалаган - жан дүйнө.
Көңүлүңдү карайлаткан - жан дүйнө.
Адамзаттын өзөгү - жан дүйнө.
Көк тиреген керемет сыры - жан дүйнө.
Эки көздү өчүргөн да - жан дүйнө.
Көңүлүңдү көкөлөткөн - жан дүйнө.
Өмүрүңдү жетектеген - жан дүйнө.
Пенделерди эркелеткен - жан дүйнө.
Сулуулукту сиңдирген - жан дүйнө.
Улуулукту көкүрөккө кондурган - жан дүйнө.
Бул өмүрдү туйлаткан да - жан дүйнө.
Адамзатты ууланткан да - жан дүйнө.
Касиеттүү аян сыры - жан дүйнө.
Акыреттик кабар сыры - жан дүйнө.
Гүл турмуштун күлүн сапырган да - жан дүйнө.
Сүйүүнүн ордун жойгон - жан дүйнө.
Сулуулуктун туусун жойгон - жан дүйнө.
Бул жашоодо калыс нерсе - жан дүйнө.
Турмуштун ордун баяндаган - жан дүйнө.
Акыреттин түбөлүгүн түшүндүргөн - жан дүйнө.
Ак адамды коргогон да - жан дүйнө.
Кара адамды кордогон да - жан дүйнө.
Түбөлүктүү өмүрдү баяндаган - жан дүйнө.
Пендечилик өмүрдү талкалаган - жан дүйнө.
Өзүмчүлдүн өмүрүн жазалаган - жан дүйнө.
Жалганчынын жүзүн ачып көрсөткөн да - жан дүйнө.
Дили таза, көкүрөктүү адамдын көзүн ачкан - жан дүйнө.
Жер Ааламдын өзөгү да - жан дүйнө.
Теңирдин көсөмдүгүн баяндаган - жан дүйнө.
Өз алдынча өсөм деген пендени адаштырган - жан дүйнө.
Мазар, Арбай кызматын бекемдеген - жан дүйнө.
Адамзат менен акыретти беттештирген - жан дүйнө.
("Теңир Ата" китебинен)




 "Эсиңе элим келсеңчи, эртеңиңди туйсаңчы!"

Манасты алдырганың - пириңен айрылганың, кыргызым!
Талантаалы Бакчиев, манасчы, филология илимдеринин кандидаты

Баш көтөрүп эсине келе албай жаткан кыргызды Айкөл Манас атабыз сындан өткөрүп жаткандай туюлат. Сынаганы ушул: "Каңгайга кеткен канчасын, Кытайга кеткен кыйласын, Эренге кеткен эченин, Тереңге кеткен теңизин Терип жүрүп журт кылсам, Кайра тентитип жаткан сен кандай?!.. Улуу-Тоонун урчугун, Улам бир ыйык учугун Алдырып жаткан сен кандай?!.. Күмбөзүмдү ойдуртуп, Төбөсүн шөкүлө сымал чойдуртуп, Чокумдун (Кароол-Чоку) түбүн аңтартып, Топурак-чымын каңтартып, Зер издеген сен кандай?!.. Мен эмес бабам сүйлөгөн Тилимди чанган сен кандай?!.. Көгүлтүр асман түспөлдөш, Асабамды кызыл канга боеп салган сен кандай?!.. Аныңар аздык кылгансып, дем болсун деп элиме, бел болсун деп элиме, калтырган аруу Сөзүмдү, Алдырып жаткан сен кандай?!.. Эзелки душман дос болбойт, Эсиңе элим келсеңчи, Эсил сөзүм уксаңчы, Эртеңиңди туйсаңчы!!!".
Деги башкага бере элек эмнең калды, кайран кыргыз?! Бул Сенин айкөлдүгүңбү? Не, баеолугуңбу? Мүмкүн, энөөлүгүң? Андай мүнөз жолдо калсын. Кокус, берешендигиңдир? Берешендиктин да чек-ченеми болот! Элиңди бердиң, элиң менен кошо күчүңдү, акылыңды, денеңди бердиң. Жериңди бердиң, жериң менен кошо ичээр сууңду, мал-мүлкүңдү, жээр азыгыңды бердиң. Эми Манасыңды бергени жатасың, Манасың менен кошо кутуңду, пириңди алдырганы турасың.
1930-1950-жылдары дагы "Манасыңды" алдырып ийе жаздагансың. Андагы шарт бир аз башкачараак эле. Азыркы шарт менен салыштыра келгенде, максаты бир болгону менен ыкмасы башка эле. Анда кара күч менен кара өзгөйлүк күч алып, "феодалдык-клирикалдык, антиэлдик, улутчулдук, панисламисттик, пантюркисттик эпос" деп, бийлик "Манасыңа" толгон-токой айыптарды тагып, сенин эсиңен, маданий тарыхыңан биротоло өчүрүү аракетин жүргүзгөн. Күчкө салып ал "бойтумарды" моюндарына тагып, Касым Тыныстановдон (1901-1938) баштап, Ташым Байжиев (1909-1952) менен аяктап, канчалаган эр-азаматтарыңдын өмүрүн кыйды. Ошондо да алар "Манасын" чанбады. Жандарын канжыгага байлашты.
1952-жылдын 6-10-июнунда Фрунзе шаарында өткөн "Манас" эпосун изилдөөгө арналган Бүткүл союздук илимий конференцияда "Манастын" тагдыры кылычтын мизинде эмес беле. Ошондо, эгиз элди казак, кыргыз деген ат экиге бөлүп турса да салабаттуу Муктар Ауэзовдун үнү көтөрүңкү чыгып: "Манас" тек кыргыздын мурасы. Калк акылынан жаралган улуы дастан. Оган зыян келтирмейик", - деген эле… Ал эми "өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" болуп, ошол конференцияда жана андан бир аз мурдараак "Манаска" шек келтирип, тил тийгизген: Самарин - мээсине доо кетип, акыры дайынсыз жоголду; П.Балтин - карама сокур болуп, окумуштуу болом деген тилегине жетпей, акыры Кыргызстандан кетти; Г.Нуров - "Манас" деген сөздү кыжырланып тиштенип айтчу, акыры куюн учурган таштандыдай сапырылып жоголду; Ж.Самаганов - "Манасты" өрттөтөмүн деп оолугуп жүрүп, акыры көчтөн калган аксак дөбөт сыңары жалтактап жалгыз калды.
Учурунда казактын белдүү илимпозу, Казак илимдер академиясынын академиги Алкей Маргулан да (1904-1985) агасы Муктар Ауэзовдун (1897-1961) "кой" дегенине көнбөй, кыргыздын "Манасын" казактыкы деп, көгөрүп материал-далил топтоп, канча талашты, акыры 1856-жылы Чокон Валиханов (1835-1865) тарабынан Болот уулу Назар (1828-1893) манасчынын оозунан Каркырада жазылып алынган (өз колу менен эмес) жана жүз жыл бою архив түпкүрүндө жоголуп жаткан "Көкөтөйдүн ашы" деген "Манастын" окуясынын кол жазмасын 1965-жылы таап, анын мазмуну менен таанышып, казак эмес кыргыздыкы экенине ынанып, эсине келип, тынчыган эле. Анда Алкей Маргуланды ач көздүк, ичи тардык, куру намыс дегдетип, акыл менен абийир токтотту.
Ал эми кытайларды эмне дегдетти экен жана эмне токтотоор экен.
Сен кытайды таарынат деп, "Манастагы" "кытай" деген сөздү "калмакка" алмаштырдың. Андан "Манаска" доо кетпес, кыргыздын да кылы кыйшайбас. Бирок тарыхый чындыкка шек кетип жатты. 1957-жылы Кыргызстанга келген Кытай расмий делегациясынын жетекчиси Гоэ-Боцен: "Сиздер, "Манастан" "кытай" деген сөздү өчүртүпсүздөр. Андай этпегиле! Байыркы кыргыздар менен байыркы кытайдын бирде чабышып, бирде ынтымакташып турганы тарыхый чындык. Байыркы кытай - байыркы кытай. Байыркы кытайды атаганга азыркы кытай - биз ага эч таарынбайбыз. Тарыхты бурмалашка эч болбойт, жолдоштор!" деген эле. Ырас, "байыркы кытай - касыбыз болсо, кечээги кытай - жолдошубуз болсо, азыркы кытай - "досубуз" дегендер үстөм болду" (Т.Сыдыкбеков "Бел-белес", 562-б.).
Ырас, кытай билбеген амал жана кылбаган балээси жок. Эгер өткөн замандарда бир элди бир эл же кайсы бир өлкөнү башка бир өлкө курал, жоо-жарак менен согуш аркылуу багындырып келген болсо, азыр өзгөчө Кытай мисалында, кебез менен кан чыгарбай мууздоо ыкмасына өткөн. Амал жети, айла алты дейт кыргыз. Ошол ХХ кылымдын орто ченинде, мүмкүн андан бир кылым мурда эле Кокон хандыгынын, Кытай Цин империясынын чеңгелинен кутулам деп, Орусия империясынын чеңгелине тутулуп жаңы чек ара белгиленип, сенин бир топ жерлериңди, жериң менен кошо элиңди Кытай өз тарабына каратып алганда эле амал кылган. Илимде этникалык парциация деп аталган бул саясат, бир улутту (этносту) бытыратып бир канчага бөлүп алсыздандыруу деп түшүндүрүлөт. Бул иш-аракет Айкөл Манастын чоң атасы Каракандын көзү өткөндөн кийин да кытай каны Алооке тарабынан жүргүзүлгөн: "бирин айдап Алтайга, бирин айдап Кангайга…" Өңгө өңгө, бирок кытай бери дегенде эле бир кылым мурда, ары дегенде эле беш-алты кылымдын өнүгүү-амал программасын эбак иштеп койгон. Мына ошонусун ишке ашырууда. Бул жагынан алганда, кытай сионисттерден кем калышпайт. Кытайдын дүйнөлүк алкактагы саясый, экономикалык экспансиясы азыр ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгы баарына маалым. Анын кандай максатта, кандай формада жүргүзүлүп жаткандыгы бешиктен бели чыга элек балага да белгилүү (мисалы: соңку он жылдын ичинде эле Кытайдын сасыган чүпүрөк-сапырагы менен кошо Кыргызстан жергесине келемиштин 3 түрү, жугуштуу ооруларды жайылтуучу биттин 28 түрү келди).
Кытайдын кийинки иш-аракети руханий-маданий жаатында жүргүзүлгөнү турат. Ал эми кыргызга карата бул долбоорду ишке ашырууда. Алгач, массалык маалымат каражаттары, китеп аркылуу дүйнөлүк коомчулукка Кытай тарап үчүн ылайыктуу келген маалыматтарды жайылтып, көндүрүп, анан негизги маселесин чечүүгө аттанды. Аз сандуу элдердин руханий баалуулуктарына ээлик кылуу программасын ишке ашыруу аркылуу, этногенетикалык миксация саясатын жүргүзүү (эч бир жакындыгы жок улуттардын бирин-бирине сиңишип кетүүсү). Окутабыз, иш менен камсыздандырабыз деген дагы бир амал менен Кытай Эл Республикасынын Чыгыш Түркстанда жайгашкан Текес, Кызыл-Суу өрөөнүндөгү кыргыз жаштарын Кытайдын чок ордосуна салып берип, алардын ордуна кытай улутундагыларды жайгаштырып жатышы мамлекеттик деңгээлдеги терең саясат. Ошентип отуруп, элүү-жүз жылдан кийин Текес менен Кызыл-Суудагы 160-170 миңден турган кыргыз калкынын абалын көрүп ал. Кытай менен кыз алышып, кыз беришип калган кытайлык кыргыздын мына ошондо, генетикалык кодуна, генетикалык эс тутумуна доо кетип, улуттун куту учуп, пири качат.
Мына ошонун эсебин эбак чыгарып койгон Кытай алдын алып, Текес, Кызыл-Суу кыргыздарынын атын жамынып эми "Манасыңа" чеңгел салды. Ал кытайдын бүгүн болбосо, эртеңдерден кыла турган иши болчу. Кептин баары сенин өзүңдө да. Былк этпей, Кытайдын чеңгелине салып берип, момпоюп, энөөлүгүңдү карматып жатпайсыңбы эс-мас болуп. Бул Айкөл Манас атаңдын сени дагы бир жолу сынагандыгы. Кантээр экенсиң? Сынагынан кандай өтөөр экенсиң? Башка бирөөгө берээриң да калган жок. Эмнең калды: жериңби, элиңби, диниңби же жаныңбы? Айкөлүңдөн ажырасаң жандосуң өзү эле кетет денедосуңду таштап. Пириң эле, Кутуң эле - Айкөл атаңды жай кылган Коңурбайдын урпактарына Айкөл атаңдын Сөзүн тарттырганы турасың. Ойгонсоң боло, кыргыз! Козголсоң боло, кыргыз! ?