"Көк Асаба", 30.06.09 - 7-бет:
  Рухдөөлөт - элди сактаган күч

Бурулуш
Кыргызда касиет, дөөлөт, кут, ырыскы, ыйман деген сыяктуу мааниси өтө терең, уңгусу улуу Теңир менен байланышкан сөздөрүбүз тил казынабызда өтө эле көп кездешкенинин өзү, Манастын тоодо өскөн тукуму жөн эл эмес экенин көрсөтүп турат.

Негедир мен "заман бузулду", "пейил бузулду", "тентип жоголмой болдук" деген сыяктуу сөздөрдү айтып экиленип, элден эстүүсүнгөндөр менен келише албайм. Менимче, бүткүл ааламда, анын ичинде Кыргызстанда бүтүндөй бир өзгөрүү процесси жүрүп жатат. "Кырк жыл кыргын болсо, бейажал чымын өлбөйт" дегендей, албетте ал өзгөрүш жараткандын амирине ылайык табигый мыйзам ченемдүүлүктүн негизинде иреттүү жүрүүдө.
Мен муну дүйнө өнүгүүнүн чоң парасы айланарына, тарых кайсы бир мазмун-формада кайталанарына терең ишенгендиктен айтып жатам.
Биз жакшы билген доорду эле алсак, VI-XIII кылымдар Чыгыштын кылымы болгонун эч ким танбайт. Андан кийин бакыт кушу Батышка сабалап, XIV-XX кылымдар күн Батыш өлкөлөрүнүн күнү тууган доор болду. Эми кайрадан оомат Чыгышка ооду. А Чыгышта кайрадан Кыргызстан деген эгемендүү өлкө пайда болду.
Кайрадан дегеним, биз жакшы билген VII-XI кылымдардагы улуу Кыргыз Каганатынан сырткары, биз анчейин билип-билбей калган, бирибиз айтсак бирибиз ишенбей жүргөн сак, хун, усун, мая, шумер аталыштагы дөөлөттөр же андан да илгери аты ың-жыңсыз өчкөн, изи басылып калган адамзат цивилизациясынын түп башатын түптөөгө биздин байыркы ата-бабаларыбыздын катышы бардыгына кымындай шегим жок. Тарых кайталанат дегеним да ошондон.
Кыргыздын кайрадан жылдызы жанып, кел-кели келген доору келди десек болот. Ал эми саясый элитадагы ыйкы-тыйкылык чоң өзгөрүштүн чен-өлчөмүнөн алганда кымындай нерсе. Бир бүркүм таза желаргы тазалап салат. Экономикадагы оош-кыйыш да ордуна келчү нерсе. "Ач курсак тоюнат, жыртык кийим бүтөлөт" дечү беле кыргыз.
Кептин баары жараткандын жарыгы тийип, жашообузду оомат-дөөлөт, кут, ырыскы коштоп, элибизде ынтымак-биримдик болсо, пейил-ниетибизди кенен койсок, рух байлыгыбыздын уюткусун бузуп албасак, кызырлуу кыргыз элинин кыйыры чексизге улана берет.
???
Кечээ жакында "Дасмия" улуттук-этнографиялык комплексинде "Кыргыз Ордо" маданий-өндүрүштүк борбордун ачылышына арналган кеңеш-жыйын болуп өттү. Бул жаңы иштин жандануу жөрөлгөсүнө илимпоз-окумуштуулар, жазуучулар, манасчылар, музыканттар, сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр, улуттук өнөрдүн ар кыл адискөй өкүлдөрү катышып, чер жазыла сүйлөшүп, четинен пикир айтышып, ийри отуруп, түз кеңеш курушту.
Бул жыйынды алып баруу вазийпасы мага жүктөлгөндүктөн, алты ооз алгы сөзүмдү айтып, алгачкы сөздү "Кыргыз Ордо" маданий-өндүрүштүк борборду уюштуруу боюнча топтун мүчөсү, КРнын туризм боюнча мамагенттигинин директору Т.Мамашевге бердим. Турусбек Чукуевич чукугандай сөз таап, көкүрөктөгү көксөөнү көрө билип, улуттук этно маданият, искусство, адабият, кол өнөрчүлүк, туризм ж.б. тармактарда жүрүп жаткан иш-аракеттерди, демилгелерди колдоо менен, бар мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип, ынтымак менен биргелешип иш алып барууну сунуштады.
- Таза, кооз жерибизге, таланттуу, меймандос элибизге кызыккан туристтердин агымы жылдан жылга көбөйүп жатканын баса белгилеп, биз да өз кезегинде аларды татыктуу тосуп алууга, ишкерликтин ар кандай түрлөрүн өнүктүрүүгө даяр болушубуз керек, - деди.
Мекенчи, кыргызчы, мударис Кусеин Исаевдин ар дайым кыргыз үчүн күйүп айтып, жазып келе жатканын коомчулук жакшы билет. Бу жолку сөзүндө кыргыздын кет-кети биротоло кетип, элибиздин пассионардуулук дымагы ойгонуп, кел-кели келсе экен, жакшы тилек менен башталган бул ишиңер биригүүгө данакер болсо экен - деген аксакалдык ак сөзүн айтты.
Андан кийин сөз алган улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Баяс Турал өзүнүн салыштыруулары менен көпчүлүктү бир чети күлдүрсө, бир чети ойго салды.
- Арстандар менен бүркүттөр аз эле болушат. Ал эми чөөлөр, түлкүлөр, жорулар, каргалар жер жайнайт. Арстан менен бүркүттөрдүн аздыгынан аларга болгон сый-урмат эч качан төмөндөбөйт. Кыргыз да арстан мүнөз, бүркүт сымал эл, - дегенде, отургандар бир сыйра дуу күлүп алышты. Анан барып олуттуу боло калышып, кеп тыңдашты.
КРнын Эл артисти, "Тунгуч" театрын түптөгөн, коомдук палатанын мүчөсү Жамал Сейдакматова Манас, Кыргыз жөнүндө монолог айтып, ал эми КРнын эмгек сиңирген артисттери Нурак Абдрахманов менен Роза Аманова сүйлөп да, ырдап да беришти.
Жарыш сөз тармактар боюнча уланып, сүрөтчүлөрдүн атынан КРнын Эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамсыйлыктын ээси Жоомарт Кадыралиев, кол өнөрчүлөрдүн атынан атактуу боз үй жасоочу уста Жылкычы Шаршенбиев, улуттук спорт жаатынан "Кулатуу" федерациясынын президенти Темир Турусбеков, кийинки муундун атынан "Манас-Ата" коомдук фондунун, "Аалам кыргыздары" журналын негиздеген мекенчил жигит Акылбек Атабаев сүйлөп, башталган ишке ийгилик каалашты.
Ошол эле мезгилде ар кимиси колдон келген мүмкүнчүлүктөрүн бир максатка бурганда гана аракеттен натыйжа чыгарын айтышты. Мындан ары Т.Мамашев башында турган "Дасмия" борборунда түзүлгөн шартты улуттук кызыкчылык үчүн пайдаланып, жума сайын бейшемби күнү саат 18.00дө ар кандай руханий кечелер, көргөзмөлөр, концерттер дайыма өтүп турмай болду.
Руху бийик эл эч качан өлбөйт.
Өркөөдөнүң өссүн, арыба, кыргыз!
Кадыр КОШАЛИЕВ, БАТА руханий-изилдөө борборунун директору