"Көк Асаба", 30.06.09 - 3-бет: АКШ жана Иран
"АКШ Иран менен анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр" деп билдирди Америка президентинин кеңешчиси Дэвид Аксельрод. Анын айтымында, АКШ Иранга эки вариантты сунуштоого даяр. Алардын бири ирандыктарды коомчулукка кайрыйт, ал эми экинчисин тандап алышса, анын арты бир топ кыйынчылыктуу болорун билдирди кеңешчи. "Өзөктүк программа ирандыктыр үчүн эле эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн кооптуу" дейт Аксельрод.


Мосавини угушар бекен?
Иранда 12-июнда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары кээ бир аймактарда кайра каралып чыгууда. Бул туурасында "Аль-Алам" мамлекеттик телеканал билдирди. Ал эми башкы оппозиционер Мир Хосейн Мосави мындай чечимге макул эместигин маалымдап, шайлоонун жыйынтыгын таптакыр жокко чыгарууну талап кылууда.


Майкл Жексондун өлүмү
Легендарлуу ырчы, поп-музыканын падышасы атка ээ болгон Майкл Жексондун жакын туугандарынын суранычы менен көз карандысыз патологоанатом ырчынын денесин экинчи жолу сойду. Жакындары ырчынын көз жумушуна жанындагы жеке дарыгери Конрад Мюррейдин тиешеси бар деп эсептешүүдө. Тест жыйынтыктары 1-1,5 айда белгилүү болот.




Калкынан алыс баш калкалаган президент
28-июнда өлкөдөгү аскердик төңкөрүштөн кийин Гондурастын Улуттук Конгресси мамлекет президенти Мануэль Селайинин отставкасы үчүн добуш берип, убактылуу өлкө башчылыгына парламент спикери Роберто Мичелеттини шайлады. Демонстранттар негизинен Селайиге экинчи президенттик мөөнөт берүү үчүн өткөрүлө турган референдумга каршы чыгышкан. Учурда тактан түшкөн экс-президент Коста-Рикада баш калкалоодо. АКШ, Венесуэла, Боливия, Эквадор жана Аргентина Гондурастагы саясый кырдаалга кескин сын айтып чыгышты.


Шри-Ланканын нааразылыгы
Эл аралык валюта фонду Шри-Ланкага 1,9 миллиард доллар кредит берүүдөн баш тарткан соң, аталган өлкө фонд ашкере саясатташып кетти деп билдирүүдө. Фонд АКШ, Англия жана башка өлкөлөрдүн Шри-Ланкадагы "Тамил арстандары" сепаратисттерине каршы өкмөттүк ири операцияны сынга алуусунан кийин кредит берилбестигин билдирген.


Оппозицияга да жеңиш бар экен
Аргентинада жекшембиде өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо оппозиция жеңишке жетишти. Ал эми Албания мамлекетинде өткөн парламенттик шайлоодо учурдагы премьер-министр Сали Бериша жетектеген Демократиялык партия көпчүлүк добшка ээ болгон. Өлкө парламенти 140 депутаттан туруп, 4 жылга шайланат.


13 адамды суу жутуп
Чехия республикасынын түндүк-чыгыш аймагында суу каптоодон улам 14 адам жабыр тартып, анын бирөөсү гана аман калган. Бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгыр Влтава дарыясындагы суу деңгээлинин көтөрүлүшүнө себеп болгон.


Украина оппозициясынын сыны
Украинанын оппозициялык региондор партиясынын лидери Виктор Янукович өлкө парламентин таратууга бир топ негиз бар деп билдирди. "Парламентте коалиция жок. Министрлер өкмөттөн кетип атышат. Демек, жоопкерчиликтен качышууда" дейт лидер. Анын айтымында, парламентте көпчүлүк орунду ээлеген саясый күчтөр ишмердүүлүгү туурасында отчет берип, өз пландарын ачык айтуулары керек.




Табият сести көргөзүп
Араван районунда нөшөрлөгөн катуу жаандан улам 27 үйдү суу каптап кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, үйлөрдөн тышкары 9 чарба короо-жайы, 2 гектар айдоо жер жарактан чыккан. Ал эми Мырза-Акы-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунда суу деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам 70 метрлик тосмонун 20 метрин суу жууп кеткен. Мындан тосмонун калган жери жана ошого улай жайгашкан кургак учук диспансеринин абалы коркунучта турат.


МАИчилер маданияттуу боло баштайбы?
Атайы жайкы сезонго ылайык, автоинспеция кызматкерлери Кыргызстанга келген туристтер менен англис тилинде сүйлөшүшөт. Бул туурасында КР ИИМ жол эрежелеринин коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Болотбек Борбиев маалымдады. Анын айтымында, МАИчилер үчүн кыскача сөздүк жана маданияттуу баарлашуунун китепчеси чыгарылган.


Жаркырап эле калабыз го?
"Электр станциялары" АКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд. 649 млн. кубометрге жетти. Бүгүнкү күндө суунун агымы секундасына 1 миң 513 кубометр болуп, акыркы үч жылга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүчтү түзгөн.


Талапкерлердин ача пикири
Президенттикке талапкер Нурлан Мотуев атаандашы Жеңишбек Назаралиевдин 13-июлга белгиленген теледебатка чыгуудан баш тартышын коркоктук деп билдирди. "Теледебаттан баш тартканы - кыргыз элин сыйлабаганы. Назаралиев кыргыз тилин жакшы билбейт, ошондуктан коркуп чыкпайт" дейт Нурлан мырза. 24-июнда Назаралиев Мотуев менен айтышкысы келбегенин, ага бере турган суроолору да жок экенин айтып чыккан эле.


Сулайман тоо дүйнөлүк тизмеде
Сулайман тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине кирди. Мындай чечим Испаниянын Севилье шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас комитетинин 33-сессиясында кабыл алынды.


Шайлоонун "шарапаттары" башталды…
26-июнда БШК кезектеги жыйынында Башкы прокуратуранын "Президенттик кызматка талапкер А.Атамбаевдин үгүт ишмердүүлүгүнүн укуктук жакка каршы келчү иштеринин алдын алуу чарасын көрүү" боюнча арызын карап, А.Атамбаевге эскертүү берип, үгүт баракчасын алып салуу чечимин чыгарган. Мындай чечимге макул эместигин билдирген Азамат Дүйшөбаев бул маселе боюнча Биринчи Май райондук сотуна кайрыларын билдирди. Ал эми штаб юристи Г.Скрипкина айрым облустук шайлоо комиссияларынын курамы жаңыртылбаганынан улам БШКны жана "Атамбаев Ала-Букада арак ичип шайлоочулар менен жолугушту" деп жазган "Асман-пресс" гезитин сотко берерин билдирди.

Өзгөндө өзгө адамдар колго түштү
27-июнда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кош-Коргон айылында "Ислам жихадынын тобу" менен Кыргызстандын атайы кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда ок атышуу болуп, анын натыйжасында үч куралчан адам өлтүрүлүп, дагы экөө колго түшкөн. Операцияга катышкан укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, жоочулардын кыштакка келип, ээси жок үйдө жашап жатышканына 4-5 күн болгон. Алардын жанынан төрт граната, эки "Макаров" үлүгүсүндөгү тапанча, ок атуучу курал, бир нече уюлдук телефондор жана маалымат сактоочу флешкарталар табылган. Учурда жоочулардын жанында жүргөн бир аял сурак берип жатат. Ал эми Улуттук Коопсуздук кызматы бул беш адам 23-июнда Жалал-Абаддын Сузак районунда террористтерди колго түшүрүү операциясынан соң Өзгөн тарапты көздөй качышкан деп болжолдошууда.

Даярдаган Канышай БЕШБАЕВА