"Көк Асаба", 30.06.09 - 2-бет:
  Анкета-сурак

"Бугумду эч кимге төкпөй калдым"
1. Аты-жөнүңүз - Наргозуев Бегалы Молдогозуевич.
2. Туулган жылыңыз - 1961-жыл, 5-февраль.
3. Жерлигиңиз - Аксы району.
4. Кызматыңыз - ЖК депутаты, "Ак Жол" фракциясы.
5. Депутаттык ишмердүүлүк сизге эмне берди? - Айта турган сөздү көпчүлүккө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берди. Саясый чөйрөгө аралашат экенсиң. Депутаттык ишмердүүлүктө ар кандай документтерге жол ачылып, алар аркылуу олуттуу маселелерди чечүүгө салым кошууга жетиштим.
6. Кыргыздын тарыхындагы сизди күйүндүргөн нерсе - Жаңы тарыхта чегара маселеси чоң көйгөйгө айланып отурат. Союз кезинде баарыбыз бир мамлекетпиз деп, бул маселеге тийиштүү көңүл бурулбай калган. А биздин коңшулар кыраакылык кылып, ошондо эле керектүү документтерди Москвага жөнөтө беришкен экен. Азыр далил да, факт-аргументтер да алардын колунда. Учурунда алысты көрө албагандыгыбыз, чечкиндүү аракеттерди жасабаганыбыз жүрөк кейитет.
7. Саясатты таштап салгыңыз келген учур болду беле? - Саясатка аралашканыма 3-4 эле жыл болду. Азырынча андай ой келелек.
8. Саясаттын сизди иренжиткен көрүнүшү - Саясаттын табиятынын өзү көңүл калтырарлык. Муну ар ким өзүнүн деңгээлине, дараметине жараша кабыл алат.
9. Кыргыз элинин баалуулугу эмнеде? - Кара кыргын, кызыл сүргүн заманда эл катары жоголуп кетпей, маданиятын, өз баалуулуктарын сактап калганында. Албетте, толугу менен ушу күнгө жеткире алган жокпуз. Ушул ишти колго алуу керек. "Алтын доордун", "келкел" замандын продуктусун көтөрүп чыгуубуз керек.
10. Өзүңүздөгү оң сапаттардын бири - 6 сааттан ашык уктабайм. Жакындарымдын айтымында эмгекчилмин, көп изденем.
11. Башкаларга акыл-насаат үйрөткөндү жактырасызбы? - Жок, жактырбайм.
12. А укканды жактырасызбы? - Жактырам.
13. Журналисттердин сиздин кыжырыңызга тийген сапаты - Акыркы кезде тынчымды көп алышчу болду. Айрым учурда жазган материалдарынын төмөн деңгээли капалантат.
14. Алгачкы айлыкты кандайча тапкансыз, эмнеге коротконсуз? - 7-8-класс кезимде өндүрүштүк бригадада иштеп, 90 рубль алгам. Үч-Коргондогу базарга барып иним экөөбүзгө дефицит болгон спорт костюмдарын сатып келгем.
15. Кайсы атактуу адамга же чыгармага таасирлендиңиз эле? - Кубат Жусубалиевдин китептери мага таасир калтырган. Жусубалиев менен кино жаатындагы Феллининин сырларын бүгүнкү күнгө чейин ачалбай келем.
16. Жактырган тарыхый инса-ныңыз - Чачыранды Герман мамлекетин айла-амал менен бириктирген 1-канцлер Отто фон Бисмарк.
17. Хоббиңиз - Кино көрөм, тоого чыгам.
18. Дүйнөңүз кыйналганда бугуңузду кимге төгөсүз? - Акыркы жылдары эч кимге төкпөй калдым.
19. Элиңизге жасаган кайсы иш үчүн өзүңүзгө ыраазысыз? - Азыр буга аракеттер көрүлүп жатат.
20. Кыргыз кыз-келиндерине кандай сыпаттама бересиз? - Кыз-келиндерибиздин башкаларга окшошпогон очок ээси, аруулук, назиктик, мээримдүүлүк сыяктуу улуу касиеттери бар. Ушул сапаттар сакталышын каалайм.
21. Үй тиричилигинде мык-балка кармабаганыңызга канча болду? - 20 жыл. Мурда кармап эле жүрчүмүн. Азыр убакыт жок, анын үстүнө эригет экенсиң.
23. Балдарды тарбиялоодогу негизги принцибиңиз - Менин атам катуу киши эле. Апам тескерисинче, жумшак болчу. Мен да катуу принципти тутунам.
24. Жактырган учкул сөзүңүз - "Ийилгенге ийилгин, башың жерге тийгиче, какайганга какайгын, төбөң көккө жеткиче".
25. Жандүйнө эс алуусун эңсегенде эмне кыласыз? - Суунун жээгиндеги дачама барам. Бир бокал кызыл вино ичип, китеп окуйм.




Калктын шайлоого карата шайы кандай?
23-июлда өтүүчү президенттик шайлоого карата ар бир штабда буркан-шаркан даярдыктар жүрүүдө. Ал эми эл ичинде шайлоо боюнча кандай пикирлер бар экенине кызыгып, ар тармактагы адамдарга собол узаттык. Бул жүргүзүлгөн чакан сурагыбызда адамдар атайы тандалган жок жана атайы бир талапкерге басым жасаганыбыз жок.

Бегалы Тагаев, КУУ доценти:
- Алдын ала ойлоно баштадык. Шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасагандыктанбы, дегеле союз урагандан кийин кантип жашаш керек, ушу элибиздин маданияты, искусствосу, турмуш абалы кантип өсүп-өнүгөт деп толгонот экенсиң. Кыргыз болгондон кийин бул боюнча ойлонбой коюуга болбойт. Мен бардык талапкерлердин арасынан К.Бакиевди татыктуу деп эсептейм. К.Бакиев президенттикке келгенден бери жашоо жакшы жакка өзгөрүп жатат, элдин турмушу бир топ өстү. Азыр дүйнөлүк кризис, кымбатчылык болуп атат. Мындан Кыргызстан да жабыр тартып турат. Ушундай кырдаалдан бизди Бакиев гана алып чыга алат деп ойлойм.
Шабдан Рыскулов, Дене тарбия жана спорт агенттигинин кызматкери:
- Кимге добуш береримди чече элекмин. Учурдагы президенттен башка талапкерлердин үгүт иштерин көрө элекмин. Менимче, талапкерлердин иш алпарчу штабдары жакшы иштебей атат.

Перизат, КГУСТА студенти:
- Бакиевден башкасын шайлайм. Ушу президент келгени Кыргызстандын канча жерлери сатылды. Алмаз Атамбаевди шайлап калышым мүмкүн.

Айнажамал, бухгалтер:
- Биздеги шайлоого көп деле ишене бербейм. Кандай болгон күндө да баары бир Бакиевди уттуруп коюшат. Бирок, албетте, шайлоого барам. Добушумду Атамбаевге берем.

Талант, таксист:
- Бардык талапкерлердин ичинен учурда Курманбек Бакиевдин эле аракети чоң болуп жатат. Үгүт иштери чоң масштабда. Башка талапкерлер жакшы иштебей жатышабы, айтор көзгө көрүнөрлүк болбой жатат.

Бегимжан Ахметова,пенсионер:
- Мен Кыргызстандын келечеги үчүн өлкөбүзгө чындап күйгөн жигиттердин бири, президенттикке ат салышып аткан Темир Сариевди шайлайм. Өтсө экен деп күнүгө тилейм. Т.Сариев - чыныгы кыргыз. Ак калпак эли үчүн ушу баланы татыктуу деп ойлойм. Кыргыздын келечеги үчүн бир топ иштерди жасоого кудурети да, мүмкүнчүлүгү да жетет.

ЭРЛАН, филармония сүрөтчүсү:
- Азыркы эле президентибиздин турганы ылайык го. Бөлөгү болгондо деле эмнени кыйратмак эле? Бакиевди эле шайлайм.

Айтбүбү, сатуучу:
- Азыр эми баарыбыз эле билип калбадыкпы, шайлоо баарыбир таза өтпөйт. Татыктуу деп Атамбаевди шайлайлы десек, азыр ага карата тескери үгүт иштери күч болуп, ал тууралуу жаман кептер айтылууда. Дагы убакыт бар. Үгүт иштерин көрүп, анан бир чечимге келем го.

Бетти даярдаган Айбек СЕЙИТБЕКОВ