"Көк Асаба", 30.06.09 - 15-бет:
  Икая

Кербенчилер
Кербен сарайда эс алып отурган соодагер алысыраак жакта өтүп бараткан кербенди көрүп, анын кайдан келатканын билип келүүгө малайын жумшайт. Буту-бутуна тийбеген малай чуркап барып билип келет да, кожоюнуна келип:
- Басрадан келе жаткан кербен экен, - дейт.
- Кайда баратыптыр?
- Азыр билип келем… - деп малай чуркап кетет. Бир аздан кийин келип:
- Мединага баратыптыр, - деп жооп берет.
- Ээси ким экен? - деп сурайт соодагер.
- Азыр билип келейин…
- Токто!.. Кереги жок, - дейт да соодагер башка малайын чакырып, өтүп бараткан кербен ээси жөнүндө билип келүүсүн буюрат. Аз убакыттан соң малайы келип жооп берет:
- Бул Басрадан Мединага жибек жүктөп бараткан кербен экен. Ээси - Абу Али ибн Халуми. Жибектин он кезин беш динардан сатат экен. Бирок эгер баарын сатып алсаң төрткө түшкүдөй. Соодалашып келейинби?..




  Кыйырдан берки...

Кыргыз батасы
(Бакай атанын батасы)
Айтылуу шумкар көздөй бол,
Адам таппас сөздүү бол.
Байсалдуу артың үзүлбөс,
Бак баштаган көчтүү бол.
Балага балтыр бешик бол,
Бакытка ачык эшик бол,
Улууну сыйлап жетик бол,
Кичүүгө өмүр кешик бол.
Аккан суунун шары бол,
Балбандардын алпы бол,
Оорулууга дары бол,
Опол тоодой кары бол.
Кыдыр болсун жолдошуң,
Кыйын күн башта болбосун.
Ыйык тут ата ордосун,
Омийин, кудай колдосун!





  Саламатта бол!

Ооруба, жаным, ооруба
Уйку
Испаниянын медицина адистери көмкөрөсүнөн жатып уктоо зыян экенин изилдеп чыгышкан. Мындай абалда уктоодо дене ашказанга, табарсыкка оорчулук келтирип, кан айланууну начарлатат.
???
Физиологиялык жактан эң эле туура абал - оң капталда уктоо. Мында ички органдар кысылбай, кыр арка эркин болот.
???
Организмдеги майды азайтууга таасир берген адамдын бой гормону уйкуда, өзгөчө уйкунун алгачкы 2-3 саатында бөлүнүп чыгат. Демек, ашыкча салмактан арылуу үчүн кандыра уктоо зарыл.
???
Уктаар алдында жана уктап жатканда суюктук көп бөлүнбөйт. Ойгонгондо ооздун кургап калганы ушундан.
???
Жатаарда сууну, тамакты көп ичүү, чатакташуу - уйкунун оор, тынчы жок болушун шарттайт.
???
Дем алыш күндөрү керелден кечке уктап "эс алгандан" көрө, жумуш күндөрү уйкунун убактысын көбөйтүп коюу оң.





  Бермет сап

Темиркул Үмөталиев
Сен жок болсоң
Жер караңгы Ай жок болсо асманда…
Жол караңгы сенсиз өзүм басканда.
Сен жок болсоң жанбайт көңүл чырагы,
Иштен кайтып үй эшигин ачканда…
Айдай селким, абалымды унутпа,
Менден качып жашынбагын булутка.




  Түш жоруу

Жүк көтөрүү
Түшүндө жеңил жүк көтөрсө, анын кадыр-баркы өсөт. Оор жүк - күнөөнүн көптүгүн билдирет.
Куш сыяктуу учуу
Түшүндө учуп жүргөн адамдын күч-кубаты артат, кадырлуу болот. Жолго чыгып, көп жакшылыктардын ээси болуусу күтүлөт. Эгер түшүндө учуп баратып, ылдый кулап кетсе, кырсыкка кабылышы мүмкүн.




  Макал-лакаптар

Мага да, сага да маанилүү
Конок - болжолсуз, өлүм - сураксыз.
???
Күмүш үйлүү кыз чөп алачыктагы атасынан үмүт кылат.
???
Куру кайгыдан пайда чыкпас, кайгыңды кайгы экен деп эч ким укпас.
???
Малдын ээси болсо, карышкырдын кудайы бар.
???
Жашаганды билбеген, жашоонун баркын кетирет.




А сен билесиңби?
Чыканакты тиштемек тургай жалоого да мүмкүн эмес. Муну окуган адамдардын жок дегенде 75%ы чыканагын тиштеп көрүүгө аракет кылат.




  Табитиңиз ачылсын!

Сабиз салаты
(Корей ашканасынан)
Каалаган көлөмдөгү сабизди ичке туурап, туз сээп, 10 мүнөткө идиштин капкагын жаап кое турасыз. Тузу чыккандан кийин, ширесин сыгып алып, мурч сээп, аябай ысытылган өсүмдүк майы менен аралаштырасыз. 15 мүнөт кое тургандан кийин соя соусун, лимон ширесин, майдаланган чеснок же кинза кошуп дагы бир ирет аралаштырып коюңуз. Салат үстөлгө коюлардан бир топ убакыт мурун жасалса, даамына чыгат.





  Айымдарга ай-а-ай кеңеш

Сулуулугуңа сулуулук
???
Нормалдуу тери чымыр келип, косметикалык каражаттардын көпчүлүгүнө чыдамдуу болот. Кремдердин курамындагы витамин жана өсүмдүк эссенциялары мындай теринин мыкты болушун шарттайт. Мындан тышкары, нормалдуу тери үчүн бир нече жакшы бышкан алчаны майдалап, 1 аш кашык картошка крахмалы менен аралаштырып жасалган 20 мүнөттүк маска да пайдалуу.
???
Кургак тери жука болот. Тез-тез түлөп, сырткы таасирлерге өтө сезимтал келет. Эрте бырыш түшөт, ак куба тартып, соолуган элес калтырат. Кургак тери үчүн 0,5 стакан кулпунайды эзип, ага 1 аш кашык каймак менен жарым кашык балды кошуп масса даярдап, бетиңизге жапсаңыз болот. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жуунуп, андан соң бетиңизди муздак суу менен чайкап коюңуз.
???
Майлуу тери - жалтырап майланышып турат. Лимондун кабыгы сымал одуракай келет. Мындай териге жакшылап кам көрүлбөсө, бетте кара тактар, безетки пайда болот. Көп учурда ал ириңге айланып кетиши мүмкүн. 1 аш кашык кургак дрожго ошол эле көлөмдө каймак кошуп, бир түрдүү масса даярдайсыз. Ага эзилген кулпунай же жаңы даяр болгон кулпунайдын ширесин кошуп, бетиңизге, мойнуңузга жабасыз. 30 мүнөттөн кийин масканы жууп салсаңыз болот.
???
"Аралаш" тери бетинин бир жери майлуу болсо, экинчи жери кургак болуусу менен айырмаланат. Мисалы, мурундун учу, чеке, ээктеги тери майлуу болсо, көздүн тегерегиндеги жерлер кургак болот. Мында беттин ар бир жеринин өзгөчөлүгүнө жараша кам көрүлүшү керек. 3 аш кашык кулпунайдын ширесине 1 аш кашык глицеринди кошосуз. Кебезди даяр болгон массага малып алып, бетиңиздин көз тегеретесинен башка жерлерине 15-20 мүнөткө жука кылып жабасыз.
Даярдаган
Канышай Бешбаева