"Көк Асаба", 23.06.09 - 8-бет:
  Саясатчы саябан

ЖК депутаты, "Ак Жол" партиясынын мүчөсү Ибрагим ЖУНУСОВ:
"Парламент тараса, "партия менен болом"
- Ибрагим мырза, мына жакында эле Өзбек чегарасындагылар биздин атуулду атып салышты. Алардын бул мамилесин кандай баалайсыз?
- Бул тышкы саясый дипломатиялык байланыш. Коркутуусуз сүйлөшүү керек. Өзбек калкы да назик калк, кошуна болгондон кийин дайыма ынтымакта жашообуз зарыл. Ар бир маселени "сизиң, бизиң" менен чечүүбүз керек.
- Бул маселеде өзбектер кыргыздарды бир топ эле басмырлап келатканын көрүп-билип эле жатпайбызбы? Президенти Ислам Каримовго бийликтегилер кайрылдыбы?
- Антип айткан туура эмес. Бул, өзбек президентинин деңгээли эмес. Бул, ошол эле чегарада турган солдаттын деңгээли. Деңгээли төмөн адамдардын кылган кылыктары. Алар мындай жосундары менен бир эле өзүн эмес, бүтүндөй өзбек калкын уят кылат. Адамгерчилиги төмөн кишиден баарын күтсө болот. Бөрк ал десе баш алган, чылпагыңды тазала десе, көзүн чукуп салган адамдар бар да. Алардын деңгээлине түшпөй, сый болгонубуз жакшы.
- Мамлекеттик деңгээлдеги сыйыбыз сакталсын, бирок чегарадагы баш алгандар дале атып сала бербеш үчүн кандай чара көрүлүшү керек?
- Өзбектердикиндей татаал болбосо да, тажиктер менен анча-мынча көйгөйлөр бар. Бул тышкы саясатта албетте, чечилет. Кытай, Казакстан мамлекеттери менен чегара маселеси таптакыр чечилген.
- Биздин өлкөнүн азыркы оң-терс жагдайларын айтып кете аласызбы?
- Терс жактарын билбейм, бирок оң жактарынын бир тобун саноого болот. Камбар-Ата ГЭСинин курулушу, пенсиянын көтөрүлүшү. Эгер Кыргыз республикасынын бюджети 15 жыл ичинде 17 миллиарддан ашпай келсе, азыр 56 миллионго жетти. Эгемендүү болгондон бери болгону 6 мектеп курулса, азыр 122 мектеп курулду. Бир топ дөө-шаа мамлекеттер биз менен сүйлөшүп, мамилелердин бекемделиши - чоң жетишкендик.
- Кокус күзүндө парламент тарап кетсе, кадамдарыңыз кандай болот?
- Парламент тарай турган болсо, мен партия менен болом. Партия кайда жумшаса, ошол жакка барам. Мен бул партиянын ичинде аскермин.
- Ош окуясынан кийин балалуу болгондо "элим аман болсун деп, атыңды койдум Эламан" деп ырдап, ал ырыңыз абдан атактуу болгон. Эламан азыр эмне менен алек?
- Өзү дипломатияга кызыгат, окуган окуусу да ошол. Футболду аябай жакшы ойнойт. Музыкалык аспаптын бир нече түрүндө ойнойт. Бирок мен аны музыкага жакындатпадым. Бул дүйнөнүн жолу татаал. Мени кудай колдоп чыгып кеттим. Кээ бир ырчыларыбыз бар, сөздөрүнө карасаң, куду бейиштин төрүндө жашап атышкандай. Ал эми жеке турмушу жакшы эмес, үйүнө барсаң башкача. Эгер мен деле баламды ырдатып, сонун бир клип тарттырып берип койсом андан өткөн популярдуу адам болбойт. Бирок мен антким келбейт. Музыка дүйнөсүнө киришин каалабайм.
- А саясатчылар дүйнөсүнө киришин каалайсызбы?
- Окуусун бүтсө, өзү каалаган ишин иштейт. Эламан оюна келгенин жасаган балдардан эмес, менин айтканымды угат, бирок мен балама багыт гана бере алам. Келечеги алдыда. Эң негизгиси, мыкты инсан болсо болду.
- Сиз депутат болгондон кийин ырчылык болбойт экен деген ойго келдиңиз беле?
- Жок, андай ой болгон эмес. Жогорку Кеңештин регламентинде эки нерсеге уруксат берилет - чыгармачылык жана мугалимдик. Меники экөө тең туура келет. Чыгармачылыкта Кыргыз республикасынын эл артисти болсом, мугалимдикте педагогика илимдеринин кандидатымын, профессор наамына жеттим. Мени депутаттыкка жеткирген, Ибрагим Жунусов деген атка кондурган - менин ырларым. Ушунча ырдап жүрүп, депутат болгондон кийин ырдоого болбойт десем, анда мени ырларым кечирбейт. Ырдын кусуру да жаман. Мени ырларым колдоду. Ошон үчүн мени партияга чакырышты. Алгач 10дон ашык партиядан сунуш түшкөн. Мен өзүм "Ак Жол" партиясын тандап алдым.
- Мугалим, профессор катары айтсаңыз, мектептердеги, окуу жайлардагы билим деңгээлин кантип көтөрүп, паракорчулукту кандайча жойсо болот?
- Жакында президент К.Бакиев билим берүүнүн концепциясын сунуштады. Ага ылайык, балдар бала бакчадан баштап тарбияланышы керек. Бул иш-аракет буюрса, жакшы натыйжа берет деп ойлойм.
- Ырчылыктан депутаттык деңгээлге жетишиңизге кандай баа бересиз?
- Мен эмгектенгенден качпайм. Жалкоолонбой, бир нерсени ийне-жибине чейин бүтүрө жасаганды жакшы көрөм. Мугалимдиктен проректорлукка чейин көтөрүлгөндө, "музыкант кантип эл башкармак эле" деп айткандар болду. Парламентке келгенде деле "ырчы кантип мыйзам жазат?" деп жеригендер четтен чыкты. Универистетте да, парламентте да минтип айткандар азыр токтоду. Менин иштей аларыма көпчүлүк ынанды.
- Тарыхта калган ырчылардан кимисин баалайсыз?
- Агайым Рыспай Абдыкадыровду. Бу киши агай эле эмес, мен үчүн өз атадай болуп калган. 1-курска келгенде Рыспай Абдыкадыровдун аккордеон аспабы боюнча классына туш болгом. Экөөбүз ээрчишип жүрүп калчубуз. "Менин балам жок, сенин атаң жок" деп, жеңем экөө мени өз баласындай көрүшчү. Концерт коюп барган жерге "менин балам" деп тааныштырчу. Рыспай агай "мен өлгөндө үйдө эркек бала турушу керек, концертим бар деп кетип калба" деп көп айтчу. Кийин, Рыспай агай каза болгонун угаар замат үйүнө барып тургам.
- Жумуштан чарчаганда кантип эс аласыз?
- Жумуштан чыгып кээде ырдайм. Үйгө барганда бош убакыт аз. Сессияга даярданып көп окууга туура келет. Ошентип отуруп саат тез эле он эки, бир болуп калат. Эртең менен 5 километрге чуркайм. Үйдөн чыгып Жогорку Кеңешке чейин, кайра темир жол вокзалына, андан үйгө чейинки чуркаган аралык 5 чакырым болот. Өзүм эркин күрөштүн чеберине талапкермин. Биздин убакта спорттун чебери, талапкер дегендер аз эле. Азыр көбөйүп кетпедиби. 61 кг салмактагы Кыргызстандын чемпиону болгондон кийин күрөштү таштап, музыкага берилип кеткем.
- Жашоодогу эң кымбат учуруңуз кайсы?
- Албетте, балалык. Апам, бир туугандарым менен бирге жүргөнүм. Көйгөй деген жок. Бир помидор менен бир туурам нан жесең, курсагың тоет. Таза кезиң, эч бир тоскоолдук жок, бирөө менен жаман-жакшы айтышпайсың. Учурда мен балалыктан өткөн бактылуулукту көрө элекмин. Ушундан улам балалык жөнүндө жазган ырым эсиме түшүп жатат. Саясаттан, баарынан тажап балалыкка кетким келип кетет, айла жок. Альбомду ачып балалыктын сүрөттөрүн барактап отуруп кадимкидей ырахат алам. Биз төрт биртууганбыз. Мен эң кичүүсүмүн. Улуу агам оорудан каза болду. Андан кийинки агам Абдуалим буюртма киши колдуу болуп өлдү. Апам өтүп кетти. Бир жылда үч жакыныман айрылып, аябай жаман абалда болгом, өңүмөн азгам. Азыр эми, кудайга шүгүр, эки кыз, бир уулум, 1,5 жаштагы Асема деген неберем бар. Ошону эркелетем.
- Ырларыңызды өзбек туугандар да которуп ырдап чыгышыптыр…
- Ооба, Мырза Холмедов "Балама" деген ырды суроо-сопкутсуз ырдап чыгып, Өзбекстанда "Жылдын мыкты ыры" наамын алган. Кийин келип кечирим сураган. Биздин Кыргыз патент аны сотко бергенден кийин "Сөзү, обону Ибрагим Жунусовдуку" деп оңдоп ырдай баштаган. Анын антип уурдап ырдап жүргөнүн "Ялла" тобунун жетекчиси Фарух Закиров айтып калды, "сенин ырыңды ырдап жүрөт" деп. Бул ырды казактар канча талашты, түрктөр жүрүштү биздики деп. "Эламан" деген эмне десем, жооп бере алышпайт. "Ал менин балам" дечүмүн мен.
- "Нике шакек" аттуу ырыңыз өз башыңыздан өткөн окуядан улам жаралганбы?
- Бул ыр 1986-жылы жазылган. 1990-жылы ырдалып чыкты. Кийин 9 жылдан кийин кайра ырдап чыктым. Ырдын тарыхы студенттик күндөргө байланыштуу. Каарманы - мени тоготпой кеткен кыз. Экөөбүз бир группада окуганбыз. Менин бир агыш костюм-шымым бар болчу. Биринчи, экинчи, үчүнчү курста деле ошону кийип жүрчүмүн. Ошол костюм менен окууну бүтүп, мамлекеттик экзамен тапшырып жатканда гана жаңы костюм-шым алгам. Менин жактырып жүргөнүмдү билген бир курбусу ошол кыздан "Эмне үчүн Ибрагимди карабайсың?" десе, "анын бир эле костюм-шымы бар" дептир. Бул сөзүн мага ошол эле курбусу айтып берген. Ушул сөз жүрөгүмдө калып калды эле. Азыр, кудайга шүгүр, канча костюм-шымым бар экенин да билбейм. Ал эми тиги кыз жөнүндө угуп калам кээде. Окууну бүткөндөн бери көрө элекмин. Ошо кезде ага сөз айтып жүргөн бир мугалимди да сабап салгам. А киши кийин мен декан болуп иштегенде менин кол адымда мугалим болуп жүрдү.
- Кайын журтка барганда күйөө балалык милдетиңизди аткарып, мал соесузбу?
- Жок, мен тоок да сойбойм. Боорум ооруп кетет. Канды карай албайм, кыжырым келип башкача болуп кетем.
- Ошко бат-бат барып турасызбы?
- Ошту мен абдан сагынам. Мурза Гапаров айтчу эле: "Оштон чыкпай туруп Ошту сагынам" деп. Анынсыңары, мен Оштун ичинде жүрүп эле Ошту сагынчумун. Азыр да куса болом.
Айбек СЕЙИТБЕКОВ