"Көк Асаба", 23.06.09 - 13-бет:
  Жомок

Торгой
Учуп келаткан торгойдун топусу эрмендин арасына түшүп кетти. Торгой эрменге карап:
- Эрмен, эрмен, топумду алып берчи, - деди.
- Сенин топуң эмес, өзүм ордуман козголо албай турам, - деди эрмен.
- Анда сени эчкиге айтып жегизем, - деди да, торгой эчкиге келди.
- Тетиги жерде көп эрмен бар экен, ошону жесең болбойбу?
- Эрменди жемек тургай, улагымды көтөрө албай араң эле жүрөм, - деди эчки.
- Сени карышкырга айтып жегизем, - деп торгой учкан бойдон карышкырга барды:
- Карышкыр, карышкыр, төмөн жакта бир эчки турат, жесең боло.
- Эчки жемек тургай, үңкүрүмдү каза албай жатам, - деп жооп берди карышкыр.
- Сени жылкычыга барып айтайын, азыр чаап алсын! - деди да, торгой сызган бойдон жылкычыга жетти:
- Жылкычы, жылкычы, төмөнкү коктуда бир карышкыр үңкүр казып жатат, чаап алсаң боло.
- Карышкыр чапмак түгүл, жоголгон жылкымды таба албай жүрөм, - деп жылкычы сүйлөдү.
- Сени байга айтпасамбы, - деди торгой.
Анан байга келди:
- Бай, бай, жылкычың жылкыларды жоготуп, таппай жүрөт, аны урсаң боло.
- Жылкычыны урмак түгүл, казымды көтөрүп баса албай отурам, - деди бай.
- Сени чычканга айтып казыңды тештирейин, - деп торгой чычканга келди.
Байдын казысын тешмек түгүл, балдарыма ийин каза албай жатам, - деп чычкан чайылдады.
- Сени тентек балага айтып, ийиниңе суу куйдурбасам! - деп торгой кекенген бойдон тентекке барып айтты.
- Ийинге суу куймак түгүл, балдарга чүкөмдү уттуруп, музоомду кайтара албай жүрөм, - деди тентек бала.
- Сени энеңе айтпасамбы! - деди да, торгой баланын энесине учуп кетти:
- Балаң чүкөсүн уттуруп, музоосун карабайт экен, сабасаң боло!
- Аны сабамак тургай, жүн сабай албай жатам, - деди энеси.
- Сени куюнга айтып, жүнүңдү учуртайын, - деди да торгой куюнга барып айтты. Анын колу-жолу бош экен, макул болду. Куюн кокту ылдый келип, кемпирдин жүнүн учурду, кемпир баласын урду, баласы чычкандын ийинине суу куйду. Чычкан чыга калып, байдын курсагын тырмады, бай жылкычысын урду, жылкычысы карышкырды кууду, карышкыр кара эчкини кууду, эчки эрменди жеди, эрмен торгойдун топусун алып берди. Ошондон кийин торгой топусун башынан түшүрбөй, дайыма баса кийип жүрүүчү болуптур.




Студенттик күндөр, ай!
Уурдап жеген аш болбой…
Экинчи курс кезде аябай курсагыбыз ачып, айла кеткенде чогуу жашаган досум экөөбүз тамак бышырчу жайдан тамак уурдап келип, керебеттин астына жашырып койдук. Көп өтпөй бөлмөнүн ичине тамактын жыты аңкып жыттанып чыкты. Текшерип келип калбасын деп, арча алып бөлмөнү дем алгыс кылып түтөтүп салдык. Аңгыча кыздар келип, бөлмөбүздөн тамагын издеп таппай кетишти. Көңүл жайланып, дасторкон жайылып, балдар менен тамакты алып чыгып ырахаттанып жеп отурсак, кыздар кайра комендант менен чогуу текшерип келип кармап алышты. Ошондо эстен кеткис эскертме алган элек.
Дагы бир жолу Бакыт деген досум эртең менен куурдак уурдап келип, керебеттин астына бекитип, "сабакка кечигип жатам" деп кетип калды. Мен уйкусурап жаткам, Бакыт кетери менен туруп, тамактын баарын жеп, эттин сөөгүн кайра казанга салып сабакка кетип калдым. Куурдак көзүнөн учкан Бакыт сабактан келип казанга жабышат. Анан мен сабактан келгенден кийин эмнеге сөөгүн гана калтырасың деп кечке мени сөктү.

Жамбаштан чыккан курут
Замир аттуу студент Чолпон деген сүйгөнүнө үйлөнүп, бир жумадан кийин группалаштары конокко чакырышат. Замир мейманда олтуруп, бир топтон кийин мас болуп уктап калат. Жөн турбаган достору тамашага чалгысы келип, көмкөрөсүнөн жаткан неменин шымынын ичине сүзмө салып коюшат. Түн бир оокумда ойгонгон Замир шымын кармап, заңдап салган турбаймбы деп чочуп, аялын жетелеп шашкан боюнча үйүнө баса берет. Үйүнө келгенде гана сүзмө экенин көрөт. Аялдан амал качып кутулбайт деген чын окшойт, Чолпон аны ыргыттырбай эшикке алып чыгып, тоголоктоп, курут жасап коет. Бир күнү эле ошол достору келип арак ичип отуруп "аяш, закуска барбы?" дешет. Ошондо Чолпон баягы кургатып алып койгон куруттан алып келип берет. Достору арак ичип отуруп, "закуска түгөнүп калды, аяш" дешсе, "өзүңөр сүзмөнү көбүрөөк салбайсыңарбы анан" деп жооп бериптир.

Бектур жана Жазира
Бектур аттуу досум бар болчу. Ал мен жашаган жатаканага бат-баттан келип турар эле. Ал менин телефонумдан группалаш кызым Жазиранын телефон номурун алып, мага билдирбей 4 айдан бери көрүшпөй эле сүйлөшүп жүрүптүр. Бир күнү эле болгон сырын айтып, жолуктур деп калды. Жазиранын көлөмү, бою Бектурга салыштырмалуу чоң экенин айтсам, кайра жолукпайм деп калды. Бирок, түркүн тамак-аштын баарын апкелип даярданып койгон эле. Анан Бектур "сен Жазирага барып жолук, чакырбай кое тур, мен аны алыстан көрүп байкайын" деп калды. Мен макул болуп, Жазирага бардым да, дароо эле "сени Бектур чакырып жатат" дедим. Кызды ээрчитип келе жатканымды көрүп, Бектур керебеттин алдына жашынып калыптыр. Бөлмөдөгү балдар менен дасторкон четинде отурсак эле алар сырдуу жымыңдашат. "Бектур кайда?" десем, "Кеткен" деп коюшту. Бир убакта керебеттин алдынан Бектурдун жылтыраган эки көзүн көрүп калдым. Аябай күлкүм келип, араң эле чыдап отурдум. Жазира болсо "Бектур каякка кетип калды?" деп сурап коет. Чай ичип бүткөндөн кийин Жазираны эшиктен чыгарып узатып баратып, "Бектур керебеттин алдында жатат, мен ошого күлдүм" десем, Жазира күтүүсүздөн шарт бурулуп, жаңы эле чыккан бөлмөгө кирип, "Бектур, чык!" деди. Ошондо Бектурдун кызарып-татарып керебет алдынан чыгып келатканы али күнчө эсимде. Экөө азыркы күндө жакшы достордон.

Айбек СЕЙИТБЕКОВ