"Көк Асаба", 23.06.09 - 10-бет:
  Манас - кыргыз руху

Ашым Жакыпбеков
Теңири Манас
(Башы өткөн сандарда)
Талгактын го жөнү табылды. Күндө борсоюп чоңоюп келаткан Чыйырдынын курсагын аңдый кирип, аңтара карап жүргөн кечилден кантип жашырат? Иш чалкеши ушул болду. Дагы да болсо Акбалта тапты акылды:
- Мурду жырык кара өгүз тап, үзүгү жыртык кара үй тап, эскирген сынык идиш-аяк тап, жүктү өгүзгө арт да, Чыйырдыны көчүрүп барып, чер токойдун түнт жерине алпарып жашыруун кондуруп кой. Күндө бир маал тамак-ашын белендеп барып тургун. Күн жылып калды. Болжолу баланын туулушу күзалды боз кыроого туш болот. Ага чейин жан адамга көрсөтпөй бак. Коркпо, келин да коркпосун, туулар баатырды баягы Меңдибай көргөн кырк чилтени кайтарып алат. Быяктагы кечилге болсо, Чыйырды кайда деп сураса Энесайдагы төркүнүнө кеткен деп коебуз. Байбичең кош бойлуу экенин ал али шектенбейт…
Акбалтанын акылын Чыйырды да эп көрдү. Болгондо жаныма караан болсун деп, Меңдибай баланы суранды. Бегимжанга айтып, союшуна тай берип, баласынын караан болуп жүрүүсүн өтүнүп, Чыйырдынын токой баласы болсун деп, аман-эсен төрөп алса, ал балага ага болсун деп, Акбалта, Жакып, Чыйырды үчөө үч жактан чыкканда Бегимжан да бектин жесири эмеспи, түшүндү, макул болду. Анан Чыйырдынын токойго бекинген себебин жан адамга ооз ачпаска нан тиштеп, ант кылышты.
Жакып үзүгү жыртык кара үй тапты, мурду жырык кара өгүз тапты. Казан-аяктан баш кылып кедейдин тирилик күнүнө ылайык азык-түлүгүн мол кылып, буурул токойду аралай көчтү. Адамдын буту баспаган түнттүн ортосунда үй ордундай ачык күнөс бар экен, ошол аралды тандашты. Кара үйдү тигип, өгүздү аргамжылап отко коюп, жер кемеге казып, куураган чегедектен арбын отун жыйнап, айылынан адашкан, акылынан адашкан, каптай кенен жыртык чепкен бир жесир кемпир, жетим бала болушту да калышты. Жакып кетти. Кызыл күүгүм киргенде токой ичи шоокумдана баштады. Арстан, жолборстун күркүрөгү, бөрүнүн улуганы, аюнун бакырыгы, камандын коркулдаганы жаңырып күчөп келатты. Меңдибай коркту элейип, Чыйырды коркту алайып. Мына ошондо кыркы кырк бугу минген, шаңкылдап ойноп-күлгөн, шатыра-шатман жүргөн, жүздөрү жаркын, бешенелери ачык кырк бала кара үйдү тегеректеп келип токтоду.
- Арыба, апа! - деп шаңк этти Меңдибай теңдүү бир бала.
- Арыба, апа! - дешти калган отуз тогузу бир ооздон.
- Бар болгула, айланайындар! - деди үнү калтаарып Чыйырды.
- Коркпо, апа! Биз барбыз! - деди алиги бала.
- Коркпо, апа! Биз барбыз! - дешти калган отуз тогузу бир ооздон.
- Эй, Меңдибай, жүр ойнойбуз! - деди алиги бала шаңк этип.
- Апам коркот, - деди Меңдибай.
- Биз барбыз! Алыс кетпейбиз!
- Апа, - деди Меңдибай, - баягыда Туучунакты кубалап келгенде жолборсту күрсү менен өлтүрө чапкан ушу бала.
Бул сыйкыр Теңирдин иши экен деп, абалы алкымына тыгылган жүрөгү ордуна барган Чыйырды жаркын күлдү:
- Бара гой, айланайын, курдаштарың менен ойноп кел. Мен тамак бышырып коеюн, курсагыңар ачканда келгиле!
- Биздин курсак ачпайт, апа! - деп шаңк этти алиги бала.
- Атың ким, айланайын? - деп сурады ичи элжиреген Чыйырды.
- Манас! - деп шаңк этти алиги бала, анан бугусунун башын шарт буруп, токойго кетти. Артынан калган отуз тогузу житти. Жырык мурун өгүздү минген Меңдибай алардын артынан житти. Демейде мулжуңдап баспаган кара өгүз бугулардан калбай өңүрөңдөгөн бойдон кетти.
Көңүлү чыдабай түндөсү уктабай чыккан Жакып келди эртеси. Кемегенин башында бирдемени кожурашып сүйлөшүп, кээде күлүп коюшуп, Чыйырды менен Меңдибай жайдары отурушканын көрүп, Жакыптын жаны жай алды.
- Силер үйдө да мынчалык шайыр эмес элеңер, мен билбеген кандай сырыңар бар? - деди Жакып учурашкан соң өзү жайдарылана.
- Сырыбыз бар, койчолук эмес, тайчалык, - деди Чыйырды.
- Болсун, болсун… Ал кандай сыр болду экен?
- Жок, оболу айылда кандай жаңылык, ошону айтчы?
- Бүгүн шашкеде Кочку кечил келиптир. Бакдөөлөттүкүндө элем, "чоң хатун кайда" дейт. Төркүлөп кетти Энесайга дедим. Адатынча ач келген да, тамак жеди, чагырмак ичти. Аттанып кетип жатып, "качан келет чоң хатун?" дейт. Жер алыс, төркүлөп барган кыз ата-энесинин төрүндө көп жүрөт дедим. "Болуптур" деп кетип калды.
Болочок баланын атасынан эмнесин жашырсын, Чыйырды кече кечки сыйкырды төкпөй-чачпай айтып берди.
- Теңирдин иши го, өзү колдосун, - деди Жакып биротоло көңүлү көтөрүлүп…
Ошентип Жакып бай күндө болбосо да күн ара келип турду, азык-түлүгүн белендеп, эчтемеден кем кылбай турду. Чыйырды Меңдибай экөөн жана да күн сайын ичти керип, чоңоюп келаткан күмөн баланы кырк чилтен, алардын жан-жөкөрлөрү арстан, жолборс, көк жал бөрү кайтарып, суук көз, сук мүнөз, каскүнөм жан жолотподу. Чыпчаң беш ай өткөндө, күз алды боз кыроо түшкөндө чалкалап калган Чыйырды толгоонун алгачкы белгисин туйду. Жакып келер замат шаштырды. Жакып кайра айылга чаап, чайпалбас жорго жана башка унаа апкелип, Чыйырды менен Меңдибайды түн ката көчүрүп кетти.
Эли тилеп, Теңир калкалаган Теңири Манас мына ушинтип сыйкыр коштоп туулду.
???
Сакалдарын жайкалтып, бажаңдаша сүйлөшүп, эки жоргону эригиштире катуу жүрдү Акбалта менен Жакып Бай. Айылга жакын калганда алдыдан аңыртка кеткен кырк киши сүйүнчүлөп чыкты. Мингендери Жакып атайы кермеге байлап кеткен кырк боз ат.
- Сүйүнчүңөргө ар кимиң минип чапкан атыңарды алгыла! - деди Жакып баркылдап. Андан ары тез жүрүштү. Үйгө жетишке, баланы көрүшкө, айрыкча Кочку кечил келерине азыр болуп турушка ашыкты Акбалта менен Жакып Бай. Канымжан эшик ачып, Акбалта менен Жакып үйгө кирди. Жанут ичик жамынып, эки бети тамылжып баласын эмизип болукшуп байбичеси отурган экен.
- Бешик боосу кут болсун, кундагың боосу бек болсун! - деп кирди Жакып Бай.
- Теңир жалгасын, - деди Чыйырды жаркып.
- Кана, апкелчи, бир көрөйүн, - деди Жакып Бакдөөлөткө.
Эринин чопулдата соруп келген балканактай баланы бооруна алып:
- Бала деген ушулбу? - деп Жакып жетине албай ыйлап жиберди.
Жакшылап байкап караса, кызыл эт чырымтал эмес, тогуз жашар баланын түрү бар. Баркырап ыйласа атасынын алы кетти.
- Ой, бу балаң ыйлаак тура. Ачка го!..
- Сүтүм жакшы эле, деги өзүңүн балаң ачынкыраак экен, - деди Чыйырды өнтөлөп.
Акбалта менен Жакып баланы аркы-терки алып, сынга салды:
"Маңдайы жазы, башы кууш, бар боюнда турат күч, кочкор тумшук, кош кирпик, көркү калча, көзү тик, жалаяк ооз, жар кабак, жаагы жазы, ээги түз, эрди калың, көзү үңкүр - эр мүнөзү көрүнөт. Кең көкүрөк, жайык төш, алакан жазык, колу ачык - алп мүнөзү көрүнөт. Жолборс моюн, жоон билек, бөрү жалдуу, пил жондуу - дөө мүнөзү көрүнөт. Кеткен кегимди алар, өткөн өчүмдө алар…"
Акбалта баланын алаканын ачып караса бармак асты бөлтөктө баягы аппак мөөр менен "Манас" деген жазуу өчүп калыптыр. Аны байкап отурган Чыйырды айтты:
- Аке, ууз кириндиси менен кошо көздөн кайым болду…
- Кайыптын иши, ырас болуптур. Эми жүз кечили келсе да көрсөтө берсек болот, - деди да Балта дагы айтты: - Жакып Бай, атың Жакып, атагың Бай. Бу сөздүн маңызын аңдап ал, Бай деп илгертен малдуу сараңды айтпайт, Бай деген Ата деген улуу Сөз. Мына эми, Теңир колдосун, анык Жакып Бай болдуң. Бу баланын Теңир койгон аты Манас, бирок азыртан Манастап ураан чакырсак баланы зыян кылып аларбыз. Эсиңерге бек туткула, он экиге жеткиче өз ичибизде мен койгон аты Теңируул, жатка Чоңжинди деп корчолой жүрөлү!..
Бул акылды баары эп көрдү, бала он экиге чыкмайынча өзгө Теңируул, жатка Чоңжинди аталып жүрүшү кеп болду. Ант ордуна бул акыл бардыгына шерт болду.
Жакып баласын бооруна алып:
- Эй, сен кимсиң?.. - деп бешенесинен сүйдү. - Теңир берген Теңируулум, тилазар бейбаш Чоңжиндим!... - деп жетине албай жашып кетип, баланы байбичесине берди.
Отургандар шүйшүнгөндөн коштой кирпик нымдашты.
Чыйырды баласын балкып эмизип калды.
???
Эң оболу Жакып Кочку кечилди чакыртып келип, баланы көрсөттү. Кечил баланын алаканын карап, башын ийкейт да, баланын тулку бою бөтөнчөлүгүн көрүп, башын чайкайт.
- Ой, бул чоң бала го? - дейт.
- Ие, чоң катын чоң бала тубат да! - дейт Жакып.
- Ээ, сен алдаба. Чоң хатун муну Энесайдан тууп келген, - дейт кечил тапкычтыгына мактангансып.
- Чыны ошондой, - деди Чыйырды сөздүн жүйөсү оңолуп баратканын кармап калып.
- Болду эми, Кочку баатыр, Өзүң көрдүң, көзүң көрдү, төө кайтарар бир бала туулду да, - деп күлдү Акбалта. - Жүрү эми тигил үйгө баралы, баланын жентегине тоелу.
- Чын айтасың сен, бул бала төө кайтарса болот, - деп каркылдай күлүп тура келди кечил.
Акбалта, Жакып экөө кечилди жаңы көтөргөн башка үйгө киргизип, түш жарым сыйлап, этке да, кымызга да, чагырмак аракка да карк тойгузду. "Баланын туулганынан белек" демиш болуп, алдына ат тартты. Иши кылып кечилди көңүлүн жай кылып узатты. Аттанар алдында Жакып суранып калды:
- Кочку баатыр, ыйлап жүрүп картайганда көргөн жалгыз балам. Ошо кубанычыма той берейин, баламды элден бекитип алгандай болбоюн. Калмак, кыргыз, казак баарыбыз бир туугандай болуп калдык, тойго чакырбасам болбос. Уруксат бер.
Кочку аттанып калган, таш өбөк салып туруп:
- Баланын атың ким койдуң?
- Чоң Жинди…
Кечил атынын соорусуна ооп кете жаздап каткыра күлдү:
- Ой, жинди, Чоң Жинди. Сен чын тапкан, чын Чоң Жинди!.. А той бере бер… Анан мени да чакырасың!
- Ананчы! Өзүң башында турбасаң тойдун көркү болобу?..
Акбалта менен Жакып бирин бири карап жылмайып, ээк экчеп коюшту.
Андан кийин той болду, тойго келген мол болду. Калмактардын соорунчусун Ушаң баатыр баштап келди. Казактардын соорунчусун Айдаркан төрө баштап келди. Жетимиш түтүнгө жетип калган кыргыз жапырт туруп, той берди. Ала-Тоодой эт болду, Айдың-Көлдөй чык болду. Үчүнчү күн дегенде эт артынып, мал жетелеп, тойго келгендер тарады.