"Көк Асаба", 09.06.09 - 8-бет:
  Кыргыз дүйнөтаанымы

Бердибек ЖУМАБАЕВ,
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти
Үч түс - негизги үч багытыбыз
Ушул дүйнө курчап турган өзүмдү,
Ажырашкыс бир бүтүндөй шөкүлдүү.
Аны менен бирге тартам жүгүмдү,
Аны менен бирге улайм көчүмдү.
Кайрыгына канаар эмес кулагым,
Эң аялуум ажырашкыс ынагым.
Ал меники, мендеги бүт аныкы,
Көлкүп, эрип, жуурулушуп турамын.
Эсенгул Ибраевдин
"Дүйнө жана мен " чыгармасынан
Кыргыз философиясы жөнүндө айтаардан мурун, кыргыз философиясын (илимин) камтыган кыргыз дүйнөтаанымы жөнүндө башында кыскача түшүнүк берип кетүү ылайык. Аны, I-сүрөттөгүдөй белги менен түшүндүрүү ыңгайлуу. Белги - чокусуна боз үй орнотулган үч капталдуу пирамиданы билгизет. Жалаң пирамидадай тоолор менен зоолордун боорунда доорлор бою жашап келген кыргыздар үчүн, өзүнүн дүйнөтаанымдык белгисине пирамиданы тандап алуу мыйзам ченемдүү деп айтсак болот.
Пирамиданын үч капталы, кыргыздардын үч негизги түсү менен боёлгон, кара, көк жана ак. Ал түстөр кыргыз дүйнөтаанымынын үч негизги багытын чагылдырат. Алар элдин наркы, философиясы жана дини. Пирамиданын башында, кыргыздардын байыртадан берки дүйнөгө болгон түптүү көзкараштарын чагылдырган боз үй жайгашкан. Боз үйдүн түсү сары болгонунун себеби, кыргыздар узак убакыт күнгө сыйынышкан жана күндүн нурунан жаралганбыз деп, өздөрүн "күн эли" деп эсептеп келишкен. Үйдүн коломтосунан кесилишип өткөн үч тегиздик кыргыздардын туюмундагы дүйнөнүн үч деңгээлин билгизет. Ал дүйнөнүн үч деңгээлин байыркы кыргыздар үч обо деп аташкан (баш обо, тулк обо, түп обо). Үч деңгээлди үч катмар дегендей түшүнүү туура эмес, анткени ар бир деңгээлдеги заттар бири-бири менен аралаш жашашат. Мисалы, жердин көлөмүндө электрон, молекула, жер жана ааламдын талаасы - баарысы аралаш орун алышкан.
Кыргыздар "кара" деген түшүнүктү баарысынан жогору койгон, анткени алар ааламда кара түстүн өкүм сүрүп турушун бекеринен эмес деп түшүнүшкөн. Адамга баа бергенде, алар анын наркын баарынан жогору коюшкан, кара кыргыз, кара хан, кара шаар деген түшүнүктөр, элдин наркына сугарылган, улуулуктун барып турган чегин билгизет.
Ал эми кара талаа, кара суу, кара козу деген түшүнүктөр, бышыкчылык жана жетилгендиктин эң бийик деңгээлин чагылдырат. Нарк - элдин жазылбаган башмыйзамы катары коомду башкаруучулук касиетке ээ болгондуктан, аны баарысынан улуу деп эсептеп, кыргыздар аны асман, башкача айтканда аалам менен бүтүндүктө карашкан. Ошол себептен, дүйнө жана элдин наркы кыргыз дүйнөтаанымынын белгисинде кара түс менен чагылдырылган.
Кара түс нарктын эң улуулугун гана көргөзөт. Ал эми пирамиданын кара каптал бетиндеги нарктын тарыхый жана руханий жагын чагылдыруучу Манас белги - акыл-эстин жаралышын, башкача айтканда, ааламдын жаралышын туюнтат. Кыргыз философиясы көк түс менен берилген, ал кыргыздын теңирчилик философиясына байланыштуу Көкөтеңирдин түсү. Теңирчилик, кыргыздын өнүгүүсүндөгү, өзүнүн байыркы диндик жана башка аркандай таанымдарынын ичинен, философиялык тааным катары өз алдынча бөлүнүп чыккан, ал диндик таанымдардан жогорку ченемге жетип, кыргыздардын эң кенен жана омоктуу таанымын түзөт. Анткени, ал чындыкты чагылдырган тааным.
Теңирчиликте арнерсе эки тараптан турат деп каралат. Бул, каалаган нерсени же түшүнүктү талдоонун "атасы". Кыргыздардын байыркы дин өкүм сүрүп турган заманында Көкөтеңир кудай катары каралган, ал эми алардын мамлекеттүүлүгү күчөгөндөн баштап, Көкөтеңир космостук чындыкты чагылдыруучу (жаратуучу) реалдуулук деп тааныла баштаган. Пирамиданын көк каптал бетине, адам, жер жана космос үчилтигинин бүтүндүгүн көрсөтүп турган теңир белги коюлган. Кыргыз философиясынан жетөө өзгөчө мааниге ээ. Алар:
Бири кем дүйнө философиясы
Теңирчилик философиясы
Жеткилеңдик философиясы
Туюнтуу жана тутунуу философиясы
Обо философиясы.
Төгөрөктүн төрт бурчу философиясы
Үчилтик философиясы
Кыргыздардын бири кем дүйнө (космогониялык) философиясы дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү, теңирчилик философиясы бүтүн системанын жаратманы жана анын теңдеш дараметтери, жеткилеңдик философиясы системанын түркүн түзүүчүлөрү жана алардын мааниси, жалган дүйнө, чын дүйнө философиясы жандуу жана жансыз дүйнөлөрдүн өз ара ылайыктуулугу, төгөрөктүн төрт бурчу философиясы дүйнө таануунун кеминде төрт жана андан жогорку ченемдери, туюнтуу жана тутунуу философиясы нерселерди жана түшүнүктөрдү туюнтуу жана тутунуулары, обо философиясы жаралган дүйнөнүн эң чоң тараптары жана алардын касиеттери, үчилтик философиясы борборлоштурулган система жаратуунун эң жөнөкөй жана мыкты таанымы.
Кыргыздардын диндик таанымдары ак түс менен берилген. Алар тарыхта аркандай себептер менен нечен динди баштарынан өткөрүшкөнү менен, алардын байыртан бери, башкача айтканда эне сүтүндө, түштүк-сибир элдери менен бирге тутунуп келген "акдин" деп аталган дини болгон. Арийне, акдин таанымы кыргыздар эл болуп жаралар замат эле алардын таалайына түшө калган эмес, ал үчүн кыргыздар ага чейин бакшылык, шаманчылык сыяктуу аркандай диндик таанымдарды баштарынан өткөрүшкөн. Акдин, ары түптүү жана келечектүү чыгып, Борбордук азиядан убагында түндүк, түштүк, батыш жана чыгышты руханий азыктандырып турган. "Акка койдум", "акка жыгылдым", "ак урсун" деп, малдын ак түсүн тергеп "боз" деп айтып, коркунучтуу жагдайларда жана табынууларда "ак" чачканы, таза адамдарды "ак жүрөк" деп атаганы, Манас эпосунда маанилүү чечимдерди Манас кабыл алган дөбөнү "боз дөбө" деп атаганы, "ак ийилет, бирок сынбайт" деп дүйнөдөгү чындыктын күчүн даңазалаганы, ушунун баары ошол байыркы кыргыздардын улуу диний таанымынан кабар берет. Кыргыз мамлекеттүүлүгү качандыр урап, кайра кыйлада калыбына келгенче (700 жыл), улуттун тутунган таанымдары дагы бир бүтүндүктү түзө албай упуроого учурап, акдиндин негиздери акыры кыргыз дүйнөтаанымынын теңирчилик, үчилтик жана жеткилеңдик сыяктуу таанымдарына ыктап кеткен. Акдиндин негиздери төгөрөктүн төрт бурчуна тарап, дүйнө элдерин белгилүү деңгээлде азыктандырганына байланыштуу, пирамиданын диндик тааным чагылдырган капталына "төгөрөктүн төрт бурчу" белгиси коюлган, бул белги акдиндин ошончолук руханий артараптуулугун ырастап турат. Акдиндин негизинде "чындык" (истина) деген түшүнүк жатат, анда дүйнө баш обо, тулку обо жана түп обо деп аталган, үч өз-ара ырааттуу байланышкан деңгээлдер менен чагылдырылган. Мындагы деңгээлдер, ааламдын кандайдыр бир сызыктар же тегиздиктер кесип өткөн бөлүктөрү деп таанылбайт. Кийинки мегамир, макромир, микромир түшүнүктөрү ошол байыркы обо түшүнүктөрүнөн өнүгүп келгенин аңдоого болот. Ошол үчөөн тең бүтүндөй каптап өтүп уруктандырып, азыктандырып, жаңылап, бири-бирине көзкаранды дарамет берүүчү дүйнөнүн касиеттүү, жаратман түзүүчүсүн "Кызыл курт " деп аташкан (индус тилинде - Кундалини). Курттун кызыл түс менен аталышы, айланасын бүт камтып, тазалагыч жана жаңылагыч таасир берген, балбылдап жанган оттун корунун түсүнө байланышкан. От байыркы элдердин баарына тең ыйык болгон, оту бар үйдүн корунан от алып кеткен үйлөргө жаңы энергия, дем, күч, жарык, жагымдуу жашоо маанайы жана башка жаңылануулар барып, үй-бүлөөнүн өнүгүүсүнө шарт түзүлгөн. Ушул себептен, ааламдын уруктандыргыч, жаңылагыч түзүүчүсүнө кызыл түс ыйгарылган. Демек, кызыл курт, дүйнөнүн жаратмандык касиетин, уруктандыргыч жана жаңылагыч илебин (жаратман энергиясын) билгизет. Ошентип акдин таанымындагы дүйнөлүк чындык, үч обо жана кызыл куртту камтыган, төрт түзүүчүнүн бүтүндүгүнөн турат. Кыргыздын төрт деген санынын касиеттүүлүгү мына ушунда жатат.
Жогоруда кыргыз философиялык таанымдарынын ичинен жетөөн негизги деп атап кеттик. Ошол жетөө тең кыргыз дүйнөтаанымынын белгисинде чагылдырылган ( 1-сүрөттөр). Сүрөттөр, кыргыз дүйнөтаанымынын көлөмдүк белгисин эки тарабынан карагандагы көрүнүштөрү. Кыргыз дүйнөтаанымынын көлөмдүк белгиси алтын пропорцияга ылайык келет. Анын ар бир үч бурчтугу "алтын үч бурчтукту" түзөт. Үч обо пирамиданын көрүнгөн үч тегиздиги менен гана мүнөздөлөт, ал эми алардын түсү болсо, жогоруда айтылгандай, кыргыз дүйнөтаанымынын үч негизги түзүүчүсүн аныктайт. Белгиде, маанилик орду бар, кыргыздын сырдуу 1,2,3,4,7,9,12,13,40 сандарына ылайык келген элементтер бар. Мисалы, 1-бүтүн дүйнө (көлөмдүк белги), ал жалгыз, 3-үч обо (пирамиданын үч каптал бети), ал дүйнөнүн үч деңгээли, 9-энчилөө (пирамиданын үч каптал бети, үч кыры, үч түсү), ал ачык системанын курчап турган чөйрөсүнө бөлүп чыгарган элементтери. Алар боз үйдөн чыгып жатат. Кыргыздар тогуздап берген, ал алуучуларды ыраазы кылуунун чеги болгон. Бул бекеринен эмес, демек клетка чөйрөсү менен мыкты байланыш түзүү үчүн, ал кеминде тогуз түрдүү байланышка ээ болушу керек. Кристаллдардагы атомдордун коваленттик байланыштары сегиз түрдүү электрондук байланыштан турат, жалпы кристаллдын талаасын эсепке алганда ал дагы тогуз болуп чыгат. 40-түзүүнүн керемети (белгидеги фигуралардын жалпы тетиктеринин саны), ал кыргыз коом түзүүсүнүн негизи, кыргыздардын коом түзүүсү кырк чородон башталат. Алар улуттук мамлекеттүүлүктүн, элдүүлүктүн таянычы жана коргоочусу.