"Көк Асаба", 09.06.09 - 11-бет:
  Дартына даба тапкандар

"Актык айынан дарыгер болуп калдым"
Абдыкерим Чолпонкулов,
"Актык" боюнча өндүрүштүн кызматкери (0773 44-03-42):

- Биздин таанышканыбыз да өзүнчө кызык. Бир жолу Гүлнур деген эже менен оору жөнүндө сүйлөшүп отуруп, мен келинчегимди айтсам, "Баатырбек абадан айыгат экен" деп калды. Баатырбегиң ким дегичекти болбой Гүлнур эженин телефонуна , Баатырбек аба чалып, бат эле келип калды. Мына ошентип айыгар оорунун бакшысы өзү келет дегендей эле иш болду. Аялымды айтсам, "алып кел, 20 литр булактын суусун, анан тартылган сүт тап" деди. Таап бердим. Актыкты даярдап берип, ичсин, денесине да сүйкөсүн деди. Улам акырындан ичип отуруп, уйкусу жакшырды, оорусунан айыкты. Бронхасы да бар эле, гастриттен да жабыр тартып келген. Тамак-аш кыла алчу эмес, эч нерсе жакпай, эч нерсеге кызыкпай калды эле, азыр өзүн абдан жакшы сезет. Баардыгы 150 литрдей ичилди. Ошондон бери суусундук катары ичкенге көнүп калды. Үйгө келгенде эле чуркап барып актык ичет. Ооруканага чуркап дарыланып жүргөнүбүздө деле он миңден ашык акчабыз кетип, пайда тапкан эмес элек.
Менин өзүмдүн ден соолугум жакшы, бирок актыкты суусундук катары ичем. Муздак актык ашказан менен бөйрөккө барып бир тиет, андыктан, суукчан кишилер кичине ысытып ичиши керек. Боор циррозуна аябай жакшы. Ичеги-карынды шлактан тазалайт. Мен кесибим боюнча математикмин, политехте 15 жыл иштегем, бирок азыр дарыгер да болуп калдым, келген-кеткендер менен актык боюнча сүйлөшүп атып. Негизи бизде экологиялык жактан таза эмес тамактар көп. Актык мына ушулардын терс таасиринен тазалайт.
Азыр эл бири-биринен угуп, алып кетип атышат. Кант диабети менен ооруган бир жигит эки айдан бери актык ичип атат. Арыктап кеткен экен, азыр салмагы жогорулап калды. Эркектердин потенциясын көтөрөт экен деп актыкты ичкендер айтып келишти, бул жагы бизге белгисиз болчу. Айымдар косметикалык каражат катары да бетке сүйкөп колдонсо болот, терини агартып, беттеги безеткини кетирет.


"Кудайга рахмат!"
Сабыр, Алай району, Гүлчө айылы (03234 22- 5-06):
- Бронхит, астма менен көп жыл оорудум. Жаз, күз мезгилдеринде айлап көк жөтөл болуп, ичпеген дарым калган эмес. Баатырбектен актык жөнүндө угуп, ичип көрөйүнчү деп алгач 10 литр сатып алдым. Андан кийин дагы 10 литр алдым. Андан кийин дагы 15 литр алып ичип, акыры баардык ооруларыман кутулдум. Кудайга рахмат! Азыр мен актыкты кымыз ордуна, чай ордуна иче берем. Күч-кубатка келтирет экен. Кары адамдардын муун, сөөк ооруларын жок кылат.


"Чай, жарма дегенди унуттум"
Айдарбек Эдилбаев,
Бишкек шаары (0777 89-21-06):
- Көп жылдан бери кант диабети менен ооруп жүргөм. Медицинада бул оору айыкпас оорулардын катарына кирет. Актыкты ичкенден бери кантым түшүп, өзүмдү абдан жакшы сезип калдым. Салмагым жогорулап, ал-күчүм да калыбына келип калды. Актыкты үч айдан бери ичип атам, ал суусундук катары да аябай жагымдуу, кымызга окшоп кетет, чай, жарма, чалап дегендерди унуттум. Дайыма машинеме салып жүрөм.


"Оору азабынан өлүмдү ойлочумун"
Сагынбек Сазкараев,
Кемин району (0770 15-09-65):
- Мен псориаз менен ооручумун, 17 жылдан бери учетто турам. Күз, жай айларында аттын жоорундай болуп, денемди бүт каптап кетет. Акыркы үч жылдан бери гормоналдык дары-дармектерди колдоно баштагам. Кээде ушул оору азабынан өлүм туурасында ойлонуп кетчүмүн. Азыр Баатырбек акеге рахматымды айтып отурам.
Бир күнү мени көргөнү Адис деген агам келип калды. Ошол кишиден актык жөнүндө уктум. Төшөктөн турбай жатып калган кезим болчу. Актыктан 18 литр ичип таптаза айыгып кеттим.

"Жаныма дары салбай калдым"
Чынаркүл Жедигерова
(0700 08-97-77):
- Кан басымым жогору, 200-240ка чейин көтөрүлүп кетет. Жаныма дайыма дары салып жүрчүмүн. Жүрөгүмдүн да тахикардиясы бар эле. Актыкты ичкенден бери кан басымым 140-90го түштү, дары ичпей калдым. Андан тышкары, күйүгүп, энтигип дем алганым да жоголуп баратат. Жөтөлүм басылып калды. Муундарым да мурдагыдай талыкшып оорубайт.




  Өркүндөөнүн он кадамы

Кацудзо Ниши
(Башы өткөн сандарда)

2-кадам
Мүмкүнчүлүгүңдүн баарын колдон
Убакыттын, күчүбүздүн, каражатыбыздын жоктугунун айынан (же ага шылтап), ойлоп жүргөн нерселерибиздин аткарылышын дайыма артка калтырып келебиз. Эгерде сиз ойлоп жүргөн нерселер элес-кыял боюнча калбасын десеңиз, алгач чыгынып туруп иштин башын баштаңыз. Иш башталса, анын бүткөрүлүшү үчүн андан аркы кадамдарыңыз ташталат. Башталбаган иш эч качан бүтпөйт. Кыйынчылык менен бүтө турган иш деп улам артка калтыра бергениңиз менен, аныңыз кийин деле жеңилдик кыла койбойт.
Үй-жай
Ар бир адам үй-жайын өркүндөткүсү, гүлдөткүсү келет. Бирок, көз таштап көрсөңүз үй ичи эски-уску оокат-буюмдарга толгон, ремонт жасалган эмес, үйдүн ичин толук жыйнап-тазалоо да улам артка калып келет. Себеби, шылтообуз көп: майда-чүйдө нерселерди аңтарганга убакыт керек; эски нерселерди жаңыга алмаштырыш үчүн акча керек; көңүл керек; күч-кубат керек. Чынында мунун баары жеке каалоонун жоктугунан болуп жатат. Эгерде үйүңүзгө он жылдан бери келе элек кайын-журтуңуз, же жумуштагы начальнигиңиз келет дешсинчи, ошол замат үйдү тазалап чыкканга убакыт да, күч-кубат да, каражат да табыла калат.
Баардык нерсе майдадан башталат. Убакыт, каалоо, күч-кубат жетпей жатса да, жалкоолугуңуз желкеден алса да, жарым саат убакытыңызды бөлүп үйдүн шкаф текчелерин иретке келтирип, чаңын сүртүп коюңуз. Менин чоң энем дайыма айтар эле: "Текчелериң иреттелүү болсо, ишиң да иреттүү болот" деп. Алгач муну кемпирдин жомогу катары кабыл алчумун. Бара-бара бул сөздүн чындыгы бар экенине ынандым. Биз өзүбүз чачыранды жүрө баштап, чачыранды иштей баштаганда, бөлмөбүз да, текчелерибиз да чаржайыт абалга келет экен. Ошондуктан, өзүңдү иретке келтириш үчүн ой-толгооңду жыйынтыктуу абалга келтирип, эс алып, анан жакшы маанай менен оокатыңды жыйна, иретте. Ушундан кийин көңүлүң да ишке чаап, алдыга жүрө баштайсың. Эч убакта тээ эски, колдонулбаган нерселерди үйдө сактаба. Ыргыткандан аянсаң, тууган-тааныштарга бер, ал эми эч кимге бербейм, өзүм да колдонгум келбейт деп кармап жүрө берсең, анын ордуна жаңы оокаттын келиши кыйын болот. Кээ бир адамдар биротоло ремонт кылам деп үйүн карабай убакытты создуктурушат. Бул туура эмес. Акча каражаты табылганча үйдүн ахыбалын ого бетер начар абалга келтибей, аны жок дегенде бир сыйра актап, жууп-сүртүп, сүйүп караш керек. Той-топур болордо же башка бир жагдайларга карап эле үйдү өзгөртпөстөн, мүмкүнчүлүккө жараша ар убак өзгөртүп, жасалгалап турууга аракеттениңиз. Сөзсүз эле баары жогорку деңгээлде болуш керек эмес. Үйдөгү сиздин колуңуздан жаралган бир эле жакшы оокат көзүңүздү кубантып, ишиңиздин андан ары жылышына себеп боло алат. Көп акча коротуп деле үйдү көркүнө келтире албагандар бар, колунда бар нерсе менен, билгичтик менен баарын таңгалдыра үйүн жасап алгандар да бар.
Иш орду
Иштеген жериңиз дайыма үйдөгүдөй эле иретте болуш керек. Бул, сөзсүз эле кагаздар, буюмдар чыкыйып тизилип туруш керек деген түшүнүк эмес. Бул, кайсы буюмдун орду кайда, эмнеден кийин эмне туруш керек деген система болуш керек. Өз убагында табылбай калган оокат да ишиңиздин жүрүшүнө тоскоол кылып, убакытты алып, өзүңүздү да кыжалат кылып, ойлонууңузду басаңдатат. Ал эми иш ордуңузду жасалгалоодо өзүңүздүн жеке кызыкчылыгыңыздагы, сиздин кандай адам экениңизди билдирген буюмдардан коюп алууну унутпаңыз. Бул нерсе иштин ийгиликтүү жүрүшүнө сөзсүз таасирин берет, ошону менен бирге сиздин кандай адам экениңизди гана билгизбестен, иш ордуңузда сизге гармония да тартуулайт. Бирок, жасалгалоонун да чегин билиңиз. Көңүлүңүзгө жаккан, жакшы учурду эске салган бир-эки сувенир же сиздин жеке инсандыгыңызга байланышкан бир жакшы буюм жетиштүү болот.
Иш убактысын туура пайдалана билиңиз. Жумушуңуз өтө көп болуп эмне кыларыңызды билбей турганда, бир күнүңүздү үчкө, төрткө же бешке бөлүп, кайсы бөлүктө кандай ишти аткарарыңызды белгилеңиз. Бул иш техникасы көйгөйүңүздү алда канча жеңилдетет. Кыска мөөнөттөргө ишти бөлүп алып жасоо дайыма ыңгайлуу жана тез жүрөт. Кылган ишим жаман болуп калат деп кабатыр боло берүү болбойт. Убакытты сарсанаага короткуча, жакшы даярдыкка короткон дурус.

(Кийинки саныбызда сөз ден соолук жагдайында жүрөт)

Которгон Кымбат ЖОЛДОШЕВА