"Көк Асаба", 02.06.09 - 6-бет: Кыйыр
Касым Исаев, мударис
Кыргыз коомун жаңылоо
жаштардан башталса…
Мен "Көк асаба" деп демилге көтөрүп атайын гезит ачканыңарды ысык куттуктайм. Азыркы катаал заманда республикабыздын басма мейкиндигинде таланттуу кыздарыбыздын басымдуу болгону, өзгөчө, "Айат пресс", "Асман-пресс", "Кыргыз Руху", "Агым" басылмаларындагы таланттуу кыздарыбыздын эмгектенгени мени кубандырат. Жаңы уюшулган "Көк асабанын" жаштарыбыздын байыркы баалуулуктарды сактоо, улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү кабылдоо менен жаңы саясый жолго түшүп жатканын колдогон максаты калктын купулуна толо турган жакшылык. Ушуга таянып бүгүнкү жаштар туурасында сүйлөшөлү.
Советтер Союзу кулагандан кийин жаштарга эч кандай тарбия көрүлбөй калды. Ушу кезге чейин чаржайыттык өкүм сүрүп, билим министрлигинде жаштарга арналган бирдиктүү, багыттуу саясат жок, мамлекет тарабынан колдоого алынбайт. Натыйжада, бүгүнкү жаштар жазында жайлоого кое берилген койдой болушуп, өз билгендерин жасап атышат.

Жаштар деген ким?
Кыргыздын өзүнүн салты боюнча эркек балдарды 13 жашынан баштап "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" деп, колуна камчы берип, ат мингизип, мобу жер сеники, мобу эл сеники, эл-жериңди кайтарасың деп жөнөтүшкөн. Демек, кыргыздын байыркы салтында балдарды 13 жашынан баштап жигит деп эсептешкен. Кыздарды болсо "кыз жүргөн үйдө кыл жатпайт", "кызга кырк бир үйдөн тыюу" деп тарбиялап, 13-14 жашынан турмушка беришкен. Бул кокусунан чыккан нерсе эмес, табияттын мыйзамына байланышкан. Себеби, биз түштүк элбиз, түштүк калкына күн көп тиет, күн көп тийген адамдын денеси эрте бой жетип, эрте бышат. Ошон үчүн кыргыздар 18ге чыккан кызын кары далы болуп баратат деп намыстанышчу.
Биз азыр мыйзамдашып калган заманда жашап атабыз, жаштар деген түшүнүк бизде мыйзам менен такталган. Кыргызстан азаттыкка чыкканы 2000-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан "мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" деген мыйзам кабыл алынып, анда жаштардын курагы 14 жаштан 35 жашка чейин деп белгиленген. Бул курактагылар жалпы элдин 40%ын түзөт. Ал эми кошуна казактарда жаштардын катарына 14төн 29 жашка чейинкилер, Россия, Тажикстан, Өзбекстанда 15тен 30 жашка чейинкилер түзсө, БУУнун тактоосунда жаштар категориясына 15 жаштан 24 жашка чейинки курактагылар кирет. Кыргыздар эмне себептен жаштардын санын мынча көбөйтүп жибергени мага түшүнүксүз. 35 жашка чейин калк алдында, коом, ата-эне алдында өз жоопкерчилигин сезбей, "мен жашмын" деп жүрө берүүсү туура эмес го. Демек, мунун өзү кайра карала турган маселе.
Кыргыздын тарыхый салты боюнча жаштардын үч милдети бар: биринчиси - Ата Мекенин, элин сактоо, экинчиси - ата-энесине кам көрүү, үчүнчүсү - ини-бөбөктөрүнө үлгү болуу. Эркек бала тукум улоочу мураскер эле эмес, элин-жерин коргогон эр жигит катары тиленген. Эл четинде болуп, жылкы тийип, мал-жанын коргоп дегендей. Эми бул өткөн замандар менен кетти, бирок элдин салты, тилеги, жаштарга болгон үмүтү калды да.
Советтер Союзу мезгилинде жаштарга карата туруктуу, ойлонулган саясат бар болчу. Атайын жаштардын курагына жараша уюмдар уюшулган. 9дан 14 жашка чейинкилер пионер уюмунда, 14төн 29 жашка чейинкилер комсомол уюмунда тарбияланышкан. Ар бир уюмдун өзүнүн эреже-жобосу болгон. Ансыз окууга өтүү, кызматта иштөө оор эле. Ошон үчүн бул мамлекеттик саясаттын бараандуу салты болуп калган.
Совет курамынын терс жана оң кесепеттери
Совет доору кыргыздарга эки маселе боюнча терс таасир тийгизди. Биринчиси, кыргыздардын өткөн доорун жокко чыгарып, жазуусу, адабияты, философиясы, тарыхы болгон эмес, өзүлөрү караңгы болушкан, ошон үчүн кыргыздардын эчтекеси жок деп үйрөтүп келишкен. Экинчиси, кыргыздардын каада-салтын, ишенимин, дүйнө кабылдоосун, дүйнө түшүнүгүн танып, өткөн доордо эч кандай жакшылык жок экен деп, элди түп-тамырынан бери өзгөртүүгө аракеттенип, орустардын, европалыктардын маданиятын орнотуу керек деген саясат жүргөн. Мунун экөө тең туура эмес болгон. Мына, ушул эки нерседен кыргыздар ушу кезге чейин жапа тартып келатат.
Ошону менен катар Советтер Союзун таптакыр эле жокко чыгарууга да болбойт. Совет доорунда кыргыздар биринчиден, отурукташты, экинчиден, сабатсыздыкты жойду, үчүнчүдөн, каалайбызбы, каалайбайбызбы, маданиятыбызга опера, балет сыяктуу жаңы түшүнүктөр кирди. Кыргыздар деле топтошуп ырдашкан, бул жагы жакшы өнүккөн, бирок, совет доору аркылуу биз дүйнөлүк маданият менен тааныштык.
Кыргыздарда жаштарды тарбиялоо салты болгонбу?
Бизде үйбүлөлүк тарбия, чоң ата, чоң эненин тарбиясы өтө күчтүү болгон. Алар балага кичине кезинен баштап калп айтпа, ууру кылба, улуу кишиге салам бер деп, жүрүм-турумдун эрежелерин үйрөтүп келишкен. Кыз баланы башынан баштап үйбүлөнүн куту, архитектору экенин, үйдүн тазалыгына, бардык оокат-тиричиликке жоопкер экенин үйрөтүшкөн. Жомок айтып беришкен. Ал эми кыргыздын оозеки чыгармачылыгында не деген тарбия-таалим жатат?! Ошон үчүн 17-кылымда Кыргызстанга европалык окумуштуу келип, "кыргыз ушунчалык ырчы, чымчык учуп баратып, канаты тийип кетсе, ошону кошуп бир эт бышым ырдайт" деп тамшанган да.
Азыр эми анын бири да жок. Албетте, буга Советтер Союзунун тийгизген терс таасири да себепкер, бирок биз сыяктуу эле союздун курамындагы өзбектерге, тажиктерге, Кавказ элдерине СССРдин чоң залалы тийген жок. Биз баарын өзүбүздүн оомалыгыбыз менен бузуп алдык. Демографиянын закону боюнча, ар бир адамдын жаратмандык, иштермандык доору 25 жылга эсептелинген. Демек, совет доорунда 3 муун алмашты - биринчи муунда ал таанышат, экинчи муунда сиңет, үчүнчү муунда ал катат. Советтер Союзунун жанагындай пионер, комсомолдук, коомдук турмушу биздин кан-жаныбызга сиңип, катып калган. Ошондуктан, азыр кыргызга андан арылуу кыйын болуп турат.
Азаттыктагы мамлекеттин жаштар саясаты
Бизде жаштар боюнча мамлекеттик тартип, мамлекеттик талап, идея жокко эсе. Кабыл алынган мыйзамдар турат, бирок иштебейт. А бирок жарандык коомдор түзүлүп, ар кандай иштерге аракет бар. Акыйкат үчүн айтып коелу, жарандык коомдор кыргызда илгертен эле болгон. Мисалы, аш-тойлордо коомдогу ар бир адам өзүнүн милдетин билген, ошону так аткарган. Жарандык коомдун сапаты, касиети деген ошол. Мисалы, келин келгенде кимдин жоолук салары, кимдин козу соеру, кимдин бозо-жарма апкелери, ошондой эле жамандыкта союшу кандай болору, ким канча кошумча апкелери алдын ала белгилүү болгон. Мунун баары жазылбаган, бирок такталган, калыптанган, каада-салтка айланган, кан-жаныбызга сиңген мыйзам. Жаңы заманда мамлекет тарабынан колго алынбаса, иш алдыга жылбайт да. Мисалы, Кыргызстанда Адилет министрлигинде каттоодон өткөн жаштар аралашкан 200дөй уюм бар. Басмада мындай коомчолордун саны 400гө жеткени жөнүндө маалыматтар жарыяланган. Бирок буларда өлкөнүн бардык аймагында, чөлкөмүндө иштей турган багыттуу саясат жок. Бизде жаштар менен вертикалдуу, б.а., жогорудан төмөн карай ар бир жаш адам менен иш алпаруу калыптанган эмес. Уюмдар биз өзүбүзчө, отурган ордубузда, б.а., горизонталдык багытта иштейбиз деп атышат. Бул болбогон кеп. Бирдиктүү мамлекет болгондон кийин анын негизин, пайдубалын түптөөгө катышкан ар бир жашта "мен кыргызмын", "мен кыргызстандыкмын", "мен Ата Мекенимдин жаранымын" деген сезим кичине кезинен баштап калыптанышы кажет. Жаштарыбыздын ар кайсы жактарга тентип кетип атышынын бирден бир себеби ушул.
(Уландысы 8-бетте)