"Көк Асаба", 02.06.09 - 11-бет: Бурул КАЛЧАБАЕВА, драматург
Жашоо өзү театр
"Маа-аа-а…"
Эл артисти, Көл театрындагы Дүйшө Сариев деген аксакалыбыз "Кудай таала…" деп сүйлөйт. Мурун Нарын театрында иштеген. Илгери Тянь-Шань музыкалуу драма театры болуп аты чыгып турган кезинде, Казакстанда гастролдо жүрүшүп бир окуяга кабылышат. Казактын кең талаасында бир айылдан бир айылга оюн койгону келатышса, жайылган бир короо койдон бир козу жолго чыга калат. Байкуш козу өлөрүнө көрүнгөнбү, же жүгүрүп өтүп кетпей, же артка кайтпай, бир алдыга, бир артка жүткүнүп атып автобустун астына кирип кетет. Автобус токтойт. Койчуман чаап келет. "Ээ, кудай таала…" деп Дүйшө аба жерге түшөт. Милициясы да келип калат. Шоопур эмне болгонун түшүндүрөт. Козуну төлөтүш керек да. "Жетекчиңер ким?" - деп, милиция эмне болгонун сураса, Дүйшө аба: "Эми-и… козунун өзүнөн да кетти…" дептир сөздү баштаганда эле. Ошондон анан "Козунун өзүнөн кетти" деген лакап сөз тарап кеткен.


"Мен өлсөм, сандыкта арак бар…"
"Ввод" - бирөөнүн ордуна ролго кирүү. Бул, кокусунан актер ооруп калса, же дагы башка жүйөлүү себептер менен жок болуп калган учурда болот. Албетте, мындай учурда спектаклге башынан катышып жүргөн, мизансценаны билген, ролдогу текстти толук билбесе да, божомолдоп билген бирөө катышат, спектаклди үзгүлтүккө учуратпаш үчүн шашылыш ввод болот. Баягүнү Жаркын Балыкбаева эже минтип айтып берди: "Т.Абдымомуновдун "Жарыктык карыларым" спектаклинде Аят Абдракманова капыстан ооруп калып, ордуна мени киргизишти. Кейипкер оорукчан аялдын сөзү бар экен: "Мен өлсөм, сандыкта үч кез кездеме, бир бөтөлкө атыр бар" деген. Мени Сабира Күмүшалиева болбой чыгарган, аткарып кетесиң деп. Баары жакшы келатып эле, ушу сөзгө келгенде: "Мен өлсөм сандыкта үч кез кездеме, бир бөтөлкө арак бар" деп салсам болобу?.. Арак кайдан оозума келди, билбейм. Зал дуу каткырды. Сахнадан чыксам, артисттер күлкүдөн сүйлөй албай ыкшып атат".


17-кылымдын "давайы"
Дагы бир ввод. Шеримбек Шаршеев убагында Ысык-Көл театрын түптөгөн биринчи деректир, кыргыз драма театрында, циркте деректир, маданият министринин орун басары, кийин "Манас-1000де" деректир болгон. Өтө билимдүү, жогорку кызматта турса да керсейбеген, иштен түшсө чөкпөгөн, өзүн бардык жерде бирдей алып жүргөн адам эле. Эрте кетти арабыздан. ГИТИСти бүткөн. ГИТИСте окуп жүргөндө жогорку мен айткан Шаршен баш болгон студиянын балдарына котормочу болчу экен. Алар кыргызча башканы айтат, Шеримбек байке болсо өз билим деңгээли менен билетке жооп берет экзаменде.
Партиянын каарына калып, аялың менен ажырашасың деп иштен алынып, Көл театрына артист болуп барды. К.Жантөшевдин "Курманбек" спектакли болуп жатат. Курманбектин ролунда - Кыргызбай Осмонов. Шеримбек байке болсо найза көтөрүп көпчүлүк менен сахнага чыгыптыр, бирөөнүн ордуна. Курманбектин калмакка аттанган сахнасында жигиттердин "Кеттик!" деген сөзү бар. Өмүр бою орусча окуп, орусча жазган Шеримбек байке ушул жерине келгенде "Давай!" дебеспи. 17-кылымдын окуясы жүрүп атса, анан жигиттердин бири "Давай!" десе, залдын реакциясын элестете бериңиз…

"Куу жыгачтар"
Көл театрында иштеп жүргөндө Шаршен Дүйшөнкуловдун театрга жаңы келген кези. Кыял-жоругун анча билбейм. Бир күнү коридордон башкы сүрөтчүнүн кабинети туштан жолугуп: "Куу жыгачтарды көрдүңбү?" деди. "Жок" дедим. Оюмда теректен кыйып келип жөлөп койсо керек, бирөө көтөрүп кеткен го деп ойлодум. Москвадан келген Игорь Капитанов деген башкы сүрөтчүбүз, Бекин Чукулдуков деген декоратор сүрөтчүбүз бар эле. Экөө тең тыржыйып арык немелер болчу. Шаршен ошол экөөнү издеп жүрүптүр. Аны Бекин Чукулдуков айтты күлүп, "Шаршен куу жыгач издеп жүрөт" десем.
Дагы бир күнү театрды кыдырып, ар кимден "манту көрдүңөрбү?" деп сурап, мага да кайрылды: "Манту көрдүңбү?" "Жок" дедим таңгалып. Сүйлөнүп андан ары кетти. Театрда манту издеп жүрсө түшүнбөйсүң да. Көрсө, "мантусу" театрдын директору, өзүнүн курсташы Шеримбек Шаршеев экен. А киши ачууланганда жинин сыртка чыгарбай, оозун мурчуйтуп отуруп кала турган. Ошон үчүн Шакебиз "манту" деп ат коюп алыптыр.




  Кыргыздын ырым-жырымдары

Асыкбек ОМОРОВ
Баланын таманын өппөйт,
Сынык күзгүгө көрүнбөйт
(Башы өткөн санда)

Буюм тапсаң, үч жолу үн чыгар, ээси чыгаар, чыкпаса сеники.
???
Жаш адам желбегей жамынбайт.
???
Босогону баспа, ал жерге турба.
???
Баланын таманын өппөйт,
Сынык күзгүгө көрүнбөйт.
???
Баланын кир суусун караңгыда сыртка төкпө.
???
Наристенин кийимин түнкүсүн сыртка калтырба.
???
Пияздын кабыгын отко салба.
???
Даараткананын оозун күн чыгышты каратпа.
???
Күл дөбөгө даарат ушатпа, бала-чаканы ойнотпо.
???
Тамак жеп бүткөндө өзүңдөн улуудан мурда кол аарчыба.
???
Супараны улагага илбе.
???
Таң атаарда жана беймаал убакта жолго чыкпа.
???
Жолго чыгаарда: "Бисмиллахи рахмаани рахим, Алла таала жолго - жолдош, жанга - жаамат, ишке демөөр, жакшыга жанаштыр, жамандан адаштыр", - деп айтып чык.
???
Мурун кычышса - эт, кол кычышса - акча, бут кычышса - жол.
???
Бирөөгө тамакты, чайды оң колуң менен сун.
???
Ардактуу адам алдына озунба,
Кадырлуу адам көзүнчө каткырба.
???
Намаз шамда жатпа.
???
Чоң жолдо жаткан буюмду алып,
четке койсоң соопко каласың.
???
Жолдо баратканда жаман дебе.
???
Жолду жаман дебейт, начар дейт.
???
Алыс сапарга чыгаарда нандын четинен ооз тийип,
сактатып кой - жолдуу болуп кайтасың, насип күтөт.
???
Тамакка сын такпа.
???
Балага жаңы кийим кийгизгенде бетинен өөп кой.
???
Талаага түнөсөң кыл арканды айланта тыштап кой.
???
Уктап жаткан баланы өппө.
???
Келинди отко киргизгенде бир кашык май жедир.
???
Шыпыргыны тик койбо.
???
Кечинде тырмак алба.
???
Беймаал убакта уктаба.