"Көк Асаба", 26.05.09 - 15-бет: Берметсап
Чыныбай
Турсунбеков
Сүйүүгө
Күндөй жарык сезим болду өмүрдө,
Түндөй кара тактар калды көңүлдө.
Сен кайтадан кейпин кийип сулуунун,
Жетет сүйүү, эми мага көрүнбө!

Чертпегиниң жүрөгүмдүн кылдарын,
Он сегиздей чебеленип турбаймын.
Отуз жаштын салкын ыры бар дешет,
Андан көрө ошол ырды ырдайын.

Жашылданба, карабайт деп ыйлаба,
Көздүн жашы менен мени кыйнаба.
"Кош" деп коюп унуталбай өзүңдү,
Балким мен да боздоп жүрөм кыйлага.

Айымдарга айа-аа-ай кеңеш
Ажарың артсын!
Тырмактарыңыз катмарланып кетсе, тең жарымынан бөлүнгөн лимонго манжа учтарын матырып, 5 мүнөт кармоо керек. Пайдаланылган лимонду ыргытпай, целлофанга ороп, муздаткычка салып койсоңуз дагы 5-6 жолу колдонууга жарайт.
???
Косметикалык каражаттардын пайдаланууга жарай турганын анын жытынан билсе болот. Эгер тигил же бул боектун жагымсыз жытын сезсеңиз, аны колдонуудан баш тартканыңыз оң.
???
Сода тиш агартуу үчүн мыкты каражат болуп саналат. Сүртүү үчүн кебезди пайдалансаңыз болот. Жыйынтыгын биринчи колдонуудан кийин эле байкайсыз.
???
Атырды пайдаланууда аша чаап кетпеңиз. Ашкере себилген атыр өзүңүздүн нукура жытыңызды "жоготуп" жибериши мүмкүн.
???
Өтө ачык же өтө күңүрт түстөгү эндик улуу көрсөтөөрүн жадыңыздан чыгарбаңыз.
???
Жарым стакан кулпунайдын 1 аш кашык каймак жана бал кошулган маскасы кургак тери үчүн пайдалуу.


Икая
Балык жана Океан

Океанда бир балык жашаптыр. Бир күнү эле ал Океан жөнүндө угуп калып, эмнеси болсо да ага жетүүнү көксөйт. Балык акылманмын дегендерге кайрылып, Океанга жетер айланы сурайт. Айтар жөндүү кеби жок болсо да, алардын ар бири өз ойлорун сунушташат. Бирөөсү Океанга жетүү үчүн сууда сүзүүнүн өзгөчө бир ыкмасын үйрөнүү керектигин айтса, экинчиси алгач акылман балыктардын дүйнө таанымын үйрөнүү керектигин айтат . Дагы бири бул жол өтө кыйынчылыктуу экенин, ага менменсингендер эле өтө күчтүү аракет менен жетерин саймедирейт.
Ар кыл сунуштан чарчаган балык суу түбүнө сүзүп кетет. Ал жерден кадимки эле өзүнө окшош бир балыкка жолугат. Эмне издеп кыйналып жүргөнүн уккан балык мындай дейт:
- Сен издеп жүргөн Океан ар дайым сенин жаныңда болчу, жаныңда жүрө берет. Ал ар убак сенин кардыңды тойгузат, коргойт, өз жашоочуларына кам көрөт. Сен да Океандын бир бөлүгүсүң, болгону, ушул убакка чейин сен аны аңдабай келгенсиң. Океан сенин ички дүйнөңдө да, сырт дүйнөңдө да жашайт, сен анын сүйүүктүү бөлүгүсүң. Ал эми бардык балыктар - бул улуу Океандын толкундары!

Саламаттык
Ооруба, жаным, ооруба!

Тынчы жок жумушта иштеп, күнүгө стресске чалдыккандар үчүн кефир пайдалуу. Ал мээни сергитип, жүрөктүн иштешин өз калыбына келтирет. Мындан сырткары, бул азык кант диабетинен жабыркагандарга жана тамакка табити тартпагандарга жакшы жардам берет. Ал эми байма бай тамеки таркан адамдар күнүгө бир стакандан кефир ичсе, өпкө оорусунун алдын алалат.
???
Көзүңүз курч болсун десеңиз, күнүгө кечинде 5тен жаңгак жешиңиз керек. Анын курамына кирген В тобундагы бардык витаминдер көрүүңүздү гана жакшыртпастан, склероз оорусун да алдын алууга жөндөмдүү келет.
???
Састумоолоп калсаңыз, чеснок, пиязды майда туурагычтан өткөрүп, аны тарелкага салып, одеял менен чүмкөнгөн калыбыңызда оозу-мурдуңуз менен алмак-салмак 3-4 мүнөт дем алыңыз. Мындай ыкма инфекцияларды жоготуп, ангина, бронхит ооруларына даба болот.


Макал-лакаптар
Мага да, сага да маанилүү

Ага-тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысын ынтымактуу болсо аш көп.
???
"Балам бар" деп мактанба, топто бирөө жок болсо,
"Атам бар" деп мактанба, атаң санда жок болсо.
???
Жакшы адам он бешинде жашмын дебейт, жүзгө чыкса карыдым дебейт.
???
Жаман атка жал бүтсө, жалына торсук байлатпайт,
Жаман эрге мал бүтсө, жанына коңшу кондурбайт.
???
Катыны менен урушкан кайынына салам бербейт.


Табитиңиз ачылсын!
Жайкы салат
5-6 картошка, 3 бадыраң, 2 помидор, 3 аш кашык бышкан төө буурчак же жашыл буурчак, 2 жумуртка, 250 г. каймак, петрушка, ашкөк, туз.
Картошканы бир нече ирет сууга жууп, аарчыбай туруп бышыруу керек. Кабыгынан тазалап, төрт бурч формасында туурап, ага ошондой эле формада тууралган бадыраң менен помидорду жана төө буурчакты кошосуз. Туздап, каймак менен аралаштырасыз. Идишке дөбөчө кылып салып, үстүн тилке кесилген жумуртка жана петрушка, укроп менен жасалгалап коюңуз.

Кыйырдан берки...
Кыргыз батасы
Колго суу куйган балага

Булактай тунук бол,
Кичүүгө өрнөк бол,
Жакшыга өрнөк бол,
Жаман көздөн алыс бол,
Каптап кирсе калың жоо
Каш кайтарар сеси бол,
Акыл-ойдун кени бол,
Арстандай айбаттуу бол,
Чалкар болуп көлдөй тол,
Чалкыган узак өмүрлүү бол,
Өмүрдүн баркын бил,
Жакшынын кадырын бил,
Адамдын адалын бил,
Достун адилин бил,
Жарыңдын көңүлүн бил,
Эне сүтүн актай бил,
Кудайдын амирин бил!
Оомийин!

Түш жоруу
Мышык
Эгер түшүндө мышык көрсө, үйүнө ууру келет. Мышык бир нерсе жесе - мал-дүйнөсү уурдалат. Жей албаса - мал-жаны ордунда калат. Түшүндө мышыкты өлтүрсө, уурудан кутулат.
Өрүк
Түшүндө өрүк жесе - ага байлык, акча келет. Жеген өрүгү ачуу болсо - ооруну, таттуу болсо - байлыкты билдирет.


"КЫЗГА СЕП"
Урматтуу ата-энелер! Жакында эле ушул аталыштагы кыздарга сеп даярдоочу ишкана ачылды. Эгерде кыргыздын кереметтүү төшөк, жууркан, көшөгө, шырдактарын ж.б. жасаткыңыз келсе, "Кызга сеп" сиз каалагандай өңүттө, көлөмдө даярдап берет.
Биздин дарек: Шабдан баатыр көчөсү, 27/1
Тел.: 0543 02-95-66; 0772 34-63-34