"Көк Асаба", 20.05.09 - 6-бет:
  Акын жана кара сөз

кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев
Көлөкөлөр
Билбейм кандай, эмне ойдо экен катарым?
Алыкул
Теректериңдин мала жашыл бүчүрүнөн жааган кебез сампарлап, асман-жериң Ак чамбыл түшүп жатчу кеч бешимде таш жолуң менен чымын-куюн болуп чуркап баратканыбызды эстедим.
Эч нерсе эгилбей… Чөбүң, чөбүң гана ыңкып жаткан жайдак огороддоруң, аны тосумуш эткен тор зым кашааларың, аны туш келди кыйрайган, ийрейген, майрыйган мамылары, чатырсыз да, чатырлуу да үйлөрүң, аттуу-жөөлүү адамдарың, куйругуна мурдун катып уктап жаткан итиң, күлгө оонап аткан эшегиң, жыгач зым карагайларың менен жыртак бастырмаларың, тезек менен көң жытына кооланып калкып жаткан түтүнүң.
Кагылайын Тууган Жер ай!.. Баары, баары сенин дем-илебиңен от алган жыңайлак буттарыбыздын күүсү менен тең жарышып чуркап келатып сай жээгине токтоп, жар жээгине токтоп, анан касиеттүү Чеч-Дөбөнүн жону ылдый жошулуп түшүп бараткан Күндү тиктеп… тиктерибиз менен көлөкөлөрүбүз колдон суурулуп, бойдон суурулуп Күнгө, болгондо да батып бараткан Күнгө бой таштап, кеткен жолго керте салынып, аккан жолго арта салынып, албырган шыбактарыңды аралап барып дирилдеп туруп калганын эстеп…
Көлөкөм - Тууган Жер!.. Сени эстеп, сенин көлөкөңдү эстеп… Көлөкөңдү ушунча жыл бөлөк жактан издеп, издегенде да жөн издебей, көрүнгөндүн ырын ырдап, чоорун тартып, кул болуп, малай болуп издеп жүрүп адашканымды, адашканда да жаман адашканымды сезип, айлам кетип, аргам түгөп турган кезим.
???
Кайран гана көлөкөлөр!.. Көрсө, батып бараткан Күн менен кошо батып, кошо жок болоруңарды анда ким билиптир?
Кечкисин сенин кыпкызыл нурга бөлөнүп, тоолоруңдун чокулары эндиктей тамылжып, топу үймөк токол тамдарың бышкан токочтой алоолоп, очоктон булаган түтүнүң ийигин ийирген желден шоонадай созолонуп, Күнбатыштан Күнчыгышка куш агып… Ошондо көлөкөлөрүбүз Күндү кармап калчудай упузун, упузун болуп, узарып-узарып кетер эле.
???
Өз көлөкөсүнөн коркуп жүрүп көлөкөсүн жоготуп, бирөөнүн көлөөсүнө айланган жандын көргөн күнү курусун!..
???
Айыл, айыл… Кош ат чеккен арабанын атына окшоп жүрөгүң да чарчаган окшойт. Канча жыл бизди тартып, сүйрөп келдиң. Баш көтөрбөй сүйрөп келдиң. Эми биз сени сүйрөшүбүз керек эле.
???
- Ыйман түгөндү, - деп келди акем бир күнү. Акем ыйлап турду.
Балам жок басып кетип,
кимди баккам бел кылам деп?
Бастырманын алдындагы
кыкты чылап жатамын көң кылам деп.
Балам жок качып кетип,
кимди баккам эл кылам деп?
Эски тамдын жанындагы
дөңдү казып жатамын дөң кылам деп.
Балам жок ичип кетип,
кимди баккам шер кылам деп?
Так мүрзөнүн алдындагы
ташты казып жатамын көр кылам деп.
???
Көлөкөлөр Күндөн да, Түндөн да түшөрүн, ошол Күн алдында көлөкөлөрүн жоготуп алып таппай келаткан кары-картаңдар менен кайырчыларды, бактысыз селсаяктарды көрдүм. Булар мурда кайда жүрүштү эле?
???
- Атып салчу адамдар көп, - деди мага бир күнү акем келип.
- Аларды эмес, окту аягын, - дедим.
Акем колхозду чилдей таратып, техникасын алдуу-күчтүүлөр талап-тоноп алганына ызасы келип, муунуп турду.
Тышка чыктым. Жер киргилт,
булут эски,
көлөкөм калч-калч этет
арыктыктан.
Мага окшоп теректер да
карыптыр жарыктыктар.
Мынабул какжыраган ээр, кезинде
күлүктүн жонунда эле
дубанды жарып чыккан.
Мынабул кара кемпир,
булактын тунугу эле
бир тоодон агып чыккан.
Мынабул кыйраган там
колхоздун кеңсеси эле
каныбыз тамып чыккан…
Аттиң ай, өкүттүүмүн,
бир апта ооруп жата каламын деп,
керексиз буюм өңдүү
бир доордон өтүптүрмүн!
???
Ош базарынан таштанды челектеги жугундуну сугалактык менен жеп аткан кемпирди көрдүм. Өтүп бараткан кыз он сом сунду эле, бир колу менен алып, чокунуп, ырахматын айтты да, экинчи колу менен жугунду жегенин улантып жатты.
???
Орто-Сай базарынан өлүк көрдүм. Иттин эмес, адамдын өлүгүн. Жанында кайыр-садага салган кагаз сандыгы турат. Адамдын жүрөгү муздаганда Жердин жүрөгү ысый баштайт деген чын окшойт. Жер ысып, адам муздап баратат…
???
- Ыйман түгөндү, - деп келди акем бир күнү.
- Түгөнгүдөй ал эмне, ун же талкан беле? - дедим.
- Ыйман качты? - деп келди акем бир күнү.
- Кайда качты? - дедим.
- Кайда качканын билсем айтпайт белем, - деди.
- Ыйман кетти? - деп келди акем бир күнү.
- Кайда кетти? - дедим.
- Башка жакка кетти. Аны биз күталбай койдук. Ал бизди чанып кетти. Ал эми кыргызга кылымдап келбейт, - деп жер муштап, сыздап жиберди.
???
Аламүдүн базарынан Ыйманга жолуктум. "Айылда эмес белең, эмне жүрөсүң, жүдөп да калыптырсың?" - десем, "Айыл болбой калды, андан көрө ыйманың болсо бере турчу?" дейт. "Ыйман түгөндү" дейт. Мен: "Бир аз бар, бирок ал да меники эмес, мен да бирөөдөн сатып алгам, азыр аны көрүнгөн жерден эле сатып жатышат, акчаң болсо чет өлкөнүн ыйманын деле сатып алсаң болот, байлардын баары ошону сатып ала баштады" деп жооп бердим.
Ойгонуп кетсем түшүм экен. Акемдин сөзүн эстедим.
Ый-ман… Ый-ман… Эмне үчүн сенин кыргызча атың ыйдан башталды экен? Же атыңды кыргызча койгондо Кудай да жаңылганбы?
???

ЭНЕКЕМДИН КӨЛӨКӨСҮ ЖӨНҮНДӨ: Бала кезде… Ойноп жүрүп, кеч киргенин билбей, багалегим шалбырап суу болуп, илкип-калкып, кардым ачып, ачкадан өлөйүн деп келатып, эски тамдын жанынан энемдин көлөкөсүн көрө коюп, шарт тирилип чуркап кеткен элем.
Анын көлөкөсүнөн ажыраганыма да көп болду.
???

СЕНИН КӨЛӨКӨҢ ЖӨНҮНДӨ: Эсиң-деби? Сабактан тарап чыгып, жаап салган аппак кардын али адам буту тиелек аруу, таза жолунда ак баракка калем сап калтырган жазууга окшоп, кош из калтырып кетип баратып, сага бүгүн сөзсүз айтам деген сөзүмдү айталбай, айтмак турсун жаныңа жакын жолой албай, кардын үстү менен жылып бараткан көлөкөңө көлөкөмдү тийиштирип басканга жетиналбай, төбөм көккө жетип, ысып-күйүп, өзүмдү дүйнөдөгү эң эле бактылуу жан катары сезген күнүм?
Сенин көлөкөңөн да ажырадым.

ӨЗҮМДҮН КӨЛӨКӨМ ЖӨНҮНДӨ: Бир жолу… Балдар бутуна жип байлап туруп от коюп жиберген таранчы жанталашып учуп барып биздин бастырмага жармашып, жалын дүрт деп, чөп өрттөнүп, байлануу турган уй өрттөнүп… Көргөндө эле ал да мени менен кошо жыгылып-кооп, жер таянып, өр таянып, тура калып жетип келсек, жалын чөпкө атылып, көккө атылып күйүп жаткан экен… Ошондо мени таштап, мени аяп, өрткө өзү кирип, кызыл-жаян болуп, калтырап-титиреп өрттөнүп жаткан көлөкөмдү көрүп, мага андан жакын эч ким жок экенине көзүм жеткен.
Жалган дүйнө бар кезинде сени жалгыз гана көлөкөң таштабайт. Ушуну эсиңе түйүп кой.