"Көк Асаба", 20.05.09 - 14-бет:
  Баластан

Таяк менен урба, тарбия сөз менен ур
Кадырман ата-энелер! Кыргыздар айтат: "Бала - падышалык", "Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр", "Таяк - тарбия эмес, сөз - тарбия", "Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына", "Баланы тарбиялоо - ташты кемиргенге тете" - деп. Биз гезитибизде балдардын ой жүгүртүүсүн бекемдеген табышмактарды, ырларды, тилин жатыктырган жаңылмачтарды, тарбияга үйрөтчү жомокторду, накыл кептерди, көрүү, ойлонуу сезимин өнүктүргөн сүрөт-табышмактарды арнап турмакчыбыз.

Суроо-жооп табышмак
Акыл кайда,
Кубат кайда,
Уят кайда?
- Акыл - башта,
Кубат - сөөктө,
Уят - көздө.
Ала-Тоонун боорунда,
Ат ойноткон ким экен?
- Жылкычы.
Алтын тондун жакасын,
Тек кайырткан ким экен?
Алтын казык кактырып,
Бек байлаткан ким экен?
- Бүркүтчү.
Көтөрүмдүүнүн көтөрүмдүүсү кайсы?
- Эл.
Таттуунун татуусу эмне?
- Жан.
Ширинден ширин эмне ширин?
Катуудан катуу эмне катуу?
Оордон оор эмне оор?
- Ширинден ширин жан ширин.
Катуудан катуу жокчулук катуу,
Оордон оор төрт түлүк мал оор.
Тарлыктын тарлыгы кайсы?
- Тарлыктын тарлыгы - өкүмү күч хандын асты.
Жердин ээси ким?
- Дөбө.
Суунун ээси ким?
- Булак.
Кептин ээси ким?
- Кулак.
Жумшактын жумшагы эмне?
- Кебез.
Катуунун катуусу эмне?
- Таш.
Ачуу менен таттууну бирдей берген ким экен?
- Туз.
Жүр, ойнойбуз:





Жомок
Айлакер бала

Илгерки заманда Багдад шаарында багар-көрөрү жок, бир тоголок жетим жашаган экен. Ал эл кыдырып тилемчилик жасап, өлбөстүн суусун ичип, өчпөстүн отун жагып, эптеп күн өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде жетим бала адатынча эл кыдырып жүрсө, бир адам жолугуп: "Балам, кайдан жүрөсүң, атың ким?" дейт. Анда бала: "Атым - Айлакер, кайдан келгенимди, эли-журтумду билбеймин, ата-энем үч жашымда көз жумган дешет" дейт.
- Ээ, балам, эмне айла-амалың бар? Атыңды Айлакер деп ким койгон?
- Менде эч деле айла-амал жок, ата-энемдин койгон аты ушул экен.
- Эмесе, балам, баары бир ата-энең, багар-көрөрүң жок экен, мага бала болгун, - дейт.
Бала: "Жакшы болот, ата, сокурдун тилегени эки көз дегендей, менин тилегеним да ошол эмеспи" деп, ал адамга бала болуп жүрүп калды.
Күнү эшикте ойноп отурса атасы чакырып: "Ээ, Айлакер, сен мына бул бактын башында эмне бар экенин билесиңби?" дейт. Бала: "Билем, ата, анда ак сары деген куштун уясы бар" деди. "Эмесе, куш азыр уясында жатат, сен кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келгин" дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келет.
Чал: "Эми кайра алып барып, жумуртканы уясына салып келгин" дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей жумуртканы уяга салып кайра келди эле, атасы: "Колуң эптүү, өзүң тири карак экенсиң, ишке жарай турган кебетең бар көрүнөт" дейт. Кечке маал болгондо атасы: "Мына бу жердеги абышка-кемпирдин үйүн билесиңби?" дейт. "Ошол кемпир-чалдын бир карын сарын майы бар. Аны же өздөрү жебейт, же кишиге бербейт. Түн ичинде уурудан коркуп, экөө ортосуна алып жатат, баргын да, ошону уурдап келгин" дейт.
Айлакер макул болуп, абышканын үйүнө жетип барат. Барса, чынында эле абышка-кемпир төшөгүн кенен салып, майды ортосуна алып уктап жатышкан экен. Айлакер жыла басып, төшөктүн жанына барат да, абышканын үнүнө окшотуп кырылдап, "кемпир, ары жат" деп кемпирди акырын түртүп коет. Кемпир арылап кетет. Андан кийин "абышка ары жат" деп кемпирдин үнүнө окшотуп, үнүн жасап абышканы түртөт. Абышка арылап кетет. Ушуну эле күтүп турган Айлакер карап турчубу, майды уурдап алып, чыгып кетет.
Аңгыча абышка ойгонуп калып, эки жагын сыйпаласа, карындагы май жок. Абышка өзү да жаш кезинде кыйын амалдуу экен, бул иштин Айлакер колдуу болгонун түшүнүп, төшөгүнөн дароо тура жүгүрүп, Айлакердин атасынын үйүнө жетет. Барса бала үйүнө жете элек экен. Абышка үйгө кирип, бир чаканы уурдап алып чыгып, эшиктин алдынан тосуп тура калат. Аңгыча Айлакер майды көтөрүп алып келип калды эле, абышка: "Келе, балам, майды мага берип, буга суу алып жетип кел" деп, шаштыра колундагы чаканы кармата койду. Бала: "Өзүмдүн атам экен" деп, майды берип, чаканы алып сууга жөнөйт. Жүгүргөн бойдон суу алып келип: "Мына, ата, суу алып кел дедик беле" дейт.
Айлакер алдатканын билет да кайта жүгүрүп, абышканын үйүнө жетет. Барса, абышка үйүнө жете элек экен. Үйгө кирип кемпирдин жоолугун алып, башына салынып, абышканы тосуп турат да, "Түлөөң курган чал, кайда кеттиң, эчкилериңди карышкыр кууп кетти" дейт. "Кайда кетти, ме майды" деп, абышка майды бере салып, эчкилерин издеп кетет. Айлакер болсо майды алып үйүнө келет. Абышка талаадан эчкилерин таппай кайта келсе, эчкилери короодо жатат. Аны көрүп кемпирине ачууланып: "Эчкини карышкыр кууп кетти дебедиң беле" дейт. Анда кемпири: "Сен эчкиге кеттиң беле, майга кетпедиң беле?" дейт. Абышка Айлакерге алданганын билип, өзүн санга бир чаап кала берет.





Тап, табышмак
Өзү тегерек,
Жарыгы эң керек
Күндүз көрөм,
Түндөсү көрбөйм.
(Күн)

Күнү-түнү тынбаган,
Бөлө чапса сынбаган.

(Суу)





Жаңылмачтар
Эртең аркарлар марчага марчалайт,
Эртең аркарлар марчага марчаласа,
Биздин жердеги аркарлар марчага марчалабай,
Кимдин жериндеги аркарлар марчага марчалайт?

Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Төрт көпөлөк бөлөк өтөт.

Былкы-былкы былкы таш,
Былкылдаган кызыл таш,
Таар токум чаар таш,
Тайгаланма кара таш.





Урушмай
Ойноочулар эки тарапка бөлүнүп, эки тараптын да башчылары болот. Анан бир баланы четке каратып, эки колун жогору көтөртүп коюшат. Ал кайсы колун мурун түшүрсө, ошол тарап жатат. Каршы тарап аларды урат. Эгерде жаткандардын бирөө урган адамды тээп койсо, алар жатышат. Ошентип ойной беришет.




Балдар ырлары
Турумтай
Куу-куу турумтай
Бетегенин түбүндө,
Беш балаң калды турумтай.
Суунун ичи шыргалаң
Сууда калды бир балаң
Муздун ичи шыргалаң
Музда калды бир балаң.
Мышык
Мыелогон мышыгым,
Чычкан алган кызыгып.
Мышыгым, мышыгым,
Жүнүң жумшак эң эле,
Жакшы көргөн ысыгым.