"Көк Асаба", 13.05.09 - 5-бет:
  Жигер

"Кезегиң барда эр жигит,
"Аргымак аттай арышта…"
Коррупция башаты ЖОЖдорбу?
СССР доорундабы, же болбосо азыркы эле XXI кылымдын учурубу, айтор бир абитуриент атасын ээрчитип алып, ЖОЖдордун бирине сынак бергени келет. Сынак берүү учурунда буурул чач келген, көз айнекчен аксакал адам баладан:
- Пушкинди тааныйсыңбы? - деп сурайт. Анда бала башын чайкайт.
- Толстойдучу?- дагы башын чайкайт.
- Анда Алыкулдучу, биздин эле Алыкул Осмоновду?
- Жо-ок, чындыгында тааныбайт экенмин, - деп жооп берет.
Айласы кеткен мугалим "бара бер анда" деп чыгарып жиберет. Эшикке чыгаар замат күтүп турган атасы:
- Эмне болду балам, өттүңбү?
- Жок ата, кирсем эле тигини тааныйсыңбы, муну тааныйсыңбы деп сурайт. Тааныбайм десем чыгарып жиберди, сыягы таанышы жоктор өтпөйт окшойт, - деген экен.

Экономикабызды көтөрүбүз деп ар дайым какшап келебиз. Калкыбыздын "кылыш керек" деген "улуу" сөзү ташталып, чын эле кылганга өткөнбүзбү, базарларыбыз, бизнесмендерибиз көбөйдү. А бирок жең ичинен жүргүзүлчү ЖОЖдордогу бизнесибиз андан да катуу өнүгүп, алдына ат салбай, кылымдын мыкты жаштарын даярдайбыз деп төш каккан окуу жайлар да бул бизнеске жакшы ыкташып алгандай. Айрыкча айыл жергесинде "баламдын сессиясы башталганы калды, акча салыш керек" деген сөздөрдү угасың. Көпчүлүк эле студенттерибиз тигиге мынча, буга мынча деп эсептеп, алдын ала даярданганын көрөсүң. Мунун баарын жашырганда эмне, ЖОЖдордун босогосун аттап, окуу күнү башталгандан тартып эле "тигил мугалим алабы же албайбы" деп сураштырып билип алчу адат да таап алганбыз. Баланчанын баласы өз күчү менен окууга өтүптүр деген сөздү уккандар, "ээ, койчу, кантип эле ошондой болсун, жогору жакта крышасы бар да" деп айтышат.
Эстесеңиздер, март аяктап, апрель башталган күндөрдө Билим берүү министрлиги баардык ЖОЖдорду катуу текшерип, ызы-чуу түшө баштаган. Анан эле кумга сиңген тамчы суудай тымтырс болду. Же булардын да крышалары тааныш чыгып калганбы, же күлкү күнүнө жакшы тамаша даярдашканбы, айтор, белгисиз.
Мындай жаман көрүнүш-төрдөн качан арылып, деги качан кутулабыз? Бул жөнүндө чырылдап жазганы деле көп, чындыкты кармап бетине айтканы деле толтура. Бирок, качан жыйынтык чыгаары табышмак. Тигил кымбаттады, бул кымбаттады деп отура берсек, жең ичиндеги бизнесибиздин "ставкасы" да кымбаттай берчүдөй. Буга окшогон бизнестерди ким токтотот? Эл башкарган жакшыларыбызбы? XXI кылымдын жаштары болгон мына бизби? Же болбосо XXII кылымдын жаштарыбы? Анда биз ал күндү көрбөй калабыз го?
Гулусбек МАЛЕНОВ,
КУУнун география факультети,
4-курс




  Эшмамбет

Санат
Өмүр жашоо бардыгы
Келбейт экен бүркүмгө.
Чын акылың жетишсе
Чыныңды бурба күкүмгө.
Бул жашоонун чоң жолу
Сала берет түркүмгө.

Жер бетинде тирилик
Жайнай берет тирилип.
Алда кайда созулат
Аккан дайра ийрилип.
Адамзаттын өмүрү
Ага берет киринип.

Дат жукпас сары алтынга
Таасириң болот баркыңда.
Кезегиң барда эр жигит
Күмүш өңдүү жаркылда.
Аргымак аттай арышта
Атагың калсын артыңда.

Кылкылдаган кымыздай
Кызыткан болчу жашчылык.
Дене бойду от жакпай
Ысыткан болчу жашчылык.

Күркүрөп аккан дайранын
Шарындайсың жашчылык.
Чайга кошкон аарынын
Балындайсың жашчылык.
Кетээриңде от болуп
Жалындайсың жашчылык.
Бир кеткен соң экинчи
Табылбайсың жашчылык
Баркын билбей жаш кезде
Болот тура масчылык.
Сагынсам да кайрадан
Келбейсиң го бастырып.
Ак куулар канат каккандай
Учуп кетти жашчылык.
Кашыма бир конду да
Сызып кетти жашчылык.
Асмандагы Күн, Айдын
Жаркыны го жашчылык.
Ардактаган адамдын
Алтыны го жашчылык.
Саябандуу бай терек
Салкыны го жашчылык
Адамзаттын жүрөктө
Каны беле жашчылык.
Эр жигиттин көзүндө
Шамы беле жашчылык.




Кыйналуубуз - сынак

Учурда экологиялык, экономикалык ж.б. кризис деп көп айтылып, сөзгө маани берилбей, чар-жайыт сүйлөнгөн боюнча ишке ашып жатат. Дегеним, кыргыздар байыртан сөз кудуретине баам берип келишкен. Ал эми сөз - жан дүйнөнүн абалына байланыштуу.
Доордон доор алмашкан ушундай өткөөл заманда заман талабы көр оокатка, акчага эмес, жан дүйнөнүн жанданышын күтүп турган чагыбы дейм. Биз кыргыз болгон соң, кыргыз адамынын жан дүйнөсүн таанып, байытып, өзүбүздүн түпкү өзөгүбүзгө келишибиз зарыл. Ошол жан дүйнө түпкү өзөктөн алынып, аны пайдубал кылып, келечектеги жолубузду тааныйбыз.
Жан дүйнөбүздү салт, нарк, дүйнө тааным, руханий илимдин ордосу, булагы болгон макал-лакаптар курат. Салттын, дүйнө таанымдын жазылбаган, канга, жанга сиңген эреже, мыйзамды улуттук аң-сезим коштоп турат, анын ар бир элдин өзүнө таандык болгон ой жүгүртүү стили болот.
Кыргыз элинин өткөөл мезгилде ой жүгүртүү стили, улуттук аң-сезими кыргыздын табигый изине түшкөндө гана бардык көйгөй чечилери бышык. Бул нерсе өзү эле келе бербестир. Ошондуктан, "Жакшы тилек - жарым ырыс" демекчи, ырыстын келиши жарымы тилек, жарымы иш-аракет менен келет деп, кыргыз алмустактан бери жашап, ынтымак, биримдик менен аракет кылып, максатка жетип, бу дүйнөнүн табигый ыргагы менен өмүр сүрүп келет.
Сөз соңунда айтаарым, бүткүл эл ынтымакка келип, ырысты тең бөлүшүп, бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, Жараткан Улуу күн, теңдеши жок Теңирим менен ар бир деңгээлдеги, ааламдагы Улуу рухтар менен жаратылыш ээлери, жан-жаныбар пирлери жана ата-баба арбагынын коштоосу, колдоосу, коргоосу, жетелөөсү, жетектөөсү аркылуу гана кой үстүнө торгой уялаган доорго жетерибизге көзүм жетти.
Учурдагы көйгөй, кризистер адамзатка, анын ичинде кыргыз элине келип жаткан чоң сыноо деп билемин.
Миррахим ТОКТОГУЛОВ,
КУУнун философия
факультетинин студенти




Тил өнүгүүсү - жан дүйнө өнүгүүсү
Тилим - менин жашоом. Тилим бар, демек, улутум бар. Мамлекет өнүксүн десек, тилибизди кошо өнүктүрүшүбүз керек. Тилдин өнүгүүсү - улуттук аң-сезимдин, жан дүйнөнүн өнүгүүсү. Кыргыз тили өнүгүү жолунда болуп, теориялык түрдө 60 миң сөздүү сөздүккө ээ болду. Бул жакшылыктын белгиси. Бирок практикага айланбай жатат. Негизги көйгөй ушунда. Теория түрүндө түзүлгөн 60 миң сөздүн практика түрүндө 6 миңин билбеген кыргыздар жок эмес.
Бүгүнкү күндө тил маселеси эмне үчүн чоң көйгөйгө айланды, себеби эмнеде? Себеп патриоттук демдин басаңдаганы, улут үчүн кайдыгер мамиледе болгондугубуз. Ошондуктан ойлонолу да, ойгонолу. Тилдин бузулганы жашообуздун бузулганы. Эртеңки келечегибизге бүгүн назар салалы.
Айзада МОЛДАЛИЕВА,
КУУнун филология факультети, 3-курс




Жигиттер жоокерлигинен жанбайт
Кыргыз жөнүндө сөз кылуудан мурда, француздардын улуу жазуучу Виктор Гюгонун "Адамдын улуулугун бою аныктабагандай эле, элдин улуулугун анын саны аныктабайт" деген улуу сөзү менен баштасак. Кыргыз аз санда болгону менен, көрөңгөлүү эл экени талашсыз. Ал эми жигиттери, кыздары, жаштары, карылары илгертен өз ордун билишкен жана сыйга татышкан. Жигиттердин сабырдуу, ар-намыстуу, өчөшкөн душмандын катыгын берген жоокерлиги азыр да бар. Алар мекен үчүн жан кечип, эрдик менен элин коргооруна шексиз ишене берсеңиз болот.

Биз азыр бир биримдикке келбесек, өзүбүзгө көңүл бурбасак, ММК аркылуу бизге кол салып, элдин ички түзүлүшүн кемтик кылууга аракет кылып жатышат. Ал эми эгерде мамлекет элди адилетсиз камап жатса, демек, улуттук коргоочулар да болушу керек. Алар улутка улуттугун эскертип турбаса, улут урап калат. Бул сөздөр кыргыз болуп башка улутту саба, жек көр дегендикке жатпайт. Кылымдарга жашап, кыргыз атын өчүргүң келбесе, өзүңдү тааны дегендикке жатат. Жаштар арасында жүргөндө байкайсың, кыргызча сүйлөгөндөрдү "колхоз" дешет, өздөрүнөн төмөн көрүшөт. Андайлар иш билги болгону менен, өзүн тааныбай жатса, анда алар өз деңгээлиндеги бир киши. Улут урпактарга, ар бир кыргызга керек. Мекенинин атуулумун деген адам элинин каада-салтын, үрп-адатын ар дайым билиши керек. Бул, биз үчүн милдет, парз.
Айбек СЕЙИТБЕКОВ,
КУУнун журналистика
факультети, 3-курс