"Көк Асаба", 13.05.09 - 14-бет:
  Лирика

Бурул КАЛЧАБАЕВА
СЕЗИМ НЕГЕ, СЕРПИЛДИҢ СЕН?
Канча жыл жалгыз экем,
Негедир ойлонбопмун.
Сырдашым жалгыз калем,
жалгыз барак…
Жалгыз төшөк жана балам,
ал да жалгыз…
Көңүлдүн оту өчкөнбү,
Кайра жангыс?!
???
Кирпиктин учундагы,
Каректин нурундагы,
Көрүнбөгөн бир жипти ортодогу
суук көздөр көрбөсө дейм!
Кирдүү кол кармабаса…
Бир гана өзүм билип
аяр күтүп…
???
Экөөбүз эки жээкте
өтүүгө көпүрө жок.
Ортодо - күрпүлдөйт турмуш дайра.
Өтүүгө кечүү кайда?
Тап бир айла!
Далайга тил табыша албай,
Жүгүрдүк көпүрө издеп
өйдө-төмөн…
Көңүлдө бир ыңгайсыздык,
зарылбы ушул мага?
Көзүңө тик карай албайм,
сүйлөй да албайм,
калгансып сөз түгөнүп…
Ортодо турмуш дайра,
мелмилдеп турат тынып.
Дегдеген көңүл кайда?
Чөйчөктөй мелт-калт болгон
эңсөө кайда?
Тоодон кулап, ташка урунуп,
Бир нукка баш ийип,
баш ие албай…
тамчысы каректей чачыраган
өзөн сымал…
Сырымды ичке алып,
Түбү жок көз кудуктай
турам тунуп…
???
Мен сени жакшы көрөм,
Жакшы көрөм өзүмдү сенден дагы…
Атымды, абийиримди аттай албай,
Өмүрдүн көп барагы актай калды!
???
Көзүм неге?
Көрдүң неге?
Көрбөй турган кишини…
Жүрөк неге?
Сүйдүң неге?
Сүйбөй турган кишини…
Сезим неге,
Серпилдиң сен?
Уйгу-туйгу ойго салып ичими…

Көңүл неге?
Ойноктойсуң?
Желедеги кулундай!
Кыял бекер
алып учпа…
сапырылып куюндай!
Сүйүү ыры, калсын менде
жаңырыгы жан адамга угулбай!

Аруу сезим!
Кан дүргүтүп,
албууттанба бекерге!
Сынадыңбы?
Арзуу ырын,
Тартууладың кетерде…
Тамшанаармын,
бир угаармын…
Өмүр менден кайып учуп өтөөрдө!
???
Турам азып…
Уйкум качып…
Сен мени -
менден башка тирүү жан жок,
ээн жерге алып барып,
таштап салчы…
Артыңа бир кылчайбай
кетип калчы…
Көөдөндө көнөктөгөн ак жамгырды
төгөйүн суу боюна…
Көрбөсүн жан!
Көңүлдү зилдей баскан кусалыкты,
көмөйүн тоо койнуна…
Көрбөсүн жан!
Сен да көрбө…
Жазылбас сагынычты -
мыжыккан жүрөгүмдү алсыратып,
салкын желге сапырайын…
Кайгыны -
көлөкөдөй ээрчип алган,
Жүзүмдү күнгө тосуп,
жолотпой качырайын…
???
Мен сени түштөн көрөм, көрөм иштен,
Айта албай ойлорумду сызам ичтен.
Көңүлдү уялаган бир сезимдин,
Көп түйүн жандырмагын сенден күткөм.
Сагынсам саамайыңдан сылай албай.
Бүркөлсөң көңүлүңдү улай албай.
Тиштенип жашап келем ичтен сызып,
Бой таштап кучагыңа кулай албай!..

Кыйылтып далай жанды умсунтканмын,
Бир көргөн жалган түштөй унутканмын.
Жылыбай жүргөн көңүл не жылыдың?
Өзүңдү кыйын болду унутмагым…

Мен сени түштөн көрөм, иштен көрөм,
Айта албай ойлорумду сызам ичтен.
Байчечектей бажырайган бир
сезимдин,
Баштаган поэмасын жазып бүткөм…
???
Аялың чалды мага,
сурады абалымды,
билдирди кабарыңды,
Кайсы бир алыс шаарга
сапар тартып кеткениңди…
Үнүнөн каргылданган,
Көңүлдүн түпкүрүнөн,
Канчалык сыр бергиси келбесе да,
сыйрылып турган сызылып,
тамгалардын ар жагынан,
сөздөрдүн арасынан,
окудум башка сөздү
көңүлгө бүлүк салган:
"А балким, ал шаарда эмес,
сенин эле маңдайыңда
олтурат чыгар" деген…
Кандай оор?!
Түпөйүл ушул жашоо,
чок кармап алаканга,
кызганыч көөдөндү тээп…
Уйку бербей күдүк ойлор,
убайымдын үрөнүн сээп!
Эң кымбат асылыңды,
бөлүшүп бирөө менен…
Мен ага -
көп нерсе айткым келди…

Ал сага үйлөнөөрдө -
кыз кездеги -
кыялыңдын бири калбай,
Жаз күнүндөй мүнөзүң
өзгөрмөлүү,
Айланып көнүмүшкө,
карга айланып борошолоп,
жаап турарын билген эмес…
Ал сага үйлөнөрдө -
кесирлүү, кербездене
кабак чытып, тергеп-тескеп,
Ачуу тилиң -
камчы болуп чаап турарын
билген эмес…
Алмага багындагы,
эртелеп курт түшөөрүн,
жаздагы жаңы көчөт, жалбырагы бүрүшөөрүн,
сезими эмнеликтен
эрте үшүүрүн,
Тез эле - махабаттын масы тарап,
соолугарын билген эмес…

Ал сага жолукканда -
чөлдө эмес, көл боюнда
кетирекей кара тору,
бир кыз барын билген эмес!
Ордолуу отуз жашы артта калып,
Кырчын курак -
кыркты өрдөп калган кезде,
Бөтөн эл, бөтөн жерде
ал экөө жолугаарын билген эмес!
Сыпайы - сылык мамиле,
экөөнө кишен салып,
Аруу сезим уялап көңүлдөрдө,
ак баракка -
табышмактуу ырлар жазып,
бейтааныш бир аялга,
көңүлү оолугарын билген эмес! -
дегим келди…
Айта албадым…
Ансыз да -
көмүлүп ой-санаага,
көңүл кушун качырып
турган жанды,
Жана да -
куштун кош канатындай,
буюрган бир адамга
эки аялды,
Аны да, өзүмдү да
аяп турдум…
Атаганат!
Жазданып бир жаздыкты,
жаныңда жаткан жардын
кадырына жеткен жакшы!
Болбосо - байланып көр оокатка,
ортодо ишеним жок,
тырышып этегинен бекем
кармап,
тепсетип намысыңды,
төшөгүңдү,
кор кылып алтын башты
жашаганча,
Болсо да -
бул ааламдын түркүгү ошол,
кол шилтеп -
кош айтышып кеткен жакшы!
Чынында -
алган жардын кадырына
жеткен жакшы!