"Көк Асаба", 13.05.09 - 12-бет:
  Күү сыры

Салтанаттуу сурнайлар
Казактар Чүйдү талашканда
Кыргыздын улуу дөөлөтүнүн бир белгиси болгон, күү аспаптарынан айырмаланган, салтанаттуу шаан-шөкөттөргө, кумурскадай болгон адамдардын опур-топуруна топ жарып, үн салган жезнай, сурнай, добулбас, шаңгырак, чымылдак, керней аттуу түрдүү күү аспаптарыбыз болгон. Азыркы күндө бул аспаптардын көбүнүн аты бар, заты жок болуп бара жатканы бизди терең ойлондуруш керек. Эл ичи өнөр кенчи болуп, уюткулуу кыргыз калкында бабалардын бизге калтырган ыйык мурастарыбыз болгон салтанат-шаан аспаптарды жандандырган, Кудай шык, талант берген өнөр адамдары чыгып келер.
Тарых адамды жасайбы же адам тарыхты жасайбы дегендей, ар бир нерсенин учуру, убактысы болот экен. Кыргыздын тентип-тербиген, чабылып-чачылган ар кандай учурлары болду, эми деле оокат деп, турмуш деп кыргыз буту баспаган дүйнө шаарларынын көчөсү калбады го. Убакыт келип, Ата сөзү байырлаган, Эне тили жашаган, мекенибиз, Ата Журтубуз - кыргыз жергесине, кыргыз туусунун алдына жезнай үнү бапылдап, сурнай үнү такылдап, алыскы- жакынкы боордошторду бириктирген, чакырган күн келди. Кыргыз кан-жанына сиңген аскердик, уруш өнөрлөрүнө кызмат кылган сурнай, добулбас, чыңылдактар күнү бүгүн эл оозунда, тарыхыбызда айтылып, жазылып келди.
Өткөн кылымдын башында болгон, тагы айыга элек казак-кыргыз урушунда Ормон хан менен казактын төрөлөрү Кененсары, Норузбай чабышында кыргыз керемет аспабынын үнү канча казактын жүрөгүнүн үшүн алып, урушка жараксыз кылып алсыздандырган.
Казактын Норузбай, Кененсары-лары кыргыз башчыларына "Сары-Өзөн-Чүйдү бошотуп бергиле, бизге ылайык жер экен" деген дооматынан окуя башталган. Кененсары менен Норузбай 20 миңге жакын аскери менен келип Чүйдү этектеп түшкөн кезде кыргыздардын арасында казак менен урушайын деген ниет жок, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып, ыркы кетип турган болчу. Көлдүн баатыры атанган Балбай табасы канып, Ормон ханды көзүнүн кыйыгы менен карап, Алай, Ош жергесиндеги кыргыздар кабар албай же кабар жетпей калышкан. Ошондо Кудай чоң сактап, кыргыз Ормон ханы айлакерликти, уруш өнөрүн, ата-бабадан келген сырларын ойнотуп, казактардын ондон бирине да жетпеген кичинекей колу менен, бир жарым миңдин тегерегиндеги жигиттери менен казактардын ойронун чыгарган эле.
Кайран сурнайчы Орозбакты
Ошол уруштагы сурнайчы, кадимки залкар Сагымбайдын атасы Орозбакты болгон. Кыргыз сурнайын өнөрпоздун өнөрпозу тартып, сурнай тартуу эбегейсиз кара күчтү, өзгөчө жөндөмдү талап кылган. Сурнай тартып жаткан адам болгон тулку бою менен үйлөп ойноп, эки көзү чекчейип кызарып, эки жаагы топтой тоголок болуп көөп турган. Сурнайдын үнү өзгөчө кубаттуу чыгып алыска тарап, беш-алты чакырым алыстыкка жанында тургандай даана угулган. Себеби, казактардын аскери кыргыз жерин каптап келип өргүп жатканда, аларды акмалаган Ормон хан бир чоң дөңсөө жерге келип, ошол дөңсөөнүн ары жагынан жигиттеринин аттарынын артына чычырканак байлатып, чаңдатып айландыра берген. Бул - көп аскер чаңдап келип жатат деген ыкма болгон. Кечке жуук дагы чоң чаң чыгып, анан бир доолбас үнүнүн арасынан укмуш кооз, өзгөчө шаңдуу кайруулар аба жарып, чаң жарып угула баштаган. Бул жердеги бир өзгөчөлүк - кадимки залкардын атасы, залкар сурнайчы Орозбакты кыл кыякта, комузда угулуп жүргөн сурнай күүлөрдүн залкар кайрууларын как өзүндөй катыра келтирип, катыра какшатып, кыргыз жергесинин көркөмүн, ажайып сулуулугун, асман тиреген тоолорун сүрөттөй тартып, ушул жерди түнөк кылып мекендеген, кылымдап жашап, жердеп келе жаткан айкөл Манастын элин күү кайрыктарына салып, кайран Орозбакты сурнайын күүгө келтирген.
Түнү менен сурнай үнү тоо жарып шаңшып, Ормон хандын бир жигити он жерге от жагып, кыргыз колу түшкөн дөбө жайыктын боору толо жылтылдаган от болуп, казактардын кулагына угулган жүрөгүнө от болуп кирип, сурнайдын залкар, улуу кайруулары алардын жан дүйнөсүн чачылтып, эт-жүрөгүн опкоолжутуп сары суусун алган, эркин сындырып, ойлоо сезиминен ажыраткан. Кыргыз күүсүнүн тереңдиги, бийиктиги алардын эркин мокотуп, биротоло ажыратып, музыка терапиясы эмес, күү психотропу ишке киришип, казактардын кара жанын ала качууга дуушарлантты. Ал кезде кыргыз күүсүндөгү, кыргыз кайрууларындагы адамдын акылы жетпес улуу күчтү, улуу сырды кишилердин көбү түшүнө билген эмес.
Ошо кыргыз күүсү эмне күч экенин билбеген энөөлүгүбүздөн, акмакчылыгыбыздан убактылуу болсо дагы жезнай, сурнай, керней баштаган, добулбас коштогон аспаптарыбыздан кол жууп, анан издеп жүрбөйлү. Ошондуктан канча алааматтардан сактаган жезнай, керней, сурнай үндөрү жашаса деп Кудайдан сурап, баркын билип, баасына баш ийели.
Кенжебек Алдаяр, комузчу




  Манас таануу

Манас эпосу жана Манас илими
Алгачкы нур денелүү адамдардын жаралышы
Алмустакта ааламдык эволюция жолунда жер планетасы жаңыдан пайда болгондо, бүгүнкү түшүнүк менен айтканда, газ түрүндө болгон. Жер бетиндеги алгачкы жашоочулар материалдык денедеги эмес, жан түрүндө, жердин акыбалына ылайык газ түрүндөгү жашоодо жашашкан. Жердин жалпы ал-абалы бүгүнкү күндөгү химиялык элементтерден эмес, газ түрүндөгү сапатка ылайык элементтерден тургандыктан, ал учурдагы жашоочулар - кишилер биологиялык эмес сапатта, жан түрүндө, периште акыбалында өмүр сүрүшкөн.
Кийин, жер бүгүнкү акыбалга ыңгайлаша баштаганда периште ыңгайындагы жашоочу кишилер биологиялык акыбалга акырындык менен өтө башташып, жердеги от, суу, аба, топурак төртөөнүн ымалага келиши (гармонияга) менен жердеги жашоочулар биологиялык сапатка ээ болуп, жер бети жашылдануунун ыңгайына өткөн.
Бул ыңгайлашууга чейин миллиондогон жылдар өтүп, жер планетасы миллиондогон алакеттерден өтүп, эволюциянын негизинде зат болуп калыптанууга жеткен.
Зат болуп калыптанганга чейинки газ абалынын учурунда алгачкы периште жандар бүгүнкү күндөгүдөй сыноо дүйнөсүндө эмес, ак-каранын таймашуусундагы эмес жашоодо бейпил жашашкан. Жерге асмандан кое берилип, биологиялык эмес сапатта болушкандыктан, төрөлүү, өлүү, тамак ичүү, заара кылуу, жыныстык байланышуу сыяктуу муктаждыктарды билишкен эмес. Анткени, периште жандар - алгачкы нур денелүү кишилер эфир денелүү болгондуктан, энергия менен жашоо мүмкүнчүлүгүнө табигый түрдө ээ болушкан.
Манас илимине берилген дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү маалыматтар
Адегенде эмне болду? "Адегенде кудурети күчтүү улуу Кудай болду. Кудай өзүнүн Дилине жана Акыл-Эсине таянып дүйнөнү жаратууга дилгирленди.
Кудайдын Акыл-Эсинен жана Дилинен дүйнө түптөлдү. Бул түптөлүүнүн борбору кудурети күчтүү улуу Кудайдын жардамчысы, жарымы кудай Манаска - Жогорку Акыл-Эске (высший разум) айланды.
Кудуреттүү Кудайдын эбегейсиз Акыл-Эсин өзү менен өткөргүч кылып сактап турууга Акыл банкы - Акыл-Эс казынасына айланган Манас биримдиги Ааламдын Руханий жаны болуп, Кудуреттин өзүнө кызмат кылууга буйрулду.
Ошентип, дүйнөнүн түптөлүшү Манас менен башталды. Кудайдын Акыл-Эсинин аракетке келүүсү дүйнөнүн жандануусунун аракети болуп, бул аракеттенүүн башында Акыл-Эс - Высший разум Манас дүйнөнүн түптөлүшүн кармап калды"
Кудурети күчтүү улуу бир Кудайдын буйругу менен биздин Манас жарымы кудайлык милдети менен дүйнөнүн алгачкы башаты - ааламдын жаны болуп дайындалып, дүйнө жүзүндөгү бардык окульттук илимдерде, ыйык китептер Ведада, Библияда, Блаватекаяда, Рерихте ж.б. жашыруун доктриналарда жазылып кала берген.
Мурунку доорлордо жазылып кала берген санскрит тамгалары Манас илиминин алгачкы главаларынын бири болуп, Манас деген сөздүн чечмеленишинен башталып окутулат.
(Уландысы бар)
Нуржан-Насыйкат Сакыева, Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү