Кыргыздын улуулугу

Дастан САРЫГУЛОВ, "Теңир ордо" фондунун негиздөөчүсү:
"Бүгүнкү адилетсиз доордо
жакшылар жакырланды…"
- Сиз такай жазып да, айтып да келатасыз "Улуу кыргыз" деп. Ынтымагы, биримдиги жок, жакырланып, тентип, тарап, жок болуп бараткан кыргыздын улуулугун айтууга негиз барбы?
- Наркын, салтын, тарыхын унутуп, эне тилин сыйлабай, улуттук намысын жоготуп, Ата журтун ыйык Мекен деп аздектеп сактай албаган, бейиштин төрүндөй жерде жашаса да жакырланган кыргыздын көбү "Кыргыз" деген улуу сөздүн "К" деген тамгасына да бүгүн татыбай калды.
Буга макул эместер жети атасын, кыргыздын санжырасын, тарыхын билип, айтып бере алабы? Комуз, кыл кыяк күүлөрүнүн болбой калды дегенде 30-40ын угуп, таанып, кайсы күү качан жаралган, эмнеге арналган, ким аткарып жатканын тааный алышабы? Арстанбек, Чоңду, Эсенаман, Калмырза, Нурмолдо, Жеңижок, Үмөтаалы ж.б. залкар акындардын чыгармалары менен таанышпы? Кыргыздын 400кө жакын улуттук оюндарынын 30ун айтып, эрежелерин түшүндүрүп бере алабы?
- Мындай абалыбызга коммунисттик доор, алар жүргүзгөн маңкуртташтыруу саясаты себеп болбодубу, кыргызда кайсы күнөө, эгерде айтпаса, окутпаса, түшүндүрбөсө…
- Союз ураганына жакында 20 жыл болот. Качанга чейин коммунисттерге шылтоолоп, маңкуртчулуктан, рухий кулдуктан чыга албай, "интернационалист" - демек, улутсуз, теңсиз болуп жүрө беребиз? Же Мекенибизди, тилибизди, Манасыбызды, салтыбызды, комузубузду бизге "интернационалисттер" мурастап, калтырды беле?
- Андай болсо кыргыздын улуулугун далилдеп бербейсизби?

- Биринчи. Чыгыштан - Непал, Индия, Тибет, Кытай, Батыштан Кавказ, ортосунан Борбордук Азиянын даңктуу, даңазалуу, адам суктанып таазим кылган жер, суу, дарыя, чоку, көлдөргө Манас бабабыздын ысымын ким койгон? Кыргыз койгон. Бүгүн да ар бөлөк динди тутунган түркүн улуттагы элдер бул жер, суу, көлдөргө зыярат кылып, аларга ыйык мамиле көрсөтүшөт.
Байыркы перс, араб, жөөт, кытай ж.б. элдердин кимисинин түпкү бабасынын ысымы ушунча жер, сууларга коюлуптур? Картаны карап, издеп, таап бербейсиңерби? Бул кыргыздын улуулугу эмеспи?

Экинчи. Кыргыздын тарыхы биздин заманга чейин IV миң жыл мурун башталганын археология казууларынын негизинде атактуу тарыхчы Бернштам Н.А. 1943-жылы далилдеп берген (Бернштам Н.А. "Избранные труды", Бишкек, 1993-жыл, II том, 151-312-беттер). Санжырачылар Качкын Орунтаев, Үмөт молдо жана башкалар "Кыргыз Мухаммед пайгамбардан 3400 жыл мурун эл болуп, наркы, салты менен таанылган" деп жазышкан. Чайковский А.П. "Родина народов арийской расы" (Москва, 1914 ж.) деген китебинде (161 бет) байыркы санскрит тилинде жазылган "Ригведа" ыр жыйнагында (биздин замандан 1200-1400 жыл мурун) Ысык-Көл аймагында бурут эли жашаганы айтылганын эскерет. Демек, аныкталган алты миң жыл тарыхый жолдо кыргыз жок болуп кетпей, сакталып, XXI кылымдын босогосун аттаганы улуулук эмей эмне? Бул кытай, славян, грек жана башка далай элдердин тарыхынан да байыркы доорго таандык болуп жатканы сыймык эмей эмне?

(Уландысы 8-бетте)




  Өзөк

Жан дүйнө азабы же идеологиядагы чоң казат
Жараткандын амирине ылайык баш-аягы аңдалбаган он сегиз миң ааламда ар качандан бир качан оомал-төкмөл өнүгүү-өзгөрүү боло келген, боло берет.
Эгем өзү аалам-жерди алты күндө жаратып,
ага баш-көз болсун деп акыл-эстүү адамды өзүнө окшоштуруп, орун басар кылып ажайып
дүйнөгө алып келгендигинин өзүндө
кудайдын адамга болгон зор ишеничи,
чексиз берешендиги жатат.

Жалпы адамзат тарыхы деген шарттуу гана түшүнүк болгондуктан, ал этнос, улуттардын тарыхынан турат. Бир күчтүү этносту түзгөн элдер күчтүү мамлекетти да түзө алышкан. Элдүүлүктүн ички биримдиги аркылуу биринчи кезекте мамлекеттүүлүктүн үлгүсү элдин өзүнө адилет кызмат өтөгөндөй жолду таба билгендик өзгөчө маанилүү маселе.
Мамлекеттүүлүктүн экинчи устуну улуттун дүйнө тааным, үрп-адат, нарк-нуска, тил ж.б. руханий дөөлөттөрүнө таянса, үчүнчү устуну мына ушул эки жагдайга негизделип, материалдык-экономикалык кызыкчылыктарды жүзөгө ашыруучу багыт катары кабыл алсак туура болчудай. Кептин баары улутту, мамлекеттүүлүктү кубаттуу, кебелбес кылып кармап турган ушул үч устундун туура коюлушунда, анын вазипа-милдеттеринин так аныкталышында жатат. Эгер мамлекет кыйрап, эл жоголуу жолуна түшсө, демек бул үч жагдай биригип улутка, мамлекетке кызмат кылбай калганын билдирет.
Бул үчөөнүн ичинде да өзөктүүсү, ортосу, толтосу - рухтун маселеси! Руханияттын иши - бул көрөңгө, уютку! Ал улуттун жүзүн, мамлекеттин багытын аныктайт.
Дүйнөлөшүү жана туташ кризис
Керек болсо бүгүн дүйнөдө улам жапырык салып келе жаткан каржы-экономикалык, экологиялык, саясый кризистин тамыры руханий маселе менен терең байланышта. Бекеринен бул саамкы кризис өнүккөн өлкөлөрдөн - АКШдан, Европадан башталган жок. Бул боюнча улуу окумуштуу С. Грофтун пикири мындай: "Мировозрение, господствующие в западной индустриальной цивилизации, не служит хорошей службы ни коллективу, ни индивидуальности. Его кредо - заблуждение. Оно внушает нам, что для счастья достаточно победы в соревновании за деньги, за материальные приобретения, за социальное положение, власть и славу. Люди следующие этой стратегии, гонятся за миражом, она обречена на поражение. В этом отношении западная цивилизация находится в плену величайшего заблуждения" (С.Граф "Революция сознания" М. 2004).
Ооба, бул биз суктанган Батыш маданияты жөнүндө өздөрүнүн окумуштуусунун айтканы. Эгер турмуштук мисалдар керек болсо, төбө чачты тик тургузган окуя: австриялык бир акмак өз канынан төрөлгөн кызын үйүнүн жерпайында көп жылдар кармап, эки-үч бала төрөткөнүн дүйнөнүн телеканалдары бир канча жолу көрсөтпөдүбү. Ушул сыяктуу эле тирукмуш окуя жакында Чүйдөгү Петровка айылында болуп, төрт жашар Настя аттуу кызды күрд элинин Абдулла аттуу зөөкүр өкүлү зордуктаганы эч бир чен-өлчөмгө сыйбаган айбанчылык эмеспи.

(Уландысы 9-бетте)









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!