1941-1945

Майдан менен ооруктун
ширөөсүнөн бүткөн Жеңиш
Кыргызстандан майданга 363 миң жоокер чакырылса, азыр алардын 15 миңге жетпегени гана калды.
???
Фронтко 7 млн. тонна көмүр, 1,3 млн жуп бут кийим, 94,4 млн. банка эт консервасы, 57 миң тонна картошка, 58 миң тонна жер-жемиш, 128,6 тонна эт, 177 миң тонна кант, 839 миң тонна эт, 8,6 млн. кийим-кече жөнөтүлгөн.
???
Жүз миңден ашык адам орден, медаль менен сыйланган. 25 адам Согуштук Даңк орденинин толук кавалери. 74 адам Советтер Союзунун Баатыры. 75-баатыр Ысмайыл Таранчиевге сыйлыгы 1991-жылы ыйгарылышында окумуштуу-тарыхчы Н.Түнтеевдин эмгеги зор.

Акыркы алты ардагер
Сокулук районундагы Асылбаш айылынан улуу майданга 210 азамат аскерге чакырылса, азыркы тапта алардан: Асипбек Сасманов, Туйба Мамбеталиев, Сагымбай Кубатов, Нажы Тоокеев, Шаршен Эгизеков, Карыбай Асанкулов алтоосунун гана көзү бар. Асты токсон жаштагы аксакалдардын дале болсо тыңдыгы, акыл-эси менен сөзүнүн чыйрактыгы кубандырат. Алардын сөөктөрү бышык, майлуу болгонунан тышкары, бир берилген жашоону аздектеп, бөлөк-бөтөндөргө жамандык, арамдык жасамак тургай, ойлобогону да опол тоодой руханий күч экендиги бет маңдай маектешкенде даана сезилет. Согуштун жана эмгектин ушул урматтуу ээлерин Жеңиш майрамы алдында ардагерлердин бири Асипбек аксакалдын уулу Алтынбек чакырып меймандап, алардын ак батасына арзыды.
Туйба атабыз согуш туткуну катары күнөөлөнүп, 1946-жылы абакка айдалып, Ыраакы Чыгыш, Сибирь, Магадандагы түрмөлөрдө алты айы кем 10 жыл жатып, 1955-жылы 5-февралда бошонгон.
Согуштан кайтып, сүргүнгө
Майдандын маңдайдан сылабас ар кандай кыйчалыш кырдаалында аргасыздан душман торуна илинип, далай түрмө, лагерлердин азап-тозогун башынан өткөргөндөр жана фашисттер тарабынан атайын тандоо, ылгоодон соң Түркстан легиону, РОА (Российская освободительная армия) ж.б. аскердик бирикмелерге киргизилген советтик аскер туткундарынын таржымалы дале болсо толук ачыла электей.
Алардын көбү "Сталин азатка чыгарса да, азапка салса да бара көрөлү" деген сезимде Ата мекенге кайтып келгенде он беш жылга чейинки сүргүнгө айдалып, 1954-56-жылдарда атайын указ же Сталиндик аза амнистиясы негизинде акталгандар.
Экинчи топтогулар - Азамат Алтай баш болгон туткундар. Алар Союзга кайтуудан баш тартып, бер жагы Европа, ары жагы Америкага чейин өтүп, СССР кулагандан кийин гана киндик каны тамган жерине келип, кайра кеткендер.
Алардын башкалардай болуп жоопко тартылбаганы да, акталбаганы да алиге чейин ар кандай карама-каршы пикирлерди жаратып келет. Туткундар боюнча кандай жашырын документ бардыгын, ал канча мезгилден соң ачыкка чыгарын деле билбейбиз.
Күмөндүү-күмөнсүз баатырлар
Бул тизмеде Болотов, Жуматаев, Добробабин орун алган.
Күмөн Болотовдун эрдиги адегенде Кыргызстанда дүңүлдөп, акындар поэма, драма жазып жиберишет. Туткунга түштү дегенде мамиле тескери кетип, үй-бүлөсүнө чейин ыдык көрсөтүлгөн.
Айтылуу 28 баатырдын 29унчусу Добробабин катуу жарадар болуп, туткунга түшүп, кайра партизандарга өтүп, Согуштук Даңк орденинин бардык даражасы менен сыйланганына карабай, 28 баатыр панфиловчулар тизмесине киргизилбеди, өмүрү өткөнчө Баатырдык жылдызын ала албады. Атургай, Токмокко орнотулган эстелигиндеги башы кесилип, ордуна кыргыздын биринчи баатыры Д.Шопоковдун башы ширетилгени өзүнчө бир кайгылуу да, күлкүлүү да көрүнүш.
Кубат Жуматаевдин танк алдына тебеленген сөөгүн үч күндөн кийин гана алууга барган жолдоштору анын анык баатырдыгына өздөрү күбө өткөнү менен, армиядагы кайсы бир генерал "Кызыл Туу" орденине көрсөтүлсүн деп кол койгону акыйкатсыздык болгон. Ушуну эске алып Кыргыз республикасынын Баатыры наамын ыйгарууну ойлонуу абзелдир.
"Туткун"
Жазуучу Айчүрөк Макешованын ушул аталыштагы романы кыргыз адабиятында согуш туткундар темасындагы алгачкы чыгарма. Башкы каарман Эсендин баскан изи, аскердик туткундагы жана ГУЛАГдагы азап-тозоктору кеңири чагылдырылган. Бул китептеги таластык Эсен Кожобергеновдун айткандары, маектери, маалыматтары көлдүк Азамат Алтайдын жана чүйлүк Асипбек Сасмановдун айткандары менен бири-бирин толуктап турганы баамдалат.
Кыргыздын өрт кечкен далай каармандарын иликтөө, толуктоо, дегеле согуш туткундары темасын изилдөөнүн учугун тарыхчылар тарта турган мезгил эбак келген.
"Атаңды көргөн өлбөсүн"
дегендей, 9-майга карата Асылбаш айылындагы жолугушуулар, өзгөчө Туйба аксакал менен ат жалында курган маек, "Сени көргөндө Шокемди көргөндөй болдум" деп жашыганы, "Сизди көрүп 27 жыл мурза каза тапкан атамды эстедим" дегенде экөөбүздүн ата-баладай айдалыдан жытташа ыйлаганыбыз өзүнчө бир кусалык же канча мезгилден бери жолуга албай жүргөн ата менен баланын арман-муңундай муун-жүүндү бошотконун кантип туйбайлы…
Ушундан улам атам Шомордун согуш мезгилиндеги курбалдашы, балдар жазуучусу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Дүйшөн Сулаймановдун мындан он үч жыл мурдагы эскермеси эске түшүп кетти. Көзү тирүү болгондо бул инсан быйыл 80ге толмок, атам Шомор 83кө. Д.Сулаймановдун атам тууралуу минтип эскергени бар эле: "Оо! Ал кездер эстен кетпей калды го! Уруш убагы. Көздөн жаш куюлуп, бир үзүм нанга зар болуп, тамандын чору төө терисиндей калыңдап, тикенек кирбей калган учур. Балалыгы, боз улан чагы ошол кезеңдерге туш келген кишилер аны эстегенде жүрөктөрү шуу эте оор дем алышат. Ошолордун ичинде Шомор да, мен да, Төрөбек да, Жусуп да, Пенза жана башка балдар бар эле. Жашы он бешке жетпеген бизге окшогон жигиттерге кемпир-чал баш болгон бала-бакыра калды, агалардын, аталардын ооруктагы милдети калды. Соко айдашып, өгүз араба менен кызылча ташышып, тоолордо чөп чабышты… Шомор маңдайы жарык, эмгекчил жан болчу".
Кызык нерсе, атам иниси Кайдылда экөө тең тылда тынбай эмгектенгени менен иниси алган медаль менен агасы сыйланбай калганында. Ал сыйлыкты да архивден өзүм Жеңиштин 45-жылдыгынан кийин таап, Кайдылда байкем сүйүнчүгө козу тартуулаганы эсте.
"Майдан"
Быйыл 100 жылдыгы белгилене турган жазуучу Узакбай Абдукаимовдун ушул романы кыргыз адабиятында согуш темасындагы алгачкы чыгарма экендиги менен гана эмес, терең мазмуну, көркөм деңгээли жана каармандардын калбаат бейне, мүнөздөрүнүн өзгөчөлүгү менен да баалуу.
Майданга чакырылган эр-азаматтардын эртең жолго чыгардагы жана аларды узатып жаткан колукту, келинчектердин бири-бирине болгон ыйбаа мамиле, тунук сезим жана алардын тилеген, күткөн үмүт-ниетин төмөнкү ыр түрмөктөрү даана чагылдырып турат.

Сырга:
Карагай ичи каман жол,
Каптады душман түмөн кол.
Кайраттуу жолборс сен болуп,
Кайгыртпай мени аман бол.

Жайлоонун башы көк шибер,
Жайкалтып а салкын жел жүрөр.
Жапырып душман тууларын,
Жадырап-жайнап келегөр.

Асан:
Унутпа курбум, атымды
Үзбөй бир жазгын катыңды.
Жүрөккө бекем сактармын
Сендей го перизатымды.

Мен тиккен кырчын тал калды,
Мөгдөгөн кемпир-чал калды.
Бөктөрүп кетип жүрбөсүн
Кулаалы сендей жалжалды.

Сырга:
Чырпыгың чынар кылбасам,
Караба менин бетимди!
Кулаалы түгүл куш болсун,
Алсын сенин балакетиңди!
Памирбек КАЗЫБАЕВ










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!