"Көк Асаба", 05.05.09 - 4-5-бет: • Жарк эткен өмүр
же 36 жашты кыйган "олуя" Абай

Көчөбүздө февраль өкүм сүрүп, мал короонун ичинен кургак жерди издеп таап, чүкө атып атканбыз.
- Коммунизм деген ким? - дедим оң көзүн чылк жуумп алып, кыдырата тизилген чүкөлөрдү мээлеп турган курбум Темирге.
- Ок, кокуй! Ошону да билбейсиң-би?! - деди.
- Билбеген үчүн сурап атам да! - дедим. Чын эле тааныбачумун "коммунизм" дегенди. "Коммунизм" деген, кандай неме болду экен?" - деп баш катырчумун. Бүгүн минтип ойноп атып оюма келген суроомо атасынан укканын саймедиреп, көптү көргөн немедей жооп берип атты курбум:
- Коммунизм деген - жыргал жашоо. Көрөсүң го, биз акырындык менен ага жетебиз. Дүкөндөрдө бүт бардыгы бекер болот. Каалаган адам кирип, эмне керек болсо, ошону алып чыгып кете берет. Муну мага атам айткан! - деди Темир эдиреңдеп.
- Ой, иий! Анда жыргал го?! - дедим, чындап ишенип...
???
А балким, атактуу актер Талгат Нигматулиндин аянычтуу аяктаган өмүрү, аны өлтүргөн Абай менен Мырзабайдын олуялык иштери арадан беш-алты жыл өтүп болгонунда, өлкө мындай чуулгандуу окуяга анчейин деле таңыркамак эмес. Кандай болгон күндө да, Абай менен Мырзабайдын ишмердүүлүктөрү атеисттердин оозунан "алласын" түшүргөн, Союз ичинде солк эттирген туңгуч окуяларга айланды да калды. Айтор, ал учур Дарвин акенин далилин жадыбалдай жаттатып: "Ата-тегим маймыл болгон, мен да ошол маймылдан тарагам" деп жар салдырып, Кудайын тааныбай кутурушкан атеисттердин өкүм-зордукка салган заманасы эмес беле?! Аял-эркек ортосундагы ыйык махабатты ырдагыча, "партия", "атам Ленин" деп ботодой боздотконду өнөр көрүшчү, өзүлөрүн да, өзгөлөрдү да алдашып. Анан эле "кайра куруу" менен "ачык-айкындыктын" арааны жүрүп баштаганда, Күн - Батыштан чыккандай боло түштү го, чиркин! Кудай бетин салбасын, катылуу сырлар ачылып, "коммунистмин" деген куу чирендер демократ болуп чыга келишти заматта. Аталары Ленин менен Сталинди ашата сөгүшүп, алардын жүзү каралык менен жүргүзгөн саясатын калктын калың катмарына жайышып, айтор, башаламандык күч алып атты өлкөдө. Анан көрүп ал. Калк ичинен көзү ачылып эм салгандары, калпа-эшендер көбөйүп, бүбү-бакшылар, төлгөчү дегендер чыга келди. Билбейм. Мурда мындайды көрбөгөн элдин көзүнө өөн эле учурап атты. Кашпировский, Чумак, Джуналардан бир канча жыл мурда пайда болуп, тиягы Москва, биягы Прибалтикадан өйдө калың калктын катмарына терең тарап, таасирлүү "олуяларга" айланган Мырзабай менен Абайдын күчтүү касиетке эгедер экени чын болсо, акча менен бийликке умтулушпай, атактуу актердун кырчын өмүрүн кыйышпай түз жүрүшкөнүндө, Талгат улутубуздун сыймыгы болмок беле деген ой кетет экен...
???
Алигүнчө бир беткей каралып келаткан Союз учурундагы чуулгандуу ушул иш изилдөөгө алынып чекит коюлмайынча Абай жөнүндө да, Мырзабай жөнүндө да, көп кырдуу өнөр ээси Талгат Нигматулин туурасында да аягы жок айың кептер айтыла берээри ырас...


Алгачкы кызыгуу
Төртүнчү класста окусам да, эмнегедир эки жыл мурун клубдан көргөн "Бөрү зындан" фильминдеги актердун эмне себеп менен бул өмүрдөн эрте кеткенине түшүнө албай, жообун издеп убараланаар элем. Арадан бир канча жылдар өткөндөн кийин, 2000-жылдардын баш ченинде атактуу актер Талгат Нигматулин туурасында маалыматтарды окуп, топтой баштадым. Анда эмесе, алигүнчө аягына чекит коюлбай, Талгат Нигматулин, Абай Бөрүбаев, Мырзабай Кымбатбаев туурасында анда-санда баян эткен эмгектерден азыноолак кеп козгоо менен бирге, ал чуулгандуу окуяны акыр аягына чейин териштирген литвалык тергөөчү Гедас Норкунастын 07-2-021-86 номурлуу төмөнкү делосуна көз чаптырып көрөлү.
Кылмышкерлер көрсөтмөсү
Айыпталуучу Григорий Б.: "Алгач коридордон уруп баштадык. Андан соң ашканадан, акыр аягында конок бөлмөсүнөн. Ал "жетишет" деп кыйкырып жатты. Биз болгон күчүбүз менен ура бердик. Талгат креслодо олтурганда, Мырза 5-6 жолу муштум менен катуу сокку жасады".
Айыпталуучу Пестрецов В.: "1985-жылдын 10-февра-лында кечкурун Валентиндин үйүнө Абай, Талгат, Гриша жана Иван болуп жөнөгөнбүз. Ал жактан көптөгөн арак жана шампанский ичтик. Абай урушту баштагысы келип жатты. Бирок, Талгат аны колдоп койгон жок. Валентин бизди конок экенибизге карабай кууп чыкты. Бир убакта урушту басыш аракетин кылып Валентиндин аялы Талгаттын шапкесин жулуп алып, сыртка качты. Талгат аны кубалап жөнөп, өзү жалгыз бизди таштап коюп, Палаускастын үйүнө келиптир. Балдар анын чыккынчылыгына чыдай албай, тарбиялаганды туура көрүштү. Абайдын айтуусу боюнча биз Гриша, Иван, Владимир болуп Талгатты уруп жаттык. Акыр аягында Абай өзү да бизге кошулуп уруп кирди. Төрт саат чамасында тепкиледик. Мырза 4 жолу урду. Жалгыз эле Талгат эмес, Абайдын аялы Нийолени да сабадык. Талгат таңкы саат он бирлер чамасында өлдү".
Абай: "1976-жылы КМУ-нун экономика факультетин аяктагам. Талгатты бизден бөлүнүп өзүнчө качып кеткендиги үчүн жазаладык. Биз биополе менен адамдарды дарылачубуз. 1980-жылы Мырзабай менен таанышкам. "Огонёк" журналынын редактору Анатолий Сафронов жогорку аткаруу кызматкерлерине мага жана Мырзабайга жардам көрсөтүүсүн өтүнгөн кат жолдогон. Бул кат менен биз Кыргызстан комсомолунун биринчи секретарына да кайрылганбыз".
Суроо: "Мырзабай деген ким?"
Абай: "Мырза - дербиш".
Мырзабай: "Мен мурда дербиш болсом, азыр дербиш эмесмин. Адамдар мага жардам сурап кайрылышчу. Мен аларга колдон келген жардамымды көрсөткөнүмдө, мага акча беришчү. Мурда ыйык жай эсептелинген Султан-бабада дербиштик менен күн өткөрчүмүн. Үч жыл мурун милиция ал жакка тыюу салгандан бери барбайм. Абай менен Султан-бабадан таанышкам".
Суроо: "Сиз Абайга эмне себептен керек болгонсуз?"
Мырзабай: "Абай Советтер Союзундагы башкы дербиштердин бири. Адамдар Абайга же мага акча беришет. Абай - коомубуздун башчысы болгондуктан, ал акча чогултат. Биздин коомдун бөлүмдөрү Советтер Союзундагы ар кайсы өлкөлөрдө жайгашкан. Мен келечекти алдын-ала айтып, дарылай алам. Мен табыпмын. Мага аялдар көрүнгөнү келишсе, алар менин аялым болушчу. Мен гипнозду колдонгон соң массаж жасап, андан кийин аялдар менен жыныстык катнашты кылчумун. Мен дарылачумун. Абай акча алчу. Абай, Гриша, Иван үчөө Валентинден 2-3 миң рубль алышканы жөнөшкөн. Талгатты күчтүү адам катары жөнөткөм. Биздин коомдун мүчөсү Валентин - Ленинграддан Игорь Калинаускас менен кошо акча чогултат. Эгер 1000 рублден кем болсо, сабайбыз. Мен Валентинге 3 миң рубль төлө дегем. Ал берген эмес экен. Балдар Валентинди сабай алышпаптыр. Ал кайра өз балдары менен менин кишилеримди сабаптыр. Ошол учурда Талгат туалетте олтуруптур. Ал өз курбуларын таштап, эрте келген. Андан кийин биздин балдар таяк жешип, акчасыз келишти. Биз ортодо улам эс алып чай ичип, Талгатты сабадык. Башкалары мени коркок экен дебесин деп мен да урдум".
Суроо: "Талгат деген ким?"
Мырзабай: "Талгат -Абай-дын шакирти. Ал 2-3 миң бергендин ордуна 700 рубль эле алып келиптир. Биздин коомдун Үргөнчтө, Хорезмде, Ригада, Таллинде, Одессада, Москвада, Ташкентте, До-нецкиде өкүлдөрү бар. 84-жылдын августунан тартып, Валентин акча төлөбөй калды. Абай Талгатты Вален-тинди сабатыш үчүн чакырткан. Ал бул иштен баш тарткандыгы үчүн Талгаттын өзүн ур-токмокко алдык. Мен Библияга жана Ленинге ишенем. Абай - Лениндин ишин улантуучу".
Суроо: "Демек, Абай сиздин экстрасенс эмес экениңизди Москвага келээрден мурда эле билген экен да?"
Мырзабай: "Билген".
Суроо: "А Талгат Нигма-тулинчи?"
Мырзабай: "Жок, ал билген эмес. Ал өмүрүнүн акыр аягына чейин бизди касиеттүү кишилерден экен деп ойлоду".
Суроо: "Ал гана эмес өлтү-рүп жатканда да?"
Мырзабай: "Ооба..."
???
Сот - кылмышкерлер деп Абай Бөрүбаевге 15 жыл, каракалпак улутундагы Мырзабай Кымбатбаевге 12 жыл, Владимир Пестрецовго 13 жыл, ал эми Седов менен Бушмакинди 8 жылдан эркинен ажыраткан. Соттук-медициналык экспертиза айтылуу актер денесинен 119 оор жаракат алып, 4 кабыргасы сынгандыгын далилдеген.
44-квартирадагы өлүм
Вильнюс. 1985-жыл. 11-февраль. Түнкү саат экилер чамасы. Ленин көчөсүндө жайгашкан 49 "А" номурлуу көп кабаттуу үйдүн 44-квартирасында жаңжал чыгып, "Жардамга!", "Апа!" деп жаналекетке түшкөн кыйкырыктан улам коңшулардын бири милиция кызматкерлерине телефон чалат. Көп узабай милиция кызматкерлери чуру-чуу түшүп жаткан үйдүн коңгуроосун кагышат. Эшик ачылбай, азга күтүп калган милиционердин бири коңшулардан:
- Бул үйдө кимдер жашайт? - деп сурамжылайт.
- Абдан үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн бири. Эмне болгонун билбейбиз? Өзү сүрөтчү. Аялы экономика илимдеринин кандидаты. Атасы Министрлер Советинде чоң кызматкер! - дешет алар.
- Эшикти ачкыла! Милиция! - деген өкүм үндү угушканда да көпкө дейре эч ким кулак кагып койгон жок. Качан гана:
- Азыр эшикти талкалап киребиз! - дегенде каалганы отуздар чамасындагы аял ачып:
- Кечиресиздер! Күйөөмдүн кандидаттык диссертациясын майлап олтурабыз. Коноктор өз ара талашып-тартыша кетишти! - деп жайдары сүйлөп баштайт. Милиция кызматкерлери коңшу-колоңдорго тынчтык бербей, түн бир оокумга чейин олтурушкан коноктор кимдер болду экен деген кыязда үй ичине киришет. Уктоочу бөлмөгө башбагышса, бир кемпир уктап жаткан болот. Ал Мырзабайдын энеси эле. Конок бөлмөсүнө келишсе, ал жерде эки азиат улутундагы жана европа улутундагы төрт киши олтуруптур. Үй ээси ордунан козголо:
- Кечиресиздер! Коноктор бир аз уруша кетишти. Мынакей, жакшынакай элдешип алышты. Мындан ары мындай болбойт! - деди.
- Түн бир оокум болду. Коңшуларга тынчтык бергиле! - деп милициялар чыгып кетишет. Эгер ошол саам органдын адамдары жуунучу бөлмөгө киришкенде, балким, атагы жаңыдан алыска тарап, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө арзыган актердун өмүрүн сактап калышат беле, ким билет.
Талгат Нигматулин Ташкенттен Вильнюска Абайдын чакыруусу менен бир күн мурун келген эле. Буга чейин Абайга баш ийген прибалтикалык топтун мүчөлөрү Абайдан бөлүнүп өзүнчө ийрим ачышаарын угушканда, каратэ чемпиону, атактуу инсан катары пайдаланууну көздөшкөн Мырзабай менен Абай алардын сазайын колуна берип, өз тобуна баш ийдирүүгө жана алардан акча өндүрүүгө Талгатты мажбурлаган. Талгат мындай иштен караманча баш тарткан.
Төрт саат бою топтой тепкиленип, бир нече сокку жеген актер милиция кызматкерлери келген убакта тирүүлүк менен кош айтыша албай жаны кыйналып жаткан. Алар узап кеткен соң кайрадан өкүрүк, кайрадан кыйкырык жаңыра баштайт. Бирок, бул ирет коңшу-колоңдору эч кимди чакырышкан жок. Арактан ичип алагүү болушкан эргулдар таңга жуук гана ур-токмокторун токтотуша эстерине келишет. Үй ээси "өлтүрүп албайлы" деген ойдон улам, тааныш врачын чакыртат. Бирок, кеч болуп калган эле...
Абай деген ким?
Интеллигент үй-бүлөдөн чыккан Абайдын ден соолугунда кичинесинен тартып түшүнүксүз белгилер пайда болуп, көзүнө кандайдыр бир сырдуу дүйнөлөр тартыла баштаган. Көргөзбөгөн доктуру калбаган ата-эне Сулайман тоосунда сары чепкен кийип, жашыл чалма оронгон дубанага кез болушат. Айыгып кетеби деген үмүттө, ал карыяга уулун көрсөтүшсө:
- Бул бала менде жүрсүн! Өзүм айыктырып алам! - деп, баланы таштап кетүүлөрүн ата-энеден өтүнөт. Дайым чыңалып ооруган баш оорусунан алты айга жетпей куландан соо айыккан Абайдын өзүндө чындап эле касиеттүү күч бар экенин баамдаган ошол суфизм агымынын күчтүү аалымы Ысмайыл калпа араб ариби менен кошо диний илим боюнча сабатын ача баштайт.
???
Абай Бөрүбаев 8 жыл түрмөдө олтурган соң Кыргыз-стандын Молдовановка түр-мөсүндө жаткан жеринен учук менен ооруп, 1993-жылы боштондукка чыгып, ошол эле жылы июнь айында каза болгон. Ал эми Мырзабай Кымбатбаев 1993-жылы эркиндик алып, өзүнүн туулуп-өскөн жериндеги мурда дербиштик кылган Султан-баба жайында кишилерди дарылап, кийинчерээк Ташкент шаарына көчүп келген. 2006-жылы октябрь айында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
???
Баарынан да таңкалаарлык фактылардын бири, Абай менен бир топ жыл мамилелеш болуп жүргөн литвалык атуул Валентас: "Абай чынында эле адамдагы өзгөчө күчтөр боюнча илимий иш жүргүзүп, Москвадагы аттуу-баштуу адамдардын арасында өтө зор кадыр-баркка ээ болгон. Кадимки Джуна Давиташвили өзүнүн фотосүрөтүн белекке берип жатып: "Устатыма шакиртинен" деп жазганы эле анын бул чөйрөдө канчалык аброй күткөнүнөн кабар берет" деп эскерет.
Табышмактуу Талгат
Талгат Нигматулин-ди Союздук өлкөлөрдүн ар бири өз актеру катары эсептешет. Мейли өзбек, мейли орустун актеру катары санашпасын, Талгат канткен күндө да кыргыздын суусун ичип, абасынан кере дем алып чоңойгондугун унутта калтырбашыбыз керек. 1949-жылдын 5-мартында Кызыл-Кыя шаарында жарык дүйнөгө келген Талгат болгону 36 гана жыл өмүр сүргөн. Анын кинодогу карьерасы көпчүлүк мактап-жактаган, жеңил-желпи фильмдердин катарына кирген "20-кылымдын каракчылары" фильминдеги терс каарман Салехтин образынан эмес, менимче, Б.Шамшиевдин "Бөрү зындан" фильминен улам атагы алыска тарады го дейм. "Өзбекфильмде" иштеп, "Мосфильмде", "Свердловфильмде" бир катар кинолордо аткарганы менен, анын багына эң башкы ролдор өзүбүздүн "Кыргызфильмден" туш болуп, Мелис Убукеевдин "Кырчын өмүр - кыйылган сүйүүсүндөгү" Назардын, Б.Шамшиевдин "Бөрү зынданындагы" Саматтын образдары аркылуу ысымы дүйнөгө дүңгүрөдү.
Суроо туулат. Эмне себептен жаш кезинен кайратмандыкты сүйгөн эрки бекем спортчу, Өзбекстандын каратэ боюнча чемпиону, кара кемердин ээси, таланттуу киноактер Талгат Нигматулин өзүнөн үч жаш кичүү Абай Бөрүбаевди "ата" деп ага баш ийип, кудайындай көргөн. Дагы бир жандырылбай кеткен табышмак, көзү өтөөрдөн аз мурда Талгат христиан динин кабыл алып, Анатолий деген ысымга ээ болгонун биринчи жубайы Лариса Кандалова православдык чиркөө кызматкеринен укканын өз маектеринде эскерген.
Соңку сөз
Талгат Нигматулин жана анын сырдуу өлүмү туурасында бир топ жылдардан бери кызыгып, маалыматтарды топтоп жүргөм. Экинчи жубайы Халима Хасановадан төрөлгөн уулу Саид Нигматулин учурда "Мосфильмде" ата кесибин улантып, бир катар фильмдерде башкы ролдорду аткарып жүрөт. Мындан үч жыл мурун Саидке кат жолдогонумда: "Атаман үч-төрт жашымда эле айрылгам. Бар болгону атамдын мени өйдө көтөрүп ойнотуп жаткан элеси сакталуу" деген жооп алдым. Ушул макалабыздын уландысы катары убакыт-сааты чыкканда Саид менен болгон маекти гезитибиздин сандарынын биринде окуп калат чыгаарсыз.
Даярдаган
Данияр Исанов