Чачыла

Саламаттык
???
Эгер буттарыңыз оорлошуп чарчап турса - 4 аш кашык кефирге 1 аш кашык бал кошуп, көпкө чейин жакшылап аралаштырыңыз да, алынган массаны 2-3 катталган таза марлиге сүйкөп, тамандарыңызга ороп коюңуз. 30 мүнөттөн кийин марлини чечип, жылымык суу менен чайкаңыз. Бул, буттардын сергүүсүнө эле жардам бербестен, териге кам көрүүнүн да мыкты жолу болуп саналат.
???
Жүрөк оорусу үчүн малина пайдалуу. Анын курамындагы С, Р витаминдери жүрөк кантамырларын чыңалтса, ал эми салицил кислотасы кандын коюлануусун алдын алат.
???
Эгер айымдардын бет териси майлуу болсо, бул масканы колдонсо болот: 2 аш кашык майда тууралган укропко 1 аш кашык быштак кошуп, аны кефир менен аралаштырып, 20 мүнөткө бетиңизге кармайсыз.


  Икая

Өткөн чак менен келер чак
Бир күнү падыша ээлигиндеги жерди кыдырып жүрүп, жемиш багында шабдаалы багын отургузуп жаткан абышканы көрөт.
- Эй, чал, - дейт падыша карыга кайрылып, - сенин өмүрүң бүтүп баратат, жада калса, ушул бактын мөмөсүн да көрбөй, даамын татпай калышың мүмкүн. Эмне эле мынча жаныңды карч уруп иштеп атасың?.. "Бабаларыбыз биз үчүн эмгектенген, биз эмки муун үчүн иштешибиз керек" деп жооп берээриңди да билем. Айтчы, унутулуп жок болгон өткөн чакты эстөөнүн зарылдыгы барбы? Биз азыр жашап жаткандан кийин бизге ушул күн таандык эмеспи.
- Карапайым дыйканды такта отурган падыша түшүнөөр бекен? - деп жооп узатат абышка. - Сен өткөнүңдү эстегиң келбесе - демек, сенин ал жашооң эстегенге, сөз кылууга арзыбайт. Келечек туурасында ойлонгуң келбесе - демек, сен андан коркосуң. Ошондуктан, мен сенин бүгүнкү жашооңо суктанбайм…

  Түш жоруу

Гүл
Түшүндө гүл көрүү туура эмес иштерден, арам малдан, көрө албастыктан, куулук-шумдуктан, ушак-айыңдан, кайгы-кападан жана башка жамандыктардан белги берет.
Качуу
Эгер адам түшүндө кишилерден, жан-жаныбарлардан, коркунучутуу нерселерден качса - душманынан аман кутулат.


Ушул дүйнө - таң дүйнө!
???
Румыниялык дизайнер Иона Команеску Бухарестте өткөн жарманкеге этеги 1579 метрге жеткен үлпөт кийимин тартуулаган. 70 күндө тигилип бүткөн бул көйнөк 7000 Svarovski кристалл таштары менен кооздолгон. Көйнөк наркы "болгону" - 5 миллион 15 миң доллар.
???
Мьянманын падаунг уруусунун аялдары мойнун узартуу үчүн чоң шакектерди моюндарына кийгендери белгилүү. Каттоодон өткөн эң узун моюндун узундугу 40 см түзөт.
???
Индиянын тургуну Кальян Рамджи Саин 1976-жылдан бери мурутун өстүрүп, узундугун 3,39 метрге чейин жеткирген. Оң жаккы муруту - 1,72 метр, ал эми сол муруту 1,67 метрге чейин өскөн.


Кыйырдан берки...
Кыргыз батасы
Берекелүү аш берсин,
Узун өмүр жаш берсин.
Улустун улуу күнүндө
Уулуң консун уяга
Кызың консун кыяга.
Дөөлөтүңдү ашырсын.
Душманың сынып басынсын.
Менин берген бул батам
Улуу күнгө сактап жүргөн сүр батам!
Оомийин!

  Ырым-жырым

Сүт акы
Татыктуу, нарк-насилдүү жубай төрөп, тарбиялап өстүргөнү үчүн күйөө бала сүт акы аркылуу кайненесине ыраазычылык билдирет. Сүт акыга көбүнесе уй ыроолонуп, ал кыздын себи жеткирилип келген убакта келиндин энесине берилет. Бүгүнкү күндө сүт акы акчалай да берилип жүрөт.


Макал-лакаптар
Мага да,
сага да маанилүү
Карчыга - учушунан, тулпар - басышынан байкалат.
???
Көзүң чалыр болсо да, сөзүң кыңыр болбосун.
???
Мээнет шашып келип, шашпай кетет, дөөлөт шашпай келип, шашып кетет.
???
Жаткан арстандан жорткон түлкү көп билет
???
Отко жакын шиш күйөт, жеңеге жакын кыз күйөт.


Берметсап
???
Ыр жаз деп мен жөнүндө айтпа мага,
Ыр жазыш кылча турбайт.
Анткени өзүң ырсың шагыраган,
Мүчөң ыр, көздөрүң ыр,
Жамалың бүтпөс казал,
Агызып напсиңди, айланчыктап,
Оо, сени карап туруу кандай азап.
Төгүндөп өткөн өмүр баяныңды,
Зар ыйлап, ичтен түтөп…
Оо, сени самап туруу кандай азап!
Кур дүрмөт мылтык болуп чала атылган,
Суктанып таалайына башкалардын…
Өзүңдү аяп туруу кандай азап!
Келбетиң бүтпөс казал,
Чачтарың мажүрүм тал,
Алкымың ыр.
Сымбатың узун дастан,
Тиштериң, каштарың ыр.
Бүт баарың ыр.
Ырсың сен - шаңгыраган кынтыгы жок,
Ырсың сен - маңдайы кут, көзү күлгөн,
Таалайдын чыккан нуру болуп туруп,
Таалайсыз тагдырыма көчүрүлгөн.
Калчоро Көкүлов

Даярдаган Канышай БешбаЕВА











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!