"Көк Асаба", 05.05.09 - 14-бет: •
  Баластан

Таяк менен урба,
тарбия сөз менен ур
Даярдаган Канышай БЕШБАЕВА
Кадырман ата-энелер! Кыргыздар айтат: "Бала - падышалык", "Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр", "Таяк - тарбия эмес, сөз - тарбия", "Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына", "Баланы тарбиялоо - ташты кемиргенге тете" - деп. Биз гезитибизде балдардын ой жүгүртүүсүн бекемдеген табышмактарды, ырларды, тилин жатыктырган жаңылмачтарды, тарбияга үйрөтчү жомокторду, накыл кептерди, көрүү, ойлонуу сезимин өнүктүргөн сүрөт-табышмактарды арнап турмакчыбыз.


Күн ачылып,
Күлкү басты
1-май күнү борбор калаабыз Бишкекте Панфилов паркы ремонт иштеринен кийин жаңыланып бөбөктөрдү кабыл ала баштады. Майрамдын шаңын чыгарып ал күнү парк наристелерлин күлкүсүнө, оюндарына толуп чыкты.

"Нуска" - балдарга
Балдарына китеп издеген ата-энелер Бишкектеги "Нуска" дүкөнүнөн Мастура Шарипованын "Алиппе - ыр майрамы" жана Чыгыш элдеринин жомоктор сериясынан "Эмне үчүн үкү аңчылыкка түн ичинде чыгат?", "Сыйкырдуу чүкө" китеп жомокторун сатып алса болот.

Элдик оозеки чыгармачылыктан
Табышмактар
Беш кичине үйү бар,
Жалгыз бир эшиги бар.
???
Киймин тиккен ийнеден,
Коркуп жырткыч тийбеген.

Жаңылчмачтар
Сыбызгычылар сыбызгысын сызгырылтат,
Сыбызгычылар сыбызгысын сызгырылтса
Биз сыбызгыбызды сызгырылтпай,
Ким сыбызгысын сызгырылтат?
???
Бактияр бээсин алабатага
Алабаталатам деп барып,
Алабатага өзү алабаталанып калды.
???
Жылкы жыйырмага чыкпай картаярбы?
Картайган жылкынын сөөгү аркаярбы?
Картайган картаң жылкыны
Картайган киши кайтарарбы?


  Тарбия-жомок

Көчө шыпыргыч
Бир көчө шыпыргыч өзүнүн жумушун аябай жакшы көрчү. Ал таң эрте да, күндүз да, түнү да, күүгүмдө да шыпырып-жыйнай берчү. Ошондуктан көчөлөр дайыма таптаза болуп турар эле. Жайкысын көчөлөрдү чоң шыпыргы менен шыпырып жыйнаса, кышкысын карды жыгач күрөк менен күрөчү, күзүндө дарактардан түшкөн жалбырактарды чогултуп, үймөктөрүн өрттөп салчу. А эгерде көчөдө өрт чыкса, эң биринчи болуп өрт өчүргүчтөрдү, жардамчыларды ал чакырчу. Кийинки жылдары көчөдөн бомба жара башташканда - өрт өчүргүчтөргө кошуп врачтарды, милицияларды чакыра баштады. Андан кийин бомбадан калган күйүк калдыктардын баарын чогултуп, тазалап ыргытчу. Бир жолу ал чөлгө эс алууга кетип, жөн отуралбай ал жерди да жаман ыпыр-сыпырлардан тазалайт. Ал эми кийин-кийин, көчө шыпыргыч өлүп калганда асманга учуп кетиптир. Анан, ал жерди да шыпыра баштаптыр. Анын чарчабай иштегенине жылдыздар суктанышат, тазалыкка абдан кубанышат. Себеби, эми алардын айланасында мурдагыдай күйүк спутниктер, күйүк ракеталар, метеорит калдыктары жок эле. Бир гана сулуу Ай, жаркыраган Жылдыздар жана тазалык менен сүйүнтүп турган, шыпыргысын колунан түшүрбөгөн көчө шыпыргыч бар эле.
(Р.Хуснитдинованын
жомоктор жыйнагынан)



Жүр, ойнойбуз:
Жоолук таштамай
Көп бала тегерек тартып отурат. Бирөөсү чыгып, жоолук менен балдарды айланып, аны бирөөнүн артына таштайт. Эгерде ал бала жоолук ташталганын билип калса, дароо жоолукту алып, таштаган бала анын ордуна келгиче ура берет. Эгерде билбей калса, жоолук таштаган бала тегеренип, кайра анын артына келет да, жоолук менен ургулап качат. Бирөө жоолукту алып, аны кууп ордуна келип отургуча оюн улана берет.