Даба

Гезиттин баяндамачысы, жазуучу жана табигый медицинанын эксперти
Мамат Болот менен бүгүнкү темабызда денсоолук көйгөйүн көтөрүп, кыргыздын түпкү тамак-ашы, азыркы элдин саламаттык акыбалы ж.б. тууралуу маектештик.

Мамат БОЛОТ:
"Пиво курсак, кемпир курсак "эркектер көбөйдү"
- Адамдын денесин нур дене анан кара жан же эт дене деп бөлсөк болот. Мына ушул эки негизги денени дарылай алган врач, табып азыркы замандын мыкты дарыгери деп эсептелсе болор эле. Биздикилердин ар кандай ооруларга көбүнчө сунуштаганы эле антибиотик, гармоналдык препараттар, анан акча алгысы келгенде эле кесе салышат. Хирургия булардын негизги ыкмасы болуп калды. Ылайыкпы, ылайыгы жокпу, мээден тартып тырмакка чейин эле кесе беришет. Айрыкча мен кыргыз медиктеринин туура келсе деле, келбесе деле төрөгөн аялдарды кесеровосечение, аборт ж.б кыла салгандарын айтаар элем. А илгери 1%ы кара басып антип-минтип өлүмгө кеткени болсо, 99%ы төрөгөнгө чейин эле кыймыл-аракет менен жүрүп, Умай эненин жардамы менен эле бошонуп алчу, төрөт оңой өтчү. Ал эми азыркы аялдардын өзүндө айып жатат, булар жеп-иче берет, кыймылдашпай, орустардай, европалыктардай изденүү дегенди билбей, шыкалып жеген тамак ден соолук болот деп эсептешет. Ошентип отуруп ашыкча салмак, кандын коюланышы, гиподинамия (кыймылсыздык) - ушунун баары төрөттү кыйындатат.
- Алардын айрымдарынын оор төрөтүнө көр оокаттын түйшүгү да кошумча болуп атсачы?
- Көр оокатка шылтоо - бул жалкоолук, наадандык. Менин оюмча, өзүн өзү ойлосо, ар бир адам күнүгө жарым сааттан бир саатка чейин убакыт тапса болот. Эртең менен сөзсүз 40-50 мүнөт убакыт таап, кечкисин 10 мүнөт жуунуп, 15 мүнөт күнүмдүк өткөргөн өмүрүңө отчет берип, Кудай Тааланы эстеп, анан мээдеги бүтүн түйшүктү ыргытып ийип мээни сергүүгө алып келип жатып алса болот да. Аны кылгысы келбейт. Кыргыз айрыкча наадандыктан жапа чегип атат. Жер менен көп иштегени үчүн, мисалы, дунгандар бизге караганда оору-сыркоого көп моюн бербей, өздөрүнүн канындагы, же болбосо ошол этностун карамагындагы медицина менен дагы, анан европалык медицина менен дагы шугулданып, экөөнүн тең пайдасын көрүп жаткандарын мен байкап жүрөм.
- Кореецтердин оорубаганы да тамак-аштанбы?
- Ооба, тамак-аштан. Негизинен, корейдин эң мыкты интеллигенти келсе деле ал үстөлгө чокчойбой жерге отурат, болгондо да тизе бүгүп, чөк түшүп, же мандаш токунуп. Жапыз үстөлдөн тамак ичет. Кыргыздардай болуп он эки кабат төшөктүн үстүндө эмес, бир эле кат төшөнчүнү сала калып, ошонун үстүнө отурат. Муну менен алар жердин энергиясына канык болушат. Экинчиден, сөзсүз абага чыгышат. Эми биздин советтик корейлерди айтпайлы, мынабу Түндүк, Түштүк Кореянын азыркы мыкты интеллигенттери деле сөзсүз жер менен алектенишет, абага чыгат, тамак-аштын табигый болушуна аракет кылышат. Өздөрүнүн салттуу ашканасын ыйык эсептеп, катуу карманышат. Түрктөр деле өздөрүнүн ашканасын мүмкүн болушунча башка менен алмаштырбай, ошол элге, ошол климатка ылайыкталып чыгарылган ашкана булар үчүн пайдалуу экенин билишет да, ошону жайылтып атышат. Мына Бишкекте таанымал эки ашкананын бири - уйгурлар, дунгандар, экинчиси - түрк ашканасы. Европа өзү менен өзү, ал бизге совет мезгилинен канга сиңген.
Ал эми Тибет элинин ашканасын чынында саламаттуу ашкана деп айтсак болот. Алар ушу кезге чейин арпа нан жейт. Арпанын гана пивосун ичишет, анан "шо" деп коет, ар түрдүү жаныбарлардын - уйдун, буйволдун, топоздун айранын ичишет. Арпанын талканын майга аралаштырып кууруп, ошондон биздин калмактардын куурма чайындай чай ичишет. Биринчиден Тибет эли дүйнөдөгү ден соолугу чың, таза улут, экинчиден, ал эл өзүнүн 3000 метрден нары көздөп бийиктиктерге эсептелинген цивилизациясына жарашкан улут. Алар деле билет тамак-аштын ар түрдүүлүгүн, ашкананын байлыгын, бирок караламан катардагы адамы ачка жүрөт, 4-5 түр менен чектелген азык менен гана жан сактайт. Ошон үчүн азыркы цивилизациянын оорусу алар үчүн жат, аларда жок.
- ИИМ министри Конгантиев курсактуу кызматкерлерин сынга албадыбы…
- Конгантиев туура кылат. МАИчилер колду көтөрүп туруп эле, 20-30, 200-300 сомдон алып отуруп, алар жалаң эле кара курсактын адамдары болуп калышкан. Албетте, алардын иштеп атканы тартипке жакшы экен, бирок, менин оюмча, кемерди дагы катуураак тартып, курсактарды жоготуш керек, кыргыздын милициясы да, армиясы да, айрыкча офицердик курам бул жагынан үлгү көрсөтө турган деңгээлде болушу керек. Мисалы, бизде ыктыярдуу деңгээлде кыргыз жоокерлери болуш керек, ал эми профессионал, жоонун бөрүсү, жоону нары-бери уйпап кое турган нагыз карышкырлардан турган 5-10 миң жоокери бар армия болсо жакшы болмок. Анүчүн сөзсүз ден соолук, жан соолук, анан табият менен аралашып, керек болсо 10 күн ачка ушул тоолордо жашай бере турган деңгээлдеги адамдар пайда болушу керек. А тоонун шартында булак суусу, ышкын, козу кулак, ар түркүн чөп-чар бар. Менин бир жан кечти досторумдун бири Алай тоолорунда 18 күн жалаң ышкын менен булактардын суусун гана ичкен учурун айтып берди эле. Ал киши ошондо 70-80 килограмм экен, 54-53 килограммга чейин арыктап, бирок ошондон кийин жүрөк, простатит дегендерден арылдым дейт. Өзү менен 3-4 банка гана консерва алып кеткен экен. Ошон үчүн мен шаардын кыңкыстаган кыргыз жигит сөрөйлөрүнө айтаар элем: маңкурт болбостон өзүнүн ден соолугуна ылайык диета тандап алышы керек, ден соолукка жана жан соолукка кам көрүүнү билиш керек. Ансыз эл эл болбойт. Эл дегродацияга түшөт дагы, акырын-акырын тамак-аштын, катындын кулу болуп жоголот.
- Биздин ашкана боюнча маалымат берсеңиз?
- Өзүбүздүн ашканабыз ден соолукка пайдалуу эмес. Бул бир багыттагы ашкана болуп калды. Биздин ашкана мындан 50 жыл мурун ден соолукка пайдалуу болчу. Биринчиден, кант деген өтө аз болгон. Экинчиден, биздин ашканада жанагындай көмүр кычкылтектүү азыктар, нан, таттуулар аз болгон. Ошонун эсебинен негизинен белок, анан ак-сак, ачкыл-кычкыл азыктарга негизделген тамактар, биринчиден, кубатты тез берген, карынды кампайтып чыгарган эмес, бээ курсактуу эркектер аз болгон. Манаптар эле өтө көп жеп ыксыз семирип кетишпесе, кедей же орто оокаттуу адам күнүгө кыймыл менен жүргөн дагы, жанагындай тартыш тамак жеген, ошонун эсебинен кыргызда кемпир курсак эркектер жокко эсе болгон. Ал эми азыркы мезгилде, шаардын шартында кыргыз дүйнөлүк бардык ашканага башын тыкты, системаны билбестен жей берет, натыйжада пиво курсак, кемпир курсак, же аял эмес, же эркек эместер жаралып калып атат. Тамак-аштын тегерегинде эле кайгырып, ошонун тегерегинде эле ааламдык проблеманы ошого байлап алышып эле өмүр өткөрүп аткандар бар. Ден соолук жаатында кыргыз эли дүйнөлүк каптап келген ар түрдүү ашканалардын чабуулунан коргоно албай, өзүнүн системасы болбой, катастрофалык деңгээлге тушугуп атат.
- Өзүбүздүн түпкү тамак-аш, сүзмө, куруттардын касиеттерин биле бербейбиз...
- Менин бир ишеничтүү, прокуратурада иштеп жүргөн досум айтып берди эле. Алайда бир аксакал 360 күнгө ылайыктап туруп, 360 арча кесеге топоздун сары майын куйдурат экен. Алайдын тоосу өзүнчө эле муздаткыч эмеспи. Анан жанагы жер кепеге жыгач кеселердеги майдын үстүн жаптырып туруп, тоңдуруп коюп коюптур. Анын күнүмдүк жеген рациону ушундай: топоздун, уйдун мыкты сүтүнөн жасалган курут. (Бизде бүгүнкү күндө сатылып аткан куруттар зыян, булар жалаң шаардын айланасындагы газдалган чөп жеген уйлардын куруту. Биздин Суусамырдан ары көздөй тоо этектеп, газдалган чөптөн алыс багылган уйлардын куруту да, майы да аз-аздан пайда келтирет. Кыргыз айылдарынын тамак-ашы таза). Анан ошо аксакал ошол кеседен күнүгө томуруп алат экен дагы,сары майдан бир сугунат. Аркасынан кемпири күнүгө эртең менен туруп колго толуп турган куруттан 2-3тү эзип эритип, анан кийин баягы курутка майдан дагы салып туруп, куруттап жасайт. Мергенчи абышка андан жутуп кете берет. Памир тоолоруна, жанагы 5 миң метрлик бийиктикке жигиттердей чыгат дейт. А кемпири чал 65-70ке чыкканда аркы өйүздө жашаган, күйөөсү өлүп калган 21деги келинди алып берип, андан 3 уул, 2 кыздуу болуптур. Азыркы мезгилде тирүү болсо а киши 90дон ашты. Бул мындан 20 жыл мурун болгон окуя. Ал мергенчи абышка кан басым, чарчоо, кыйналуу, оору дегенди билбейт экен. Ал эми Памирдин суугу оюн эмес. Күздөн баштап эле 30-35 градус шамал согот. Тоолордо 50 градуска жетет. Жайдын күнү түтөктөн эле өлүп калышың мүмкүн. Ошол суукта абышка ойноп барып келет дейт тоого, күнүнө 10 километр ары, 10 километр бери. Арчадан отунду мыктап, кургактап аркасына көтөрүп кайтат. Сары майдын касиети ушунчалык болгон, сары май адамдын кванттык деңгээлдеги ар бир клеткасына чейин жетип, токсиндерди, шлактарды эритип айдап чыккан. Биз болсо кичине кыйшаңдап базарга кирсек эле кирене кирип калат, 5-10 метр жүгүрүп койсоң бутуң үзүлүп кетчүдөй болот. Мунун баары токтуктан, жана ашыкча салмактан. Нерви жука азыркыларга, бирдеке десең эле шаарга шылтайт. А жөн эле тазаланып коюштун жолун билбейт.
- Тазалануу, 15 мүнөт эс ала коюу деп сүкүт, йоганы айтып жатасызбы?
- Сүкүт, йоганы да айтып атам, кадимки эле жөнөкөй намазды да айтып атам. Мисалы, намазды мен мечитке караганда үйдө жакшы окуйм. Кээ бирөө мечитте Кудайга карата болгон өзүнүн тилегин шашып-бушуп, 10-15 мүнөттө зорго окулчу намазды 3 мүнөттө бүтүп, батаны тартып коюп чыгып кетишет. Мындан жандүйнө үчүн эч кандай пайда жок. Бул жөнеле карыздан кутулуп, эл көзүнө "мен намаз окудум" деген мещандык психологиясы жана идеологиясы. Ал эми чындап туруп баягы ден соолук, жан соолугуна күтүнгөн адам күнүнө эч болбосо 3 жолу эс алып алышты билиши керек. Медитация, ал-булду койгондо деле, жөнеле түштө мүмкүнчүлүгү болсо, 15 мүнөттөн 40 мүнөткө чейин уктап алышы керек. Мындай адам жүрөгүн алда канча таза сактайт. Ызы-чуудан алыс, нерви чыңалбай, дайыма бошоңдошкон жыргал абалда болот. Илгери биз мактаган кыргыздар керели кечке же жөө жүргөн, же аттын үстүндө жүргөн. Тамагы жанагындай чектелүү болгон, кеч курун тойсо да, эртеси эртең менен ал конфет менен шоколадга кирген эмес. Эртеси түшкө жакын барып ичкен. Анда да сүт, айран, же кымыз ичкен. Кыргыз чөп жеген эмес деген сөз бар. Бул туура эмес. Кыргыздын айрыкча кедей катмары март айында байчечекей чыккандан баштап азыкка жарачу чөптүн баарын татып жеп көрүшкөн. Чөп чайларды ичишкен. Кедей жалаң эле эт жеген деген туура эмес. Кедей атала, жарма, талкан, максым, ачкыл-кычкыл ичкен. Анан баягы табыла калганда эт жеген. Туура, тамаксоо байлар эт жеп, курсактары ээр каштан нары көздөй ашып турган. Бирок мындайлар саналуу болгон. А чыныгы кыргыз орто бойдон жогору, зыңкыйган, 50дөн ашкандан кийин сөөк-саагынын баары жайында болуп, ат да минип, жөө дагы жүрүп, 20-30 километрге кете беришке даяр турган. Азыр 5 километрде союлуп каласың, жигиттерди ат мингизип койсоң, шайы ооп 2-3 саат жөнеле жатат же эртеси жанчылып калат. Мен айтар элем, азыркы замандын, бүтүндөй дүйнөнүн капилка казынасынан алып туруп, кыргыз элине расмий медиктерден тышкары элдик медицинанын утуш маселелерин, дүйнөлүк табигый медицинаны жана руханий Кудай тааланын өзүнө, өзүнүн каналдарына чыкчу медицинаны бириктирип жууруп туруп, кыргыздын ден соолук, жан соолук маселесин мамлекеттик деңгээлге кое турган убакыт келди.
Маектешкен
Салтанат КЫДЫРМАЕВА









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!