Көшөгө артында

Сабира Күмүшалиева тишин "жоготкондо"
1998-жылы жайдын башталышында кыргыз драма театры Ошко гастролго жөнөп калды. Көпчүлүк автобус менен кетип, Сабира эжени алып театрдын агездеги директору Алмаз Сарлыкбеков самолет менен учмак. Алмаз машинеси менен эртерээк барып, Сабира эженикинен шашпай чай ичишип (эже дасторконун жайнатып чай бермейинче кетирчү эмес), самолет учаар саатты болжолдоп жуп чыгарда Сабира эже буй түшүп кийме тишин издеп калат. Өзү баш болуп, кызы Асылкүл эже, неберелери, аларга Алмаз кошулуп үйдү үч көтөрүп, жолго камданган сумкасын, атургай таштанды салган чаканы төгүп бирден карашат. Эч жерден табылбайт. Айлалары кетип баары тегеренип туруп калышат. Тиши жок кантип ойнойм деп Сабира эже чырылдап турат. Бир убакта Асылкүл эже: "Апа, унутуп калбайын деп, кийип алган жок белең?" дейт. Баары Сабира эжени карашса эле, кийме тиши оозунда жүрөт. Ошол жерден үй күлкүгө толуп, күлкүсүн тыя албаган бойдон Сабира эже менен Алмаз аэропортко келип Ошко учуп кетишет. Сабира эженин жоругу ошол эле күнү театрга "дүң" болду.


Жашоо өзү театр
"Синий" Бообек Ибраев

1998- жылы Чыңгыз агайдын 70 жылдык юбилейине даярдык мамлекеттик деңгээлде башталды. Мааракенин сценарийин Бексултан байке жазыптыр. Чыгармаларына келгенде "элес" деп ремарка берилиптир. Юбилейлик сценарийди Бообек Ибраев коймок болду. Баягы "элес" деген жерге ар бир чыгармадан 3-5 мүнөттүк кылып, Чыңгыз агайдын ар бир чыгармаларынын өзөктүү жерлерин алып, айтайын деген ойду 3-5 мүнөткө сыйдырып, 10 "элес" жазып бердим. Ал үчүн Ч.Айтматовду кайра бир сыйра окуп чыктым. Агайдын мааракесине бүт дүйнөдөн конок келет, уят болбойлу деп баарыбыз, сахнанын жөнөкөй жумушчусунан баштап министрге чейин жан үрөп иштегенбиз. "Черновый прогон, генеральный прогон" деп коет эмеспи, мааракеге аз калганда акыркы репетицияда мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жүрдү. Ал эми Айтматовдун 70 жылдыгына арналган программаны президент өзү келип кабыл алган. 40 мүнөттүк программаны көрүп, ыраазычылыгын билдирип кеткен. Анча-мынча алымча-кошумчаларын иштеп чыгып, бир күндөн кийин опера-балет театрында бүт дүйнөдөн келген конокторго көрсөткөн элек. Ал программадагы негизги жүк драма театрынын коллективине түшкөн. Чыңгыз агай да ыраазы болгон анда.
Ошондогу Бообек байке экөөбүздүн "урушубуз" мындан чыкты. Министрлик кызмат кылгандардын баарына акысын төлөп берди. Албетте, эмгегине жараша. Карасам, үч ай бою чуркаган, "элести" жазган, афиша программасын түзүп чыгарган менин айлыгым кандайдыр бир себеп менен бир жума мурун кошулуп калган саламчылардыкы менен бипбирдей. "Карыныма эмес, кадырыма күйөм" дегендей, албетте нааразы болдум. "Байке, бир аз коштуруңуз" десем, "болот ошол" деп коет. Дагы айттым. "Өзүңүз "сенин эмгегиң чоң" деп айтасыз да, анан 10 күн иштегендерге теңеп коесузбу?" дедим. Уккусу жок. Бообек байке беттегенин бербеген көк, өжөр эле. Сабира Күмүшалиева эркелетип "синий" деп койчу. Акыры эч нерсе чыкпасына көзүм жетти. Мен дагы ойлогонун ойлогондой айткан кудай урган немемин да. "Байке, - дедим, - Жети-Өгүздө жети эле өгүз бар экен десем, сегиз өгүз бар экен". Гүлшара Дуулатова отурган, ал чочуп кетти. "Ай, биз Бокеме өйдө карабайбыз, сен өтө бетке чабар экенсиң" деди. Бообек байке эч нерсе уккусу келбей кагаз карап отурган эле, менин сөзүмөн кийин башын көтөрүп, мурутунан күлүп: "Ыя? - деди, - сегиз өгүз бар бекен?!" Анан көзүнөн жаш чыкканча борсулдап көпкө күлдү, ага кошулуп баарыбыз күлдүк. Мен эми байкенин кежирлигин, көктүгүн айттым да. Бообек Ибраев кыргыз театрынын жүгүн өгүздөй эле көтөргөнү жалганбы? Кыргыз жеринде жети керемет болсо, анын бири - Жети-Өгүз. Азыркылардын бирине ушинтип айтсаң, сотко бермек. Залкардын залкарлыгы ушулдур, "сегиз өгүз бар бекен?" деп, Жети-Өгүзгө салыштырганыма ыраазы болгонсуп солкулдап күлгөнү...




Өлүп калган Аяз ата
2001-жылы кыргыз драма театрынын бош артисттери менен жомок даярдап, жаңы жылдык программа менен Токмокто жүрөбүз. Күнүнө 3-4 жолу спектакль ойноп, балдарды жаңы жылы менен куттуктап, оюн-зоок уюштурмай. Программа бүткөндөн кийин окуучулар, алардын ата-энелери Аяз ата, Аяз кыз же башка жактырган каарманы менен сүрөткө түшүү салт. Спектакль да, бүтүндөй программабыз да эки тилде ойнолчу. Аяз атабыз - Чоро Думанаев. Улам бирөө жетелеп кетип сүрөткө түшө берип, сеанстын ортосунда терин аарчып, бир нерсе шам-шум этип алганга да үлгүрбөйт. Бир күнү кайсы бир мектепте спектаклден кийин Аяз ата менен сүрөткө түшөбүз деп балдар ата-энеси менен тизилип күтүп калды. Улам чакыртсам келбейт. Анан алар отурган бөлмөгө өзүм басып бардым. "Чоро, балдар сүрөткө..." дегиче болбой эле: "Эже, Аяз ата өлүп калыптыр деп коюңузчу, чай ичип алайын" дебеспи. Баарыбыз дуу каткырдык. Күтүп атып чыйпылыктаган ата-энелер артымдан келатыптыр, алар да күлүп жиберишти. Анан, "өлүп" калса да балдар менен сүрөткө түшүп берди.


Шаршендин куйкум тамашалары
Кадимки куудул Шаршендин аты уйкашы. Же ким билет, Шаршен аттуунун баарынын тили күйдүргү болобу... Ысык-Көл театрында Шаршен Дүйшөнкулов деген эмгек сиңирген артист бар. Дүйшөн Байтөбөтов, Гүлайым Каниметованын курсташы. Тили тикенек тимеле. Ош театрынан Көлгө которулуп келди. Жубайы Көлдүн кызы. Өзү жумгалдык. Келгенде эле күлдүрө сүйлөп, "Көлгө күч күйөө болуп келдим" деди. Кийин Нарын облусу Ысык-Көлгө кошулганда: "Өх, күч күйөө деген сөздөн кутулуп кенен дем алып калбадымбы.. Уктуңарбы, Нарынды Көлгө эмес, Көлдү Жумгалга кошту" деп сайрап жүрдү.
1992-жыл болсо керек. Электр дал азыркыдай бир өчүп, бир күйүп жүдөтө баштады. Канча адамдын тиричилик буюмдары күйүп кетти. Газ дегенди унутканбыз. Үй суук. Кездеме жылыткычым бар эле, машинке басканда бутума коюп алчумун. Бир күнү жылыткычымды бутума ороп алып баламдын керебетинде түймө түйүп отурсам жарык өчүп калды. Аңгыча телефон чырылдап, "оштуктар кеткен жатат" деп, Акылбек Абдыкалыков чакырып калды. Чыгаарда муздаткыч, телевизор, деги баарын эле өчүргөндөй болгом. Үйдү бекитип коюп, Акылбектикинен Ош драма театрынын директору Надыр Шамурзаев, режиссер Токтобек Сатаров, Бишкектен куудулдар театрынын директору Марат Алышпаевди узаттык. Акылбек алар менен аэропортко кетти. Биз Анара экөөбүз узун сөзгө кирип кеттик. Көп өтпөй жарык күйдү. Электр чайнекке чай коюп, камкаймак менен чай ичип отурсак телефон чырылдап: "Бурул силердикиндеби?" деген үн угулду. Мен ордумдан атып туруп эле үйгө чуркадым. Эсиме кездеме жылыткычты суурубай чыкканым келди. Балкондон түтүн чыгып, короого эл чогулуп калыптыр. Шаршен ачкычты колуман жулуп алды. Көзүмө алоолонгон жалын элестеди. Жок. Кудай жалгап өрт кетпептир. Үй толо түтүн. Жарык күйгөндө ток күчтүү келгенби, айтор, жылыткыч күйүп, анын астындагы жууркан-төшөк оюлуп быкшый бериптир. Эл деген эл да, заматта эле эшикке алып чыгып суу төгүп, эшик-терезени ачып желдетип жиберишти. Бир сааттан кийин иштеги кыздар чалышты каткырып... Биздин театрдын алдында узун отургуч бар эле. Шаршендин "пятиминуткасы" өтчү ал жерде. Көрсө, ал ошол энчилүү ордуна отуруп алып, келгендерге "Калчабаевага жаман болбодубу" дей баштаптыр. "Эмне болду?" дешсе, "Абышкасы өрттөнүп өлбөдүбү. Эми байкуштун бутун ким жылытат?" дейт. "Кайсы абышкасы?" "Жанагы жылыткычычы, бутуна койгон, ошол өлүптүр, күлбөй, андан көрө тыйын чогулткула, электротоварда чокой турат, ошону алып берели..." дептир. Эртеси мен иштен кайтып келатсам эки-үч артист бала менен подъезд алдында отуруптур, мени көрүп эле жылыткычты жоктоп кошуп кирди. Ооз басырыкка бирдеме өндүргүсү келип атканын түшүндүм да, колуна акча карматтым.


Балерина деген ким?

Тентек жээним бар. Зээндүү. Өткөндө, март айында коюлган менин спектаклимди эки күн көрүп, "Ал ажынын алпештеген уулу болсо, мен байдын бапестеген кызымын" деп баш каармандын сөзүн кайталап, "мен сүйгөнү менен качкан байкеге гүл берем" деп гүлүн көтөрүп чуркап жүрдү. Аты Аскат. 1-класста окуйт.
Бир жыл мурун сиңдим мектепке даярдай баштайт. Бир күнү сүрөттөр менен даярданышып отуруп, кезек балеринанын сүрөтүнө келет. Апасы "Бул ким?" деп сурайт. Унчукпайт. "Карачы, көшөгө ачылат, музыка ойнойт. Анан кыздар эмне кылат?" дейт сиңдим. Аскат үндөбөйт. Апасы суроону дагы кайталайт: "Айтчы, Аскат, бул ким? Бул кыз эмне кылып жатат?" деп. Анан баятан бери унчукпаган Аскат: "Бул Хайл Сайракан!" дептир кебелбей.
- Иий, эже, өлбөдүмбү, "бийлеп атат" деп айтат экен десе... - дейт сиңдим.
Күлбө, окурманым, теледен балет берилбесе, айылга театр барбаса, ата-энеси мен чогулткан "Агымды" алпарып окуганда, пуант кийген "Сайраканды" көрүп, окшоштуруп, балериналарды Сайракан деп айтып жатат да наристе...









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!