"Көк Асаба", 28.04.09 - 8-бет:
  Манас - кыргыз руху

Ашым Жакыпбеков
Теңири Манас

Эл башына күн түшсө,
Эл тилеги эр келет,
Эр убайын эл көрөт.

ТЕҢИРУУЛ
- Бай Жакыптын катыны
Баатыр тууп жатыры!..
Таң алды үрүлдө апай беттеги шүүдүрүмдүү шиберди шилей чуркап, изинен көк булоо оргуган жылаңач бала бара жатыры.
Мамыдагы Көкчологун кашып турган Акбалтага периштенин үнү шаңк этти. Оболу Көктөн күркүрөгөн доош келип, жер силкинип алды. Буурул сакал Акбалта Алтай тоонун нур чайыган чокусун бир карап, токумдай булуту жок шаңкайган Көктү бир карап, эки алаканын Көккө жайып, эки көзүнөн эки тамчы сакалына таамп, үнү кардыга бакырып жиберди:
- Оо, Теңир жалга! Оо, Теңир жалга!..
Таңкы шаңкай көктө Буудайык айлана каалгып жүрдү.
Апай бетте чуркаган бала таң шоокумуна төнүп кетти.
Маңдайдан ак жылдыз балбылдап жанды. Манастын Ак болпоң жылдызы ошол болмогу.
Акбалта ашыга токунуп минип, Жакыптын айлына чапты…
Тогуз ай, тогуз күн көтөрүп, жети күндөн бери толгоо тарткан Чыйырды жүрөгү астындагы бала туйлап койсо эси ооп, "бу менин жанымды алчу бала го" деп коркуп кетип, кайра Теңирге жалынат, атайы сайылган ак баканга асылат, алы жеткенче ыйынат. Жетинчи күнү таңга маал бала барылдап жерге түштү. Баркыраган үнү тай чабым жерге угулду. "Эркек бекен, кыз бекен?" деп талыкшып магдырап барат Чыйырды. Баланын чочогу чыкты чороюп.
- Эркек! Эркек! - деп каралашкан он эки катын чурулдаганда Чыйырды эсинен тангандай көшүлүп жатып калды.
- Кокуй! Мартуу* бастыбы?! - деп катындар үстүнө үйрүлө чуркурады.
Чыйырды көзүн ачып, маанайы жазыла жылмайды:
- Мени коюп, алдагы баланы кароосуз калтырбагыла… Акбалта авамын байбичеси, киндигин өзүң кес.
Бала эки колуна кан мыкчый түшүптүр. Жан-алы калбай далбастаган Канымжан баланын киндигин кесип, чуу-оромолго* ороп жибергенде бала куду он бештеги боз уландын күчү менен оң колун сууруп алганы.
- Татай* көтөк! - деп Канымжан баланы таштап ие жаздады.
- Кантесиңер жосунсуз немедей!.. - деп Бакдөөлөт баланы көтөрүп ала коеюн десе, салмагы тогуз жашар баладай. Бакдөөлөт ичинен кубанып, баланы маңдайынан өптү.
- Оозанткыла! - деди бири.
Бакдөөлөт чоң карын сары майды алып чыкты.
- Кое тур. Мага бергиле, - деди Чыйырды.
Илгери Чыйырды жаңы келин болуп келгенде кайнатасы Орозду баатыр Энесай менен Миңсуунун ортосун жайлап турчу. Жайы салкын деп, күмүш буурул токойлуу Алтай тоону жакалай конуп, күзгө чейин бугу-марал, жолборс атып сайрандап, күздө кышы жылуу деп, Ала-Тоо багыттап көчүп, Талас ордосуна барып, кыштоого кончу. Ошондой бир жайда Орозду баатыр алтын казган, темир узанган Алтайдагы усталарга Көктөн түшкөн курчту эриттирип, эки ок жасатып, Чыйырды келинине берген жайы бар.
- Балам, бул ок ыйык ок, Көктөн түшкөн курчтан. Менин неберем төрөлгөндө ушул октун бири менен оозантып, жакасына тигип кой. Бирин сактай жүр да, менин чөбөрөм төрөлгөндө алигинтип оозантып, бешигине тумар кылып байлап кой… - деп айткан эле Орозду баатыр.
Чыйырды алды менен ошол окту алып чыгып, баланы оозантты, анан ичтонунун жакасына тигип койду.
- Ай, байбиче, өзөртөсүң го баланы! - деди Канымжан жетине албай.
- Ашыкпа. Мен өзөрө турган чабал бала тубамбы, - деп күлдү Чыйырды.
Бакдөөлөт сары майдан бир кашык омуруп, белендей кармап турган. Чыйырды баласын оозантты. Анан балкып ийип турган эмчегин берди. Бала бир соргондо ууз сүт чыкты, жана бир соргондо көк суу чыкты, жана дагы соргондо кан чыкты. Өпкө-жүрөгүн кошо соруп алгандай Чыйырдыдан ал кетти. Баланы катындарга карматты.
Сырттан ат дүбүртү катуу чыкты. Бакдөөлөт чуркап чыкса, Акбалта экен.
- Аке, сүйүнчү! Уул төрөлдү! Уул! - деди өрөпкүп.
- Болсун, балам, болсун. Билем! Теңир жалгасын! - деп Акбалта жанчыгынан Бакдөөлөткө тайтуяк жамбы алып берди. Байын үнүнөн тааныган зайыбы Канымжан чыга келди:
- Татай көтөк! Биякта эмне жүрөсүң? Бай кайниме чаппайсыңбы, сүйүнчү албайсыңбы! Атайы кырк карабоз байлап отурса куру каласыңбы, катыгүн!
- Ошо сараңдан үмтөткөн сен анык татай экенсиң! - деп каркылдай күлүп аттан түштү Акбалта. - Барам, барам, ашыкпа. А көрө айтчы, баланы көрмөккө али киши кара келе элекпи?
- Жок, кокуй! Жаңы эле ородук…
Акбалта Бакдөөлөт түрө берген эшиктен кирип, төрдөгү төшөктө тамылжып жаткан Чыйырдыга:
- Бешик бооң бек болсун, балам! - деп барк этти.
- Теңир жалгасын, ава, - деп Чыйырды кымтынды.
Баланы көрсөткүлөчү, - деди Акбалта эки алаканын жая сунуп.
Бакдөөлөт Чыйырдынын боорунда бырылдап уктап жаткан баланы кош колдой көтөрүп, Акбалтанын эки алаканына салып берди. "Теңир жалга! Теңир колдо!" деп өзүнчө күбүрөп, Балта кызыл эт баланын оң алаканын ачты. Караса, бармак астындагы бөлтөктө "Манас" деген ат жазылуу, ак мөөр басылуу экен. Чуу-ороосун ачып жонун караса, көк жал болчудай каралжын кырка түгү бар экен.
- Теңируул! - деп койду өзүнчө баланы кайра берип жатып. - Баланы киринттиңерби?
- Жок али, жаңы эле оозанттык…
- Мен азыр, - деп Балта сыртка чыгып кетти. Канжыгадагы кол чаначын чечип, бат эле кайра кирди.
Акылман Акбалта качандыр бир көргөнүн көкүрөккө түйүп, көз салып жүргөн. Ал Алтын-Көл деген бейиш сымал көлдүн төрүндөгү алп арчанын түбүнөн жан адамга көрүнбөй-билинбей мөлтүрөп чыгып, көлгө жетпей кайра мөлтүрөп таш түбүнө сиңип кетип жаткан мүрөк булак болучу. Чыйырдынын толгоосу узарып баратканынан кечээ күнү эле ошол мүрөк булакка барып, кол чаначка сузуп келген. Мына эми мүрөктүн суусун берип жатмагы:
- Балам, уулуңду ушул сууга киринтчи…
Бакдөөлөт сууну арыдан бери жылытып жиберди. Канымжан алтын чараны кармап турду, таңкы салкында чырымталды үшүтүп албагай экем деп Чыйырды шашып киринтип, алаканына салып көтөрүп турган баланын эки далысынын ортосундагы алакан орду кургак калганын кийин байкап калды. Оролуп калган баланы кайра чечтиргиси келбеди. "Теңир сактасын" деп, бул сырды ичине катты. Алаңгыча кара тумшугун чоң ачкан, кызыл тилин салаңдаткан көкжал бөрү сырттаны эшиктен шып кирип келди да, чуркурашып капшытка жапырыла жыгылган катындарды элес албай балага түз келип, маңдайынан жалады. Анын артынан күркүрөгөн дабышы айылды жаңыртып, иттердин баарын куйруктарын такымдарына кыпчытып, коңулдарга жашынтып, кара чаар жолборс кирди, балага түз келип, оң ийининен бир жыттады, сол ийининен бир жыттады. Ошентти да, экөө тең көздөн кайым болду.
Өңбү-түшпү, эч кимиси аңдай албады.
- Теңирдин күчүктөрү, кайып колдоочулары экен. Теңир колдосун! - деп Акбалта гана чамгаракка эки алакан жайып тайынды.
- Ава! - деди Чыйырды жымжырттыкка жан берип, ордунан обдула. - Ава, балага ат коюп бербейсизби?
- Дебедимби… - Акбалта мыйыгынан жылмайды. - Балаңын кайыптан коюлган аты бар, Манас. Бирок эрезеге жеткенче, Манас атына конгончо мен койгон ат Теңируул! Манас деп оозуңарга албашыңар, Теңируул деп чакыраарыңар оюңарга уюган коргошун болсун. Шерт ушул! Мен Жакыпка чаптым!..
Намыс дегенде эрден калбаган катындар мисирейе катты.

*мартуу - кара басуу
*татай - чочуу
*чуу-оромол - баланы алгачкы ороо
(Уландысы кийинки санда)