"Көк Асаба", 28.04.09 - 10-бет:
  Манас таануу

Нуржан-Насыйкат САКЫЕВА
Манас эпосу жана Манас илими
Нуржан-Насыйкат Сакыева Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты, "Манас Жогорку Акыл Эс" деген дүйнөлүк түшүнүктүн кыргызга тиешелүү экендигин далилдеген Манас Илими аттуу жаңы көз караштагы китебин чыгарган.
Бүгүн анын Манас Илими жана Манас эпосу боюнча айткандарын, кыргыз таануу маселесиндеги ойлорун, көз карашын сунуш кылабыз.
Манас эпосу
Манас эпосу ар бир кыргыздын жандүйнөсүндөгү руханий гүлазыгы болуп табигый түрүндө улуттун демин демдентүүчү окуу катары тагдырдан буйруп, улуу күч болуп ыйгарылган.
Ар бир улуттун улуттук идеясын жактаган бир духовный, табигый гүлазыгы болот. Кытай элиники Конфуций окуусу болсо, япон элиники синтоизм дини, индус элиники Веда окуусу ж.б. эс жолдомолору болуп эсептелет.
Кыргыз элинин улуттук идеологиясынын даяр бышкан жемиши - Манас эпосу. Манас эпосунун ичинде кыргыз элине таандык каада-салт, үрп-адат, мекенди сүйүү, элди коргоо, адамдыкты сактоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу, мүнүшкөрлүк, саяпкерлик, көзү ачыктык, жайчылык, табыпчылык, айтыш өнөрү, узчулук, устачылык, комузчулук ж.б. асыл касиеттер, адаттар айтылып турат.
Улуу фольклор, улуу нуска, көөнөргүс улуу дух океандай чалкыган руханий кенч өзүбүздө турса, башка элдин энчисиндеги Конфуцианствону же ар кандай диний секталарды туу тутканыбыз туура эмес. Бул адашуунун, элдин өзүн өзү тааныбастыгынын жолу.
Манас эпосу дүйнө элдеринин ичинен тандамал элге - кыргызга келип түшкөн улутка таандык ыйык китеп болуп, ыйык окуу болуп кудуреттен берилген.
Манас Илими
Ал эми Манас илими болсо диндер пайда боло электе алгачкы адам тукумуна берилген Кудай таануу, Дүйнө таануу, Адам таануу окуулары болуп, Акыл илими, Эс илими аркылуу ошол кездеги киши заттарын Кудайга баш ийдирүүчү күчү менен жалпы жер жашоосуна кызмат кылган. Манас жетилген акыл-эстин жана жетилген Аң-сезимдин кишизаттык улуу сапатты сактоочу, жакшылыкка жетелөөчү улуу стадия - деңгээл катары табигый окуу болуп, жер бетиндеги жалпы коомчулукту кучагына алган.
Ааламдык эволюция жолунда, ак менен каранын таймашуусунда жер киши тукуму бүгүнкү күндүн жер адамдарындай бул окууну да улуттук кызыкчылыктарга, террордук кыймылдарга, тескери идеологияга пайдалануунун жолун көздөй башташып, а Манас жолуна же бүгүнкү күндүн тили менен айтканда динсиздик жолуна - динди курмандыкка чалуунун, жеке кызыкчылыктарга пайдалануунун жолуна иштетишкен жана жаңылануунун жолуна түшүшкөн. Мындай тескери кыймыл-аракеттерден кийин жер кишилери азаптануунун, Кудайдын каарына калуунун негизинде ар кандай алааматтарга кабылуунун азабын тартышкан. Бүгүнкүчө айтканда дүйнөлүк кризистин жазасын моюндары менен тартышкан.
Бүгүнкү күндө жер планетасынын абалы жер бетиндеги жашоону дүйнөлүк деңгээлдн сактап туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап турат, ядердик курал-жарактардын эсепсиз иштетилиши, сыноого кое берилиши менен жана космостук ракеталардын асманды тешүүсүнүн (озон жыртыгы) көбөйүшү, завод-фабрикалардын көптүгү, кен-байлыктардын эсепсиз казылып кетиши менен жер жалпы экологиялык балансынан ажырады. Жер бетинде ар кандай алааматтардын - жер титирөө, суу каптоо, сел жүрүү, аймакты кубаттуу шамал алуу, аба ырайынын кескин өзгөрүп кетүүсү менен ар кандай кырсыктардын болуп баштоосу дүйнөлүк кризистин башталышына алып келди.
Бүгүнкү күндүн адамдары Кудайды эмес, экономикалык кубаттуу жетишкендикти таанып билишип, кемчилик, катачылыктардын негизинде жаратылышты бүлүндүрүүгө жол беришип, жашоолорунун талкалануусун жакындатып алышты.
Диний жол-жобо эрежелер адамдарды дүйнөнү таануу, жашоону барктоо, өзүн-өзү сыйлоо сезимдеринин жолдорун таанытуу мүмкүнчүлүгүнө алы жетпей калган деңгээлге жетип, жер бетинде экологиялык оор абал түзүлүп, Кудайды таанытуунун жаңы илими табигый муктаждыктын негизинде кыргыздарга жиберилип аткан кабар-маалыматтар аркылуу, анын ичинде Манас илими аркылуу Кудайдан түшүрүлө баштады.
Адашуунун жолу эмнеде?
Жер бети Ак менен Каранын сыноосунун полигону болгондуктан, ал кишизатынын ээлигине берилип, ошол эле учурда кишизатынын өзүн сыноосу үчүн жашоо берилген.
Ошондуктан, адам жакшы кыймыл-аракетинин негизинде жакшылыктарга жетишип, сый-урмат көрүп, зыяндуу аракеттери менен кыйынчылыктарга кабылып, жазаланып жашоо кечирет. Жакшылыкты тандап алууга жол берилип, нечендеген доорлордо адамга Кудайды таанытуучу окуулар, доктриналар, диний эреже, жол-жоболор кудуреттүү Кудайдын буйругу менен жиберилип турса да, жер адамы жер бетиндеги улуу сыноо жолунда аларды өз жолунан адаштырып, уруш-согуш ж.б. тескери идеологиялардын курмандыгына айландырган жана ошонун кесепетинен сыноодон өтпөй калуунун жолунда жазаланган.
Массалык кырылып-жоюлуу, топон суу мындай жазалануунун негизин түзгөн. Жер адамына берилген эркиндик аны сыноонун куралы болуп. Бул эркиндикти тескери сапаттарга эпсиз пайдаланган кишизаттары жекече да, массалык түрдө да ар кандай жолдор менен жазаланууну баштарынан өткөрүшүп турушат.
Миллиондогон жылдар ичинде жер бетиндеги нечендеген цивилизациялар сыноодон өтпөй калуунун кесепетинен талкаланып, материктердин чөгүп кетүүсү, топон суунун жүрүшү менен, айыккыс оорулардын каптоосунан жок болуп, кайра аман калган аз сандагы адамдардын көбөйүп, мезгилдин өтүшү менен тиричилик башталып, жаңы материктер пайда болуп, жер бетиндеги жашоодо сыноо доорлору өз өкүмүн жүргүзүп келген.
(Уландысы бар)




  Күү сыры

Кыргыздын кымбат кыягы

Кыргыз элинин керемет күү аспаптарынын бири болгон кыл кыякты билгендер бар, бирок билбегендер да арбын. Кыргыз элинин Кыргыз Атасынан ажыраган зарын угузуп, кыргыз элине арка-жөлөк болуп, ыйын ыйлап, шаңын көтөргөн, ырыстуу кыргыз элинин бактысына түбөлүк жан дос шериги кыл кыяк биринчи жаралып, жасалып күүгө келген. Күү аттуу дүйнөдө (музыка дүйнөсүндө) жаңы түрдөгү кайрыгына, добушуна, үнүнө укмуш кайрууларды жараткан, кыргыз жан дүйнөсүнүн кайталангыс мухит жанарын бийик жандырып, кыргыздын жөн эл эмес экендигин кыяк күүлөрү кенендиги, тереңдиги менен кайра-кайра даңазалаган.
Кыргыз кыягына "Кербездер" баштаган "Кер-Өзөндөр" улаган, обондуу дейин десең бүкүлү же бүтүм чалкар кайруулар жаңырган күү түркүмдөрү миңдеп жаралып, кыяк кылдарында ойнолуп, тартылып келди. Кыяк күүлөрү кошоктордун, арман-жоктоолордун, ботомдордун сансыз кайрыктарын өз боюна батырып, кылымдар бою өнүп-өрчүп келди. Колдо бар алтындын баркы жок эмеспи, анын сыңары, 80-жылдары Индия жергесинин дүйнөгө таанымал атактуу күүчүлөрү кыргыз жергесинде өз өнөрлөрүн тартуулашып, Рави Шанкар баштаган жоон топтон турган кыякчы, чоорчу, ситарада ойногондор кыргыз филармониясынын залында концерт коюп, ошол жерде иштеген кыякчы Толтой Мураталиев аларга кыргыз кыягынын үнүн угузуп, өз ара пикир алмашышып, индус өнөрпоздору кыргыз кыягынын доошуна таасирлене суктанышып, аттын куйругунан ушундай кооз үн чыгабы, биз дагы эчен аракет кылып мындай үн чыгара албадык дешип таңданышкан. Кыргыз кыягындагы кооз, кубаттуу, терең, чоор сымал, сурнай үндүү доошту чынында дүйнөнү түрө кыдыра издеп таппайсың.
Кыргыз кыягынын нукура залкары, чыныгы чебери болгон Муратаалы Күрөңкө уулу кыска убакыттуу күүлөрдү тартканы менен, бул күүлөрдүн укмуш кайрууларга молдугу жана күүдөгү окуянын чыңалуусу угармандарга өзгөчө асер тартуулап, кайталап угууга куштар кылып келет. Муратаалы кыякчынын "Кер-Өзөн" күүсү кыргыз залкар күүлөрүнүн тазасы, тунугу деп айтсак жарашат. "Кер-Өзөн" дегенде угумдуулуктун, салабаттулуктун бийик чегине аша түшөсүң. Кайран кыргыз дүйнөсү, өлбө деп канаат алып, терең үшкүрүнөсүң. Кер-Өзөн жердин атыбы, суунун атыбы, жылдын атыбы, доордун атыбы деп сан түйшөлөсүң. Кыргыз күүчүлүгүнүн керемети же сырдуулугу - күү аспаптардагы түрдүү күүлөр бири-бирин кайталабаган өзгөчөлүгү, кыргыз күү дүйнөсүнүн кенендигинен, чексиздигинен, кайталангыс чоң дүйнө экенинен кабар берет. Комуз күүлөрүндө түрдүүчө чертилип, эчен сырдуу кайруулардын ээси "Кербез" күүлөрү болот. Кыл кыяктагы Муратаалынын тарткан "Кербези" уюган чулу алтындын ширөөсүндөй сезим оюн алда кайда алып учуп, түгөнбөс дүйнөнүн түпкүрүнөн башка дүйнө, жаңы дүйнө таптырат. Кыяк күүсүнүн дагы бир айтып бүткүс өзгөчөлүгү үн, кайруу, доош дүйнөсүнөн сөз, тил дүйнөсүнө кирип келгени. Улуу күү дүйнөсүнүн залкар берметтеринин бири болгон айтылуу, өзөктүү, кайталангыс күүлөрдүн бири - "Ат кетти" күүсү. Бул күү жөн күү эмес, кайруулары жөн кайруу эмес. Өткөн жоокердик замандарда элине таяныч болгон көзгө басар тың чыкма баатырлардын канаты - ишенген аты болгон. Мындай тулпарларды атайы саяпкерлер жашырып багып, суутуп, таптап, тоонун, жайлоонун алыс жерлеринде асырашкан. Бул күүнүн жаралышына себепкер болгон окуя ушундай тулпардан улам чыккан. Илгертен күлүк жорго, сулуу кыз, алгыр куш элдин менчиги болгон. Андан ажырап калуу бир уруу элдин башына түшкөн кайгылуу иш эле. Ошондо күлүгүн уурдаткан жылкычы, саяпкерлер кыйкырып үн салбасын дешип, уурулар тилин кесип коюшкан экен. Айылдагы адамдар таң узабай алыстан созолонгон чоордун үнүн кандай болду деп кулак төшөй угушуп, анын муңдуу башталышынан бир жамандыкты сезишип, анан күү оргуштап күчөп, түрдүү кайруулар жаңырып, аягында "Ат кетти, ат кетти" деп даана, түшүнүктүү кыяктын үнүндөгү сөздөрдү эшитишип, жапырт аттанышып, каракчылардын артынан убагында түшүшүп, аргымагын, жылкыларын кайра аман-эсен кайтарып алышканы эл оозунда санжыра болуп айтылып калды. Ал эми улуу кыякчы, залкар күүчү Муратаалы Күрөңкө уулунун күүлөрү кыргыз радиосунун Алтын фондусунан өз ордун таап, бүгүнкү күнгө, кийинки келечектеги кыргыз муунуна мурас болуп кылымдарга кала берди.
Кенжебек Алдаяр, комузчу