"Көк Асаба", 21.04.09 - 14-бет: • Таяк менен урба,
тарбия сөз менен ур
Кадырман ата-энелер! Кыргыздар айтат: "Бала - падышалык", "Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр", "Таяк - тарбия эмес, сөз - тарбия", "Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына", "Баланы тарбиялоо - ташты кемиргенге тете" - деп. Бул кыргыз макалдарынын маанисинде калет жок. Баланы жашынан кандай жолго салсаң, кийинки сапары ошондой уланат. Биз өз гезитибизде балдардын ой жүгүртүүсүн бекемдеген табышмактарды, ырларды, тилин жатыктырган жаңылмачтарды, тарбияга үйрөтчү жомокторду, накыл кептерди, көрүү, ойлонуу сезимин өнүктүргөн сүрөт-табышмактарды арноо менен бирге, ата-энелерге айтар сунушубуз: балдарыңыздын көмүскөдө катылган талантын - жазып жүргөн ыр-аңгемесин, тартып жүргөн өзгөчө сүрөттөрүн, кол өнөрчүлүк чеберчилигин, наристелердин балтилинен пайда болгон юморлорду көз жаздымда калтырбайлы. Гезитибиздин ар бир саны уул-кызыңыздын жаш көөдөнүнөн көктөп чыккан саптарын, кылкалеминен жаралган сүрөттөрүн, кол чеберчилигинен жаралган буюмдарын жана башка талантын жарыялоого даяр. Чырпыгыңар чынар болсун, кыял-тилеги чындыкка консун!

Тарбия-жомок
Таарынчак от

Кичинекей от досун жолуктурат да: "Кел, чо-оң өрт кылабыз!" дейт. "Жок, - дейт тиги, - андан көрө мен асманга учуп кетип, жымыңдаган жылдыз болгонум жакшы".
Тентек от андан ары кетип, дагы бир от-досуна кезигет да: "Кел, өрт чыгарабыз!" - дейт. "Жок, - дейт бул дагы, - мен андан көрөк балатыга илинип, жаркырап турам. Балдар мени тегеренип ырдашат, бийлешет".
Көңүлү чөккөн балакай от андан ары жөнөп, дагы бир досуна келет: "Кел, чоң өрт чыгарып жыргайбыз!" "Жок, - дейт кичинекей досу, - мен андан көрө чегиртке менен жарышып, секирип ойнойм".
Ошентип, чоң, коркунучтуу өрттү жасагысы келген от жакшы досторуна таарынат да, Айга учуп кетип калат. Таарынчак от ал жактын муздак экенин унутуп барып алып, ошол жакта Ай суугуна тоңгон боюнча калып калган экен. Ошондуктан, жакшы досторго жанашып жүргүлө, балдар!
(Р.Хуснитдинованын жомоктор жыйнагынан)




  Чырак

"Тамгалар ырдайт"
Ушундай аталыш менен мектеп жашына чейинки балдарга жана 1-класстын окуучуларына арналган китеп жарыкка чыкты. Тамга таанытуунун оңой, ыңгайлуу жолун таап, ыр менен коштолгон Асек Казиевдин сүрөттүү китеби балдар үчүн жагымдуу белек болору шексиз.

"Нуска" - балдарга
Балдарына китеп издеген ата-энелер Бишкектеги "Нуска" китеп дүкөнүнөн "Бул кимдин үйү?", "Биздин жердин жашылчалары", "Биздин жердин жемиштери" аттуу түстүү, сүрөттөрү бажырайган китептерин сатып алса болот. Бул китептер кайсы жаныбар кандай үйдө жашаарын, кайсы жемиш, кайсы жашылча кандай аталаарын үйрөтөт. Мындан балдар жашылча менен жемиштин айырмасын, алардын өңдөрүн, форма түзүлүштөрүн кошо үйрөнүшөт.
Мындан аркы ар бир саныбызда "Нускадагы" балдар китептери менен тааныштырып турабыз.

Элдик оозеки чыгармачылыктан
Суроо-жооп табышмактары
Эмнеде каймак жок?
- Кара сууда каймак жок.
Эмнеде тамыр жок?
- Ташта тамыр жок.
Эмнеде көпүрө жок?
- Көлдө көпүрө жок.
Эмнеде тирөөч жок?
- Асманда тирөөч жок.
Эмнеде жан жок?
- Дөңгөчтө жан жок.
Эмнеде тил жок?
- Балыкта тил жок.
Эмнеде кан жок?
- Чөптө кан жок.
Эмнеде өт жок?
- Жылкыда өт жок.
Эмнеде сүт жок?
- Кушта сүт жок.
Эмнеде түк жок?
- Жыланда түк жок.

Жүр, ойнойбуз:
Бөрү - кой
Бул оюнду жай күндөрүндө ойногон эң сонун. Күүгүм кирген маалда баштаса болот. Биртоп бала эки жаатка бөлүнүп, бир тарабы сырт кийимдерин чечип кой кылып аркай жерге жайып ташташат да, кой кайтарган болушат. Экинчи тараптагы балдар бүт карышкыр болушуп, жайып ташталган кийимдерди бирден келип, ала качышат. Койдун ээлери карышкырларды жабыла кууп токмоктойт да, кармап алышат. Бирден кармалып отуруп, бүт баары колго түшсө, эки жаат алмашып, беркилер карышкыр болушат. Оюнуңар куунак болсун, балдар!

Жаңылмачтар
Жалайырбай, Тартайбай, Тайтакырбай,
Такыр жерге коюңду жай, калтырабай,
Сууга салган чычкандай шүмүрөйүп,
Кыздар, кайда барасың кой кайтарбай?
Көзү бүтүк,
Үч күчүк үшүп,
Үч күчүк үшүп
Үнү бүтүп.
Шалгамбайдын шагында бир түп тыт бар экен,
Тыттын түбүндө бир түп түрп бар экен,
Түрптү тыт түртүп туруптурбу.
Тытты түрп түртүп туруптурбу?