Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




Эркин САЛЫМБЕКОВ, "Дордой-Ордо",
"Дордой-Дыйкан" фирмаларынын генералдык директору:
"Бизнес бейпил турмушту, тынчтыкты сүйөт"
- Эркин мырза, ишканаңарда канча адам эмгектенет жана кадрларды кандай критерийлердин негизинде тандап аласыздар?
- "Дордой" ишин баштаган 90-жылдары кадрларды тандоо критерийлери деген жок болчу. Анда жөндөм-шыктарына карачубуз. Азыр эки ишкананы кошкондо, жалпысынан 100дөн ашык адам эмгектенет. Учур талабына ылайык кызматкерлердин чет тилдерде сүйлөгөн, компьютерде иштей билген, уюштуруучулук-менеджердик сапаттарга, эмгек стажына басым жасайбыз. Албетте, бул бизге ишке орношуу ушундай татаал дегендик эмес. Максаттуу улан-кыздар болсо, иш тартибине көндүрүп, семинар-курстарга жиберип окутуп, заманга жараша иш алып барабыз.
- Жетекчиликке чейин кандай тепкичтерди басып өттүңүз?
- Өзүм КТУнун энергетика факультетин 1997-жылы бүтүргөм. Студент кезден базар ишине аралаштым. Негизи баарыбыздын ишибиз "Дордой" базарынан башталган. "Быссымылда" деп баштаган алгачкы кызматым контролер болчу: машина кийрип, андан акча чогултуп, унаа токтоочу жайларды текшерүү иштерин жүргүзчүмүн. Кандай иштерди аткарсак да, баарыбыздын башыбызда Аскар байкем турду. "Билимдүү билгенин иштейт, билбеген бармагын тиштейт" демекчи, ошол учур талап кылган иш-аракеттерди Аскар байкем билимдүүлүгү, көрөгөчтүгү менен баштап жиберди. "Дордойду" ачпаганда азыр кандай адам болот элек деп ойлоп көрүп, алгылыктуу жооп таба албадым. Байкеме абдан ыраазымын.
- Көп өлкөгө таанымал фамилияны алып жүрүү кыйын бекен?
- Албетте. Үй-бүлөлүк жетишкендиктерди булгабай, кылдат иштеп, кылдат сүйлөп башкаларга үлгү болуп, өзүң да үйрөнүп дегендей, Салымбеков деген фамилияны алып жүрүү зор жоопкерчиликти талап кылат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бир туугандар көппүз, ар бирибизде бала бар. Ушул кичинекейлерибиз да ата-агаларыбыздан өтүп келаткан маданият, этика, мамиле, өмүр баалуулуктарын алып калса, татыктуу иш улантуучулардан болушса деп тилек кылабыз. Ал үчүн аты-жөнүбүздүн тарыхын, ата-тегибиздин басып өткөн жолун айтып беребиз. Учурунда бизге да ата-энебиз, агаларыбыз айтып бергенин, алардан уккан кеп-кеңештерди кулактарына куябыз. Айтор, балдарыбызга колдон келген тарбияны берип, чоң турмушка даярдоонун жолундабыз.
- Тарбиялоо кандай мүнөздө жүрүүдө? Камчы мененби, же токоч мененби?
- Кол көтөргөндөн кудай сактасын. Жарыма, балдарыма колум түгүл, тилим тийген эмес. Түшүнүктүү жарга жолуктум. Үйгө кайтканда жадырап балдар менен тосуп алса, иш түйшүктөрү да эстен чыгат.
- Андай түшүнүктүү жарды кайдан таптыңыз?
- Ат-Башыдан. Жубайымдын аты - Надира, аны кичинемден эле билчүмүн. Экөөбүздүн аталарыбыз 25 жыл дос болгон. Нике буйруп, бармактай кезде баш коштук. Баса, 7-декабрда бизде кош майрам. Баш кошконубузга 15 жыл болот. Надира КУУнун экономфагынын банк иштери жагын бүтүргөн. Бизде бухгалтер, азыр кызым менен декреттик отпускада.
- Балдарыңар да жөн мектепке барбаса керек?
- Баласына ар ким алына жараша билим берет деген, балким, чындыр. Бирок эң башкысы - ар бир ата-эне бала бактысы үчүн баарын кылат. Танбайм, балдарымдын учур талабына ылайык билим алышын каалайм. Билесиңер, азыр заман кандай экенин?! Ошентсе да эркелетип жиберген жокпуз. Кара жумуш эмне экенин билсин, шаар шартын, айыл шартын түшүнсүн, таанышсын деп каникулда айылга жөнөтүп турабыз. Биз дагы ушундай тарбияны көргөнбүз. Кичинебизде кышкы-жайкы каникулда айылга барчубуз. "Жардамчылар келди" - деп, байкелерибиз талаага айдап жиберишчү. Алгачкы айлык акчамды айылдан, каникулда почтада иштеп тапкам. Колума 60 рубль тийип, велосипед эңсеп жүрдүм эле, дароо дүкөнгө жөнөгөм. Анымдын баасы 90 рубль болуп чыгып, шаабайым сууп, башка эч нерсеге коротпой апама бергем. Азыр иномарка тээп жүрүп, ошол балалык умсунуумду эстеп, кудайга шүгүрчүлүк кылам.
- "Бала тарбиясы биринчи энеден, анан атадан" деп коюшат. Шүгүрчүлүк, жөнөкөйлүк апаңыздан калса керек? Ал киши ушундай жөнөкөй болгон тура?
- Алтындай апабызды жоготуу бизге оор болду. Күтүүсүз жерден бизди таштап кеткенде өзүмдү коер жер таппай, буулугуп, муңканып, көпкө сагынып жүрдүм. Кудайым башка салганды көтөрүүгө аракет кылдым. Кайтып келбейт дегенге акыл ишенсе да, көкүрөк көпкө кабыл албай койду. Тогуз ай көтөрүп, түн уйкудан калып чоңойтуп, окутуп, эрезеге жеткирип, бизден дөөлөт көрөрдө кете бербедиби. Апам да жөн апа болсочу, аты да Асыл, өзү да асыл болчу да. Жөнөкөй, ак көңүл, меймандос, адамды иргебей бирдей мамиле кылган асылзат эле. Ашыкча дөөлөттү тиленген жок, тапкан бактысына, балдарына шүгүрчүлүк кылды. Мүнөзү аябай жумшак болчу, эч кимге жаман айтып, катуу сүйлөбөдү. "Апаңардын жакшы сапаттары балдары - үчөөңдө тең бар" дешсе, ушуга каниет кылам, апам узак жашабаса да, маңыздуу жашаптыр деп... "Ыйлагандан пайда жок, курандан башка айла жок" деп өмүрү бүтпөгөн өксүктү куран менен толтуруп келебиз. Турмуштун ачуу-таттуусун тата билдик, жыргалын да, кыйноосун да сезе билдик.
Үйдүн улуусу катары атага жөлөкчү, ини-карындашыма кө­мөкчү болууга умтулам. Апаны жоготкондо, өмүр да, көңүл да бирдей кымбат болуп калды мага. Ар биринин алаксыган иши бар. Карындашым Зыйнат "ZimaLetto" ЖКЧнын директору. Көлгө турмушка чыккан.
Иним Жумабек шаардык ке­ңештин экинчи жолу чакырылыштагы депутаты. Жакында эле үйлөндү. А мен кызым төрөлгөндө апамдын ысмына жакындатып Амина койгом. Ат коем деп эки ай ойлонуп-толгонгом. Улуу баламдын аты - Нур, экинчи уулумдун атын Адамата деп чоң атасы койгон. Ошондонбу, атамды тартып өжөр. Атам айтканынан кайтпаган, өжөр. Ажы, беш маал намазга жыгылат.
- Сизчи?
- Беш маал намазга жыгылбасам да ниетим түз. Айт намаз, жума намазга барып турам. Убагы келгенде мен дагы беш маал окуп калаармын.
- Убакыт бөлүш­түрө албай жатасызбы?
- Андай деле эмес. (Күлүп) Убакыт таап футбол, бильярдга деле барып жатпайбызбы... Менимче, убагы келе элек окшойт.
- Бильярд дагы спорттук ыш­кы­ңыз­га киреби?
- Хоббимдин бири. Анан куурчак чогултуу да хоббиме айланып баратат. Кыздуу болгондон бери, барган өлкөмдөн улуттук кийим менен жасантып койгон куурчактарды ташый баштадым. Бул дагы Кудайдын бир шыбагасыдыр дейм. Кийин бир бизнес идеясына айланып калабы деп жатканым. Хоббисин бизнеске айланткан мисалдар көп да...
- Көбөйгөн сайын бөлүшкөн Кудайга жаккан иш да. Алаканыңыз ачыкпы дегеним да?
- Ачык. Ар кыл көйгөйү менен тааныштар да, тааныш эместер да кайрылышат. Андайдан күнүм куру эмес, аз дегенде эки-үч адам келет. "Балам ооруп калды; тамак-ашка акчам жок; айылга кете албай калдым; баламдын окуусуна" деп кайрыла беришет. Албетте, жардам бересиң. Сурантып берет экен дебеңиздер, кайрымдуулук иштерди көп эле кылабыз. Андан тышкары жалпы "Дордой" ассоциациясы өз кызматкерлеринин социалдык шарттарына да көңүл бурабыз. Бишкекте эле эмес, Көл, Нарынга да жардам беребиз. Мактаныч кылбайлы, мындай мисалдар көп эле. Орустар: "Элге жакшылык кыл, бирок аны унутуп кой" деп коет эмеспи. Ушуну туура көрөбүз.
- Эми сиздерде материалдык байлык жаман эмес, манчырканткан жокпу?
- Кудай сактасын. Биз даяр оокатка келип алганыбыз жок. Бул ишти түйшүк, убаракерчилик, өйдө-ылдый өзгөрүүлөр менен өзүбүз түптөдүк. Андыктан кыял өзгөртүүнүн баасы канчалык экенин билебиз. Манчыркап ким эмнеге жетиптир дейсиз? Сиз жаман эмес деп жаткан байлык жыйналып бир жерде жаткан жок, акча ар дайым жүгүрүп турат. Анан да менде баа жеткис байлык бар: үй-бүлө, бир туугандар, достор. Баарыбыз амандыкта болуп, башкы байлык ден соолук жоголбосун деп тилек кылам.
- Ишкер адамда дос көп болобу же каспы?
- "Жүз сомуң болгончо, жүз досуң болсун" дегендей, досторум көп. Эми кыргызда көрө албастык деген бар да. Көрө албагандар арбын.
- Бир туугандар арасында көрө албастык барбы?
- "Ынтымак бар жерде, ырыс бар дегендей" ынтымактуу болгон үчүн ишибиз алдыга жылып жатат деп ойлойм. Бир туугандар арасында өзүмчүлдүк деген жок. Кимибиз жакшы бир долбоор ойлосок, аны чогуу талкууга алабыз, кеңешебиз. Үй-бүлөлүк бизнес жүргүзүп жаткандан кийин акчаны ортого чыгарабыз.
- Канча мамлекетке барып, кандай тажрыйба алып келдиңиз?
- Батыш Европага, Кытайга, Грецияга, Кореяга, Түркияга бардым. Тажрыйба алмашуу деген жакшы нерсе экен. Бизнестин көп нерсесинен көзүң ачылат. Этика, маданият деген ал жакта жакшы өнүккөн. Көчөсүн эле мисалга алсак, ширеңкенин бир талы да жатпайт. Эмнеге биз ушундай тазалыкты кармай албайбыз деп кейип кетем. Дагы бир жат көрүнүш - митинг, пикет. Ушуну токтотсок жакшы болот эле. Мына, Японияны алалычы, жер титиресе да, цунами болсо да паникага түшүшкөн жок. Талап-тоноо деген болгон жок. Ушундай мамилеси менен бардык өлкөгө үлгү боло алышты. Башкалардын жаманын эмес, жакшысын кабыл алалы. Бөөдө кырсыктан кудай сактасын. Бизнес тынчтыкты, жетишкендикти сүйөт. Мына жакында эле жаңы президент шайланды. Отурган орду кут болуп, элге ак иштеп берсин.
- Саясатчы болууга кандайсыз?
- Саясатты атам менен иниме койдум. Мен курулуш, социалдык саясатты жүргүзүп жүрө берейин.
- Атадан үч уул төрөлөт: атага тең, атадан кем, атадан артык. Сиз кайсынысына киресиз?
- Ар бир ата балам менден артыгыраак болсо экен деген илгери үмүт менен жашайт. Андыктан үчөөнүн бирөөсүнө кирем деп айтыш татаал.
- Байсызбы?
- Материалдык жактан алганда жок эмес, кудайга шүгүр. Жашоодо орточо. Элден ашып кетпейбиз, артта калбайбыз.
- Стресске кабылган учур болсо керек. Аны менен кантип күрөшөсүз?
- Стресске бардык адам кабылат жана аны ар ким ар кандай жеңет. Кээ бирөө ичет, кыйкырат дегендей. Мен топ тээп чыгарам. Футболду жакшы ойнойм. Командабыз бар да. Андан тышкары теннис да ойнойм.
- Ичимдикке, тамекиге ма­милеңиз?
- Той-топурда уурттап-татып койгонум болбосо, артынан кууп ичпейм.
- Эмнеге шыктуусуз?
- Сүрөт тартканга шыктуумун. Жакшы тартам.
- Ырым-жырымга ишенесизби?
- Аябай эмес, анча-мынчасына ишенсе болот.
- Мусалманчылыкта эркек үч нерсени кылышы керек экен: бала тарбиялоо, үй салуу, бак тигүү. Тамды даяр сатып алдыңызбы же салдыңызбы?
- Кудайга шүгүр, үчөөн тең кылдым. Ак эмгек менен тапкан акчага там салдым. Тегерегине бак отургуздум. "Эмгек - ар кандай дарттын дабасы, эмгектен өткөн ырыс жок" деп Островский айткандай, эмгек менен ырыс-кешикке жеттик. Эмгек кылуу каныбызда бар турбайбы. Дордой чоң атабыз бай, колунда бар киши болуптур. Анын тогуз уулу тогуз тармакта иштептир. Биз 31 тармакта кеттик.
- Жети атаңызды билесизби? Дордой чоң атаңыз канчанчысы?
- Билем. Санжыраны биле жүргөн жакшы го. Анткени ал укум-тукумдун баскан жолун баяндап берет да. Дордой чоң атам жети атамдын үчүнчүсү. Мааткабыл чоң атамдын неберелеринен көргөнү, курсагына отургузуп ойнотуп, эркелеткени мен болупмун. Атымды да чоң атам коюптур. Апам "Жакыпбек коебуз" десе, чоң атам болбой Эркинбек атаптыр. Ал киши мага алты ай болгондо көз жумган экен. Чоң апабыз болсо 92 жашта. Акылы тунук, зирек. Ал дайыма "бул дүйнө бүгүн бар, эртең жок. Дүнүйөгө эмес, жакшы саналааштарга бай бол" деп көп айтат. Анын сыңарындай, мени курчаган жакшы санаалаштарым көп. Кудай ушуну кут кылсын.

Маектешкен
Назира СААЛИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Яндекс.Метрика