Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери





Бүбүсайра апа:
"Аскардын өңү мага, мүнөзү атасына окшош..."
- Апа, элге-журтка кызмат кылып жүргөн уулдарды тапкан өзүңүз жөнүндө сүйлөп берип олтурбайсызбы?
- Азан чакырып койгондогу атым Бүбүсара экен, чоң энемдин Бүбү деген кызы болгон экен, ошондон Бүбүсүн айттырбай жүрүп, Сайраке болуп калдым. Атамдан тогуз жашымда айрылдым. Апам жана менден кичүү үч бөбөгүм менен эптеп-септеп турмуш өткөрүп жүрдүк. Атам болсо контр деп айдалып кетти. Биз 1937-жылга чейин контрдун балдары деп окуй албай жүрүп, 37-жылдан кийин гана мектепте окудук. 1939-жылы 16 жашымда эле турмушка чыгып алдым. Ал убакта деле жашы жете электе турмушка чыккандарга катуу карашчу. Байым 1942-жылы согуштан оң колунан оор жаракат алып келди. Жашы жыйырмада эле да. Айылдагы чоң уста болучу. Айылда уста жок болуп калат деп ыйлап олтуруп, өзү колун кестирбей алып калыптыр. Акыры гангрена болуп, колунан айрылат деп айтышты эле доктурлар. Кудай жалгап Шулер деген немис доктур колун айыктырып койду. Доктурга барып-келип турганга жакын деп биз Ат-Башыга көчүп кеттик. ДЭУда иштеп, жумушчулардын үйүнөн алдык. Мен да колхозго эсепчи, китепканада, метеорологияда иштеп жүрдүм.
- Метеорологияда кандай кызматта иштедиңиз?
- 1957-жылы Ат-Башыда метеостанция курушту. Башкы байкоочубуз илимий кызматкер болучу, мен кенже техник болуп иштечүмүн. Метеорология кызматынын 50 жылдыгында Жогорку Советтин грамотасы менен сыйлангам.
- Сиз иштеп жүргөн мезгилде Ат-Башы жергесиндеги эң катуу суук кайсы жылы болду эле?
- 1967-жылы 40 градуска жеткен суук болуп, мектептер жабылып калган. 1953-жылы Сталин кайтыш болгон жылы да катуу суук болуп, март айында калың кар жааган. Бирок эл чыдамкай, сабырлуу.
Аба ырайында булуттун 150 түрү бар. Быйыл астыңкы булут болгон жок, ал өткүн, жаан-чачынды берет. Үстүңкү булут кыштын күнү пайда болот, ортоңку булут шамал берип, жаан-чачын болот. Быйыл ортоңку булут көп болду, ал шамал алып келет. Кумулонимос - өткүн жаанды берет, нимбратус ак жаанды алып келет. Альтокумулис - ак кебездей болгон, жай айындагы булут.
- Сиз бул латынча терминдердин баарын эсиңизден чыгарбапсыз. Атайы окуп келдиңиз беле?
- Мен ошо жерде иштеген жаш кыздардан эле үйрөнүп алчумун. Курстарга баргам. Адис кыздарды Ат-Башыга метеорологияга барып иштегиле десе, келгилери келбейт экен. "Ал жакта Соня деген сонун, жапжаш кыз бар" деп коюшат экен. Келип эле "Соня деген кыз кайда" деп келишчү. Мени көрүп эле күлүп калышчу.
- Метеорологияда иштөө жеңил эмес да, сиз ал жакка кантип орношуп калдыңыз эле?
- Александр Семенович Андронов деген кишинин аялы иштечү, кийин ал Ходоско жардамчы болуп кетип, ордуна мени калтырып коюшкан. Биз байым экөөбүз орустар менен абдан жакшы мамиледе элек. Мен метеостанциядагыларга суурдун терисинен шуба, эркектерге полушубок тигип берчүмүн. Окууну Чыңгыз Айтматов менен окуп бүткөн агроном, зоотехник, мал доктурлар да келчү Ат-Башыга. Алардын агроному Ат-Башыга кандай өсүмдүк өсөт деп изилдөө иштерин да жүргүзүшчү. Бул жерге арпа, эспарцеп, картошка, кызылча, чамгыр өсөт экен.
- Метеостанция айылдан алыс беле? Ал жакта үй салып алалы дедиңер беле?
- Айылдан эки эле чакырым ары болчу. Биз ошол жерге там салалы деп шагыл төгүп жатсак, туугандар шагылды жүктөп келип, айылга түшүрүп салышты, бу жакта жашайсыңар деп. Пенсияга ошол метеорологиядан чыктым.
- Аскар байкенин атасы кандай киши эле?
- Өзүнүн балдарындай болгон, бирөө там салса деле же тың оокат кылып жатса, ошого өзүнчө сүйүнө берген киши эле, жарыктык. Ысык тамак жасасак эле элди чогултуп келчү.
1953-жылы биздин үйгө жатып иштесин деп сырттан келген орус жубайларды ээрчитип келиптир. Бабанов Сергей Петрович, аялы Пухова Вера Яковлевна деген. Эл Бабановду башкарма кылып шайлап алышты. Вера Яковлевна мектептин директору болуп иштеп туруп, Жогорку Советке үч жолу депутат болуп шайланды. Алардын кыздары азыр Бишкекте, Чоң-Арыкта жашашат, биздин балдар менен катташып турушат. Балдардын атасы ошол орустарды көрүп "атаңгөрү, менин балдарым да ушулардай окуп-билимдүү болсо" деп абдан кыялданаар эле. Ошол кыял-тилеги орундалып, балдардын бешөө тең окуп, билимдүү болду. Бирок мен эми аларга "жогорку окуу жайга өткөрбөй эле койсок, айылда эле койчу болуп, жанымда жүрмөк экенсиңер" деп келем.
- Балдардын атасы кайсы жылы кайтыш болгон?
- 1976-жылы.
- Аскар байке кимге окшош?
- Өңү-түсү жагынан мага окшош. Атасы сулуу киши болучу. Мүнөзү жагынан атасына окшош го. Боорукер. Бирөө мал күтүп, жашоосу жакшы болсо, атасы деле сүйүнө берчү дедим го. Бул деле ошо. Дордой квартал деп коет, 20 чакты түтүн барбыз Ат-Башыда. Ошолорго Аскар экөөбүз акыл-насаат айткан болобуз. Туугандардан эркек-аялдан улуусу эле мен болуп калдым да. Өлө жүдөөсү жок туугандардан.
- Аскар байке да атасындай устабы?
- Аскар мык да кага албайт. Мамытбай токарь болом деп жүрдү.
Аскарга китеп колтуктатып, спорт гезитти карматып койсо эле болду.
- Беш уулуңуз бар экен, кыздарым жок деп өкүнбөйсүзбү?
- Кызым жок дечүмүн, кыздан артык келиндерим, небере кыздарым бар. Баары очор-бачар. Үйдөгү баккан балам Камчыбекке "баары шаарлап кетти, сен эми кетпей кал", десем, онунчуну бүтүп, жанымда олтурат. Келинчеги мына - Айдилде.
Эми, айланайын балам, ушу жашыма ыраа­зымын. Элге-журтка тынчтык берсин. "Пикет чыгыптыр десе, арасында биздин балдар жок бекен" дейм. Бириңди бириң жөлөп-таяп, жакшы жүргүлө.
- Рахмат, апа.


Салымбековдун Бир туугандары
Мааткабылдын тун уулу Ишенбай , көзү өтүп кеткен. Анын эки уул, эки кызы бар. Ишенбайдын улуу баласы Мирбек Ат-Башыдагы "Дордой" спорт компллексин башкарса, кызы Элмира "Дордой-Плазаны" жетектейт. Жолдошбек Бишкектеги "Дордой" базарында ишкер, Жылдыз болсо Кант шаарында ишкер.
Салымбеков Иманбай "Дордой базары" ЖЧКнын гендиректору, эки уулу, эки кызы бар. Жакыпбек, Бакытбек деген балдары "Дордой" кичи базарында жетекчи. Кызы Шахрезада Швейцарияда окуйт, беш тил билет. Кичүүсү Бишкекте мектепте окуйт.
Салымбеков Мамытбай ЖК депутаты. Анын тун уулу Эркин "Дордой-Дыйкан", "Дордой-Ордодо" гендиректор. Жумабеги шаардык кеңештин депутаты. Кызы Зыйнат "ZimaLetto" ЖЧКнын директору.
Салымбеков Шаршенбайдын көзү өтүп кеткен. Үч эркек, бир кызы бар. Райымбек - "Дордой унаа тетиктери" базарынын директору, Руслан - "Дордой маркет" соода комплексинин директору.
Кичүүсү Аскар Салымбеков . Анын эки уулу бар. Улугбек "Мурас-Спорт" ЖЧКнын гендиректору, "Дордой-Плаза" соода үйүнүн гендиректору. Кичүүсү Кубат студент. АУЦАда 1-курста. Ага чейин Кытай, Түркия, Америка, Франция, Монакодон билим алып келген. Көп тил билет.

Маектешкен Айгүл Бакеева






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Яндекс.Метрика