Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




Кабыл МАКЕШОВ, журналист:
"Аскар Салымбеков бизнестин энциклопедиясы"
- Кабыл мырза, спорт боюнча Аскар Салымбеков менен байланышыңыз илгертен бар турбайбы? Анда ал кишинин спорт жаатындагы салымдарын сизден артык эч ким билбесе керек...
- Туура, Аскар Салымбековду жаш кезимден жакшы билем. Бул адам натыйжалуу ишмердиги, спорт меценанты катары элге жакшы таанымал. "Дордой" десе -Салымбековду, Салымбеков десе - "Дордойду" түшүнөбүз, туурабы?! Ишмердиги да спортко байланыштуу болду. Бала кезинен спортко жакын болуп, өзгөчө футбол ойноп чоңойгон. СССР убагында комсомол "мектебинде" бышып-жетилди; Бишкек (анда Фрунзе) шаардык спорт комитетинин төрагасы болду. Ал учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонду, спорт жагын жакшы өздөштүрүп кетти. Мамлекетибиз эгемендик алганда элдин баары алапайын таппай, колуна келгенин баарын сата башташпады беле. Бул киши анткен жок, өзүн жоготпой, кыраакылык, көрөгөчтүк кылды: ушундай башаламандыктан чыгуунун бир айласы деп, ай талаага базар ачайын, аны бир системага салайын, элди иш менен камсыз кылайын деген аракетин баштады. Бирдеме чыгарынан башында күмөн санап, мыйыгынан күлүп: "Салымбеков спорт менен эле жүрө бербейби" дегендер болду. Сөз кылган элди иш менен жеңип, ишкер экендигин далилдеди. Алгач базарды "Спартак" стадионунун тегерегине ачышкан, ар жерге чакан базарларды ача баштады. Акыры баарын бириктирип "Дордой" базарын ачты.
- Ал кезде сиз эмне иш кылчу элеңиз?
- "Байге" деген гезит чыгарып, спортко жаңыдан аралаша баштагам. 1994-жылы Спорт журналисттери федерациясын түздүк. Аскар Салымбековду спорттун проблемасын жакшы билет, гезитке да жардамы болор деген ниетте федерацияга президент кылып шайладык. Негизи бул менин сунушум болчу. Дал ошол жылы Жапониянын Хиросима шаарында XII Азия оюндары болуп, "Бизден журналисттер барсын. АIPS эл аралык спорт журналисттери ассоциациясы бар, ошого кошулалы" деген сунуштарды айтсак, Аскар Салымбеков макул болуп, биз жөнөп кеттик. Күзүндө Кыргызстанды АIPSке мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу кат жөнөттүк. 1995-жылдын апрель айында Сеулда өтө турган Конгресске чакыруу алып, барып катыштык. Масштабдуу иш-чара, жыйындарына күбө болуп, эгемен Кыргызстан деген өлкө бар экенин тааныттык. Бир күн бош болуп калып, Аскар Салымбеков экөөбүз Сеул базарларынын баарын кыдырдык. Барган жерибизден эле Аскар мырза аябай караштырып, көпкө кармалып калат. Анын себебин кийин билбедимби. Көрсө, ал учурда биздин соодагерлер супер-маркет дегенден кабары жок, столдун үстүндө соода кылып жатса, бул жактын дүң базарында контейнерлер коюлганын, супер-маркеттер иштеп жатканын көрүп, ушуну Кыргызстанга жайылтса кандай болор экен деген ой пайда болуптур да. Ошондон бир жыл өтүп-өтпөй "Дордой" иш баштаган бардык базарларга контейнерлер коюла баштады. Баягы "Дордой" бир заматта дүң соода базары болуп эле жатып калды. Корея, Түркия, Кытай мамлекеттери менен келишим түзүп, соодага жол ачты. Биздин товарлардын да чет өлкөгө сатылышына жол салды.
- Сиз дагы контейнер иштет­тиңизби?
- Жок. Аскар Салымбеков ошол кезде эле: "Кабыл, 500 долларга бир контейнер алып койбойсуңбу" десе, аны эмне кылмак элем деп болбой койгом. Сооданы терең түшүнбөгөндүктөн баш тартып олтурбаймынбы. Анын үстүнө контейнер кымбаттай сезилди. Соода кылып, ишкер болууга мүмкүнчүлүктөр бар эле да ал кезде. Канчалаган киши Аскар Салымбековдун жардамы, кеңеши менен чоң ишкер болуп кетишти да. Эми ар кимдин шыгы, жөндөмү да ар башка болот экен. Соода-сатыкка жөндөмүм жоктугунан ошол ыңгайлуу учурду колдон чыгарып отурбаймынбы. Бирок "Дордойдун" таанылышына жакшы эле жардам бердим, салымым чоң. 1997-жыл болчу, "Дордойдун" реклама, маркетинг бөлүмүндө кызматкер болуп эки жылдай иштедим. Жакшы билесиңер, эл билбесе, эч бир иш жылбайт. Массалык маалымат каражаттары аркылуу "Дордойду" элге жакшы эле жайылттым.
- Ажаат ачканга кандай?
- Ажат ача билген, жардамга өтө муктаж адамдарга кайрымдуулук кылган демөөрчү жигит. Андай учурлар, жардам берген жагдайлары абдан көп. Бир эле фактыны айтайын: Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин машыктыруучусу Израилде жашайт, экөөнүн көрүшпөгөнүнө 15 жыл болуптур. Каныбек байкенин бардык чыгымын көтөрүп, чогуу барып, устаты менен жолугуштуруп келди.
- Губернатор болуп турганда да жердештерине жардам берсе керек?
- Уккам, бирок, кимге канча бергенин билбейт экем. Ал эми Ат-Башыга көпүрө салып, Нарынга сүрөт галлереясын курганын, Кошой-Коргон, Таш-Рабаттагы тарыхый мурастарды калыбына келтирип, толгон-токой иштин демилгечиси болгонун журналисттер жакшы эле билесиңер да. Баса, губернатор болгондо Спорт журналисттери федерациясынын жетекчилигинен алып салганбыз. Бул кызматта 4-5 жыл отурду, кийин иши көп болуп, колу тийбей калды да. Анын ордуна уулу Улугбекти шайлап койдук. Бул дагы менин сунушум болчу. Улугбек жаш, мүмкүнчүлүгү чоң. Ал дагы футболду жакшы ойнойт. Жума сайын орус тилинде чыккан "Sport. kg" деген гезитибиз бар. Чыгып жатканына эки жылдай болуп калды. "Sport. kg" аттуу сайтыбыз да бар. Спорт жаңылыктарынын баары ушул сайтка, гезитке чыгат. Ар жыл сайын эки журналистти AIPSтин конгрессине жол чыгымын төлөп жөнөтүп турат.
- Жанында жүрүп мүнөзүн жакшы билип калыпсыз. Кандай адам өзү?
- Мыкты менеджер, мыкты ишкер, мекенчил инсан, дипломат адам. Кыйкырбайт, сөгүнбөйт, кагып-силкпейт. Бир нерсени айткысы келсе, жылдырып айтат. Тууганчыл. Бир туугандарына, алардын балдарына чейин бизнести үйрөттү, экономиканын ийне-жибине чейин окутту. Каза болуп калган агасы Шаршенбайдын балдары Рыспек, Райымбекти чоң ишкер кылып тарбиялады. Азыр Райымбек автобазарды кармаса, Рыспек Аламүдүн базарын башкарат. Андан тышкары Эркинбек, Жумабек, Самарбек, Аманбай жана башка инилери белгилүү ишкер катары таанылды. Аскар Салымбеков базардын, бизнестин энциклопедиясы деп айтаар элем. Эми бул адамды сатып кеткендер да, алдагандар да болду. Артынан укмуштуудай ушактар ээрчиди. Ошонун баарын көтөрдү. Бул адам кишини уга да билет. Жакшы сунуштарды айтсаң, азыр кылбаса да, качандыр бир кезде аткарып коет. Аскар Салымбеков спортко эле эмес, маданиятка, искусствого да көңүл бурду. Мына "Октябрь", "Ала-Тоо" кинотеатрларын кандай кылып койду. Бишкекте абдан чоң, эл аралык деңгээлдеги дагы бир кинотеатрды куруп бүтүп калды. Искусство тармагына жакын адам экенин кылган иштеринен эле баамдаса болот.
- Жарына кандай баа бересиз?
- "Аял жакшы, эр жакшы" дегендей, жары жакшы чыккандыктан агабыз алдыга жылды. Гүлмира Сулаймановна ага идеялаш, көмөктөш болду. "Койташ" эс алуу комплексин салды. Жогорку интеллектуалдуу, билимдүү үй-бүлөдө өскөн эжекебиз өмүрлүк жарын бийик деңгээлге жеткирди. Гүлмира Сулаймановна болсо жаш таланттардын чыгымын көтөрүп жүрөт. Айтор, кылып жаткан иштеринин чыгымдарынын баары "Дордойдун" эсебинен да. Көпчүлүк айтат "Салымбеков сараң, битир" деп, мен айтаар элем сарамжалдуу деп. Сарамжалдуулугунан, акчаны максаттуу жумшагандыгынан улам чоң ишкер болду да. Бир кезде Салымбеков акчаны кубаласа, азыр аны акча кубалап жүрөт.
- Команда мыкты болбосо, эки адам мындай даражага жетпейт го дейм?
- Туура, Салымбековдор коллективдүү команда болушту. "Ынтымак бар жерде ырыс бар"дегендей, ынтымак менен бардык тоскоолдуктарды жеңип, ырыш-кешиктүү болуп олтурушат. Бардык нерсенин башында Аскар Салымбеков туруп, спорт тили менен айтканда, машыктыруучу, устат-консультант болуп, тегерегине топ тебе турган мыкты оюнчуларды коюп койду. Бардык тармактарга иштин көзүн билгендерди чогултту. Туугандары да мыкты экен, Аскар Мааткабыловичтин берген багытын туура пайдаланып, себепчи болуп түртүп койсо чуркап иштеп кетишти.
- Баса, Гүлмира Сулаймановна сизге тууган турбайбы?
- Гүлмира Сулаймановна экөөбүз бир айылдан Эчки-Башыдан болобуз. Анан дагы эженин Сүйүндүк деген агасы менин тайжездем болот. "Салымбеков жездең да" деп айтып жүргөндөрү ошондон.
- "Көк бөрү" федерациясы боюнча талаш болуп жүрөт. Бири Аскар Салымбеков ачкан десе, бири Болот Шерниязов ачкан дейт...
- Чынында идея Аскар Салымбеков менен Болот Шамшиевдики болчу. Болот Шерниязов аны жайылтты. Болот мырза "Көк бөрүгө" кийин эле келип кошулду. "Көк бөрүнүн" жаралышы мындай: "Дордойдун" артында жайдак, таштак жер бар эле. Азыр ал жер жаңы конушка айланган. Ошол жерге алгач көкбөрү аянты салынып, "Рассвет", "Дордой" командасы түзүлгөн. Канча деген азамат спортсмендер чыгып, чебер катары таанылып, үй-бүлөсүн багышты. Мыкты аттар бар эле. Анын баары кийин казактарга кымбат бааларга сатылды. Көкбөрүнү кармап туруш үчүн канча деген чоң каражат талап кылынат. Ар бир атты, аны баккан адамдын тамак-ашын көтөрүү оңой эмес. Ошонун баарына чыдады. Аскар мырза футбол, башка спортту да колдоого алып жаткандыктан, көк бөрүнү көтөрүүнү Болот Шерге берип, жол бошотту. Анын дагы мүмкүнчүлүктөрүнүн ачылышына, таанылышына бут тоспой, четке чыга бербей, колдоп турду. Кийин "Көк бөрү" федерациясына кайра президент болуп, эл аралык деңгээлде таанытууга салым кошту. Тай казан, жаңы эрежелерди иштеп чыгууда, эл аралык турнирлерди өткөрүүдө Салымбековдун салымы да тоодой.
- Футболду да өнүктүрүдө, башка мамлекеттен оюнчулар алып келинди. Кандай макулдашуулар менен келишти, канчадан төлөнөт?
- Туура, Кыргызстан футбол жагынан аксап калганда бул адам салымын аябай кошту. Бир катар бурулуштарды жасады. Негизи бир нерсени өнүктүрүүнүн фанаты. Ойлогонун ишке ашырмайынча жаны жаялбайт. Кыргызстанды футболун чет өлкөгө таанытты. Биздин футболчулар чет өлкөлүк футболчулардан сабак алсын деп Нигерия, Кения, Бразилиядан оюнчуларды алып келди. Аларды кандай макулдатып, канча төлөрүн чынында билбейм. Бир билгеним: жыл сайын футболго 500-600 миң доллар чыгымдайт. "Дордой" командасы 7 жолу Кыргызстандын чемпиону болду. Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки ирет утуп, алтын медаль алышты. Үч жолу финалга жетип, күмүш байгелүү болушту. Кыргызстандын эгемендик Кубогун дагы беш ирет утуп алышкан. Бул чоң жетишкендик. Негизи Аскар Салымбеков намыскөй киши. Кыргызстан желегинин жогору көтөрүлүшүн каалайт. Спорт адамы катары да, ишкер катары да чет өлкөдө баркы чоң. Былтыр Бразилиянын Кыргызстандагы ардактуу элчиси Салымбековго статусун берген. Бул - анын эмгегинин, аракетинин чет өлкөдө дагы баалангандыгынын белгиси. Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы "Ole Brasil"футбол академиясында кыргыз балдар билим алып жатышат. Бул адам бир эле футболго эмес, бардык спорт түрүнө жардам берип жүрөт. Спорт менен "ооруп" калган. Андан ырахат алат, убайым тартат. Эл аралык деңгээлдеги "Дордой" спорт комплексин дагы куруп койду. Ат-Башы, Токмок, Новопокровка ж.б. айылдарда спортзал, футбол аянттарын, имараттарын курду. Эми Чолпон-Ата, Балыкчыга дагы курууну максат кылып турат. Спорт боюнча жардам сурап кайрылгандар көп, качан барсаң кабинетине узун кезек эл турганын көрөсүң. Туугандары, тааныштары жана башкалар. 20 жылда "Дордойду" эл аралык деңгээлде таанытты. Эми "Дордой" көп тармактуу, ири өнөр жай, чакан заводдорду, эл алуу, спорт комплекстеринин сис­темасы болуп калды. Кандай жүк артса дагы, тартып кетүүгө жарайт. Эр жеткен жигиттей болуп турат, кыргызга дагы далай кызмат кылаарын бөркүмдөй көрөм.

Маектешкен
Назира СААЛИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Яндекс.Метрика