Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




Салымбековдорду жарыкка алып келген Бүбүсайра эне
Бүбүсайра Кыдыкова - кыргыздын карапайым аялы. Сталиндик ырайымсыз мезгилди, апаат согушту башынан өткөргөн. Нарындын Ат-Башы өрөөнүндөгү алгачкы китепканачылардын бири. Беш уулду тарбиялап өстүргөн, 30га жакын небере жана чөбөрөлөрдүн сүйүктүү чоң энеси. Бүбүсайра апа өмүр бою ак иштеп, балдарына кам көрүү менен жашап келди.
Ушул жылда апа кутман курак 89 жашка чыгып отурат. Жарыктык дагы эле баягыдай түйшүкчүл, радио угуп, телевизор карап, республикада эмнелер болуп жатканына кызыгып, бары-жоктун баарынан кабардар болуп тургусу келет. Бирок апанын өзгөчө бактылуу учурлары балдары, неберелери тегеректеп турганда. Алардын баарысы тең апанын ар бир адамга урмат менен мамиле кылганын, ак көңүлдүгүн, кең пейилдигин, сезимталдыгын жана даанышмандыгын, эмгекти сүйгөндүгүн жана жупунулугун сиңиришкен.
Кез-кезде апа жакындарына: "Менин ордендерим жана медалдарым жок. Менин наамым да, сыйлыгым да татыктуу адамдардан болушкан балдарым" деп айтып калат.
Бүбүсайра апа 1922-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Карабулуң айылында бардар бакыбат малчы Жумабай уулу Кыдыктын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жумабай өз заманынын сабаттуу, акылга бай, жалтанбаган мүнөздүү адамдарынан болгон экен. Атасынын кызынын калыптанышына тийгизген таасири ушунчалык, Бүбүсара кенедейинен эле чыйрак, тирикарак, акылдуу кыз болуп чоңойду. Айрыкча жылкыны жанындай көрөөр эле, мелдешип ойногон жагынан эркек балдардан ашса ашып түшчү, бирок кем калышчу эмес.
1934-жылы айылда мектеп ачылып, бирок кулакка тартылгандардын балдары окубасын деген буйрук болду. СССРдин 1936-жылкы Конституциясы кабыл алынгандан кийин гана окууга жол ачылып, Бүбүсайра түз эле үчүнчүгө барып отурду.
1937-жылы атасын НКВД түн жамына алып кеткен соң аны кайрылып кайра көрүшкөн жок. Тизмеге "контр" деп жазылып, атылган экен, бирок кайда көмүлгөнү алигүнгө чейин белгисиз. Болгону 33 жашында жесирге айланган эне колунда чиедей болгон төрт кызы менен калды. 1939-жылы Кызыл-Туудагы жети жылдык мектепти аяктаган соң атасыз жетим кыз Бүбүсайраны темир уста Мааткабыл Салымбековго күйөөгө беришти.
1940-жылдын 15-февралында күйөөсүн фин согушуна алып кетишти. Фронтовиктин сабаттуу, билимдүү келинчеги катары аны "Кызыл үйгө", Кара-Коюн айыл ке­ңешинин көчмө китепканасынын башчылык жумушуна алышты.
Сайраке Көкөмерен жолунун участогунда иштеп жүргөн кезинде Улуу Ата Мекендик согуш башталганын угуп, эси эки боло корккон эл менен кошо Ат-Башыга кайтты.
1942-жылы болсо улуу кайнагасы аскерге чакырылып, андан бир жыл айланбай курман болду деген кара кагаз келди. Анын уулу, кичинекей Ишенбайды Мааткабыл менен Бүбүсайра багып алышып, ал экөөнүн тун уулу болуп калды.
1942-жылы оң колунан катуу жаракат алган Мааткабыл аскерден бошоп келди. Комиссар гангрена башталып атканын айтып, колун кеспесе болбойт деди, манжалары капкара болуп чирип түшө баштады. Бирок тажрыйбалуу врач Яков Шулер көшөрүп дарылап атып Маат­кабыл Салымбековдун колун таптаза айыктырды да ал Торугарт -Фрунзе жолун куруп жаткан ДЭУга жумушка жөнөтүлдү. Активдүү комсомолец фронтовикти ДЭУнун жаштары өзүлөрүнө катчы кылып шайлап алышты.
Бирок ал такай дарыланууга муктаж болгондуктан үй-бүлө ооруканасы бар райондун борбору Ат-Башыга көчүп өтүүгө аргасыз болду. Дарыланып чыккандан соң Мааткабыл Салымбеков согушка чейинки иштеп кеткен иши темир усталыкка кайра кайтты.
Салымбековдордун ынтымактуу бүлөсү шактуу бактай жайылып өсө баштады, Бүбүсайра апа 1945-жылы тун уулу Иманбайды, 1947-жылы Мамытбайды, 1950-жылы Шаршенбайды жана 1955-жылы Аскарды төрөдү. Эже өзү айткандай балдарды жыттап багып жүрүштү. Балдарды жаштайынан китепти сүйүүгө тарбиялашты, китеп Салымбековдордун үй-бүлөсүндө дайыма баалуу мыкты белек катары эсептелчү.
Күйөөсү, Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы Мааткабыл Салымбеков 1976-жылы неберелерин жытын жыттабай, балдарынын ча­йын ичпей жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди.
1948-жылдан тарта Б.Кыдыкова Ат-Башы метеорологиялык постунда иштеп, аны менен эле катар жумушчу жаштардын кечки мектебинен окуп жүрдү. Орто билим алгандан кийин 1952-жылдан 1960-жылга чейин техник, 1961-жылдан 1976-жылга чейин Ат-Башы райондук метеостанциянын улуу техниги болуп иштеди. Метеостанциянын негизинен орустар иштеген, А.Н. Зятьков, андан кийин А.Өмүрзаков башкарган жамааты абдан ынтымактуу эле. Бүбүсайра апаны ишке тактыгы, кеңпейилдиги, камкор эне болгондугу үчүн сыйлап, урматтап турушаар эле, апа сүтү болобу, айран, каймагы болобу, көтөрүнүп келип жамаатта иштегендерге тара­таар эле. Тигилер болсо шаарга каттаган сайын куру кол кайтышпай, балдарга момпосуй, гезит-китептерди, кийим-кечелерди ала келишчү.
Апаны 1953-жылы Россиядан Ат-Башыга мугалим болуп келген Вера Пухова өз энесинен артык көрчү. Күйөөсү Сергей Бабанов метеостанциянын агроном - техниги болуп иштечү. Жатаканада жашашкандыктан ал жер суук болуп, Салымбековдордун үй-бүлөсү аларды короосундагы анчалык чоң эмес үйгө киргизип коюшат. Кийинчерээк Бабанов Ат-Башы районундагы Ленин атындагы колхоздун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган. В.Я. Пухова болсо 1976-жылдан 1990-жылга дейре Казыбек атындагы орто мектептин директору кызматын аркалаган. Ушул жылдар аралыгында аны үч жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат кылып шайлашкан. Вера Яковлевна "Бүбүсайра апа мени кыз кылып алып, ошол бойдон Ат-Башыда жашап калдым" деп калат.
Бири кыргыз, бири орус бул эки үй-бүлө 40 жылга чукул ынтымак-ырашкерчиликте катташып, бири-бирин колдоп жашап келишти. Мурда Ат-Башыда жашылча өстүрүшчү эмес, Бүбүсайра апа тартынбай этпей эле өз чарбагына пияз, чеснок, укроп, картөшкө өстүрө баштаган.
Балдарды атайын орус мектепке беришкени кийинчерээк алар шаар­га барып орустар менен кадимкидей мамилешип, окуп кетишсе деген тилек эле. Б.Кыдыкова уулдарына дайыма революционерлер, Ленин, алардын кайраттуулугу жана туруктуулугу туурасында айтып берээр эле. Балдарга улуу инсандардын тарых-таржымалы баяндалган китептерди такай берип, алардай кыйынчылыктарды жеңе билүүгө, ошолордой сүйүп, ошолордой жашоого умтулгула дээр эле.
Уулдарынан туну Ишенбай Ташкенттеги метеорология институн аяктаган. 1995 -жылы кайтыш болгон. Иманбай болсо бал аарычылардын курсун аяктаган, учурда бизнес боюнча бир туугандарына кол кабыш кылууда. Мамытбай менен Шаршенбай К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айылчарба институн аякташкан. Аскар болсо Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.
Б. Кыдыкованын турмуштук принциби эмгекчилдик жана эл, мамлекет алдындагы өз кызматын абийирдүүлүк менен аткаруу эле. Ал ушу эле сапаттарды балдарында да тарбиялай алды.
Чарчоо дегенди билбеген эмгеги жогору бааланып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасына, министрликтин, областтын жана райондун Ардак Грамоталарына жана сыйлыктарына татыган.
СССР кыйрагандан кийин республиканын башына оор турмуш туш келди. Миңдеген дипломдуу адистер - врачтар, мугалимдер, инженерлер, илим кызматкерлери жумушсуз калып, челноктук бизнес менен шугулданууга мажбур болушту. Соода бара-бара биздин турмушубузда маанилүү роль ойной баштады. Бир жолу Аскар үйгө келип калып, шаар четине, тагыраак айтканда, мурдакы акыр-чикир ташталчу жерге базар ачайын деген ою бар экенин апасына айтып кеңешти. Муну угаары менен апасы чочулаганын жашырган жок.
Аскар Маткабылович апасын тынчтандырып, жаңы базар, соо­да кыла турган комплекс салаарын, адамдарга жакшы шарттарды жасап берээрин көпкө чейин шашпай түшүндүрүп, улуу агалары, жубайы, жакын туугандары жана достору колдоп кубаттап атышканын айтып отурду. Жаңы базардын атын чоң атасы Дордойдун ысмынан атай турганын кошумчалады.
Көңүлү биртике тынчый түшкөн эже согуш маалында колдоруна кетмен-күрөк кармап өзүлөрү курган Торугарт-Нарын-Фрунзе автожолу байыркы замандарда айтылуу кербен жол болгонун эстеп кетти. Бул Европадан Кытайга өткөн Улуу жибек жолу эле. "Курулуш жасоо, соода - жеңил иш эмес. Биринчиден, силерге кудай өзү жар болсун. Экинчиден, кыйынчылыктардан коркпогула, баарын ойлонуп, туура чечим тапкыдай жасагыла. Үчүнчүдөн, соодада оозуңардан чыккан сөзгө бекем болгула. Бирөөнү алдап алган бир сом үчүн кийин алда канча көп төлөөгө туура келээрин эсиңерден чыгарбагыла. Соодада, бизнесте абийир баарынан жогору турат. Жаныңар аман болсун, башыңар бүтүн, колуңар таза, дилиңерде бекем ишеним болсун" - деп батасын берип уулун узатып калды Сайраке апа.
Мен Аскар Мааткабыловичтен апасы туурасында айтып берүүсүн өтүнгөнүмдө ал башкача боло түшүп, жүзүнө жылуу жылмаюу жайыла берди, үнү жай, мээримдүү чыкты.
"Апам туурасында айтып атканда менин бала чагым кинокадрлар сыяктуу көз алдыман чубура берет, - дейт Аскар Мааткабылович.- Ат-Башынын ак кар, көк муздуу тоолору, айылдаштар, туугандар, бала чактагы досторум эсиме түшөт. Согуштун оор жылдарында ал эл менен кошо Торугарт -Фрунзе автожолун курууга катышты. Ал кезде сабаттуу кишилер аз болгондуктан апама чоң ишеним көрсөтүлүп, күн сайын фронттон келген кабарларды окуп берүү менен адамдардын патриоттук духун көтөрүп турууну тапшырышат. Апам согуштун бардык азап-тозогун татыктуу көтөрүп, иштермандыгынан, кайраттуулугунан жазган жок. Совет элинин жеңишине терең ишенип, кыргыз аялдарына өрнөк болгон.
Апам бизди айылдаштардан башкача тарбиялады. Атам да, апам да китеп дегенде жанын беришчү, окуганды абдан жакшы көрүшөөр эле. Адамдын калыптанышына китептин ролу чоң экенин дайыма кулагыбызгаа куюп турушчу. Мектепте баарыбыз тең жалаң бешке окудук, апабыз ата - энелердин чогулушунда уят болуп калбаса экен деп тырышчубуз. Үйдө болсо дайыма каралашып, мал-жанды өзүбүз бакчубуз. Согуштан кийин Ат-Башыга орустар келишип, чарба жагын көтөргөнгө жардам бере башташты. Ата-энебиз аларга кошула иштешип, үй- бүлөлөрү менен достошуп кетишти.
Апамдын эң мыкты сапаты деп мен (Аскар Маткабылович столдун тартмасынан бир таңгак каттарды сууруп чыкты) анын мобул каттарын эсептейм. Кээде апам бизге атайын насаат каттарды жазчу. Мага Нарын облусуна жетекчи бол деп сунушташканда мен ойлонгонго кичине убакыт сурадым. Апам кандай кеңеш айтса, ошондой болсун дедим да, түн ката Ат-Башыга жөнөп кеттим.
"Мындай жооптуу ишти тарта алаар бекенсиң?" деп кабатырлана сурады апам. Ошондон эртеси күнү ал мага 6 бет жазылган катты колума карматты. Көрсө түнү менен мага жазыптыр. Катында апам ар бир районго мүнөздөмө берип, алардын ар биринин өзгөчөлүгүн санап өтүптүр. Астына улай эл алдында чыгып сүйлөсө керек болот деп кыргыздын макал-лакаптарын, кантип чыгып, кантип сүйлөөдөн өйдө кеңештерин жазып коюптур. Мени минтип колдогонуна ошондо апама ушунчалык бир терең ыраазы болгом. Апамдын насаат каттарын мен эч качан унутпаймын. Апам менен учурашып, жанында отурганым бир тең да, анын каттарын алып окуган өзүнчө бир тең. Азыр деле убактым боло калганда аларды алып чыгып көз жүгүртүп турам.
2003-жылы апамдын жана айылдаштардын демилгеси жана колдоосу менен Ат-Башыга китепкана ачканбыз. Ардактуу аксакалдардын салтанаттуу чогулушта чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угуп отуруп, жердештеримдин апама болгон урмат-ызаатын карап туруп, мен ак эмгек эч качан унутулбасына көзүм жетти. Бирок менин толкундануумун да себеби бар эле. Китепканага апамдын ысмын ыйгаруу туурасында сунуштар түшкөндө мен ыңгайсыз абалга түшүп калгансыдым. Эл туура түшүнөбү, өйдө-ылдый кеп болбойбу деген күдүк ойлор болду. Китепканага апамдын ысмын ыйгаруу жөнүндө чечимди эл жапырт колдоп кетти. Биз, анын уулдары, кол куушуруп карап отурган жокпуз, өз каражатыбызга китепкананын имаратын толук ремонттон өткөрүп, керек болгон жабдыктарына чейин коюп бердик" - дейт Аскар Маткабылович.
Б. Кыдыкова атындагы китепканада бүгүн 57 миң китеп бар, китепкана бүтүндөй Ат-Башы өрөөнүнүн жаштарынын маданий борбору болуп калды.
Маектин соңунда мен эжеден аны бүгүн эмне көйгөйлөр тынчсыздандырып атканы сурадым.
- Албетте, балдарымдын, небелеримдин ден - соолугу жана амандыгы, - деди эже. - Кыргызстанды гүлдөп өссүн десек, өз үйүбүздү, жерибизди, өз элибизди сүйөлү. Көп иштешибиз керек. Мен радиодон, теледен жакырчылык менен күрөшүү туурасында көп угам. Бирок жакырчылык менен эмес, жалкоолук менен күрөшүү керек.
Кыргыз жергесинин мыкты кызы Бүбүсайра Кыдыкованын бул сөздөрү баарыбызды ойго түртөт деп ойлойм.

Күлбүбү БЕКТУРГАНОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Яндекс.Метрика