Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




"Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков:
"Дордой" элге үмүт, эртеңки күнгө ишеним берди"
Эгемендүү Кыргызстан менен кошо "Дордой" ассоциациясы да 20 жашка чыкты. Бирок өлкөнүн тагдырына караганда "Дордойдун" тагдыры алда канча бактылуу болду. Мунун себеби эмнеде? Биринчиден, Салымбековдордун бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымагында. Экинчиден, Салымбековдордун башкаларчылап мамлекеттен же чоң кызматынан уурдабай, өз маңдай тери менен түптөгөн бизнеси экенинде. Үчүнчүсү, Салымбековдордун бизнесинин адамкерчилик жүзүндө, калың элге таянып иш тутканында. Төртүнчүдөн, Салымбековдор бизнес деген ушул экен, биз эми байыдык деп кабаттап там салып, машинеден машине, аялдан аял тандап, кара баштарынын жыргалчылыгын баарынан жогору коюп жатып албаганында. Элге иштебеген, элге кызмат кылбаган бизнес бизнес эмес деп айтылгандай, бул үй - бүлөнүн бизнеси кечээки Союз ураган алакайыр кыйын заманда карайлап айласын таппай калган кыргызстандыктарга үмүт отун ойготуп, эртеңки күнгө ишеним бергенинде, миңдеген мекендештерге соода өнөрүн үйрөткөн мыкты мектеп болгонунда. Мындан 20 жыл мурда жайдак ээн талаага келип соода-сатык менен иш баштагандардын алды азыр бутка бекем турган, канга салам бербеген чыгаан ишкерлер болгонунда. Сыры ушул. Калганын ассоциациянын президенти Аскар Салымбеков мырзанын өз оозунан угалы.

- Аскар Мааткабылович, Сиздин атыңыз Кыргызстан, Борбор Азия чөлкөмүндө кеңири таанымал болгону менен ата-тегиңизге кызыккан адамдар да арбын.
- Ыраматылык Мааткабыл атамдын айтып бергенине караганда, Дордой чоң атабыз 19-кылымдын ортосунда жашап өткөн экен. Түпкү атабыз Дордойдун тогуз уулу болуптур. Алар: Касымбек, Салымбек, Бөкөш, Осмонаалы, Умаш, Касым, Мамбетаалы, Жумаалы, Жапаракун. Балдары ар кандай кесиптин ээлери болуптур. Уулу Салымбек Кытайдын Кашкарында медресени бүтүрүп, кийин балдарды окуп-жазганга үйрөткөн. Айылдаштары а кишини Молдоке деп коюшчу. Кийинки уулу Осмонаалы "Манас", "Семетей" ж.б. элдик дастандарды айтчу экен. Уулу Касым мал чарбасын өнүктүрүп, мал-жандуу адам болгон дейт. Касымбек, Мамбетаалы соода менен алектенишиптир. Дордой атабыз балдарына: "Эч качан адамдын акысын жебе, калп айтпа, ушак сүйлөбө, ууру кылба, жардам сураган кишинин назарын сындырба, адамга кара санаба, дүнүйөгө эсирип, кесир ишке барба, бей-бечарага кайрымдуу бол, улууну урматта, кичүүгө ызаат кыл, дүнүйөгө азгырылба" деп акыл-насаатын калтырган экен.
Атам Мааткабыл Ат-Башынын Кошой айылынан, апам Сайраке Кара-Булуң айылынан. 1939-жылы баш кошушкан. Ошол кезде Бишкек-Торугарт жолу салынып, ата-энем жолчулар менен чогуу иштешиптир. Атамдын төрт эле класс билими болгон экен. Убагында кулактын баласы деп окутпай коюшуптур. Атам Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Фин согушуна катышыптыр. Согуштан жаракат алып келген соң жөндөмүнө, билимине карап комсомол комитетинин катчылыгына шайлашкан экен. Кийинчерээк болбогон бир себептер менен андан бошоп кеткенден соң 1956-жылга чейин Ленин атындагы колхоздо темир уста, анан райондо биринчи жолу уюшулган коен фермасында башчы, ал эми акыркы он алты жыл ичинде райондук ооруканада чарба башчысы болуп эмгектенген. 1976-жылы каза болду. Апам 1953-жылдан баштап метеостанцияга синоптик болуп жумушка орношуп, 35 жыл бою ошол мекемеде үзгүлтүксүз иштеди. Эмгеги бааланып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Чоң атабыз Салымбек болсо динге абдан берилген адам болгон экен. Мезгилинде Кашкардагы медресени бүтүрүптүр. 1929-жылы а киши Казыбек казалчы, Чынгыш ажылар менен кулак делинип Оренбургга айдалган. Динге бекем берилген, дин илимин жакшы өздөштүргөн адам болгондуктан "Исламдын баатыры" деген атка конгон экен. Мусулманчылыкка туура келбейт деп кезинде бир да сүрөткө түшпөптүр. Чоң атам туурасында архивдерден көп жолу издеп, бирок маалымат таба албай койдум. Кийин сураштырсак, айрым билген адамдардын айтымында, Оренбургда каза болуп, сөөгү ошол жакка коюлган экен. Мусулманчылыктын шартына ылайык, кийин Ат-Башыда айыл аксакалдарын чакырып ашын бердик.
- Бала кез, окуучулук жыл­дарыңыздан да эскере оту­руңуз. Үйдөгү кенже уул катары эрке бала болгон чыгарсыз?
- Туура, кичүүсү болгондуктан эркерээк өстүм. Анча-мынча тентектик кылып койсом да урушчу эмес. Менин милдетиме үйдөгү оокат­тарды жасоо, койдун кезүүсүн кайтаруу, бадага мал кошуу, кышында отун жарып, от жагуу кирээр эле. Айрыкча жайлоого мал айдоого убакыт келгенде абдан кыйналасың, жайлоого жеткенче жолдо 2-3 күн түнөөгө туура келет. Бирде күнгө куйкаланып, бирде жаанга калып, буттарың жоорулуп, эриндериң тилинип атып жетесиң. Бирок арга жок, мал жайлоого жетиши керек. Бул да, азыр ойлосом, кенедей болгон баланын мүнөзүн калыптандырган, кы­йын­чылыктарды көтөрө билүүгө үйрөткөн, бышыктырган шарттар болгон экен.
Ата-энем мени орус класска окууга бергени жакшы болгон экен. Мектепти жалаң "4", "5" деген баалар менен окудум. Тарых сабагынан директорубуз Акматалы Карыбеков агай берчү. Мени тарыхчы болосуң деп кулагыма куюп жүрдү. Ошол кездеги жетекчи кызматтарда иштеген адамдардын көбү тарыхчы экенин айтып, мени абдан үгүттөп жүрдү Акматалы агайым. Коомдук иштердин бирин калтырбай активдүү катышып, спартакиада, оюн-зоок, иши кылса мектептеги ар кандай иш-чаралардан түк калчу эмесмин. Комсорг да болдум. Атама дайыма "Советтик Кыргызстан", "Правда" гезиттерин окуп берээр элем. Айрыкча атамдын теңтуштары, достору келип калганда окуп берсем жыргап угушчу. Атам да төбөсү көккө жете сыймыктанып калчу.
- Бала кезден эле спортко жакын өссөңүз керек?
- 60 -жылдарда айылда болгону 3-4 эле адамда телевизор бар эле. Бирөө биздин байкебиз Абдырайымда эле. Айылдын балдары ошо Абдырайым байкенин отунун жарып, суусун ташып, мончосун жагып берип, кыскасы, болгон жумушун жасап берип анан телевизорун көрөбүз. Айрыкча футбол болот экен деген күнү катуу иштейбиз. Ошол жылдары Англияда футбол боюнча аалам чемпионаты болуп, айылдын балдары жапырт футболго кызыгып кеттик. Айыл четиндеги тегиз саздак жер бар эле, ошону талаа кылып алдык. Команда түздүк. Атын кандай коелу деген маселеге келгенде "Дордой" деп атайлы деп чыгышты. Анткени ошол чөлкөмдө жашагандар чоң атабыз Дордойдун тукумдары эле. Дордой атабыздын сөөгү Кошой-Коргондун жанындагы мүрзөгө коюлган. Ат-Башынын борборунда мурдатан жашап келген орус, өзбек, уйгур, дунган, кыргыз балдар аралаша топ тепчүбүз. Ошо кезде Бишкектен барган бизден улуу байкелер футболдун эрежесин жакшы үйрөнүп калышкан экен, бизге да үйрөтүштү. Ошондон баштап футболго баш-отум менен кызыгып кеттим. Команда менен республиканын көп жерлерине кыдырып бардык, борборго чейин жетип, белгилүү футболчулар менен теңтайлаша ойноп жүрдүк. "Советский спорт" деген гезит бар эмес беле, келген сайын ала коюп окуп, спорттук жаңылыктардан түк кабарсыз калчу эмеспиз.
- Аскар Мааткабылович, ар бир адам өзүнүн биринчи мугалимин эстейт эмеспи. Сиздин биринчи мугалимиңиз ким эле?
- Менин биринчи мугалимим Кожухова Полина Григорьевна болду. 1936-жылы Ат-Башыга көчүп келишкен экен. Полина эжейибиз балдарды окутуп-тарбиялоо ишине 60 жылдык өмүрүн арнаган инсан. Ал кишинин колунан тарбия алып окуп чыккан балдардын көпчүлүгү мыкты адамдардан болушту. Эжейи­биз 90 жашка чыгып бул жарык менен кош айтышты, байсалдуу өмүр сүрдү. Кесибин да, балдарды да жанындай сүйгөн чыныгы мугалим эле. Эстелигин өзүбүз койдук. Менин келечегиме жол ачууда, негизи эле адам катары калыптанууда, албетте, Полина Григорьевнанын да эмгеги опол тоодой болгонун дайыма эстеп келем.
- Акматалы агайыңыздын айткан кеңеши менен кийин тарых факультетине тапшырган экенсиз да? Ал кезде университеттин тарых факультетине өтүү деген оңой болбосо керек эле?
- Менин окууга өткөнүм өзүнчө кызык окуя. Мектепти аяктап, Шаршенбай агамдын сунушу менен политехтин технология факультетине документтеримди тапшырдым. Консультацияга тынбай катышып, абдан даярданып жүрдүм. Бир күнү университет жакка (азыркы КМУУ) баратсам, алдыман Акматалы Карыбеков агайым чыгып калса болобу. Ал-ахвал сурашып, документимди политехке тапшырганымды угаары менен чалкасынан кетти. "Ой, сен кандай немесиң, сен деген тарыхчы болушуң керек!" деп кесе айтып салды. Айламдын кеткеничи, бир жагынан улуу агамдын сөзүн, экинчи жагынан мугалимимдикин кыя албайм. Убакыт да кысып калды. Анан акыркы 31-июль күнү агама айтпай туруп документ тапшырганы университетке келсем "Документиңди албайбыз, ар кайсыл жакты сүзгүлөп адашып жүргөн немесиң го, бизге ниетин буруп, даярданып жүргөн балдар келет" дешти. Эмне дээримди билбей шалдая түштүм. Бүгүн тапшырбасам, анда бүттү, ара жолдо калат экем деп эсим чыкты. Шолоктоп ыйлап жиберсем, комиссиянын катчысына кир дешти. Сабыр Аттокуров деген профессор экен. А киши "Ай, ыйлаак неме экен, документин алып койгулачы" дегенде кубанганымды айтпа. Беркилер документимди кабыл алышты. Бир орунга он экиден киши экен. Ошентип көгөрүп, өжөрлөнүп ыйлап жүрүп студент болгом.
- Болочок өмүрлүк жарыңыз Гүлмира эже менен чогуу окуган­сыңарбы?
- Гүлмира Сулаймановна менен чогуу окудук. Төрт жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Гүлмира отличница болчу, аны окууну аяктаган соң аспирантурага калтырышты. Илимдин артынан тырыша түшүп жүрүп, мээнетинин үзүрү кайтты, илимдин доктору деген наамга жетти.
- Университеттин тарых факультетин аяктагандарды дароо эле кызматка тартышат дешчү эле, сизди кай жакка чакырышты?
- Студент кезде коомдук иштерге активдүү катышып жүрдүм. Ошону эске алышты окшойт, окуу аяктаган соң шаардык комсомол комитетине жиберишти. Биринчи катчысы Чыналиев Улукбек Кожомжарович экен. Бир айдай сынап туруп анан жумушка алышты. Ал кезде карьера жасоо үчүн партияга өтүү керек эмес беле, мени бул жерде жүрсөң партияга өтө албайсың дешип дене тарбия институнун комсомол комитетинин катчылыгына жиберишти. Ал жерде эки жыл иштеген соң КПСС мүчөлүгүнө кандидаттыкка алышты. Андан кийин 6000 студенти бар мединституттун комсомол комитетинин катчысы болдум, партиянын катарына ошол жерден өттүм. Катчылык иш менен чогуу эле эки институттун студенттерине КПССтин тарыхынан сабак да берип жүрдүм. Андан кийин Кыргызстан комсомолунун БКсында 5 жыл иштедим. Кийин шаардык спорт комитетине жумушка жиберишти, ал жакта да 5 жыл иштедим.
- Аскар Мааткабылович, "Дордой" базарынын тарыхы эмнеден башталганын дагы бир ирет эстей отуруңуз. Кесибиңиз боюнча тарыхчы болуп туруп, ишкерчиликке кантип кызыктыңыз?
- Спорт тармагында иштеп жүрүп чет мамлекеттерге көп бардым. Сооданын таасирин, адам турмушуна келечектүү иш экенин алгач ирет мына ушул алыскы сапарларга барып жүрүп байкадым, көп нерселерди көрдүм. Так ошол кездерде Бишкектеги эски түртүшмө жайма базарды жаап, Аламүдүн базарына которушту. Картөшкөсү, тамак-ашы, кийим-кечеси, темир-семири баары бир болуп эле аралашып жатып калды. Муну көрүп туруп мезгилдин талабына туура келген бир жакшы базар ачсакпы деген ой келди. Одесса сыяктуу көптөгөн шаарлардагы базарларды көрүп келип, анан жетекчилерге базар ачуу тууралуу сунуш киргиздим. Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Абдыбек Суталинов байке эле, а кишиге кирсем: "Ой, Аскар, астыңдагы машинени, чет мамлекеттерге барып келип аткан командировкаларыңды, жылуу- жумшак кызматыңды таштап салып базарга барайын дебатасыңбы? Жакшылап ойлончу?" - деп кетирип жиберди. Абдан ойлондум деп үч күндөн кийин кайра кирсем, кудай жалгап кагаздарыма кол коюп берди. Ошентип шаар четине базар кура баштап, аны 1991-жылдын 5-декабры күнү ачтык. Атын "Дордой" деп бабабыздын ысмынан атадык. Алгачкы убактарда "Суугу зырылдаган ушул ээн талаа жерге базар ачуу кайсыл "акылмандын" оюна келди экен?" деп нараазылангандар көп болду. Кыйынчылыктарды эми айтпай эле кой. Кыргызстан жаңыдан эгемен болуп, мурда шакылдап иштеп турчу завод -фабрикалар токтогон, миңдеген адамдар жумушсуз калган тартыштык заман келип турган учур эле. Иши жок калган врачтар, мугалимдер, интеллигенция, окумуштууларга чейин базарга чыгып соода менен жан сактай башташты. Мындай болот деген кимдин оюна келиптир дейсиң... Базарды адегенде аз эле гектар жер аянтынан баштап, мына эми ал 100 гектарга чейин кеңейди. "Дордой" базары бизнесмендердин бүтүндөй бир муунун тарбиялап өстүргөн өзүнчө эле мектеп болду десем аша чаппайм. "Дордой" Кыргызстандын элинин көз алдында торолду, чоңойду, бүгүнкү күндө көп тармакты камтыган ири Ассоциацияга айланды.
- Дүйнөдөгү эң ири 52 базардын тизмесине онунчу болуп кирген "Дордойдун" феноменалдуу ийгилигинин сыры эмнеде деп ойлойсуз?
- "Дордой" бизге боор эттен жаралган балабыздай эле болуп калды. Ымыркай бала кезинен, өспүрүм кезинен өтүп минтип эр жетти. Эми аны "үйлөш" керек (тамашалап калды). Негизи ушундай "баланы чоңойтконума" өзүмдү бактылуу деп эсептейм. Анткени мына 20 жылдан бери элге кызмат кылып келатат. Биз башынан эле тейлөө наркынын арзандыгы менен элди тарттык. Базарды улам жакшыртып жүрүп отурдук, сатуучуларга ыңгайлуу шарттарын түзүп бергенге аракеттендик. Соода орундарына Алматы же башка шаарлардагыдай асмандаган бааларды койбой, элибиздин мүмкүнчүлүгүнө карадык. Эгерде башка жактарда (Москва, Алматы шаарларында) маселен, соода орду 3 миң доллардан 30 миң долларга чейин жетсе, биз болгону 6 миң сомдун тегерегинде бердик. "Дордой" ушул жылдардын кубанычында да, кайгысында да эл менен чогуу болду. Кыргызстан эмне тагдырга туш келсе, аны биз да көрдүк, кошо көтөрдүк. Уюшкан кылмышкерлердин, мародерлордун, чиновниктердин зомбулугунун азабын биз да айда тарттык, качып кетишкен эки президенттен да, алардын тегерегиндегилерден да убагында далай жолу ыдык көрдүк. Биздин ийгилигибизге ичтери күйгөндөр, оокатыбызга көз арткандар ого бетер көп болду. Кайсы бирин айтасың. Ушунун баарына карабай, менин баса белгилеп айта кетээрим - бизди соода менен жанын баккан, мамлекетке салыгын үзбөй төккөн, жумушчу орундарын түзгөн карапайым калың эл колдоду, биз элге таяндык. Элдин колдоосунан ашкан бир да кудуреттүү күч болбосуна бекем ынандык. Ийгиликтин сыры деген ушунда деп ойлойм. Мына азыр биз менен 20 жылдан бери чогуу иштешип келаткан соода кылган адамдардын кай биринен сурасаң да айтып берет. Эл бизди көтөрүп аткан соң, биз да элге колубуздан келгенди жасадык, буйруса, мындан ары да бул багытта ишибизди улантмакчыбыз.
- Учурда биздин чөлкөмдө "Дордойго" атаандаша турган базарлар барбы? Маселен, Курдайдын четиндеги казак туугандардын "Барыс" базарын алалы.
- Биздин "Дордой" базарынын профсоюз комитетинин берген маалыматына караганда, мындан беш жыл мурда ачылган "Барыс" базары биздин базарга атаандаша тургандай деңгээлге жете элек. Анткени стабилдүү бизнести түптөө үчүн, албетте, беш жыл аздык кылат. Экинчиден, биздин өкмөт ошол жылдары кассалык аппараттарды киргизебиз деп чыкканынан улам соодагерлердин көбү бизнестерин ошол жакка которуп кетишкен эле. Угушума караганда ал базардагы соода кылгандардын басымдуу бөлүгү деле биздин мекендештерибиз. Дегеле бизнес­те атаандаштык абдан чоң нерсе деп ойлойм, ошондуктан атаандаштыкка биз эч качан ич күйдүлүгүбүз жок. Тескерисинче, атаандаштык бизнести чыйралтат, улам жаңы нерселерге умтулууга түрткү болот.
- Кризистен кийин дүң сатармандардын да, алармандардын да саны азайды деп атышат?
- Албетте, азайганы менен базарды массалык түрдө таштап чыгып кетип жатышат деп айтууга болбойт. Анткени соода ишинин табияты ушундай экен, адамдар башынан көнгөн өнөктөштөрүнөн шак эле баш тартышпайт. Ондогон жылдар бою ушул жерге каттап соодада ийгиликке жетишкендер арбын болгондуктан кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай дагы эле каттап жатышат. Бизнесмен калкы ар кандай кыйынчылыктарга кабагым-кашым дебеген, ар кандай кырдаалдан жол таап чыгып кете турган адамдар. Кайсыл бир базарга барып соода кыласың деп аларга буйрук берүүгө дегеле болбойт. Келе жаткан автобустарын тосуп койсо, ошол эле "Барыска" айдатышат да, андан бери карай такси менен келишет.
Учурда "Дордой" аркылуу реализацияланып аткан товарлардын негизги массасы Кыргызстандан чыгарылып жаткан жеңил өнөр жай буюмдары. Албетте Кытайдыкы, Түркия ж.б. мамлекеттердики да бар, бирок 80 пайызын Кыргызстанда чыгарылып жаткан продукция түзөт.
- "Дордойдун" 20 жылдык маа­рекеси анын өткөн тарыхын да, келечегин да символдоштуруп турат. Көп иштер жасалды, жасай турган иштер али да көптүр. Дүйнөлүк каржы кризисинини мизи араңдан кайтып келатканда минтип Бажы Союзу түзүлгөн турат. Кыргызстан ал союзга кирип кетсе, "Дордой" кыйын абалга кептелет деп алакан ушалап турган көралбастар четтен чыгат. Бул туурасында сиздин пикириңиз? "Дордойдун" абалы кандай болоорунан миңдеген адамдардын тагдыры көз каранды болуп турат эмеспи...
- Бажы Союзуна кирүүдөн мурда анын биздин элге келтирген пайдасын же тескерисин абдан тыкыр ойлонуу керек деп эсептейм. Бул маселеде менин негизги пикирим - биздин эл, ишкерлерибиз кыйынчылыкка кабылышы керек эмес, эгерде баары тескери болуп чыкса, анда мындай союзга кирүүнүн кажети барбы да жокпу? Кандай болгон күндө да алдыда бизди эмне күтүп турганын мезгил көрсөтөөр, алдын ала божомолдой бергенден майнап чыкпайт. Дегеле келечекке оптимисттик көз караш менен караганыбыз оң. Көөнө Чыгышты базарсыз элестетүүгө мүмкүн эмес, демек, базар жашай берет.
- Сиздердин акыркы кезде баштап жаткан дагы бир долбоор туурасында сурагым келип турат. Эски Пионерлер үйүнүн аймагында ураганы турган тарыхый эстелик - Пишпектин алгачкы старостасы, мындайча айтканда мэри Терентьевдин үйүн реконструкциялоону колго алып жаткан экенсиздер?
- Өзүңөр билгендей, бул жерде заманбап спорт комплексин курдук. Негизи эле бул ден соолукту чыңдоочу парктык зонага айландырылмакчы. Мунун жанына мыкты күрөш залын курсакпы деп атабыз, биздин балдар келип машыксын, чемпиондор чыксын деген ниетибиз бар. Мындан да маанилүүсү мында көп жылдардан бери чечилбей келаткан көйгөйгө - Пишпектин эң алгачкы старостасы Терентьевдин үйүнүн тегерегиндеги маселеге чекит койсокпу деген оюбуз бар. Шаардын түптөлүшүнө эбегейсиз эмгеги сиңген тарыхый инсандын жашап кеткен үйүнүн минтип кор болгон абалда турушу шаардыктар үчүн кечиримсиз. Буйруса, аны реставрациядан өткөрүп, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирсек, урпактар алдында жүзүбүз жарык болоор эле.
- Аскар Мааткабылович, бизнес менен алектенсем деген эл көп эмеспи. Бирөө буга кудай берген шык керек десе, бирөөлөр бул маңдайына жазган тандалган адамдардын гана иши дешет. Бизнес кылайын десем баа­ры жоктун баарысын эчак ээленип калыптыр дегендер андан арбын. Сиз бизнесте бай тажрыйба топтодуңуз. Жаңы бизнес баштайм дегендерге кандай кеңеш берээр элеңиз?
- Эң оболу бизнес олуттуу иш экенин айткым келет. Бизнес деген эскирип кетти же бары-жоктун баары ээленип калыптыр дегенди кабылдабайт, бул чексиз уланып кете берет. Ийгилигине жетиш үчүн азаптуу жолду басып өтүүгө туура келет. Кенедей эле тоскоол жаралса, таштап салып баса берген адам бизнес баштабай эле койгону оң. Анткени бизнес жарым жолдон токтогондорго багын да, сырын да ачпайт. Ошондуктан баштадыңбы, демек, баа­рына чыдаш керек. Бизнес жасайм деген киши адегенде анын планын башында абдан бышырып, келечегине көзү жеткенде иш баштаганы оң. Албетте, ойлогондун баары шак эле орундалып калбайт. Муну акырындап бир кадамдан калыптандырыш керек, улам өстүрүп жүрүп оту­руу керек. Бизнестин жолу эч качан даңгыр болгон эмес, анын чокусуна тайгаланганыңа карабай улам тырмышып жатып чыгып баргандарга гана эртеби-кечпи ийгилик келет. Чыны азыркы кезде бирөөнүн оокатына ичи күйгөндөр көп эмеспи. Анткенден көрө аракет кылып, керек болсо ошо суктанган адамдардан да озуп кете турган болуш керек!
- Динге кандай мамиле жасайсыз? Кудайга ишенесизби?
- Кудайга ишенем. Өзүмдү мусулманмын деп эсептейм. Менин демилгем менен "Дордой" Ассоциациясы Кыргызстанга 9 мечит, 3 медресе куруп берди, ошондой эле Нарын областындагы көптөгөн мечиттердин курулушуна салымын кошту. Бишкекте курулуучу борбордук мечитке 500 000 сом каражат кошту. Менин принцибим - Кудай ар бирибиздин жүрөгүбүздө, аң- сезимибизде болушу керек.
- Сиздин түшүнүгүңүздө бийлик менен байлык деген эмне?
- Адамды сынагың келсе байлык менен бийлик берип сына деген кеп бар эмеспи. Мен экөөн тең көрдүм. Ошондуктан менин бул нерселерге жеке мамилем кандай экенин мени жакындан билген адамдардын айтканы туура болот ко дейм.
- Кандай музыка укканды сүйөсүз?
- Улуттук жана чет элдик классикалык музыканы жактырам.
- Ичимдике кандайсыз, сүйгөн тамагыңыз кайсы?
- Буларга карата кызыгуу жаш куракка жараша болот экен, маселен, бала кезде лимонад менен күлчөтайды, жаштык куракта пиво менен эттүү тамактарды жакшы көрчүмүн. Эми болсо сүйгөн тамагым - палоо менен көк чай. Суусундуктан максымды жакшы көрөм.
- Спорттун кайсыл түрү менен машыгасыз?
- Жаш кезде футбол, волейбол дегенде жата калчумун. Эми чоң теннис ойногонду жактырам, бара - бара гольфту өздөштүрсөмбү деген ниетим бар.
- Китеп окуганга убактыңыз болобу? Кандай чыгармаларды жакшы көрөсүз?
- Тарыхый, философиялык чыгармалар өзүнө тартат. Лирикалык чыгармаларды да окуп калам, афоризмдерге, юмор жана сатирага да ышкыбозмун.
- Сүйүктүү жазуучуларым деп кимдерди атаар элеңиз?
- Кыргыз акын- жазуучуларынан Ч.Айтматов, М.Алыбаев, А.Осмонов. Орус классиктеринен А.Пушкин, А. Чехов, В.Шукшин, Ф. Достоевский, ал эми чет элдик адабияттан болсо Дж.Лондон, Теодор Драйзер, Орхан Памук, Паоло Коэльо, Рюнескэ Агутагава ж.б.
- Жашоодогу по­зицияңыз кандай?
- Тандоо эркиндиги жана жоопкерчилик.
- Аскар Мааткабылович, маек соңунда "Дордой" Ассоциациясынын негиздөөчүсү катары анын 20 жылдык торколуу тоюнда айтаар каалоолоруңуз бардыр?
- Албетте. Чындыгында мен абдан толкунданып турам. Эмне дейм, артка учкан жылдарга кайрыла туруп биздин бизнестин башталыш башатында чогуу тургандарга, ушул жылдар аралыгында бизди колдогондорго, чогуу иштешкендерге, кубанычтуу да, оор да күндөрдө биз менен бирге болгондордун баарына чын дилимден чыккан терең ыраазычылыгымды билдирип, жалпы майрамыбыз менен куттуктагым келет. Бул жеке эле биздин ассоциациянын же биздин үй-бүлөнүн майрамы эмес, "Дордой" менен тагдырлаш болгон миңдеген мекендештерибиздин да майрамы. Мындан 20 жыл мурда сайган кичинекей чырпыгыбыз бүгүн минтип, буюрса, байтүп, көлөкөлүү дарак болуп жетилди. Эл бизди көтөрдү, биз элибизди колдон келгенче көтөргөнгө аракет кылдык. Алдыда элибиз, өлкөбүз үчүн кыла турган иштерибиз дагы эле көп. Элибиз, мекенибиз Кыргызстан аман турсун, бөөдө кырсыктардан, ар кандай жамандыктардан Жараткан Кудай өзү сактасын. Ынтымагыбыз дайыма бекем жана бузулгус болсун!
- Маегиңизге чоң ыракмат, аманчылыкта болуңуз!


КЫРГЫЗСТАНДА ЧЫНЫГЫ БИЗНЕСМЕНДЕР КИМДЕР?
Салижан Жигитов акеден "Кыргызстанда чыныгы бизнесмендер деп кимдерди атаар элеңиз?" деп сурашканда дайыма эки адамдын - Таабалды Эгембердиевдин жана Аскар Салымбековдун аттарын айтчу экен. "Таабалды Кыргызстанга эгемендик жаңы келген жылдары КДКнын катарында жөө - жалаңдап жүрдү, тилинен да, колунан да иш келе турган мыкты саясатчы, өткүр публицист калемгер экенин көрсөттү, демократияны түптөөдө эмгек сиңирди, эркин замандын орноп, жашап кетээрине жеке салымын аянбай кошту. Бул бир. Экинчиден, анын кантип бизнес түптөгөнүн элдин баары билет. Ал башкаларчылап мамлекеттен кредит алып, акча уурдап, бир нерсени арзан алып, кымбат сатып, ошондон бизнес улап кеткен жок, ак эмгеги, маңдай тери менен бутуна турду. Кыргыздын улуттук суусундугун даңазалап, эски "Москвичин" минип алып эки фляга максым менен "Дордой" базардан баштаган бизнесин эл аралык деңгээлге чыгарды, цивилизациялуу өндүрүшкө айлантты, ошонун аркасы менен адал байыды. Андыктан алганы аш болсун! Аскар Салымбеков болсо завод-фабриканын баары талкаланып, караламан калк ишсиз каңкайып көчөдө калганда, базар уюштуруп, Кытайдан товар ташыттырып, биягы Өзбекстан, Казакстан, тыягы Россияга чейин товар саттырып, элге иш таап берди, оокат кылып жанын бакканга жол ачты, баарынан да карайлап алапайын таппай калган кыргызга эртеңки күнгө үмүт, жашоого ишеним берди. Бүгүнкү күндө айтылуу "Дордой" кыргыз гана эмес, бүтүндөй КМШ кыйырларында жашаган элдин баарына таанымал. Андыктан алганы аш болсун!" деп чын дилинен алкышын айтып калаар эле.


Даярдаган
Бахтияр Шаматов






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"




Яндекс.Метрика